Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жакындагыла

«Күндөрү Байыркы тактысына отурду»

«Күндөрү Байыркы тактысына отурду»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ: «Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— деп айтылат (Жакан 1:18). Кудайды эч ким эч качан көрө албайт, аны көргөн пенде тирүү калбайт (Чыгуу 33:20). Бирок айрым учурларда адамдар аян аркылуу Кудайдын асмандагы тактысын жана анын тегерегиндеги периштелерди көрүшкөн. Аян алган кишилердин бири Даниел пайгамбар болгон. Пайгамбар ушул нерселерди көргөндө, анда Кудайга карата кастарлоо сезими пайда болгону шексиз. Анын ордунда болсок, биз да аныкындай сезимде болмоктугубуз күмөнсүз. Келгиле анда, Даниел пайгамбардын аян аркылуу эмнелерди көргөнүн карап чыгалы *. (Окугула: Даниел 7:9, 10.)

«Күндөрү Байыркы». Даниел пайгамбар гана сөз кылган бул наам «көп жашаган же карыя» деген маанини туюнтат (Даниел 7:9, 13, 22). Кандай мааниде Жахаба Кудайды карыя деп айтууга болот? Ал — «Түбөлүктүктүн Падышасы». Анын башталышы болгон эмес, аягы да болбойт (1 Тиметей 1:17; Жүйүт 25). Бул Кудайдын акылмандыгы чексиз экендигин көрсөтүп турат. Ыйык Китепте: «Даанышмандык карыларда»,— деп айтылат (Аюп 12:12). Биздин акылыбыз чектелүү болгондуктан, Кудайдын башталышы болгон эмес, аягы да болбойт дегенди түшүнүү кыйын. Анда Кудайдын чексиз акылмандыгын толук түшүнүү мүмкүнбү? (Римдиктер 11:33, 34).

Күндөрү Байыркынын «тактысына отурганына» көңүл бурсаңар. Ал эмне үчүн тактыга отурган? Муну түшүнгөнгө жогорудагы сөздөр жазылган аяттын жанындагы башка аяттардагы «Сот», «өкүм» деген сөздөр жардам берет (Даниел 7:10, 22, 26). Ал сөздөр Даниел пайгамбар көргөн аянда Жахаба Кудайдын соттош үчүн тактыга отурганын көрсөтүп турат. Ал кимдерди соттомок? Даниел пайгамбар ага чейин көргөн аянда жырткычка салыштырылган элдерди соттомок * (Даниел 7:1—8). Жахаба Кудай кандай Сот?

«Анын кийими кардай аппак, башындагы чачы таза жүндөй экен». Ак өң — адилдиктин жана тазалыктын символу. Жүндүн өңү көбүнчө ак болот. Ошондуктан чачы жүндөй деген сөздөрдү чачы ак деп түшүнсө болот. Даниел пайгамбар көргөндөрдү элестетип көрсөңөр. Кардай аппак, узун кийим кийген Сотту элестеттиңерби? Каймана маанидеги бул сөздөр Жахаба Кудайдын адилдик жана акылдуулук менен соттой турганын көрсөтүп турат. Ал — бекем ишенип, урматтап-сыйлашыбызга татыктуу Сот.

Ал — бекем ишенип, урматтап-сыйлашыбызга татыктуу Сот

«Ага миңдегендер кызмат кылып, алдында түмөндөгөндөр турду». Алар кимдерди билдирет? Ыйык Китепте периштелер Кудайдын кызматчылары экени айтылат (Забур 104:4). Кудайдын жүз миллиондоп саналган периштелери «анын сөзүн», «эркин аткарышат» (Забур 103:20, 21). Бул Кудайдын чексиз акылман экенин айгинелеп турган жокпу? Жахаба Кудайдан башка ким ушундай көп сандаган асман кошуунун ушунча убакыттан бери уюшкандыкта башкара алмак?

Даниел пайгамбар көргөн аян Күндөрү Байыркы Жахаба Кудайга болгон ишенимибизди бекемдейт. Анын адилдик жана акылмандык менен сот жүргүзөрүнөн шектенбесек болот. Чексиз акылман Жахаба Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло аларыңар жөнүндө көбүрөөк билгиңер келбейби?!

 

Октябрда Ыйык Китепти окуу:

Даниел 4Ошуя 14

^ 3-абз. Чынында, Даниел пайгамбар Кудайды көргөн эмес. Кудай ага эстеп калгыдай, ал айкын элестете алгыдай көрүнүштөрдү көрсөткөн. Даниел болсо көргөндөрүн түшүндүрүш үчүн каймана маанидеги сөздөрдү колдонгон. Ошондой эле адамдар Кудайдын кандай экенин элестете алышы үчүн, адамдарга мүнөздүү нерселерди Кудайга мүнөздүү кылып көрсөткөн. Каймана маанидеги андай салыштыруулар Кудайды элестете алышыбыз үчүн эле колдонулган, аларды түзмө-түз түшүнүп албашыбыз керек.

^ 5-абз. Даниел пайгамбар көргөн аяндагы жырткычтар эмнени билдирери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) китебинин 9-бөлүмүн карагыла.