Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

КАТОЛИКТЕРДИН үй-бүлөсүндө чоңойгон жана укук коргоо органдарында чоң кызматтарда иштеген киши эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечкен? Террорчуга жаман жолдон бурулуп, Кудайдын кызматчысы болгонго эмне түрткү берген? Келгиле, алардын айтып бергендерин окуп көрөлү.

«Жаман менен жакшыны жакшыраак айырмалай баштадым» СЕБАСТИАО АЛЬВЕС ЖУНКЕЙРА

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1946

ӨЛКӨСҮ: БРАЗИЛИЯ

МУРУН: СОТ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Биз Пикети деген шаардан 6 километр аралыкта жайгашкан жерде жашачубуз. Биздин чакан фермабыз бар болчу, жер да иштетчүбүз. Мен окуган мектеп Пикетиде болчу, ошондуктан ал жакка эски велосипедим менен барып келчүмүн. Биз жакта жашаган адамдар кедей турушчу, бирок шаарыбыз таза болчу, кылмыштуулук көп болчу эмес. Шаарда жашаган эркектердин көбү курал-жарак чыгарган заводдо иштечү.

Мен билим алганга аябай ынтызар болчумун. Мектепти бүткөндөн кийин коңшу шаарда жайгашкан аскердик авиация окуу жайына тапшырып, 1966-жылы сержант деген наам менен окуу жайды бүтүрдүм. Андан кийин юридикалык факультетке тапшырып, юрист болуп чыктым. Кийинчерээк полицияда чоң болуп иштеш үчүн арыз жазып, 1976-жылы мамлекеттик сынактан өткөндөн кийин жумушка кирдим. Кээде түрмөдө көзөмөлчүнүн милдеттерин да аткарып турчумун. Түрмөдө иштеп жүргөндө, Жахабанын Күбөлөрү көп келишчү. Алар менден уруксат сурап, түрмөдө отургандарга Ыйык Китептеги кабарды айтышчу. Алар мага да кабар айтып турушчу. Мен Кудайга ишенчүмүн. Кудайдын ысымы Жахаба экендигин жана адамдар аны менен ынак мамиле өрчүтө аларын билгенде жүрөгүм козголгон.

Улам бир кызматка көтөрүлүп отуруп, 1981-жылы дагы бир мамлекеттик сынактан өтүп, сот болуп дайындалдым. Андан кийин 2005-жылы Сан-Паулу шаарынын апелляциялык сотунун мүчөсү болдум.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Юридикалык факультетти бүтүргөндөн көп өтпөй Ыйык Китепти окуй баштагам. Ошондо ой жүгүртүүм бир топ өзгөрүлгөн. Мен өзүмдүн диниме бекем карманган католик болчумун. Туугандарыбыздын арасында дин кызматчылар бар болчу, дагы бирөө епископ болчу. Мен болсо месса (католик чиркөөсүндө башкы таат-ибадат) учурунда дин кызматчыга жардам берчүмүн. Ал эл алдында сөз сүйлөөрдөн мурун мен тиленүү жазылган китептен үзүндү окуп берчүмүн. Католиктер Ыйык Китепти окушчу эмес. Ошон үчүн апам Ыйык Китепти окуп жүргөнүмдү билгенде мага аябай ачууланып, капа болгон. Ыйык Китепти окусам, акылыман айнып каларымды айтып, аны окуганымды токтотууга аракет кылган. Бирок Ыйык Китепти окуунун жаман жерин көрбөгөндүктөн аны андан ары да окуй бердим.

Ыйык Китепти окуганымды токтотпогонума анда жазылгандарга аябай кызыкканым себеп болду көрүнөт. Дин кызматчылар жана алардын ролу жөнүндө көбүрөөк билгим келчү. Ошондой эле чиркөө экономикалык, саясий, социалдык кысымга каршы күрөшүшү керек деген ойду жактагандардын адабияттарын окуп көрдүм. Бирок ал адабияттарда жазылгандар жүйөлүү эместей сезилди.

