Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: | КУДАЙДЫ СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛГОН ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨР

Кудайды сырдуу кылып көрсөткөн жалган түшүнүк

Кудайды сырдуу кылып көрсөткөн жалган түшүнүк

КӨПТӨР ЭМНЕГЕ ИШЕНИШЕТ?

Бир энциклопедияда айтылгандай, христиан дининин «негизги агымдары болгон католицизмде, православиеде, протестантизмде Кудай Үчилтик: Ата Кудай, Уул Кудай жана Ыйык Рух Кудай делет. Христиан дининин окууларына ылайык, бул үч кудай бар экенин эмес, үчөө биригип бир кудайды түзөрүн билдирет» («Жаңы Британ энциклопедиясы»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫК.

Кудайдын Уулу Иса Машаяк эч качан Атасына тең же аны менен бир экендигин айткан эмес. Ал: «Атам менден чоң»,— деген (Жакан 14:28). Ошондой эле шакирттеринин бирине: «Мен... Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма жана силердин Кудайыңарга кетип баратам»,— деп айткан (Жакан 20:17).

Ыйык рух Үчилтиктин бир бөлүгү эмес. Ыйык Китепте Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын «баары ыйык рухка толушканы» жана Жахаба Кудайдын: «Ар кандай адамдарга рухумду төгөм»,— деп айтканы жазылган (Элчилер 2:1—4, 17). Ооба, ыйык рух кудай эмес, ал — Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү.

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Католик окумуштуулары Карл Ранер менен Герберт Форгримлер бул окууну мындай деп түшүндүргөн: «Үчилтик кудайды аян алмайынча түшүнүү мүмкүн эмес, ал тургай аян алгандан кийин да ал жөнүндө толук эч нерсе биле албайбыз». Жакшы тааныбаган, жакшы түшүнө албаган кишини чындап сүйө алат белеңер? Ошол сыяктуу эле, бул окуу Кудайды таанып-билгенге, сүйгөнгө тоскоол кылат.

Буга чейинки макалада айтылган Маркого Үчилтик жөнүндөгү окуу чыныгы Кудайды таанып-билгенге жолтоо болгон. «Кудай өзүнүн жүзүн менден жашырат деп ойлочумун,— дейт ал.— Ошондуктан ал менден аябай алыс, сырдуу көрүнчү жана ага жакындоо такыр мүмкүн эместей сыяктанчу». Бирок Кудай «баш аламандыктын» Кудайы эмес (1 Корунттуктар 14:33). Ал өзүнүн кандай Кудай экенин жашырбайт, ал аны таанып-билишибизди каалайт. Иса пайгамбар кимге сыйынарыбызды билерибизди айткан (Жакан 4:22).

«Кудай Үчилтиктин бир бөлүгү эмес экенин билгенден кийин гана ага жакындап, ынак мамиледе боло алдым»,— дейт Марко. Жахаба Кудайды сырдуу, таанып-билгис Кудай катары эмес, жалгыз Кудай катары көрсөк, аны сүйүү оңой болот. Ыйык Китепте: «Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү»,— деп жазылган (1 Жакан 4:8).