Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат
КУДАЙГА ишенбеген, кирешелүү жумушта иштеген аялга жашоонун маңызын тапканга эмне жардам берген? Католик динин туткан кишинин жашоосу өлүм тууралуу билгенде кандайча өзгөргөн? Жаш кезинде жашоодон көңүлү калган кишиге Кудай жөнүндө билим алып, ага кызмат кылганга эмне түрткү берген? Келгиле, алардын айтып бергендерин окуп көрөлү.
«„Адамдар эмне үчүн жаралган?“ — деп ойлоно берчүмүн» РОЗАЛИНД ЖОН
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1963
-
ӨЛКӨСҮ: УЛУУ БРИТАНИЯ
-
МУРУН: КИРЕШЕЛҮҮ ЖУМУШТА ИШТЕГЕН
МУРУНКУ ЖАШООМ.
Мен Лондондун түштүгүндөгү Кройдон деген жерде туулуп-өскөм. Тогуз баланын алтынчысымын. Ата-энем Кариб аралдарындагы Сент-Винсент деген аралдан болот. Апам методисттердин (протестанттык агым) чиркөөсүнө барчу. Мен динге такыр кызыкчу эмесмин, бирок билим алууну аябай көксөчүмүн. Каникулда көбүнчө өзүм жашаган жердеги көлгө барып, убактымдын көбүн китепканадан алган китептерди окуп өктөрчүмүн.
Мектепти бүткөндөн кийин жардамга муктаж болгон адамдарга көмөк кылгым келе баштады. Ошондуктан үй-жайы жок, майып, акыл-эс жөндөмү жакшы өрчүбөгөн адамдарга жардам берип иштеп жүрдүм. Кийинчерээк ден соолукту илим-техниканын жардамы менен кантип жакшыртса болорун изилдеген университетте окуй баштадым. Университетти бүтүргөндөн кийин маянасы чоң жумушка орношуп, жашоом майкөл-сүткөл болуп өтө баштады. Менежмент боюнча адис, социолог болчумун жана жумушумду аткарууда мага Интернетке туташкан ноутбук эле жетиштүү болчу. Кээде учак менен жумалап жер кыдырып жүрчүмүн, эң мыкты делген, бүт шарты бар мейманканаларда жатчумун, ден соолугум чың болушу үчүн, курортторго, спорт залдарга барып турчумун. Ошол убакта жашоо деген ушундай болушу керек деп ойлогом. Бирок басынтылып, кыйналып жашаган адамдарды ойлоп, жүрөгүм ооруй берчү.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
«Адамдар эмне үчүн жаралган? Жашоонун маңызы эмнеде?» — деп ойлоно берчүмүн. Бирок ал суроолордун жообун Ыйык Китептен издечү эмесмин. 1999-жылы сиңдим курбусу менен үйүмө келип калды. Сиңдим Жахабанын Күбөсү болчу. Анын курбу кызы мага чын дилден көңүл буруп, аябай жакшы мамиле кылды. Мен аны менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, изилдей баштадым. Бирок убактымдын көбү жумушка кеткендиктен, көпкө чейин Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык иш кыла албай жүрдүм.
2002-жылы жайында Англиянын түштүк-батышына көчүп кеттим. Ал жактан социология илиминин доктору деген наамды алыш үчүн аспирантурага тапшырдым. Ошол учурда кичинекей уулумду ээрчитип Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барып жүрдүм. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында жашоодогу кыйынчылыктардын эмне үчүн болуп жатканын, аларды кантип чечсе болорун билгенде жогорку билимге караганда Ыйык Китептеги билим алда канча жогору турарына көзүм жетти. Ошондой эле Матай китебинин 6-бөлүмүнүн 24-аятынан адамдын эки мырзага кызмат кыла албасы жөнүндө окуганда Кудайды же байлыкты тандашым керек экенин жана жашоодо биринчи орунга эмнени коёрумду чечишим керектигин түшүндүм.
Ага чейин бир жыл мурун Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүндө чакан топ болуп өткөрүлгөн жолугушууларга барып жүрчүмүн. Ошол убакта андай жолугушууларда «Камкор Жараткан барбы?» * деген китеп изилденип жаткан. Ал жолугушууларга барып жүрүп, адамзаттын көйгөйлөрүн бир гана Жахаба Кудай чечип берерин түшүндүм. Ал эми университетте Жараткан Кудайга ишенгендер жашоонун маңызын таба алышпайт деп окутушчу. Мен буга абдан нааразы болдум. Ошондуктан аспирантурада эки ай окугандан кийин эле аны таштап, убактымдын көбүн Кудай менен болгон мамилемди бекемдөөгө жумшай баштадым.