Ошол убактарда тишимди дарылаган догдур мага бир китеп берип калды. Ал буддист болчу; китепти ага бирөө бериптир. Ал «Адам эволюциялык өнүгүүнүн натыйжасында пайда болгонбу же жаратылганбы?» деген китеп болчу *. Ал китепти Чарлз Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» деген китеби менен чогуу окуп чыгайын деп алып алдым. «Адам эволюциялык өнүгүүнүн натыйжасында пайда болгонбу же жаратылганбы?» деген китепте келтирилген далилдер абдан жүйөлүү, негиздүү көрүндү. Ошондон кийин эволюция теориясынын негизсиз экендигине көзүм жетти.

Ал китепти окуп чыккандан кийин Ыйык Китепте жазылгандарга ого бетер кызыгып, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган китептерден дагы көбүрөөк алып окугум келди. Ошол учурда авиация окуу жайында иштеген бир кишинин Жахабанын Күбөсү экенин угуп калдым. Аны менен сүйлөшүп, андан бир нече китеп сурап алдым. Мага Ыйык Китепти изилдөө сунуш кылышканда, макул болгон жокмун, анткени Ыйык Китепти өзүм деле изилдей алам деп ойлодум.

Үй-бүлө кургандан кийин Ыйык Китепти үй-бүлөм менен чогуу окуй баштадым. Жумасына бир жолу үй-бүлөм менен чогуу Ыйык Китепти окуп-изилдечүбүз. Жогоруда айтканымдай, туугандарыбыздын арасында дин кызматчылар, епископтор бар болчу. Биз аларды ыйык адамдардай көрчүбүз. Ошондуктан Иса Машаяктын: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген сөздөрүн окуганда ал сөздөрдүн маанисин билгим келди (Жакан 14:6). Ошол жөнүндө аябай изилдеп чыккандан кийин Жахаба Кудай адамдарды Иса Машаяк аркылуу гана куткарарын түшүндүм. Ага чейин бизди дин кызматчылар куткарат деп ишенип келгенбиз.

Ыйык Китепте жазылган эки аят католик чиркөөсүнө жана католиктердин окууларына болгон көз карашымды өзгөрттү. Алардын бири: «Жахабадан коркуу — билимдин башталышы. Даанышмандык менен акыл-насаатты акылсыздар гана четке кагышат»,— деген аят болчу (Накыл сөздөр 1:7). Экинчиси болсо: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»,— деген аят болчу (Жакып 1:5). Мен Кудай жөнүндөгү билимге, акылмандыкка ээ болгум келчү. Бирок католик чиркөөсү бул муктаждыгымды канааттандыра алган жок, ошондуктан чиркөөгө барбай калдым.

Келинчегим 1980-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Үйдө болуп калганымда изилдөөгө катышып калчумун. Кийинчерээк Ыйык Китепти мен да изилдей баштадым. Бирок көп убакытка чейин экөөбүз тең Жахабанын Күбөсү болбой жүрдүк. Жубайым 1994-жылы Жахабанын Күбөсү болду, мен болсо 1998-жылы болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Төрт баламды Жахаба Кудайдын мыйзамдары менен тарбияладым (Эфестиктер 6:4). Эки уулум Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында ар кандай жоопкерчиликтерди аркалап, Кудайга кызмат кылып жатат. Эки кызым болсо ынталуулук менен башкаларга Кудай жөнүндөгү жакшы кабарды таратып жатат. Жубайым да убактысынын көбүн адамдарга Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берүүгө жумшайт. Өзүм болсо жыйналышта аксакалмын.

Жахабанын Күбөсү болгондон кийин эмне жаман, эмне жакшы экендигин жакшыраак айырмалай баштадым. Мен сот болуп иштегендиктен кылмыш иштерин карап жатканда Жахабадан үлгү алганга аракет кылам. Ишти карап жатканда соттолуп жаткан адамдын жазасын жеңилдеткенге себептер бар болсо, аларды эске алып, боорукер, ырайымдуу болгонго аракет кылам.

