«Эми эмне кылам?»
Бенинден келген кат
«Эми эмне кылам?»
ЭРТЕҢ МЕНЕН. Батыш Африкадагы эл күндөгүдөй эле тиричилигин баштаган маал. Кайнап жаткан суюк татымал менен жаңы бышкан күрүчтүн жыты каңылжаарды өрдөп, шилекейди агызат. Аялдар болсо оор жүктөрдү башына коюп алып кулатпай кетип баратышат. Элдердин каткырыгы менен соода кылып жаткандардын катуу-катуу сүйлөгөнү аралашып, айлана күрү-күү. Таң атпай эле, үп тартып, күн ысый баштады.
Топтошкон кичине балдар мени көргөндө ак түстөгү кишини көргөндө дайыма ырдаган ырын ырдап, бийлей башташты. Алардын ыры: «Йово, Йово, бон соар»,— деген сөздөр менен башталат. Аягы: «Ырдап-бийлеп бергенибизге эмне бересиз?» — деген сөздөр менен бүтөт. Бирок алардын арасындагы бир бала ырдаган жок. Кетип баратсам, ал аркаман басып, колу менен бирдемелерди жаңсай баштады. Ал мага жаңдоо тилинде сүйлөп жаткандай сезилди. Кошмо Штаттарда жүргөндө америка жаңдоо тилин бир аз үйрөнгөн элем. Бирок Бениндеги эл француз тилинде сүйлөчү.
Ага сегиз тамгадан турган атымды тамгалап көрсөтүп жатып, араң түшүндүрдүм. Ал бала абдан кубанганынан жылмайып күлдү. Анан мени колуман тартып, үйүнө ээрчитип жөнөдү. Бетондон курулган эки бөлмөлүү үйүнө барганымда, үйүндөгүлөрүнүн баары чыгып, тегеректеп калышты. Алар жаңдоо тилинде сүйлөшөт экен. Мен атымды жаңдап түшүндүрүп, Бенинге Ыйык Китепте жазылгандарды айтыш үчүн келгенимди жана алардыкына дагы келеримди баракка жазып көрсөттүм. Бир маалда кулагы угуп, сүйлөй алган кошуналары да келип туруп калышты. Баары башын ийкеп макул экенин билдиришти. Мен болсо ичимен: «Эми эмне кылам?» — деп ойлодум.
Үйгө кетип баратып: «Буларга Кудайдын „дүлөйлөрдүн кулагы угат“ деген убадасы жөнүндө билгенге жардам бере ала турган кимдир бирөө бардыр»,— деп ойлондум (Ышая 35:5). Үйгө барганда Бенин жөнүндө бир аз изилдеп, жакында эле болгон эл каттоодо кулагы укпагандардын жана жакшы укпагандардын саны 12000 экени аныкталганын билдим. Кулагы укпагандар окуган мектепте француз жаңдоо тилин эмес, америка жаңдоо тилин үйрөтүшөрүн билгенде, оозум ачылып калды. Өкүнүчтүүсү, Бенинде Жахабанын Күбөлөрүнөн бирөө да америка жаңдоо тилин билбейт экен. Буга абдан капаланып, ошол жерлик Жахабанын Күбөсүнө: «Биякка америка жаңдоо тилин билген бирөө келсе, жакшы болмок»,— деп айттым. Ал болсо: «Мына, сен турбайсыңбы!» — деди. Ошондон кийин Жахабанын Күбөлөрү чыгарган, жаңдоо тилин үйрөнгүсү келгендерге жардам бере турган китеп жана америка жаңдоо тилинде жаздырылган DVDлерди заказ кылдым. Көптөн бери Бенинге америка жаңдоо тилин билген бирөө келсе экен деп Кудайдан тиленип жүрчүмүн. Көп өтпөй эле Камерундан америка жаңдоо тилин жакшы билген Жахабанын Күбөсү көчүп келди.
Жаңдоо тилин үйрөнүп жатканым бат эле тарап кетти. Бир күнү мага ар кандай сүрөттөрдү, белгилерди тартып жүргөн Брис деген кишиге барышымды айтышты. Мээ кайнаган ысыктын күнүндө анын сүрөтканасына бардым. Пальманын бутактарынан жасалган анын сүрөтканасы аябай салкын экен. Кыл калемин көп жылдардан бери сүрөтканасынын ар кайсы жерине сүртүп тазалай бергендиктен, ичи тим эле түркүн-түскө боёлуп калыптыр. Ал эки отургучтун чаңын аарчып, мени карап күтүп туруп калды. Мен көтөрүп жүрмө DVD плеериме дискти салып көрсөттүм. Ал отургучун жылдырып, жакыныраак отуруп көрө баштады. Бир маалда колу менен жаңдап: «Түшүндүм, түшүндүм!» — деди. Кошуналарынын балдары да келип тегеректеп туруп алышып, мойнун созуп көрө башташты. Анан балдардын бирөө: «Эмне үнү жок кино көрүп жатышат?» — деди.
Бриске барганда, дайыма DVDни көргөнү көп эл чогулуп калчу. Көп өтпөй Брис менен бирге көптөгөн кишилер жыйналышка келе башташты. Жыйналышта айтылгандарды которуп берип жүргөндүктөн жаңдоо тилин батыраак үйрөндүм. Ошентип, топтогулардын саны көбөйө берди, алардын арасында мени көрүш үчүн эле келгендер да бар болчу. Бир жолу эски машинем менен кетип баратып, жолдогу эчкилер менен чочколордон айланып өтөм деп, бир чуңкурга тыгылып калганда машинем күрүлдөп барып, жүрбөй калды. Анан машинемдин аркасынан «тарс» деген катуу үндү угуп, эмне болуп кетти деп коркуп кеттим. Көрсө, артымда келе жаткан кулагы укпаган киши көңүлүмдү бурдура албай, айласы кеткенде, машинемди сүзүптүр.
Кийин башка шаарларда да америка жаңдоо тилинде сүйлөгөндөр үчүн топтор түзүлдү. Жаңдоо тилинде жыл сайын өткөрүлчү жыйын уюштурулганда, угуучуларга жаңдоо тилине которуп бергендердин арасында мен да болдум. Баяндамачынын айткандарын которуп бериш үчүн сахнада турганда, ал сөзүн баштаганга чейин дайындалган аймагымда кызматымды жаңы баштаган кезим эсиме түштү. «Африкадагы адамдарга дагы кантип жардам бере алам?» — деп көп ойлончумун. Жыйында отурган элди карап турганда, бул суроомдун жообу айкын болду. Ичимен: «Кулагы укпаган адамдарга жардам беришим керек»,— деп ойлодум. Азыр: «Эми эмне кылам?» — деп такыр коркпойм.