Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БИЛЕСИҢЕРБИ?

Билесиңерби?

Жүйүттөр 1-кылымда өлүктү кантип коюшчу?

Жүйүттөр өлгөн кишинин сөөгүн ошол эле күнү коюшчу. Анткени Ортоңку Чыгыш абдан ысык болгондуктан, өлүк бат эле жыттанып кетчү. Андан сырткары, өлүктүн ошо эле күнү көргө коюлбаганы маркумду, анын жакындарын сыйлабастыкка жатат деп эсептелчү.

Ыйык Китепте жүйүттөрдүн өлгөн кишини ошол эле күнү көргө койгону жөнүндөгү төрт окуя жазылган (Матай 27:57—60; Элчилер 5:5—10; 7:60—8:2). Ошол окуялар болгондон бир нече кылым мурун Жакып пайгамбар үй-бүлөсү менен сапар тартып баратканда, аялы Рахил көз жумган. Ошондо Жакып пайгамбар анын сөөгүн тууган-туушкандары жаткан мүрзөгө коюш үчүн артка кайтып барбастан, «Бетлехемге кеткен жолдун боюна койгон» (Башталыш 35:19, 20, 27—29).

Ыйык Китептеги сөөк коюу каадасы сүрөттөлгөн окуялардан жүйүттөрдүн сөөктү көргө койгонго даярдашканын билүүгө болот. Туугандары же жакындары өлүктү жууп, ар кандай жыпарзаттарды сүртүп, жыттуу майлар менен майлап, кепиндешчү (Жакан 19:39, 40; Элчилер 9:36—41). Коңшу-колоңдор, тааныштар маркумду жоктоп ыйлаш үчүн жана туугандарына көңүл айтыш үчүн келишчү (Марк 5:38, 39).

Иса пайгамбар жүйүттөрдүн сөөк коюу каадасы боюнча коюлду беле?

Жүйүттөрдүн көбү өлгөн жакындарын үңкүрлөргө же асканын бооруна оюлуп жасалган мүрзөлөргө коюшчу. Андай мүрзөлөр Ысрайылдын көп жерлеринде боло турган. Байыркы убактагы пайгамбарлар да өлгөндөрдү ушундайча коюшар эле. Алсак, Ыбрайым пайгамбар, аялы Саара, уулу Ыскак, небереси Жакып Хеброндун «маңдайындагы Махпела талаасындагы үңкүргө коюлган» (Башталыш 23:19; 25:8, 9; 49:29—31; 50:13).

Иса пайгамбар да «асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюлган» (Марк 15:46). Андай мүрзөлөрдүн, адатта, оозу абдан кууш боло турган. Мүрзөнүн ичине өлүктү жаткыра турган текче сыяктуу жай оюп жасашчу. Өлүк чиригенден кийин, сөөктөрүн чогултуп, «оссуарий» деп аталган, таштан жасалган, капкагы да таштан болгон кичине табытка салып коюшчу. Ошентүү менен жакындарын койгонго орун бошотушчу. Иса пайгамбардын күндөрүнө чейин жүйүттөр ошондой каада-салтка карманышчу.

Кудайдын Муса пайгамбарга жаздырган Мыйзамына ылайык, жүйүттөр ишемби күнү сөөк коюу каадасына байланыштуу иштерди кылбашы керек болчу. Иса пайгамбар ишемби күнгө үч саат калганда өлгөндүктөн, ариматаялык Жусуп жана башка жакындары аны мүрзөгө коёрдо сөөк коюу каадасынын баарын аткарып жетишкен эмес (Лука 23:50—56). Ошондуктан анын жакындары жетишпей калган каадаларды кылыш үчүн ишембинин эртеси анын мүрзөсүнө барышкан (Марк 16:1; Лука 24:1).