Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыкты коргогондор

Чындыкты коргогондор

Гилат мектебинин 132-классы

Чындыкты коргогондор

ҮСТҮБҮЗДӨГҮ жылдын 10-мартында Жахабанын Күбөлөрүнүн Патерсондогу (Нью-Йорк) билим берүү борборунда Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 132-классынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган өзгөчө азем болуп өттү. Ал аземге миңдеген адамдар, анын ичинде башка өлкөдөн келгендер да чогулушту. Патерсондогу азем өткөрүлгөн зал жаркырап кийинген элге жык толду. Программа башка жактарда да көрсөтүлүп, жалпы жонунан алганда, программаны 9 042 киши көрө алды.

Аземге келген эл программанын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатты. 132-класстын бүтүрүүчүлөрү Гилат мектебинин буга чейинки бүтүрүүчүлөрүнөн айырмаланып, толук убакыт кызматтын ар кандай түрүн аркалашкан. Алар буга чейин атайын пионер, кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылып келишкен. Башкалары Бейтелдерде кызмат кылышкан, дагы бирөөлөрү, Гилат мектебинен билим ала элек болушса да, миссионер болуп кызмат кылып келишкен. Чогулган элдин ушундай тажрыйбалуу бир туугандарга кандай сөздөр айтылат болду экен деп бүйүрү кызып турду.

Алар көпкө күткөн жок. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Геррит Лёш программага төрагалык кылып, алгачкы баяндама менен чыкты. Ал угуучуларга: «Силер чындыкты коргойсуңарбы?» — деген ойлонто турган суроо узатты. Ал Иса Машаяктын жолдоочуларынын Ыйык Китептеги окууларды коргой турганын түшүндүрдү. Ошондой эле чындыкты коргоо деген өз ичине чындыкты адамдарга үйрөтүүнү эле эмес, аны сүйгөнгө жардам берүүнү да камтый турганын айтып берди.

Андан соң: «Бизде чындык бар экенин эмнеден билебиз?» — деп сурады. Лёш бир тууган бизде чындык бар экенин чындыкты кабыл алган адамдардын саны эле далилдебей турганын баса белгиледи. Себеби азыркы учурда Кудайдын элине кошулгандар миллиондоп саналса, б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында андай адамдардын саны абдан аз болчу. Ал бизде чындык бар экенин көрсөткөн беш далилди атап өттү: 1) биз Иса Машаяктын окууларына карманып жашап жатабыз; 2) бири-бирибизди сүйөбүз; 3) Кудайдын мыйзам-принциптери боюнча жашайбыз; 4) дүйнөнүн иштерине кийлигишпейбиз; 5) Кудайдын аты менен аталган элбиз.

«Жетекчиликке баш ий»

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон сахнага чамадан көтөрүп чыкканда, залда отургандар аябай таң калышты. Ал Ышая 50:5ке негизделген «Кудайын буйруктарына баш ий» деген баяндаманы айтып берди. Иса Машаяк жөнүндө айтылган ал аятта: «Мен каршылык көрсөткөн жокмун, тескери бурулуп кеткен жокмун»,— деп жазылган.

Жеффри бир тууган бүтүрүүчүлөрдү Жахабанын өзүнүн ыйык руху, Ыйык Китеп жана уюму аркылуу кандай жетекчилик берип жатканын аңдай билгенге үндөдү. Матай 25:14—30-аяттарда жазылган таланттар жөнүндөгү аңгемеде ар бир кулдун жөндөмдүүлүгүнө жараша кожоюнунан талант алганы айтылат. Кожоюн алар колунан келгенди кылып, киреше алып келет деп үмүттөнгөн. Ал эки кулун: «Ишенимдүү, жакшы кул!» — деп мактаган. Ишенимдүү экенибиз канча кылганыбыздан эмес, тил алчаак болуп, жетекчиликке баш ийгенибизден көрүнөт.

