Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй ээси менен маектешүү. Жакшы адамдардын баары асманга кетеби?

Үй ээси менен маектешүү. Жакшы адамдардын баары асманга кетеби?

Үй ээси менен маектешүү. Жакшы адамдардын баары асманга кетеби?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ бардык адамдар менен ар кандай темада сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Балким, кайсы бир суроонун жообун билгиңер келип жүргөндүр. Же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келеттир. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүн жолуктурганыңарда аларга суроолоруңарды берсеңер болот. Алар жооп берүүгө даяр.

Төмөндө Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен курган маеги жазылган. Келгиле, алардын маегине көңүл буралы.

Асманга бара тургандар ал жакта эмне кылышат?

Жахабанын Күбөсү: Айрымдар жакшы адамдар өлгөндөн кийин асманга кетишет деп ишенишет. Сиз да ошондой деп ойлойсузбу?

Үй ээси: Ооба, жакшы адамдар асманга кетишет деп ойлойм.

Жахабанын Күбөсү: Ыйык Китепте асмандагы жашоо жөнүндө көп нерсе айтылган. Асманга баргандар ал жакта эмне кылышат деп ойлонуп көрдүңүз беле?

Үй ээси: Алар Кудайдын жанында болуп, аны даңкташат да.

Жахабанын Күбөсү: Чынында, асманда жашоо абдан чоң сыймык. Бирок Ыйык Китепте асманга баргандардын кандай сыймыкка ээ болору эле эмес, аларга кандай чоң жоопкерчилик артылары айтылган.

Үй ээси: Кандай жоопкерчилик артылат экен?

Жахабанын Күбөсү: Ал жөнүндө бир пайгамбар мындай деп жазган, көңүл бурсаңыз: «Аларды Кудайыбызга падышалар жана дин кызматчылар кылдың. Алар жер үстүнөн падышалык кылышат». Бул аяттан көрүнүп тургандай, аларга кандай жоопкерчилик артылыптыр? (Аян 5:10).

Үй ээси: Жер үстүнөн падышалык кылышат турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, туура айттыңыз.

Алар кимдердин үстүнөн бийлик кылышат?

Жахабанын Күбөсү: Эгер алар падышалар болуп кызмат кыла турган болсо, кимдерди башкарат? Анткени падышалар болсо, анда аларга баш ийген адамдар да болушу керек да, чынбы?

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Алар кимдерди башкарышат деп ойлойсуз?

Үй ээси: Менимче, алар жерде жашап жаткан, азырынча асманга кете элек адамдарды башкарат болуш керек.

Жахабанын Күбөсү: Балким, жакшы адамдардын баары асманга кетет деп ишенгендиктен ушундай деп ойлоп жаткандырсыз. Бирок кандай деп ойлойсуз, жакшы адамдардын айрымдары асманга кетпеши мүмкүнбү?

Үй ээси: Билбейм, ал жөнүндө укпаптырмын.

Жахабанын Күбөсү: Мындай суроо бергенимдин себеби Забур китебинин 37-бөлүмүнүн 29-аятында мындай деп жазылыптыр. Окуп көрсөңүз.

Үй ээси: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат».

Жахабанын Күбөсү: Бул аяттан көптөгөн жакшы адамдардын каякта жашай турганын байкадыңызбы?

Үй ээси: Жерди мурасташат дейби?

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Байкасаңыз, алар жерде аз эле убакыт жашашпайт. Аятта алардын жер бетинде түбөлүк жашаары айтылып жатат.

Үй ээси: Бирок бул жер бетинде дайыма жакшы адамдар болорун билдириши мүмкүн да. Биз өлүп, асманга кеткенде, башка жакшы адамдар жарык дүйнөгө келет.

Жахабанын Күбөсү: Көптөр бул аятты окуганда ушундай деп ойлошу мүмкүн. Бирок кандай деп ойлойсуз, адамдар жер бетинде түбөлүк жашайбы?

Үй ээси: Билбейт экем ушуну.

Жер бетинде боло турган Бейиш

Жахабанын Күбөсү: Ыйык Китептин дагы бир аятында келечекте жер бетинде боло турган жашоо жөнүндө эмне айтылганына көңүл бурсаңыз. Бул жерде: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— делет. Ушундай жерде жашагыңыз келет беле? (Аян 21:4).

Үй ээси: Ооба, ким эле жашагысы келбесин. Бирок бул жерде асмандагы жашоо жөнүндө айтылып жатат го.

Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз, асмандагы жашоо да ушундай болот. Бирок аятка дагы бир жолу көңүл бурсаңыз. Бул жерде өлүмдүн эмне болору айтылып жатат?

Үй ээси: «Мындан ары өлүм болбойт»,— дейт.

