Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай тамеки чеккениме кандай карайт?

Кудай тамеки чеккениме кандай карайт?

Окурмандардын суроолору

Кудай тамеки чеккениме кандай карайт?

▪ Ыйык Китепте тамеки же тамекинин башка түрлөрүнө (чайнама, жыттама ж.б.) байланыштуу эч кандай мыйзам жок болгондуктан, жүрөгү таза адамдарда жогорудагыдай суроо пайда болушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте ал тууралуу айтылбаганы Кудайдын тамеки чегүүгө кандай караарын билүү мүмкүн эмес дегенди билдиреби? Жок.

Ыйык Китепте «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганы» айтылат (2 Тиметей 3:16). Анда Кудайдын ден соолугубузга кам көрүшүбүздү каалаарын көрсөткөн ачык-айкын принциптер жана кеңештер бар. Аларды карап чыгардан мурун, келгиле, адегенде тамекинин ден соолукка кандай зыян келтирери жөнүндө изилдөөчүлөрдүн эмне дешерине токтололу. Андан кийин Ыйык Китепте жазылган принциптердин изилдөөчүлөрдүн айткандары менен кандай байланышы бар экенин карайбыз.

Тамеки чегүү ден соолукка зыян. Ал — мезгилсиз өлүмдүн негизги себеби. Кошмо Штаттарда ар бир бешинчи киши тамекинин айынан өлөт. Ал өлкөдө, Наркология улуттук институтунун билдирүүсүнө ылайык, жылына ичкиликтен, баңгизаттан, ЖИКСтен өлгөндөрдүн, киши колдуу болуп өлгөндөрдүн, өзүн өзү өлтүргөндөрдүн, жол кырсыгынан өлгөндөрдүн жалпы санына караганда тамекинин айынан өлгөндөрдүн саны көбүрөөк.

Тамеки чеккендер башкаларга да зыян келтирет. Тамекинин түтүнү адамга канча убакыт дем алгандан кийин зыян келтире баштаарын айтыш кыйын. Тамеки чекпеген, бирок анын түтүнү менен дем алган кишилердин өпкө рагына жана жүрөк оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы 30 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Акыркы жылдары догдурлар тамекинин дагы бир зыянын аныкташкан. Тамекинин түтүнү тарап кеткенден кийин, анын курамындагы химиялык заттар кийимге, килемдерге жана башка нерселерге сиңип калат. Ал уулуу заттар, өзгөчө, балдардын ден соолугуна зыян келтирип, акыл-эс жөндөмүнүн өрчүшүн басаңдатат.

Тамеки чеккендер ансыз тура албай калышат. Алар ага кул болуп калат. Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, адам тамекинин курамындагы негизги зат болгон никотинге көнүп калса, тамекини оңой менен таштай албай калат.

Келгиле, ушул айтылгандар менен Ыйык Китептеги принциптердин кандай байланышы бар экенин карап чыгалы.

Кудай өмүрдү баалашыбызды каалайт. Кудай ысрайыл элине берген мыйзамында Ага жаккысы келгендердин өмүрдү баалашы керектигин айткан (Мыйзам 5:17). Алсак, Кудай ысрайылдыктарга үйүнүн үстүнө тегерете тосмо жасоону же жапыз дубал тургузууну буйруган. Эмне үчүн? Анткени алардын үйүнүн үстү жалпак болчу жана ал жерде ар кандай иштер менен алек болушчу. Тосмо үйдөн кимдир бирөө же үйгө келген кишилердин бири кулап кетип, өлүп калбашы же бир жерин кокустатып албашы үчүн жасалчу (Мыйзам 22:8). Андан тышкары, ысрайылдыктар, мал-жаны кимдир бирөөгө зыян келтирбеши үчүн, аларды жакшылап карашы керек болчу (Чыгуу 21:28, 29). Тамеки чеккен киши ушул мыйзамдардын негизинде жаткан принципти бузган болот. Биринчиден, ал өзүнүн ден соолугуна, экинчиден, тегерегиндеги адамдардын ден соолугуна зыян келтирет.

Кудай биздин аны жана жакындарыбызды сүйүшүбүздү каалайт. Иса пайгамбар жолдоочуларына эки маанилүү осуятты аткарышы керектигин айткан. Алар Кудайды бүт жүрөгү, бүт жаны, бүт акылы, бүт күчү менен сүйүшү жана жакындарын өздөрүн сүйгөндөй сүйүшү керек болчу (Марк 12:28—31). Өмүр Кудайдын белеги болгондуктан тамеки чеккен киши ал белекти баалабай турганын жана Кудайды сүйбөй турганын көрсөтөт (Элчилер 17:26—28). Ошондой эле башкалардын ден соолугуна зыян келтирет. Ал жакындарын сүйөм дегени менен, анын тамеки чеккени сөзүнүн жалган экенин көрсөтөт.

Кудай ыпыластыктан алыс болушубуз керектигин айтат. Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын дене менен рухту булгаган «ар кандай ыпыластыктан» тазаланышы керектиги айтылат (2 Корунттуктар 7:1). Тамеки чеккен адам Кудайдын алдында таза эмес болот. Кудайга жагыш үчүн тамекисин таштагысы келгендерге тамекини таштоо оңой болбошу мүмкүн. Бирок алар Кудайдын жардамы менен таштай алышат.