Кожоюн үчүнчү кулду: «Жаман, жалкоо кул»,— деген. Эмне үчүн? Кул талантты көмүп койгон. Талант бир эле тыйын болгон эмес. Ал 6 000 динарийге барабар акча бирдиги болгон. Бир таланттын салмагы 20 килограмм болгон. Учак менен башка өлкөгө барганы жаткан кишиге, адатта, чамаданына 20 килограмм жүк салганга уруксат берилет. Жаман кулга берилген таланттын салмагы 20 килограмм жүк салынган чамадандын салмагындай болгон. Чамадандын көлөмүндөй болгон бир нерсени жерге көмүш үчүн бир топ күч жумшаш керек. Демек, кул кандайдыр бир иш-аракет кылган, тагыраак айтканда, талантты көмгөн. Бирок ага талантты көмүш керектиги айтылган эмес. Миссионерлер да кайсы бир иштер менен алек болушат. Бирок кандай иштер менен? Алар кимдир бирөөгө кат жазуу менен алек болобу? Интернеттеги сайттарды барактап отурабы? Убактысынын көбүн пикир алмашууга кетиреби? Же кандайдыр бир иш жүргүзөбү? Эгер алар ушундай иштер менен алек болушса, күчүн өздөрүнө тапшырылбаган иштерге жумшаган болот. Сөзүнүн акырында Жеффри бир тууган: «Силерге кандай кылуу керектиги айтылса, ошого ылайык иш кылгыла!» — деди.

«Эч качан шектенбегиле»

Бул баяндама менен Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис чыкты. Ал: «Ыйык Китепте ишеним менен шек саноонун бири-бирине эч кандай байланышы жок экени айтылат. Ишеним болсо, шек саноо болбойт»,— деди. Шайтан жеткилең Обо энеге шектенүүгө түрткөн ойлорду салган, бизге да ошондой ойлорду салары турган иш. Ошондуктан Энтони бир тууган: «Ишенимиңер күчтүү болсо, оюңардан шек саноону сүрүп чыгара аласыңар»,— деп айтты. Андан кийин угуучулардын көңүлүн элчи Петир менен болгон окуяга бурду. Бир жолу Петир Исаны көргөндө «суунун үстү менен аны көздөй жөнөгөн». Бирок катуу шамалды көрүп коркуп кеткендиктен чөгө баштаган. Иса колун сунуп, аны кармап калып, ага: «Ишеними аз, эмне үчүн шектендиң?» — деген (Матай 14:29—31). Энтони бир тууган андан ары сөзүн улап, мындай деди: «Силер, толук убакыт кызмат кылган миссионерлер, көп иш менен алек болосуңар. Башкалар силер кылган иштерге, тактап айтканда, силердин суунун үстүнөн басып жүргөнүңөргө суктанышат. Бирок силер катуу шамалды көргөндө эч качан шектенбегиле».

Ошондой эле оор кыйынчылыктарга чыдоо оңой болбосо да, шамал акыры басылгандай эле, кыйынчылыктардын да өтүп кетерин айтты. Ал Филипи шаарында камакта отурганда элчи Пабыл менен Сыластын эмне кылганын айтып берип, оор учурларда эмне кылыш керектигин түшүндүрдү. Элчилер 16:25те: «Түн ортолоп калганда, Пабыл менен Сылас Кудайга тиленип, аны даңктап ырдай башташты. Түрмөдө отургандар аларды угуп жатышты»,— делет. Көңүл бурчу нерсе, Пабыл менен Сылас тиленип эле тим болушкан эмес, алар Кудайды даңктап ырдашкан. Үнүн бийик чыгарып ырдагандыктан, алардын үнү түрмөдөгүлөрдүн баарына угулган. Энтони бир тууган көбүбүздүн үнүбүз жок болсо да, ырдагандан тартынбашыбыз керектигин, өзгөчө, кыйынчылыктарга кабылганда ырдаганыбыз маанилүү экенин айтып өттү. Андан соң «Жахабаны даңктап ырдагыла» деген китептеги «Акырына чейин чыдайлы» деген 135-ырдын сөздөрүн окуп, баяндамасын жыйынтыктады.

Дем-күч берген дагы башка баяндамалар

«Узак өмүр сүргүң келеби?» деген баяндама менен Камсыз кылуу бөлүмүндө кызмат кылган Роберт Лусиони чыкты. Анын баяндамасынын темасы Забур 34:12де жазылган Дөөтү падышанын сөздөрүнө негизделди. Роберт бир тууган оор кыйынчылыктарды кантип чечсе болорун, кыйынчылыктарга карабай Жахаба Кудай менен болгон мамилебизди канткенде бекемдей аларыбызды талкуулады. Ал 1 Шемуел китебинин 30-бөлүмүндө жазылгандардан көп нерсеге үйрөнө аларыбызды айтты. Дөөтү Шабул падышадан качып жүргөн убакта өзүнүн кишилери жана үй-бүлөсү менен Сыклакта жашап турган. Амалыктын тукумдары алардын аялдарын, уул-кыздарын туткундап кетишкенде, Дөөтү падышанын кишилери буга аны күнөөлөп, таш бараңга алгысы келген. Ошондо Дөөтү падыша эмне кылды эле? Ал ындыны өчүп отуруп калган эмес, тескерисинче, «Жахаба Кудайынын жардамы менен бекемделген» (1 Шемуел 30:6). Ал Жахаба Кудайга жардам сурап кайрылып, анын айтканы боюнча иш кылгандыктан туткундарды кайра кайрып келген. Баяндамачы бүтүрүүчүлөргө эгер алар Дөөтү падышадай болуп, Жахабага таянса, анын жетекчилигине баш ийсе, узак өмүр сүрүп, жакшылык көрөрүн айтты. Ал бүтүрүүчүлөрдүн берилген сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалап жатып кубанычка бөлөнөрүн, жашоосу канааттандырарлык болорун баса белгиледи.