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Мисалы, башынан эле жок болгон нерсени мындан ары болбойт деп айта алабызбы?

Үй ээси: Жок, айта албайбыз да.

Жахабанын Күбөсү: Асманда эч качан өлүм болгон эмес да. Жерде жашаган адамдар гана өлүшөт, чынбы?

Үй ээси: Мм, бул жөнүндө ойлонбоптурмун.

Жахабанын Күбөсү: Ыйык Китепте айрым жакшы адамдардын асманга кетери, көбү жер бетинде түбөлүк жашаары айтылат. Сизге Ыйык Китептен дагы бир аят окуп берейин, көңүл бурсаңыз: «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,—дейт (Матай 5:5). Эгер мүнөзү жумшактар жерди мурастай турган болсо, алар жер бетинде түбөлүк жашашы керек да, туурабы? Жерде жашай тургандардын жашоосу түп-тамыры менен өзгөрөт: алар оорушпайт, карышпайт, өлүшпөйт.

Үй ээси: Бирок ушулардын баарын бир-эки аят менен эле далилдеп коюу мүмкүн эмес го дейм.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, аныңыз туура. Бирок Ыйык Китепте келечекте жер бетинде боло турган жашоонун кандай боло тургандыгы жөнүндө айтылган көп аяттар бар. Кааласаңыз, сизге дагы бир аят окуп берейин.

Үй ээси: Мейли, окусаң окуп берчи.

«Ыймансыз жок болот»

Жахабанын Күбөсү: Жана Забур китебинин 37-бөлүмүнүн 29-аятын окуганбыз. Эми ошол эле Забурдун 10, 11-аяттарын окуп көрөлү. Өзүңүз окусаңыз.

Үй ээси: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат».

Жахабанын Күбөсү: Бул аятка ылайык, «мүнөзү жумшактар» каякта жашашат экен?

Үй ээси: «Жерди мураска алышат» дейби? Бирок менин оюмча, бул айтылгандар учурда жашап жаткан адамдарга тиешелүү болушу керек. Жакшы адамдар азыр деле бар да.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, жакшы адамдар азыр деле бар. Бирок бул аятта жакшы адамдардын «мол тынчтыкка ырахаттанышары» айтылып жатат. Биз азыркы учурда жерде мол тынчтык болуп жатат деп айта алабызбы?

Үй ээси: Жок, азыр кайдагы тынчтык.

Жахабанын Күбөсү: Бул сөздөр кандайча аткарыларын түшүнүш үчүн бир мисалга токтололу. Сиздин батирге берген үйүңүз бар деп коёлу. Үйүңүздө жашагандардын айрымдары үйүңүздү жакшы карашат, тынч жашашат. Сиз аларга ыраазы болмоксуз, туурабы? Ал эми башкалары үйүңүздү карабайт. Кошуналарга тынчтык бербейт. Аларды эмне кылат элеңиз?

Үй ээси: Аларды үйүмдөн чыгарып жибермекмин да.

Жахабанын Күбөсү: Кудай да ошо сыяктуу иш-аракет кылат. 10-аятка дагы бир жолу көңүл бурсаңыз. Бул аятка ылайык, Кудай жерден ыймансыздарды жок кылат, башкача айтканда, башкаларга кыйынчылык туудуруп жаткан адамдарды «үйдөн чыгарып жиберет». Ошондо жакшы адамдар жер бетинде тынчтыкта жашашат. Бул айтылгандар сиз ишенип келген нерселерден айырмаланышы мүмкүн.

Үй ээси: Ооба, бул жөнүндө мурун укпаптырмын.

Жахабанын Күбөсү: Сиз жогоруда айткандай, буларды бир-эки аят менен эле бышыктап коюу жетишсиз. Жакшы адамдардын келечеги жөнүндө билиш үчүн Ыйык Китепте ушу жөнүндө айтылган аяттардын баарын изилдеп чыгуу маанилүү. Бирок биз азыр карап чыккан аяттардын негизинде айрым жакшы адамдар асманга кетет, ал эми көбү жер бетинде түбөлүк жашайт деп жыйынтык чыгарсак болобу?

Үй ээси: Билбейм эми, сен окуп берген аяттарга караганда ошондой болушу мүмкүн.

Жахабанын Күбөсү: Бул суроону кененирээк талкуулай турган болсок, дагы башка суроолор туулушу мүмкүн. Мисалы: «Бизге чейин жашаган, көзү өтүп кеткен жакшы адамдар эмне болушат? Алардын баары асманга кетишти беле? Эгер андай болбосо, азыр алар кайда?» — деген суроолор туулат.

Үй ээси: Мм, чын эле кызыктуу суроолор экен.

Жахабанын Күбөсү: Эмкиде ушулар тууралуу сүйлөшпөйлүбү?

Үй ээси: Мейли.