Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Аны талыкпай издегендерге сыйлык берет»

«Аны талыкпай издегендерге сыйлык берет»

Жахаба Кудай адамдардын ага жагыш үчүн кылган аракетин баалайбы? Айрымдар баалабайт деген ойдо. Алар: «Кудайдын эч ким менен иши жок, эмне кылсак да ага баары бир»,— дешет. Бирок мындай көз карашта болуу аны каралагандыкка жатат. Ыйык Китепте Кудайдын ага бекем ишенген, ишенгенин иш жүзүндө көрсөткөн кызматчыларынын аракетин абдан баалаары жазылган. Эмесе, келгиле, элчи Пабылдын Ыйык Жазмадагы сөздөрүн талдап көрөлү. (Окугула: Еврейлер 11:6.)

Жахаба Кудайга жагыш үчүн эмне кылыш керек? Элчи Пабыл: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деп жазган. Бирок анын ишеним болбосо, Кудайга жагуу кыйын деп эмес, мүмкүн эмес деп айтканына көңүл бурсаңар. Мындан Кудайга жагыш үчүн ага бекем ишенүү зарыл деп жыйынтык чыгарсак болот.

Кандай ишеним Кудайга жагат? Ал өз ичине эки нерсени камтышы абзел. Биринчиден, биз «анын бар экенине» ишенишибиз керек. Эгер шектенсек, ага жагуу мүмкүн болот беле? Анын бар экенине атүгүл жиндер да ишенет, андыктан ага ишенүү көп нерсени билдирет десек болот (Жакып 2:19). Кудайдын бар экенине ишенүү иш-аракет кылганга, тактап айтканда, ага жаккыдай жашаганга түрткү бериши кажет (Жакып 2:20, 26).

Экинчиден, Жахабанын «сыйлык бере» турган Кудай экенине «ишенишибиз керек». Ага чындап ишенген адам ага жаккандай жашаганга кылган аракети текке кетпей турганынан эч күмөн санабайт (1 Корунттуктар 15:58). Эгер анын сыйлык бере аларынан же бергиси келеринен шектенсек, ага жага албайбыз (Жакып 1:17; 1 Петир 5:7). Кудай бизге кам көрбөйт, аракетибизди баалабайт, берешен эмес деген ойдо болгон киши Кудайды билбейт деп корутундуласак болот.

Жахаба Кудай кимдерге сыйлык берет? «Аны талыкпай издегендерге»,— деген элчи Пабыл. Ыйык Китепти которгондор үчүн чыгарылган бир көрсөтмөдө «талыкпай издегендер» деп берилген грек сөздөрү «табыш үчүн издөө» дегенди эмес, «Кудайга сыйынуу үчүн күч-аракет жумшоо» дегенди билдирери айтылган. Дагы бир эмгекте бул этиш «бүт күчтү жумшоо жана көңүл топтоп иш-аракет кылуу» деген да маанини туюнтары түшүндүрүлгөн. Ооба, Жахаба Кудай аны бүт жүрөгү, бүт күчү менен сүйүп, ага бекем ишенгендиктен сыйынгандарга сыйлык берет (Матай 22:37).

Эгер анын сыйлык бере аларынан же бергиси келеринен шектенсек, ага жага албайбыз

Жахаба Кудай ага бекем ишенген кызматчыларына кандай сыйлык берет? Ал аларга чексиз сүйүүсүнүн, берешендигинин далили болгон жаркын келечекти — бейишке айланган жерде түбөлүк өмүр сүрүүнү — убада кылган (Аян 21:3, 4). Жахаба Кудайды талыкпай издегендерге ал азыр да батасын мол төгүүдө. Ал ыйык руху менен жардам бергендиктен жана Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди колдонгондуктан алардын жашоосу маңыздуу өтүп жатат (Забур 144:15; Матай 5:3).

Ырас, Жахаба ага бекем ишенгендиктен берилгендикте кызмат кылган адамдарды баалайт. Бул ага жакындоого түрткү бербейби?! Эгер түрткү берсе, Жахаба Кудайга жаккан ишенимди кантип өрчүтө аларыңар, ишенимиңерди иш жүзүндө кантип көрсөтө аларыңар жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылгыла.

Ноябрда Ыйык Китепти окуу:

Тит 1—3 Филемон 1—25; Еврейлер 1—13Жакып 1—5