«Түнкү күзөт өткөндөн кийинки убакка көңүл топтогула» деген баяндаманы Гилат мектебинин нускоочуларынын бири Майкл Бёрнет айтып берди. Ысрайылдыктар күн баткандан кийин күн чыкканга чейинки түнкү убакытты үч күзөт маалына бөлүшчү. Ар бир күзөт маалы 4 саатка созулчу. Түнкү экиден таңкы алтыга чейин созулган акыркы күзөт маалы эң караңгы, эң суук учур боло турган. Ошол маалда уктабай сергек туруу оңой эмес болчу. 119-забурду жазган киши акыркы күзөт маалында уктап калбаш үчүн Жахаба Кудайдын сөздөрү жөнүндө ой жүгүртчү (Забур 119:148). Майкл бир тууган бүтүрүүчүлөргө: «Силер сергек болушуңар керек, себеби коюу караңгылык каптаган, адамдардын бири-бирине сүйүүсү муздап калган дүйнөдө ар кандай кыйынчылыктарга кабыласыңар. Андыктан кыйынчылыктарга туш болгондо эмне кыларыңарды ойлонуштуруп алышыңар керек»,— деди. Андан кийин аларды дайыма сергек болуш үчүн Ыйык Китепти мындан ары да терең изилдегенге үндөдү. Ал бүтүрүүчүлөргө мындай деди: «Силер Жахаба менен дос болгуңар келгендиктен ага күн сайын кайрылып, аны менен сүйлөшөсүңөр. Ал да силер менен сүйлөшө алышы үчүн, Ыйык Китепти күн сайын окугула. Таң атарына аз калды, ошондуктан таң аткандан кийин эмне кыларыңарды ойлонуштургула. Ошентсеңер, түнкү күзөт маалдары өтүп кеткенден кийинки убакка көңүл топтой аласыңар».

«Алдыдагы иштерге даяр болдуңар» деп аталган 1 Петир 5:10го негизделген баяндама менен Гилат мектебинин дагы бир нускоочусу Марк Нумар чыкты. Ал бүтүрүүчүлөрдөн: «Силер тажрыйбалуу кызматчыларсыңар, анда эмне үчүн Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборуна чакырылдыңар?» — деп сурады. Анан ал суроого мындай деп жооп берди: «Силер өз ишин мыкты билген адамдарсыңар. Мындай адамдар билимин тереңдетип, ишин дагы жакшыраак аткарыш үчүн жумушун токтотуп, бир жерге барып окуп келишет. Силерге тапшырыла турган чоң жоопкерчиликтерди аткара алышыңар үчүн, Жахаба беш айдын ичинде силерди өзүнүн Сөзү, уюму аркылуу „бекем, күчтүү кылды“. Устундар бекем болсо, күч келгенде, сынып же ийилип кетпейт. Ишенимдештериңер менен кызматташканда ушул жерден алган билимиңер силерди канчалык бекем кылганы билинет. Кысым болгондо, сынып кетпейсиңерби? Башкача айтканда, Кудайдын принциптерин бузасыңарбы же Кудайдын Сөзүнөн үйрөнгөнүңөргө бекем карманасыңарбы? Бекем нерсе гана оор нерсени көтөрө алат. Устундардын бекемдиги жыгачтын ичиндеги жыш жайгашкан булалардан көз каранды. Ошо сыяктуу эле, силердин канчалык бекем болоруңар ички дүйнөңөрдөн көз каранды. Жахаба бул жакка силерди бекем, ишенимдүү, ишеничтүү болууга үйрөтүп, алдыдагы иштерди аткарууга даярдаш үчүн чакырды. Кудай өзүнүн ишин кылды. Эми биз силердин өзүңөрдөн талап кылынган нерселерди кылышыңарды жана Улуу Насаатчыңарга силерди аягына чейин үйрөтүшүнө жол беришиңерди сурап Кудайдан тиленебиз».