Жашоомду өзгөртүүгө Накыл сөздөр китебинин 3-бөлүмүнүн 5, 6-аяттарында жазылган сөздөр түрткү берди. Ал аяттарда: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деп жазылган. Кудай жөнүндө билгеним байлыктан, докторлук наамдын аркасында жете турган чоң кызматтан алда канча жогору экенин түшүндүм. Жахаба Кудайдын ой-ниети жана Иса Машаяктын биз үчүн өлгөнү жөнүндө билгенде өмүрүмдү Жараткан Кудайга арнагым келди. Ошентип, 2003-жылы Жахабанын Күбөсү болдум. Ошондон тартып жашоомду жөнөкөйлөтө баштадым.
КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?
Жахаба Кудай менен болгон мамилемди эч нерсеге теңебейм. Аны таанып-билүүнүн аркасында жүрөгүм кубанычка толуп, жан дүйнөмө тынчтык орноду. Азыр Жахаба Кудайга сыйынган адамдардын арасында болгонум үчүн бактылуумун деп айта алам.
Ыйык Китептен окугандарым жана Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарынан уккандарым билим алууга болгон күчтүү каалоомду канааттандырып келет. Ыйык Китептен окуп-билгендеримди башкаларга айтканды абдан жакшы көрөм. Бул кызматты жашоомдогу эң маанилүү кызмат деп эсептейм. Себеби ушунун аркасында адамдарга азыркы учурдан тартып эле жашоосун жакшы жакка өзгөрткөнгө жана келечекте жер бейишке айланганда түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөнгө жардам бере алам. 2008-жылдын июнь айынан бери убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнап келем. Азыр өзүмдү мурункуга караганда бактылуу деп эсептейм. Жашоом маңыздуу өтүп жатат, бул үчүн Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазымын.
«Досум каза болуп калганда, аябай жаман болдум» РОМАН ИРНЕСБЕРГЕ
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1973
-
ӨЛКӨСҮ: АВСТРИЯ
-
МУРУН: КУМАРПОЗ
МУРУНКУ ЖАШООМ.
Мен Австриянын Браунау деген чакан шаарында төрөлгөм. Браунау гүлдөгөн бай шаар эле, кылмыштуулук дээрлик жок болчу. Ата-энем католик болгондуктан, мен да католик болуп чоңойгом.
Мага бала чагымда болгон бир окуя катуу таасир эткен. 1984-жылы 11 жашымда жакын досум жол кырсыгынан каза болуп калды. Ошол күнү эртең
менен эле экөөбүз футбол ойногон болчубуз. Досум каза болуп калганда, аябай жаман болдум. Ошондон кийин көп жыл бою адам өлгөндө эмне болот деп ойлонуп жүрдүм.Мектепти бүтүргөндөн кийин электрик болуп иштеп жүрдүм. Кумар оюндарын жакшы көрчүмүн. Аларга берилип, көп акча сайып ойносом да, акча жагынан кыйналчу эмесмин. Убактымдын көбү спорт менен машыгууга кетчү. Хеви-метал, панк-рок деп аталган рок музыканы жакшы көрчүмүн. Кечеден кечеге барып, түнкү клубдарда эле жүрчүмүн. Ырахат тартуулаган нерселердин аркасынан түшүп, адеп-ахлаксыз иштерди кылчумун, бирок ошондо деле көөдөнүмдөгү боштук толгон жок.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
1995-жылы жашы өр тартып калган бир Жахабанын Күбөсү үйүмө кабар айтып келип, адам өлгөндө эмне болору талкууланган, Ыйык Китепке негизделген китепти сунуштап калды. Досум өлгөндөн бери ошол жөнүндө ойлонуп жүргөндүктөн китепти алдым. Мен өлүм жөнүндө жазылган бөлүмдү эле эмес, китептин баарын баштан-аяк окуп чыктым.
Китептен адам өлгөндө эмне болорун эле эмес, дагы башка көп нерселерди билдим. Католик болгондуктан биринчи кезекте Иса Машаякка ишенүү маанилүү деп ойлочумун. Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүтө баштадым. Жахабанын таанып-билгис Кудай эмес экенин, аны издегендерге өзү жөнүндө билим алганга жардам берерин билгенде аябай таасирлендим (Матай 7:7—11). Ошондой эле анын сезимдери бар экенин, убадасын сөзсүз аткарарын билдим. Бул мага пайгамбарлардын Ыйык Китепте жазылган сөздөрүнө кызыгып, алардын кантип аткарылганын изилдеп көргөнгө түрткү берди. Окуп-билгендерим Кудайга болгон ишенимимди бекемдеди.
