Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте айтылган кереметтерге ишенсек болобу?

Ыйык Китепте айтылган кереметтерге ишенсек болобу?

Ыйык Китепте айтылган кереметтерге ишенсек болобу?

ЭГЕР кимдир бирөө силерге таң калтырарлык бир окуя айтып берсе, ал окуяны ким айтып берип жатканына жараша ал окуяга ишенсе болор-болбосун аныктай алмаксыңар, чынбы? Анын ал окуяны кантип айтып жатканын эле эмес, ал кишинин чынчыл же чынчыл эмес экенин эске алмаксыңар. Эгер силер анын дайыма чындыкты айтарын билсеңер жана ал силерге эч качан калп айтпаса, анын айтып бергендерине толук ишенмексиңер.

Ыйык Китепте айтылган кереметтер жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ошол кереметтер болгон учурда эч кимибиз жарык дүйнөгө келе элек болчубуз. Ошондой болсо да Ыйык Китепте айтылгандарга ишенсе болор-болбосун аныктай алабыз. Кантип? Төмөндө ал кереметтерге эмне үчүн ишенсек болорун көрсөткөн айрым далилдер каралат.

Кереметтердин көбү эл алдында жасалчу. Ал кереметтерге айрым учурларда миңдеген адамдар күбө болушкан (Чыгуу 14:21—31; 19:16—19). Кереметтер жашыруун жасалчу эмес.

Кереметтер жөнөкөй жол менен жасалчу. Керемет жасагандар кереметти элди таасирлентиш үчүн жасашчу эмес. Ошондой эле өзгөчө бир буюмдарды же жарыктандыргычтарды колдонушчу эмес. Ыйык Китепте жазылган кереметтер көбүнчө күтүлбөгөн жерден жана адамдардын өтүнүчү боюнча жасалчу (Марк 5:25—29; Лука 7:11—16). Андай учурларда керемет жасаган киши алдын ала эч нерсе уюштурчу эмес, ошондой эле эч кандай даярдык көрчү эмес.

Керемет жасагандар атак-даңкка, байлыкка умтулушкан эмес. Алар Кудайды даңктаганга аракет кылышкан (Жакан 11:1—4, 15, 40). Керемет жасоонун аркасы менен баюуга умтулгандар ашкереленген (2 Падышалар 5:15, 16, 20, 25—27; Элчилер 8:18—23).

Ыйык Китепте жазылган кереметтердин түрдүүлүгү аларды адамдар жасашы мүмкүн эмес экенин көрсөтүп турат. Алсак, пайгамбарлардын буйругу менен деңиз тынчып, шамал басылып калган, суу шарапка айланган, жамгыр көпкө чейин жаабай, кайра жааган, оорулуу адамдар айыккан, сокурлардын көзү ачылган. Ушул жана башка көптөгөн кереметтер аларды бардык нерсенин үстүнөн бийлиги бар, табияттан тыш күчкө ээ кимдир бирөө жасаганын көрсөтүп турат (1 Падышалар 17:1—7; 18:41—45; Матай 8:24—27; Лука 17:11—19; Жакан 2:1—11; 9:1—7).

Керемет жасагандардын душмандары алардын керемет жасаганын тана алышкан эмес. Иса пайгамбар досу Лазарды тирилткенде, дин кызматчылар Лазардын тирилгенин тана алышкан эмес. Эмне үчүн? Себеби Иса пайгамбар Лазарды мүрзөгө коюлганына төрт күн болуп калгандан кийин тирилткен (Жакан 11:45—48; 12:9—11). Иса пайгамбар өлгөндөн кылымдар өткөндөн кийин да жүйүттөрдүн Талмудунда (диний-этникалык жана укуктук жоболордун жыйнагы) анын адаттан тыш күчкө ээ болгондугу айтылган. Дин кызматчылар андан ал кереметтерди кайсы күч менен жасап жаткандыгын сурашкан. Ошондой эле Иса пайгамбардын шакирттери да жүйүттөрдүн сотунун алдына барышканда, алардан: «Силер керемет жасадыңарбы?» — деп сурашкан эмес. Соттор: «Муну кайсы күч менен же кимдин атынан кылдыңар?» — деп сурашкан (Элчилер 4:1—13).

Ыйык Китепте жазылган кереметтерге ишенсе болот бекен? Азыр эле карап чыкканыбыздай, андагы кереметтерге ишенүүгө толук негиздер бар. Ыйык Китепте айтылгандарга ишенүүгө дагы башка көптөгөн себептер бар. Мисалы, Ыйык Китепте окуянын качан, кайсы жерде болгону жана ал окуяга катыштыгы бар адамдардын ысымдары айтылат. Атүгүл, Ыйык Китепти сындагандар анда жазылгандардын тарыхый жактан абдан так экендигин моюнга алышат. Ошондой эле Ыйык Китептеги жүздөгөн пайгамбарлыктар майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган. Андан тышкары, анда башкалар менен жакшы мамиледе болууга көмөк кылган теңдешсиз кеңештер камтылган. Ал кеңештер бардык курактагы жана жашоо деңгээли ар кандай адамдарга жардам берип келет.

Эгер Ыйык Китепте айтылгандарга дагы деле толук ишенбей жатсаңар, аны тереңирээк изилдеп көрсөңөр болот. Аны канчалык жакшы билген сайын, анда жазылгандарга ошончолук ишене баштайсыңар (Жакан 17:17). Ошондой эле Ыйык Китепке жазылып калган кереметтерге да толук ишенсе болоруна ынана аласыңар. Ал эми бул болсо силерге Ыйык Китепте айтылган, жакын арада боло турган кереметтерге ишенгенге жардам берет.

[7-беттеги сүрөт]

Иса пайгамбардын каршылаштары анын Лазарды тирилткенин тана алышкан эмес