Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Кудай адамзатты сүйөрүн кантип көрсөткөн?

Кудай адамзатты сүйөрүн кантип көрсөткөн?

«Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16).

Бул — Ыйык Китептеги көпчүлүккө белгилүү болгон, эң эле көп цитата кылынган аяттардын бири. Башка бир да аят «Кудайдын адамзат менен болгон мамилесин жана куткарылуунун жолун мынчалык кыска-нуска түшүндүрүп бере албайт». Ошо себептен айрым өлкөлөрдө бул аяттагы сөздөрдү же жөн эле «Жакан 3:16» деген жазууну коомдук иш-чаралар уюштурулган жерлерден, дубалдарга же плакаттарга кооздолуп жазылган жазуулардан, машинелерге чапталган жазуулардан көрүүгө болот.

Бул аяттагы сөздөрдү жазып койгондор, кыязы, Кудайдын сүйүүсү куткарылуунун кепилдиги экенине ишенишет. Ал эми силер тууралуу эмне деп айтууга болот? Кудайдын сүйүүсү тууралуу кандай ойдосуңар? Кудай силерди сүйөрүн далилдеш үчүн эмне кылган деп ойлойсуңар?

«КУДАЙ БУЛ ДҮЙНӨНҮ УШУНЧАЛЫК СҮЙӨТ»

Көптөр ааламдын, табияттын жана адамдын кереметтүү жаратылганы үчүн Кудайды даңктап-даңазалашат. Тирүү организмдердин ушунчалык татаал жана укмуштуудай жаралганы акылдуу бирөөнүн колунан бүткөнүн тастыктап турат. Өмүр бергени үчүн көп сандаган адамдар күн сайын Кудайга ыраазычылык билдиришет. Ошондой эле Кудай аларга жашоо үчүн эң зарыл болгон нерселерди — абаны, сууну, азык-түлүктү — берип жаткандыктан жана жердеги табигый циклдарды жөнгө салып тургандыктан, ансыз жашай албай турганын түшүнүшөт.

Ооба, биз Кудайга ыраазычылык билдиришибиз керек. Анткени ал бизди жараткан жана бизге ар дайым кам көрүп келет (Забур 104:10—28; 145:15, 16; Элчилер 4:24).  Адамдар жашай алышы үчүн Кудай эмнелерди кылып жатканы жөнүндө ой жүгүрткөндө анын бизди канчалык сүйөрүн түшүнөбүз. Элчи Пабыл буга байланыштуу: «Өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет... Биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз»,— деген (Элчилер 17:25, 28).

Бирок Кудай адамзатты сүйөрүн ага кам көргөнү менен эле далилдеген эмес. Ал бизди жаныбарлардан жогору кылып жаратып, жүрөгүбүзгө ал жөнүндө билим алууга болгон каалоону салган жана ошол каалообузду канааттандырганга өзү жардам берип келет (Матай 5:3). Ошонун аркасында анын тилин алган адамдар Кудайдын балдары боло алышат (Римдиктер 8:19—21).

Жакан 3:16да Кудай жалгыз Уулун *, Исаны, адамдарга аны таанып-билүүгө жардам бериши жана адамзат үчүн өмүрүн бериши үчүн жерге жиберип, адамдарды сүйөрүн далилдегени айтылат. Бирок көптөр Исанын эмне үчүн сөзсүз өлүшү керек болгонун жана анын өлгөнү Кудайдын адамзатты сүйөрүн кандайча айгинелеп турарын түшүнбөй турганын ачык айтышат. Анда эмесе, келгиле, Иса Машаяктын эмне үчүн өз өмүрүн бергени жана анын канчалык маанилүү экени тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин карап чыгалы.

«ЖАЛГЫЗ УУЛУН... БЕРГЕН»

Өлбөй, дүйнөгө түркүк болгон жан жок, баары оорунун, карылыктын, өлүмдүн запкысын тартып келет. Бирок Жахаба Кудай мындай болушун каалаган эмес. Ал Адам ата менен Обо энени жер бетиндеги Бейиште түбөлүк өмүр сүргүдөй кылып жараткан. Бирок алар бир талапты аткарышы — Кудайга баш ийиши — керек эле. Баш ийбесе, Кудай айткандай, өлүшмөк (Башталыш 2:17). Адам ата Кудайдын бийлигине каршы чыккандыктан өзү да өлгөн, өлүм урпактарына да өткөн. Бул жөнүндө элчи Пабыл: «Ошентип, бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деген (Римдиктер 5:12).