Мен Жахабанын Күбөлөрү гана адамдарга Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгөнгө жардам берүүгө олуттуу караарын түшүндүм. Алардын адабияттарында келтирилген аяттарды өзүмдүн Ыйык Китебимде жазылгандар менен салыштырчумун. Изилдөө жүргүзгөн сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары чындык экенине ынана бердим.
Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахаба Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык жашашым керектигин түшүндүм. Мисалы, Эфестиктер китебинин 4-бөлүмүнүн 22—24-аяттарынан мурдагы жашоо мүнөзүмө ылайык калыптанган «эски табиятты чечип», «Кудайдын эркине ылайык жаратылган... жаңы табиятты кийишим» керектигин билдим. Ошондуктан мурда кылып жүргөн адеп-ахлаксыз иштеримди таштадым. Андан тышкары, кумар оюндары дүнүйөкор, ач көз болууга түрткөндүктөн, кумар оюндарын ойногонумду токтотушум керек экенин түшүндүм (1 Корунттуктар 6:9, 10). Бул иштерден арылыш үчүн мурдагы досторум менен жолукканымды токтотуп, Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашагандар менен көбүрөөк пикирлеше баштадым.
Бирок бул мага оңойго турган жок. Ошондой болсо да Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барып, ал жактан жакшы досторду тапканга аракет кыла баштадым. Ошондой эле Ыйык Китепти өз алдымча кылдат изилдей бердим. Бул Кудайга жакпаган музыканы укпаганга, анын эркине ылайык келген максаттарга умтулганга, кебете-кешпиримди оңдогонго түрткү берди. Ошентип, 1995-жылы Жахабанын Күбөсү болдум.
КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?
Азыр акчага жана материалдык нерселерге карата тең салмактуу көз караштамын. Мурда тез эле ачууланып кетчүмүн, азыр сабырдуу болуп калдым.
Ошондой эле, мурдагыдай болуп, эртеңки күнүм эмне болот деп тынчсызданбайм.Жахаба Кудайга кызмат кылып жаткан бүт дүйнө жүзүндөгү элдин арасында жүргөнүмө абдан кубанам. Алардын арасында кыйынчылыктарга карабай Кудайга ишенимдүү кызмат кылып жаткан адамдар көп. Убактымды, күчүмдү өзүмдүн каалоолорумду канааттандырууга эмес, Жахаба Кудайга кызмат кылууга, башкаларга жакшылык кылууга жумшап жатканым үчүн өзүмдү бактылуу деп эсептейм.
«Акыры, жашоонун маңызын таптым!» ЯН КИНГ
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1963
-
ӨЛКӨСҮ: АНГЛИЯ
-
МУРУН: ЖАШООДОН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН
МУРУНКУ ЖАШООМ.
Мен Англияда төрөлгөм. Бирок жети жашымда Австралияга көчүп барып, Квинсленддеги туристтер көп барган Голд-Кост деген жерде жашап калганбыз. Биз бардар үй-бүлөдөн болбосок да, зарыл нерселерден кем болбой жашадык.
Эч нерседен өксүбөй чоңойсом да, көкүрөгүм толбой, өзүмдү бактысыз сезе берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен эч нерсеге көңүлүм келбей, жашоодон тажай баштадым. Атам көп ичип, апама аябай жаман мамиле кылчу. Ошон үчүн атамды көп деле жакшы көрчү эмесмин. Атамдын эмне үчүн ошондой киши болгонун кийин гана, анын Малайянын аскеринде кызмат өтөп жүргөндө эмнелерди башынан өткөргөнүн билгенден кийин, түшүндүм.
Жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө ичкилик көп иче баштадым. 16 жашымда мектепти таштап, аскер-деңиз флотуна кирдим. Ошондо баңгизат колдоно баштадым. Тамекисиз да тура албай калдым. Ичкиликке болсо таптакыр берилип, мурда дем алыш күндөрү гана ичсем, кийин күн сайын ичип калдым.
Жыйырмаларга чыккан кездерде Кудайдын бар экенине шектене баштадым. «Эгер Кудай чын эле бар болсо, адамдар эмне үчүн азап чегип, өлүп жатышат?» — деп ойлоно берчүмүн. Мен атүгүл дүйнөдө болуп жаткан жамандыкка Кудайды күнөөлөп, ыр чыгарган болчумун.
23 жашымда аскер-деңиз флотунан кеттим. Анан ар кандай жумуштарда иштедим. Океандын ары жагындагы өлкөлөргө барып, бир жыл саякаттап да жүрдүм, бирок ошондо деле эч нерсеге көңүлүм чаппай, көөдөнүмдөгү боштук толгон жок. Алдыга максат коёюн же бир нерсеге жетейин деп дегеле аракет кылчу эмесмин. Баарынан тажап, эч нерсеге кызыкпай калдым. Үй-жайлуу болуп, жакшы жумушта иштегенден эч кандай пайда жок деп ойлочумун. Ичимдик ичип, музыка укканда гана кичине алаксып калчумун.