Мен зордук-зомбулук, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу жана башка ушул сыяктуу көптөгөн оор кылмыш иштерин карасам да, мерез болуп калган жокмун. Жаңылыктарды көргөн сайын адамдардын бузулгандыгын көрүп жийиркенем. Кылмыштуулуктун эмне үчүн мынчалык көбөйүп бара жаткандыгын түшүнгөнгө жана келечекке үмүт менен караганга жардам берип жаткандыгы үчүн Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазымын.

«Түрмө мени... оңдогон жок» КЕЙТ ВУДС

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1961

ӨЛКӨСҮ: ТҮНДҮК ИРЛАНДИЯ

МУРУН: ТЕРРОРЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен 1961-жылы Түндүк Ирландиянын эл жыш отурукташкан Портадаун деген шаарында протестант динин туткан үй-бүлөдө төрөлгөм. Биз жашаган жерде католиктер да, протестанттар да бар болчу. Католиктер менен протестанттар камыр-жумур болуп, бири-бири менен ынтымакта жашашчу. Биз жакта жашаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү жарды турушчу.

Мурунку жашоомду эстегенде жүрөгүм ооруп кетет. 1974-жылы «Толкундоо» деп аталган Түндүк Ирландияда болгон согушка катышкам. Ошондо өлкөдөгү кырдаал өтө курч болчу. Ал кезде атам Ольстер шаарында килем чыгарган ишканада иштечү. Бир жолу ал биз менен кошуна жашаган эки католик балага жумушка байланыштуу айрым нерселерди үйрөтөм деп жумушта калып калган. Ал ортодо балдар жашаган үйгө терезеден бомба учуп келип түшүп, алардын ата-энеси менен иниси каза тапкан.

Өлкөдөгү кырдаал курчугандан курчуп, согуш тутанып кеткен. Католиктер жашаган аймакта протестанттардын үйлөрү өрттөлсө, протестанттар жашаган жерде католиктер кысымга алына баштаган эле. Биз жашаган жерде протестанттар басымдуулук кыла баштаган болчу. Көп өтпөй бомба жардырууга катышкандыгым үчүн кармалып, үч жылга кесилип кеткем.

Түрмөдө отурганымда саясий иштерге жигердүү катышып жүргөн бир протестант менен дос болуп калдым. Мен аны бир тууганымдай көрчүмүн. Ал үйлөнгөндө, тоюнда күйөө жолдош болгом. Бирок түрмө мени да, аны да оңдогон жок. Камактан чыккандан кийин кайра эле саясий иштерге аралаша баштадык. Ал жолкусунда андай иштерге мурдагыдан да көбүрөөк катыша баштадык. Жыйынтыгында досум кайра эле түрмөгө түшүп, ал жактан киши колдуу болуп өлдү.

Каршылаштар менин да көзүмдү тазалоону көздөп жүрүштү. Бир жолу алар машинемди жардырып жиберишкен. Ошондон кийин мен ого бетер күчөп, саясий иштерге жанымды берип катыша баштагам.

Ошол убакта «Толкундоо» жөнүндөгү документалдуу тасманы тартууга катышкам. Ал тасма бүт Британия боюнча көрсөтүлгөн болчу. Ошол тасманын айынан көп кыйынчылыктарга кабылдым. Бир күнү кечинде үйгө келсем, аялым мени таштап кетип калыптыр. Андан көп өтпөй баламды да алып кетип калышты. Ошондо күзгүнү карап алып: «Кудай, бар болсоң, мага жардам берчи»,— деп айтканым эсимде.