Кызматта болгон окуялар менен дил маектер

Гилат мектебинин бүтүрүү аземинде бүтүрүүчүлөрдүн дил маектерин угуу дем-шык берет. Бул жолку дил маектер да абдан кызыктуу болду. Программа учурунда бүтүрүүчүлөр кабар айтып жүргөндө болгон айрым окуяларды да сахналаштырып беришти. Алсак, франциялык бир жубайлар Гилат мектебине келатканда учакты 6 саат күтүп отурушканда кабар айтканын көрсөтүп беришти. Аэропорттун ресторанында отурганда алар учак күтүп отурган эки киши менен сүйлөшүп калышат. Ал кишилердин бири малавилик экенин айтканда, жубайлар аны менен чичева тилинде сүйлөшө башташат. Ал киши таң калып, анын тилин кантип үйрөнгөнүн сурайт. Жубайлар Малавиде миссионер болуп кызмат кылышканын айтышат. Ал эми экинчи киши Камерундан экенин айтканда, алар ага француз тилинде сүйлөй башташат. Ал эки киши Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы ойдо болгондуктан жубайлар аларга кабар айтышат.

Котормо топторун тейлөө бөлүмүндө кызмат кылган Николас Аладис деген бир тууган бүтүрүүчүлөрдүн арасынан эки түгөй менен маек курду. Алардын бири Австралиядан Чыгыш Тиморго миссионер болуп дайындалды. Ал эми экинчиси Кореядан Гонконгго дайындалды. Жубайлардын экөө тең дайындоолорун даярдуулук менен кабыл алып, мектептен алган билимин колдонууга ынтызар экенин билдиришти.

Бүтүрүүчүлөрдүн колуна дипломдор тапшырылгандан кийин, бир бүтүрүүчү класстын атынан жазылган ыраазычылык катты окуду. Андан кийин Геррит Лёш бир тууган сөзүнүн акырында чындык жөнүндө: «Чындык асмандын көркүн ачкан асан-үсөндөй, какыраган чөлдөгү оргуштаган булагы бар бакчадай, алай-дүлөй түшкөн деңиздеги кеме казыктай»,— деген сөздөрдү айтты. Анан: «Чындыкты билгенибиз биз үчүн кандай чоң бата! Чындыкты коргоп, башкаларды да аны коргогонго үйрөткүлө»,— деп сөзүн жыйынтыктады.

[31-беттеги таблица/карта]

КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Студенттер келген өлкөлөрдүн саны: 12

Орточо жашы: 36

Чөмүлтүлгөндөн кийинки жылдарынын орточо саны: 20

Толук убакыт кызмат кылган жылдарынын орточо саны: 15

[Карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Төмөндө бүтүрүүчүлөр дайындалган өлкөлөр көрсөтүлдү

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ДАЙЫНДАЛГАН ӨЛКӨЛӨР

САН-ТОМЕ ЖАНА ПРИНСИПИ

КОТ-Д’ИВУАР

САМОА

ЛИБЕРИЯ

БЕЛИЗ

ПЕРУ

ГАБОН

БЕНИН

МАЛАВИ

ЧЫГЫШ ТИМОР

ГВИНЕЯ

ГРУЗИЯ

КАБО-ВЕРДЕ

ЗИМБАБВЕ

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

ЭКВАДОР

КАМБОЖА

ГОНКОНГ

МАДАГАСКАР

КАМЕРУН

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ

[31-беттеги сүрөт]

Гилат мектебинин 132-классы

Катарлар төмөндөн жогору карай номурланып, ысымдар солдон оңго саналат.

1) Яп Р.; Яп Ж.; Ың Т.; Ың П.; Лорино Ф.; Лорино Б.; Уон С.; Уон С.

2) Моралес Н.; Моралес М.; Зануту Ж.; Зануту М.; Рамф И.; Рамф Ж.; Жерман Д.; Жерман Н.

3) Атчаде И.; Атчаде И.; Томас К.; Томас Э.; Эстижан К.; Эстижан П.

4) Эрман Д.; Эрман А.; Брэй Ж.; Брей А.; Аморин М.; Аморин Д.; Со Я.; Со Я.

5) Симон Ж.; Симон К.; Сил К.; Сил Д.; Эриксан Ж.; Эриксан Р.

6) Макласки Д.; Макласки Т.; Браун А.; Браун В.; Мариану Д.; Мариану С.; Лояола Ё.; Лояола К.

7) Ратгарс П.; Ратгарс Н.; Фуко П.; Фуко Ш.; Уиунжа Ж.; Уиунжа Е.