Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба Кудай адилетсиздикти жек көрөт

Жахаба Кудай адилетсиздикти жек көрөт

Кудайга жакындагыла

Жахаба Кудай адилетсиздикти жек көрөт

«АДАМ адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот» (Насаатчы 8:9). 3000 жылдай мурун жазылган бул сөздөр дүйнөдөгү абалды таамай сүрөттөп турат. Кандай адам болбосун жана ал кайсы жерде жашабасын, бийлигин кыянат колдонууга жакын келет. Бийлиги бар адамдар алсыз, жакыр адамдарды эзип келишет. Жахаба Кудай мындай адилетсиздикке кандай карайт? Бул суроонун жообун Жезекиел китебинин 22-бөлүмүнүн 6, 7, 31-аяттарынан таба алабыз. (Аяттарды окугула.)

Жахаба Кудай ысрайыл элине Мыйзам бергенде бийлиги бар адамдардын бийлигин кыянат колдонбошу керектигин ачык айткан. Ал элине алардын башкаруучулары кедей-кембагалдарга, карапайым адамдарга боорукердик менен мамиле кылганда гана батасын бермек (Мыйзам 27:19; 28:15, 45). Бирок Жезекиел пайгамбар жашаган убакта Иерусалим менен Жүйүттүн башкаруучулары элди аябай эзишкен. Ошондо Жахаба Кудай эмне кылды эле?

Ысрайыл элинин башчылары «бийлигин кан төгүш үчүн колдонушкан» (6-аят). Мыйзамды аткарып, аны сакташы керек болгон бийлиги бар адамдар өздөрү башкаларга үстөмдүк кылып, бейкүнөө адамдардын канын төгүп жатышса, кайдан адилеттүүлүк болмок эле?

Жогорудагы сөздөрдү айткандан кийин Жезекиел пайгамбар ысрайыл элинин башчыларын эле эмес, аларды туурап Жахаба Кудайдын мыйзамын бузган адамдарды да ашкерелеген. Ал: «Тургундарың атасы менен энесин сыйлашпайт»,— деген (7-аят). Алар ата-энесине тийиштүү түрдө урмат көрсөтпөй, коомдогу эң негизги түзүлүштү кыйратышкан, тагыраак айтканда, үй-бүйлөнүн ынтымагын ыдыратышкан (Чыгуу 20:12).

Кара ниет адамдар алсыздарды эзип, кыйнап келишкен. Ысрайыл эли Кудайдын мыйзамдарын бузуп, алардын жыргалчылыгы үчүн берилген мыйзамдарды баркка албай турганын көрсөтүшкөн. Алсак, Кудай аларга алардын арасында жашаган келгиндерди кысымга албашы керектигин айткан (Чыгуу 22:21; 23:9; Лебилер 19:33, 34). Бирок ысрайыл эли ал мыйзамга баш ийбей, келгиндерди алдашкан (7-аят).

Алар коргоочусу жок «жетим менен жесирге» да жаман мамиле кылышкан (7-аят). Жахаба Кудай ата-энесинен же жубайынан айрылгандарга боорукердик менен мамиле кылат. Ал жетим-жесирлерге жамандык кылгандарды өзү жоопко тартарын айткан (Чыгуу 22:22—24).

Чынында эле, ысрайыл эли Кудайдын аларга сүйүү менен берген мыйзамдарын тебелешкен. Муну көрүп, Жахаба Кудай эмне кылган? Ал: «Аларга каарымды төгөм»,— деген (31-аят). Ошентип, Кудай б.з.ч. 607-жылы бабылдыктарга Иерусалимди талкалап, ысрайыл элин туткундап кетишине жол берген.

Жезекиел пайгамбардын сөздөрүнөн Жахаба Кудай жана анын адилетсиздикке кандай караары жөнүндө эки нерсени биле алабыз. Биринчиден, анын адилетсиздикти жек көрөрүн, экинчиден, адилетсиздикке кабылып жаткандарга боору ооруй турганын билдик. Кудай ошондон бери өзгөргөн жок (Малаки 3:6). Ал адилетсиздикти жана адилетсиздикке себепкер болуп жаткандарды жакында жок кылам деп убада берген (Накыл сөздөр 2:21, 22). Андыктан «адилеттикти сүйгөн» Кудай жөнүндө жана ага кантип жакындай аларыңар жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылгыла (Забур 37:28).

Августта Ыйык Китепти окуу:

Жезекиел 21—38

[27-беттеги кыстырма]

Жахаба Кудай бийлиги бар адамдардын бийлигин кыянат колдонбошу керектигин ачык айткан