Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Паракорчулук жок болот!

Паракорчулук жок болот!

«Жахабага үмүт арт, анын жолунан чыкпа... Ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң» (ЗАБУР 37:34).

КӨП адамдардай эле, силер да паракорчулук эч качан жок болбойт деп ойлойсуңарбы? Мындай ойдо болгонуңардын жөнү бар. Себеп дегенде адамдар кылымдар бою бийликтин ар кандай түрүн колдонуп келишсе да, паракорчулукту жок кыла алышкан жок. Анда адамдар бири-бирин алдабай жашай турган заман келет деп үмүттөнсөк болобу?

Ооба. Ыйык Китепте ошондой заман болору айтылат. Анда Кудай жакында паракорчулукту жок кылары жазылат. Муну Кудай кантип жүзөгө ашырат? Ал өзүнүн Падышалыгы, асмандагы өкмөтү, аркылуу биздин жашообузду түп-тамыры менен өзгөртөт. Иса Машаяк ошол Падышалык жөнүндө тиленүүнү айтып: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген (Матай 6:10).

Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяк жөнүндө Ыйык Китепте алдын ала мындай деп жазылган: «Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:12—14). Бул аяттан көрүнүп тургандай, Иса Машаяк паракорчулуктан жапа чеккендерге боор ооруйт, ошондуктан паракорчулукту жок кылыш үчүн иш-аракет кылат. Бул бизди жубатпайбы?

Кудайдын Падышалыгынын боорукер, күч-кубаттуу Падышасы жер бетинен паракорчулукту жок кылат. Кантип? Ал адамдарды паракорчулукка себеп болуп жаткан үч нерседен арылтат.

Күнөөнүн таасири

Бардык адамдар күнөөлүү болгондуктан өзүмчүл болгонго жакын келет (Римдиктер 7:21—23). Ошондой болсо да туура иш кылгысы келген ак ниет адамдар бар. Андай адамдар Иса Машаяктын биз үчүн канын төккөнүнө жана ошонун аркасында күнөөлөрү кечирилерине ишенишет * (1 Жакан 1:7, 9). Ыйык Китептеги Жакан китебинин 3-бөлүмүнүн 16-аятында Кудай адамзатты сүйөрүн далилдеп эмне кылганы жөнүндө мындай делет: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди». Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенгендер мол бата алышат.

Кудай ага ишенген адамдар үчүн кереметтүү иштерди жасайт. Жакындап келаткан жаңы дүйнөдө Кудай күнөөнүн кесепетин жоюп, адам баласын акырындык менен жеткилеңдикке жеткирет. Адамдардын баары адил болушат (Ышая 26:9; 2 Петир 3:13). Күнөө жок кылынгандыктан, эч ким жаман ишке барбайт. Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн башкара баштаганда, паракорчулук биротоло жок болот.

Дүйнөнүн таасири

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көптөр кимдир бирөөгө атайлап жамандык кылышат. Алар бей-бечаралардын, жакырлардын эсебинен пайда көрүп, башкаларды да жаман ишке түртүшөт. Кудай андай адамдарды: «Ыймансыз өз жолун, кара ниет өз ойлорун таштасын»,— деп эскертет. Эгер алар өкүнүшсө, Кудай аларды «айкөлдүк менен кечирет» (Ышая 55:7).

Ал эми өкүнбөй, жаман иш кылганын токтотпогондорду Кудай жок кылат. Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн бийлик кыла баштаганда, Ыйык Китептеги: «Жахабага * үмүт арт, анын жолунан чыкпа... Ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң»,— деген убада аткарылат (Забур 37:34). Ооба, оңолбогон адамдар жок кылынганда, Кудайга ишенимдүү кызмат кылган адамдар эч качан паракорчулуктан жапа чегишпейт.

Шайтандын таасири

Күнөөсү үчүн эч качан өкүнбөгөндөрдүн ичинен жеткен күнөөкөрү — Шайтан Ибилис. Шайтан адамдарды азгырбашы үчүн, Кудай жакын арада анын иш-аракетин чектейт. Андан кийин аны биротоло жылас кылат. Ошондон кийин адамдарды эч ким азгырбайт. Ошондо Жахаба Кудайга кандай гана ыраазы болобуз!

Кудайдын паракорчулукту түп-тамыры менен жок кыларына ишенүү кыйынга турушу мүмкүн. Балким, силер: «Кудай жогорудагы нерселерди чын эле ишке ашырабы? Эгер ошондой болсо, эмне үчүн азыр ишке ашырбай жатат?» — дейттирсиңер. Бул суроолорго Ыйык Китептен канааттандырарлык жооп таба аласыңар *. Биз силерди жамандыктын баары түбөлүккө жок боло турган убак жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылганын окуп көрүүгө чакырабыз.

^ 8-абз. Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.

^ 12-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экендиги айтылат.

^ 15-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3, 8 жана 11-бөлүмдөрүн карагыла.