Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КУДАЙДЫ СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛГОН ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨР

Кудайдын ысмы жок деген жалган түшүнүк

Кудайдын ысмы жок деген жалган түшүнүк

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

«Биз Кудайдын ысмы бар же жогуна байланыштуу бир пикирге келе элекпиз. Эгер бар болсо, анын ысмы ким?» (Профессор Дэвид Каннингем, «Theological Studies»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫК.

Кудай: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— дейт (Ышая 42:8). «Жахаба» деген ысым еврей тилинде «болтурат» дегенди билдирет (Башталыш 2:4, шилтемеси).

Жахаба Кудай ага ысмынан кайрылышыбызды каалайт. Ыйык Китепте: «Анын ысмын чакыргыла. Иштерин элдер арасында жарыялагыла. Ысмы улуу экенин жар салгыла»,— деп жазылган (Ышая 12:4).

Көптөгөн пайгамбарлар Кудайдын ысымын билчү. Мисалы, Асап пайгамбар: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деген (Забур 83:18). Ошондой эле Иса пайгамбар шакирттерине Кудайдын ысымын ачып берген. Ал: «Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн сенин атыңды аларга ачып бердим»,— деген (Жакан 17:26).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Уолтер Лоури деген теолог: «Кудайдын ысмын билбеген киши анын чынында кандай Кудай экенин билбейт, ошондой эле аны жөн эле күч деп эсептесе, аны сүйө албайт»,— деп жазган.

Виктор деген киши жума сайын чиркөөгө барып турчу, бирок Кудайдын чынында кандай экенине байланыштуу түшүнүгү жок болчу. «Кудайдын ысмы Жахаба экенин билгенде аны менен жаңы таанышкандай эле болдум,— дейт ал.— Ошондо мага мурда көп угуп жүргөн бирөөгө акыры жолукканымдай сезилди. Мен Кудайды касиет-сапаттары, сезимдери бар Кудай катары көрүп, аны менен ынак мамиле өрчүтө баштадым».

Кудайдын ысмынын жашырылышы же наамдарга алмаштырылышы аны Ыйык Китептен кесип алып салганга барабар

Жахаба анын ысмын чакыргандарды өзүнө жакындатат. Анын «ысмы тууралуу ой жүгүрткөндөр» жөнүндө Кудай: «Адам өзүнө кызмат кылган уулуна боору ачыгандай эле, менин да аларга боорум ачыйт»,— дейт (Малаки 3:16, 17). Ошондой эле ал анын ысымын билип, ысымынан кайрылгандарга сыйлык берет. Ыйык Китепте: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп айтылат (Римдиктер 10:13).