Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Түбөлүк жашоо мүмкүнбү?

Түбөлүк жашоо мүмкүнбү?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди да ойлондургандыр. Төмөндө алардын жообун Ыйык Китептин кайсы жеринен тапса болору көрсөтүлдү. Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө даяр.

1. Адамдын өмүрү эмне үчүн кыска?

Таш баканын айрым түрлөрү 150 жыл, дарактын кээ бир түрлөрү 3000 жыл жашайт. Ал эми адам аларга салыштырмалуу аябай эле аз жашайт. Бирок биздин жашообуз маңыздуу. Жахаба Кудай бизди музыка уккандан, спорт менен машыккандан, тамак жегенден, билим алгандан, саякаттагандан жана бири-бирибиз менен пикир алышкандан ырахат алгыдай кылып жараткан. Ошондой эле жүрөгүбүзгө түбөлүк жашагыбыз келген каалоону салып койгон. (Окугула: Насаатчы 3:11.)

2. Түбөлүк жашоо мүмкүнбү?

Жахаба Кудай түбөлүк жашайт. Ал эч качан өлбөйт. Кудай — өмүрдүн булагы. Ошондуктан түбөлүк өмүрдү ал гана бере алат (Забур 36:9; Хабакук 1:12). Жахаба Кудай ага баш ийгендерге түбөлүк өмүр берүүнү убада кылган. Ал карыларды жашартып, жаш кезиндегидей кылат. (Окугула: Аюп 33:24, 25; Ышая 25:8; 33:24.)

Иса пайгамбар жерде жүргөндө көп керемет жасап, Кудайдын адамдар чың ден соолукта түбөлүк өмүр сүрөрү жөнүндө айткандары сөзсүз аткарыларын далилдеген. Ал көптөгөн оорулууларды айыктырып, өлгөндөрдү тирилткен. (Окугула: Лука 7:11—15, 18, 19, 22.)

3. Түбөлүк жашай турган убак качан келет?

Кудай биздин азап-кайгыга, зордук-зомбулукка толгон азыркы дүйнөдө эмес, бейкуттук өкүм сүргөн Бейиште түбөлүк жашашыбызды каалайт (Забур 37:9, 29; Ышая 65:21, 22). Жер кайрадан бейишке айланганда, миллиондогон өлгөн адамдар тирилет. Алар Жахаба Кудайга сыйынып, дайыма ага баш ийишсе, түбөлүк жашашат. (Окугула: Лука 23:42, 43; Жакан 5:28, 29.)

4. Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Кудай гана бизге түбөлүк өмүр бере алат. Андыктан ал жөнүндө көбүрөөк билип, аны менен ынак мамиледе болушубуз керек. Ыйык Китепте Кудай жөнүндөгү билим тамакка салыштырылат (Матай 4:4). Албетте, тамак жеген жагымдуу, бирок тамак жасаш үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат. Ошо сыяктуу эле, Кудай жөнүндө билим алыш үчүн да күч-аракет жумшаш керек. Кудай менен ынак мамиледе болуп, түбөлүк өмүр сүрүүдөн артык эч нерсе жок. (Окугула: Лука 13:23, 24; Жакан 6:27; 17:3.)