Кийинки жуманын ишембисинде Жахабанын Күбөсү болгон Пол деген эски таанышыма жолугуп калдым. Ал мага Ыйык Китеп жөнүндө айтып берди. Эки күн өткөндөн кийин, «Күзөт мунарасы» журналын салып жиберди. Ошол журналдын бир макаласынан Иса Машаяктын: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деген сөздөрүн окудум (Жакан 18:36). Бул сөздөр мага аябай таасир этти. Ошол күндөн тартып жашоом өзгөрө баштады.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Пол менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Кийинчерээк изилдөөнү Билл деген Жахабанын Күбөсү менен уланттым. Мени менен Ыйык Китепти изилдөө алар үчүн кыйын болду болуш керек. Анткени аларды тажатып суроо бере берчүмүн. Биллдин айткандары туура эмес экендигин далилдеш үчүн үйгө диний жетекчилерди алып келчүмүн. Акыры, Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экендигине көзүм жетти.

Бир жолу Биллге мындан ары мени менен Ыйык Китепти изилдеш үчүн үйүмө келбей эле коюшун айттым. Анткени биз жашаган аймактын жолдоруна тосмолорду коюп, машинелерди өткөрбөй жатышкан. Ал машине менен келсе, машинесин тартып алып, өрттөп жиберишмек. Бирок Билл машинесин үйүнө калтырып, мага велосипед менен келип жүрдү. Себеби анын велосипедин эч ким тартып алмак эмес. Дагы бир жолу Билл экөөбүз Ыйык Китепти изилдеп отурганда, үйгө полиция кызматкерлери менен аскерлер келип, мени кармап кетишти. Мени алып кетип баратышканда, Билл: «Кейт, Жахабага таян»,— деген бойдон калып калды. Биллдин ушундай иш-аракет кылганы мага аябай таасир этти.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына биринчи жолу барганымда айрымдардын көзүнө бир укмуштуудай көрүнсөм керек. Анткени чачымды аябай узун кылып өстүрүп, сөйкө тагынып жүрчүмүн. Ошондой эле саясий партияга мүчө экенимди билдирген белгиси бар булгаары куртка кийип жүрчүмүн. Бирок Жахабанын Күбөлөрү мага аябай жакшы мамиле кылышты. Алардын боорукердик менен кылган мамилеси мага аябай жакшы таасир калтырды.

Ыйык Китепти изилдеп жатып деле эски досторум менен болгон мамилемди үзгөн жокмун. Бирок бара-бара Ыйык Китептен билгендерим жүрөгүмдөн терең орун ала баштады. Жахаба Кудайга кызмат кылыш үчүн саясатка болгон көз карашымды өзгөртүп, эски досторум менен болгон мамилемди үзүшүм керек экендигин түшүндүм. Буларды кылуу оңойго турган жок. Бирок Ыйык Китепти тереңирээк изилдегендиктен жана Жахаба күч бергендиктен, оңоло баштадым. Чачымды кырктырып, сөйкөмдү алып салдым, костюм-шым сатып алдым. Ыйык Китептен билгендеримди колдонгондуктан адамдарга кылган мамилем да жакшыра баштады.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Буга чейин жашоомдо көп кылмыштарды кылып келгем, террорчу да болчумун. Укук коргоо органдарында иштегендер мени аябай жакшы билишчү. Азыр болсо баары өзгөрдү. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрүнүн Наван шаарында болгон жыйынына биринчи жолу баратканымда, мени укук коргоо органдарынын кызматкерлери Түндүк Ирландияга чейин кайтарып барышкан. Азыр болсо жыйындарга эч кимди кайтартпай эле барам. Ошондой эле Пол, Бил жана жыйналыштагы ишенимдештерим менен бирге Кудай жөнүндө кабар айтып жатам.

Жашоом аябай өзгөрүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Жыйналыштан Люиз деген кыз менен таанышып, экөөбүз баш коштук. Учурда уулум өзүмдүн колумда.

Артка кылчайып, көп адамдарга жамандык кылганымды эстегенде аябай өкүнөм. Бирок Ыйык Китеп мага окшогон адамдарга жаман иштерин таштаганга жардам берет жана адамды толугу менен өзгөртүп, жашоосун маңыздуу кыла алат, үмүт берет деп ишенимдүү түрдө айта алам.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

[12-беттеги кыстырма]

Апам Ыйык Китепти окуп жүргөнүмдү билгенде мага аябай ачууланып, капа болгон