Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КУДАЙДЫ СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛГОН ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨР

Чындык силерди эркин кылат

Чындык силерди эркин кылат

Бир жолу Иса Машаяк Иерусалимде жүргөндө элге асмандагы Атасы, Жахаба Кудай, жөнүндө айтып берген жана диний жетекчилерди туура эмес кылгандары үчүн айыптаган (Жакан 8:12—30). Анын ошондо айткандарынан Кудай жөнүндөгү окуулардын чын-төгүнүн кантип текшерсе болорун биле алабыз. Ал: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жакан 8:31, 32).

Иса Машаяк: «Менин сөздөрүм боюнча жашасаңар»,— деп айтуу менен диний окуулардын «чындык» экенин кантип аныктаса болорун көрсөткөн. Андыктан кайсы бир окуу тууралуу укканда: «Бул Иса Машаяктын сөздөрүнө жана Ыйык Китепте жазылгандарга дал келеби?» — деп ойлонуп көргүлө. Ошондой эле элчи Пабылдын сөздөрүнөн кийин «уккандарынын чын-төгүнүн текшериш үчүн Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеген» адамдардан үлгү алгыла (Элчилер 17:11).

Бул катар макалалардын биринчисинде сөз кылынган Марко, Роза, Раймонд Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, ишенип келген нерселеринин чындыкка ылайык келер-келбесин текшеришкен. Алар кандай жыйынтыкка келген?

Марко: «Бизге Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген Жахабанын Күбөсү келинчегим экөөбүздүн суроолорубузга Ыйык Китепти колдонуп жооп берчү. Изилдөөнүн аркасында Жахабага болгон сүйүүбүз өстү, жубайым экөөбүз да ынак болуп калдык».

Роза: «Мурда Ыйык Китепти адамдардын философиясы жазылган китеп деп эсептечүмүн. Бирок Ыйык Китепти изилдегенде суроолорума жооп ала баштадым. Азыр Жахабанын касиет-сапаттары бар Кудай экенин билем жана ага толугу менен таянам».

Раймонд: «Кудайдан аны таанып-билгенге жардам беришин сурап тиленчүмүн. Көп өтпөй эле жолдошум экөөбүз Ыйык Китепти изилдей баштадык. Ошонун аркасында Жахаба жөнүндөгү чындыкты билдик. Кудайдын кандай экенин билгенде төбөбүз көккө жете кубандык».

Ыйык Китеп Кудай жөнүндөгү окуулардын кайсылары жалган экенин эле эмес, Кудайдын касиет-сапаттарына байланыштуу чындыкты да ачып берет. Ал Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган. Ыйык Китеп «Кудайдын бизге тартуулаган нерселерин», тактап айтканда, Кудай жөнүндөгү чындыкты, анын ой-ниетин түшүнгөнгө көмөк кылат (1 Корунттуктар 2:12). Андыктан ага, анын ой-ниетине, келечегибизге байланыштуу суроолорго Ыйык Китепте эмне деп жооп берилерин изилдеп көрсөңөр болот. Айрымдарынын жообун www.pr418.com/ky сайтынан «Ыйык Китептеги окуулар > Суроолор жана жооптор» деген жерден окуй аласыңар. Ыйык Китепти изилдегиңер келсе, ушул эле сайтка кирип билдирсеңер же Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Ошондой кылсаңар, Кудайды сүйүү мүмкүн экенин биле аласыңар.