Бир жолу жашоонун маңызы жөнүндө катуу ойлонгонум эсимде. Польшада жүргөндө бир кездерде жүрөктү титиреткен окуялар болгон Аушвиц (Освенцим) концлагерине бардым. Ал жакта болгон төбө чачты тик тургузган окуялар жөнүндө мурун окуган элем. Бирок ошол концлагердин өзүнө барып, анын канчалык чоң болгонун көргөнүмдө, жүрөгүм зирилдеп, мыкчылып турду. Адамдардын эмне үчүн ушундай мыкаачылыкка барарын түшүнө албай: «Эмне үчүн?» — деген суроо жүрөгүмдү эзип, көзүмдөн
жашым куюла концлагерди кыдырып жүргөнүм эсимден такыр кетпейт.ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
1993-жылы саякаттан кайтып келгенден кийин суроолорума жооп издеп, Ыйык Китепти окуй баштадым. Ошондон көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрү үйүмө кабар айтып келип, жакын жердеги стадиондо өткөрүлө турган жыйынына чакырышты. Мен барып келүүнү чечтим.
Так ошол стадиондо бир нече ай мурун спорттук мелдеш өткөрүлгөн болчу. Бирок ошол стадиондо өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына келген адамдар менен ал мелдешти көргөнү келген адамдардын айырмасы асман менен жердей экенин көрдүм. Жахабанын Күбөлөрү сылык, таза-тыкан кийинген, балдары адептүү тарбияланган адамдар экен. Баарынан да түшкү тыныгуу убагында көргөндөрүмө таң бердим. Жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү стадиондун оюндар болгон жеринде тамактанышты, бирок ордуларына отурушканда тамактанган жерлерине бир да таштанды калтырбай тазалап коюшканын көрүп аябай таң калдым. Алар жүрөгүндө бейкуттук орногон, жашоодон канааттануу алып жашаган адамдардай көрүндү. Мен так ошону эңсеп келгем. Ошол күнү жыйында эмнелер айтылганы эсимде жок, бирок Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрүм-туруму эстен кеткис таасир калтырды.
Ошол күнү кечинде туугандарыман бирөө эсиме түштү. Ал Ыйык Китепти окуп, ар кайсы диндерди изилдеп жүрчү. Бир нече жыл мурун ал мага Иса Машаяктын: «[Чыныгы динди туткандарды] иштеринен билесиңер»,— деген сөздөрүн айтып берген эле (Матай 7:15—20). Мен, жок дегенде, Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн элден башкача экенин билгенге аракет кылып көрүшүм керек деп ойлодум. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу үмүтүм жанып, жашоомо бир аз жарык чачырагандай сезилди.
Кийинки жумада үйүмө баягы мени жыйынга чакырган Жахабанын Күбөлөрү келишти. Алар мага Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылышты, мен эч ойлонбой макул болдум. Алар менен чогуу жыйналыштарына да бара баштадым.
Ыйык Китепти изилдеп жүргөндө, Кудайга карата болгон көз карашым түп-тамыры менен өзгөрдү. Дүйнөдө болуп жаткан жамандык менен азап-кайгыга Кудай таптакыр күнөөлүү эмес экенин жана адамдар жаман иштерди кылганда, анын жүрөгү абдан ооруурун билдим (Башталыш 6:6; Забур 78:40, 41). Мен Жахаба Кудайдын жүрөгүн эч качан оорутпаганга чечкиндүү болдум жана анын жүрөгүн кубанткым келди (Накыл сөздөр 27:11). Ошондуктан ичкилик менен тамекини таштап, адеп-ахлаксыз иштерден баш тарттым. Ошентип, 1994-жылдын март айында өзүмдү Жахаба Кудайга арнап, анын Күбөсү болдум.
КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?
Азыр жан дүйнөм кубанычка толуп, өзүмдү абдан бактылуу сезем. Мурункудай болуп, кыйынчылыктардан качып кутулуш үчүн ичкилик ичпей калдым. Бардык кыйынчылыктарымды Жахаба Кудай чечип берерине бекем ишенип, ага таянганга үйрөндүм (Забур 55:22).
Карен деген жакшынакай келинге үйлөнүп, аны менен жашап жатканыма он жыл болду. Анын Нелла деген татынакай кызын өз кызымдай көрөм. Учурда үчөөбүз тең көп убактыбызды башкаларга Кудай жөнүндө билгенге жардам бергенге жумшап жатабыз. Ооба, мен, акыры, жашоонун маңызын таптым!
^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.