Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табигый кырсыктар эмне үчүн көп болууда?

Табигый кырсыктар эмне үчүн көп болууда?

Табигый кырсыктар эмне үчүн көп болууда?

ЖАҢЫЛЫКТАРДАН табигый кырсыктардын абдан көп болуп жатканы айтылууда. Ошондой кырсыктардан каза болгон адамдардын саны да болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Табигый кырсыктарды жана анын натыйжасын изилдеген Бельгиядагы изилдөө борбору 2010-жылы эле 373 табигый кырсыктын болгонун жана ал кырсыктардан, бери дегенде эле, 296 000 кишинин каза болгонун билдирген.

Акыркы он жылдыкта табигый кырсыктардын көп болгону байкалган. Алсак, 1975-жылдан 1999-жылга чейин жыл сайын болгон кырсыктардын саны 300гө жеткен эмес. Ал эми 2000-жылдан 2010-жылга чейин жыл сайын болгон кырсыктардын саны 400гө жакындаган. Балким, силер да: «Азыркы маалда табигый кырсыктар эмне үчүн мынчалык көп болуп жатат?» — деп ойлоноттурсуңар.

Көптөр табигый кырсыктарды Кудай жиберет деп ойлошот, бирок чынында андай эмес. Ар кайсы жерде болуп жаткан, көптөрдүн өмүрүн алып кеткен табигый кырсыктардын болушуна Кудай күнөөлүү эмес. Бирок Ыйык Китепте биздин күндөрдө кырсыктардын көп болору жазылган. Мисалы, Матай китебинин 24-бөлүмүнүн 7, 8-аяттарынан Иса пайгамбардын: «Жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот. Мунун баары — азап-кайгынын башталышы»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Ал эмне үчүн ушундай деген жана анын айткандарынын бизге кандай тиешеси бар?

Иса пайгамбардын шакирттери андан: «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашканда, жогорудагы сөздөрдү айткан (Матай 24:3). Ал дүйнө түзүлүшүнүн аяктаганын билдирген көптөгөн окуяларды, анын ичинде жогоруда сөз кылынган табигый кырсыктарды санап өткөн. Андан соң: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деген мааниси терең сөздөрдү айткан (Лука 21:31). Андыктан табигый кырсыктардын азыр көп болуп жатканына олуттуу маани беришибиз керек. Бул жакында бүт баары түп-тамыры менен өзгөрөрүнөн кабар берип турат.

Табигый кырсыктар эмне үчүн болууда?

Көптөр: «Табигый кырсыктардын болушуна Кудай жооптуу болбосо, анда ким жооптуу же алар эмне үчүн болуп жатат?» — деши ыктымал. Бул суроого Ыйык Китепте жазылган: «Бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз»,— деген сөздөрдүн маанисин түшүнгөндө гана жооп ала алабыз (1 Жакан 5:19). Бул аятта айтылгандардан дүйнөдө болуп жаткан табигый кырсыктардын болушуна Кудай эмес, анын душманы Шайтан Ибилис жооптуу экенин көрсөк болот (Аян 12:9, 12).

Кара өзгөй Шайтан адамдарды өз максатына жетиш үчүн колдонот. Ал өзүнүн бийлиги астындагыларды өзүндөй болгонго түртөт. Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» көптөрдүн «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак» болору алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1, 2). Ошондуктан Шайтандын бийлиги астында жашагандардын ушундай сапаттарды чагылдырып жатканы таң калыштуу эмес. Ал адамдарды бардык нерсени ач көздүк менен колдонууга түртөт. Мунун натыйжасында көптөгөн бейкүнөө адамдар жабыр тартат.

Табигый кырсыктардын болушуна адамдардын ач көздүгү кандайча себеп болуп жатат? Бириккен Улуттар Уюмунун табигый кырсыктар жөнүндөгү билдирүүсүндө мындай делген: «Адатта, кооптуу аймактарда, алсак, суу каптап кетиши мүмкүн болгон аймактарда калк жыш жайгашкан болот. Ошондой эле токойлордун кыйылышы, саздуу жерлердин кургатылышы табиятка терс таасир этип, табигый кырсыктардын болушуна алып келүүдө. Андан сырткары, адамдардын иш-аракетинин айынан зыяндуу газдардын атмосферага топтолушу климаттын кескин өзгөрүшүнө жана деңиз деңгээлинин жогорулашына себеп болууда». Көпчүлүк учурда «адамдардын мындай иш-чараларын» экономикалык жактан өнүгүү үчүн жасалып жатат деп акташат. Бирок булардын баары, чынында, ач көздүктүн жана өзүмчүлдүктүн айынан жасалууда.

Көптөгөн адистер адамдардын ойлонбостон кылып жаткан иш-чаралары табигый кырсыктардын күчөшүнө себеп болуп жатканын айтып жатышат. Чынында, адамдар ушундай иштерди кылып, табигый кырсыктардын айынан баарынын азап чегишин көксөгөн Шайтандын куралына айланууда.

Табигый кырсыктардын көбү өзүмчүл адамдардын айынан болуп жатканы айдан ачык. Айрым учурларда табигый кырсык ошол жерде эмес, башка жерде болсо азыраак адам жапа чекмек деп айтса болот. Анткени адамдардын көбү экономикалык жана социалдык теңсиздиктин айынан табигый кырсык болушу мүмкүн болгон опурталдуу аймактарда жашаганга аргасыз болууда. Бирок адамдар жапа чегип жаткан табигый кырсыктардын баарына эле кимдир бирөө күнөөлүү деп айтууга болбойт. «Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11).

Табигый кырсык кандай себептен болбосун, эгер силер да андан жапа чексеңер, эмне кылсаңар болот? Келгиле, табигый кырсык болгондо, көп запкы тартпаш үчүн эмне кылса болорун карап чыгалы.