Бирок Кудай «адилеттикти сүйөт» (Забур 37:28). Ал Адам атанын баарын түшүнүп туруп күнөө кылганына көз жумган эмес. Бирок ошол эле учурда бир адамдын айынан бүт адамзатты түбөлүккө азапка, өлүмгө да кыйып койгон эмес. Кудай «жанга жан» деген принципке ылайык иш кылып, мындайча айтканда, адилеттүүлүк таразасын теңдеген жана тил алган адамдардын түбөлүк өмүр сүрүшүнө шарт түзгөн (Чыгуу 21:23). Бирок: «Адамдар канткенде жеткилең болуп, түбөлүк өмүр сүрө алышмак?» — деген суроо туулат. Ал үчүн Адам атага тең келген жеткилең бирөө өз өмүрүн курмандыкка чалышы керек болчу.

Иса Машаяк адамзатты күнөө менен өлүмдөн арылтууну абдан каалагандыктан өз өмүрүн бериш үчүн жерге келген

Адам атанын жеткилең эмес урпактарынан эч ким мындай баадагы курмандыкты чала алмак эмес, бирок Иса Машаяк чала алмак (Забур 49:6—9). Ага күнөө тукум кууп өтпөгөндүктөн, ал Адам атадай жеткилең болуп төрөлгөн. Ошо  себептен ал өмүрүн берип, адамзатты күнөөнүн кулчулугунан бошото алган. Ушунун аркасында Адам ата менен Обо эненин урпактарына жеткилең болуп, түбөлүк өмүр сүргөнгө жол ачылган (Римдиктер 3:23, 24; 6:23). Кудай адамзатты сүйгөндүктөн берген ал курмандыктан пайда алыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

«АГА ИШЕНГЕН АР БИР АДАМ»

Жакан 3:16га кайрадан көңүл буралы. Ал жерде «[Исага] ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болору» айтылат. Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, түбөлүк өмүр белеги бир шарт менен берилет. «Түбөлүк өмүргө ээ болгубуз» келсе, Иса Машаякка ишенишибиз жана ага баш ийишибиз зарыл.

Балким, силер: «Иса Машаяк ага ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болорун айтпады беле. Анда кандайча баш ийүү да талап кылынат?» — дешиңер мүмкүн. Ырас, Иса Машаякка ишенүү абдан маанилүү. Бирок Ыйык Китептен «ишенүү» деген сөз жөн эле ишенип коюудан да көптү билдирерин билүүгө болот. Кудайга жагыш үчүн Иса Машаяк адамзаттын куткаруучусу экенин билип коюу эле жетишсиз. Адам анын айткандарына ылайык иш кылууга чын ыкластан аракет кылышы керек. Ишеними иш менен коштолбосо, ишенем дегени куру сөз болуп калат. Ыйык Китепте: «Ишсиз ишеним... өлүк»,— делет (Жакып 2:26). Башка сөз менен айтканда, Иса Машаякка ишенген адам ага ишенерин далилдеши — ишенимин иш жүзүндө көрсөтүшү — зарыл.

Элчи Пабыл бул ойду мындай деп түшүндүргөн: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү. Себеби биз мындай тыянакка келдик: бир адам бардыгы үчүн өлгөн... жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн» (2 Корунттуктар 5:14, 15). Исанын курмандыгына болгон ыраазычылык сезими бизге жашообузду өзгөрткөнгө — өзүбүз үчүн жашабай, биз үчүн өлгөн Иса Машаяк үчүн жашаганга — түрткү бериши кажет. Башкача айтканда, жашообузда биринчи орунга анын айткандарын аткарууну коюшубуз керек. Бул биздин эмнени баалай турганыбызга, эмнени тандаарыбызга жана кандай иштерди кыларыбызга таасир этет. Иса Машаякка ишенгендер жана ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр кандай сыйлык алышат?

«ӨЛБӨЙ, ТҮБӨЛҮК ӨМҮРГӨ ЭЭ БОЛСУН»

Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык жашагандарга жана Исанын курмандыгына ишенгендерге Кудайдын эмнени убада кылганын Жакан 3:16нын акыркы сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал андай ишенимдүү адамдардын «өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болушун» ниет кылган. Бирок Иса Машаяктын курмандыгынан пайда ала тургандар эки топту түзгөндүктөн келечекте эки башка сыйлык алышат.

Иса Машаяк айрымдарга асманда түбөлүк жашоону убада кылган. Ал өзүнүн шакирттерине, алар аны менен бирге башкарыш үчүн, асмандан аларга орун даярдай турганын айткан (Жакан 14:2, 3; Филипиликтер 3:20, 21). Асманда жашаш үчүн тирилгендер «Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары болуп, Машаяк менен 1000 жыл падышалык кылышат» (Аян 20:6).

Бирок андай сыйлыкка ээ боло тургандардын саны чектелүү. Алар жөнүндө Иса Машаяк: «Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге Падышалыкты берүүнү туура көрдү»,— деген (Лука 12:32). «Кичине оторго» киргендердин саны канча? Аян 14:1, 4тө мындай делет: «Мен карап, [асмандагы] Сион тоосунда турган Козуну [тирилген Иса Машаякты] көрдүм. Жанында чекелерине анын жана Атасынын ысмы жазылган 144 000 туруптур... Алар адамдардын арасынан Кудай менен Козу үчүн биринчи түшүм катары сатылып алынган». Түбөлүк жашай турган миллиарддаган адамдарга салыштырганда 144 000 киши аябай эле аз. Ошондуктан алардын «кичине отор» деп аталганы жөндүү. Алар кимдердин үстүнөн башкарышат?

Иса Машаяк асмандагы өкмөттүн бийлиги алдында жашай турган башка топтогу ишенимдүү адамдар жөнүндө сөз кылган. Ал: «Менин бул короодон болбогон башка койлорум да бар. Мен аларды да алып келишим керек. Алар менин үнүмө кулак салат. Ошондо бир отор, бир койчу болот»,— деген (Жакан 10:16). Бул жерде айтылган «койлор» жер бетинде түбөлүк жашоого — Адам ата менен Обо эне айрылып калган өмүргө ээ болууга — үмүттөнүшөт. Алардын жер бетинде жашай турганын кайдан билебиз?

 Ыйык Китептин көп жеринде жер жүзү бейишке айланары жазылган. Ал жөнүндө Ыйык Китептен же www.pr418.com/ky сайтынан бул аяттарды окуп көрсөңөр болот: Забур 37:9—11; 46:8, 9; 72:7, 8, 16; Ышая 35:5, 6; 65:21—23; Матай 5:5; Жакан 5:28, 29; Аян 21:4. Бул аяттарда келечекте согуштун, ачарчылыктын, оорунун жана өлүмдүн болбой турганы айтылат. Ошондой эле жакшы адамдардын тынчтык өкүм сүргөн жерде үй куруп, жер иштетип, балдарды чоңойтуп, бактылуу жашай турганы жазылат *. Ошондой заманда жашагыңар келет беле? Ушул убадалардын жакында сөзсүз ишке ашарына ишенүүгө толук негиз бар.

КУДАЙ БИЗ ҮЧҮН КӨП НЕРСЕЛЕРДИ КЫЛГАН

Кудайдын бүт адамзат, анын ичинде силер үчүн эмнелерди кылганын бир саамга ойлонуп көрсөңөр, анын көп жакшылык кылганын түшүнөсүңөр. Кудай бизге өмүр, акыл, ден соолук жана жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Эң маанилүүсү, Жакан 3:16дан билгенибиздей, Кудай биз үчүн Иса Машаякты курмандыкка чалган. Мунун аркасында келечекте дагы көп бата алабыз.

Оору, согуш, ачарчылык, өлүм болбогон заманда чексиз бакытка бөлөнүп жашайбыз. Бирок андай заманда жашаш үчүн өзүбүз тараптан кандайдыр бир иш-аракет кылуу талап кылынат. Ошондуктан: «Кудай үчүн эмнелерди кылып жатам?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

^ абз. 10 Кудай Исаны гана өзү жалгыз жараткандыктан, Иса Кудайдын жалгыз Уулу деп аталат.

^ абз. 24 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 3-бөлүмүн окуп көргүлө.