Сирия тилиндеги «Пешитта» Ыйык Китептин алгачкы котормолоруна жарык чачат
1892-жылы Агнес Смит Льюис менен Маргарет Данлоп Гибсон деген эгиздер Синай тоосунун этегинде жайгашкан Ыйык Екатеринанын кечилдер үйүнө барыш үчүн төө менен тогуз күн бою чөл аркылуу жол жүрүшкөн. Ошол убакта Чыгышка саякат жасоо абдан кооптуу болгонуна карабай, жашы 50лөргө таяп калган ал аялдар эмне үчүн ушундай узак сапарга аттанышкан? Бул суроонун жообу Ыйык Китептин тактыгына болгон ишенимиңерди бекемдээри шексиз.
АСМАНГА кетердин алдында Иса пайгамбар жолдоочуларына өзү тууралуу «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин» күбөлөндүрүүнү буйруган (Элчилер 1:8). Шакирттер ал ишти ынталуулук, кайраттуулук менен аткарышкан. Бирок көп өтпөй Степан деген шакирт мыкаачылык менен өлтүрүлүп, калгандары Иерусалимде катуу куугунтуктала башташкан. Ошондо көптөрү баш калкалоо үчүн Иерусалимден түндүктү көздөй 550 чакырымдай алыс жайгашкан жана Рим империясынын эң ири шаарларынын бири болгон Сириядагы Антиохияга качып барышкан (Элчилер 11:19).
Шакирттер Антиохияда да Иса Машаяк жөнүндөгү «жакшы кабарды» айта беришкен. Натыйжада жүйүт элинен болбогон көптөгөн адамдар Исанын жолдоочусу болушкан (Элчилер 11:20, 21). Антиохия шаарынын тургундары негизинен грек тилинде сүйлөшкөнү менен, провинциянын башка жерлеринде эл сирия тилинде сүйлөчү.
«ЖАКШЫ КАБАРДЫН» СИРИЯ ТИЛИНЕ КОТОРУЛУШУ
2-кылымда Машаяктын сирия тилинде сүйлөгөн жолдоочуларынын саны абдан өскөндүктөн, «жакшы кабарды» алардын тилине которуу зарыл болгон. Андыктан Грек Жазмаларынын бөлүктөрү алгач латын тилине эмес, сирия тилине которулган көрүнөт.
Болжол менен б.з. 170-жылы сириялык жазуучу Татиан (болж. м-н б.з. 120—173-жылдары) грек же сирия тилинде төрт Инжилди камтыган «Диатессарон» деп белгилүү болгон эмгегин жараткан. «Диатессарон» деген сөз грек тилинен которгондо «төрт [Инжил] аркылуу» дегенди билдирет. Кийинчерээк сириялык Ефрем (болж. м-н б.з. 310—373-жылдары) «Диатессаронго» өзүнүн комментарийин жазган. Мындан ал эмгектин Машаяктын сириялык жолдоочуларынын арасында кеңири колдонулганы көрүнүп турат.
«Диатессарон» жөнүндөгү маалымат бизди да абдан кызыктырат. Эмне үчүн? 19-кылымда окумуштуулардын айрымдары Инжилдер 2-кылымда гана, б.з. 130—170-жылдары, жазылган деп айтып, Иса Машаяктын жашоосу жөнүндөгү билдирүүлөрдүн тактыгына шек туудурушкан. Бирок «Диатессарондун» байыркы кол жазмалары Матай, Марк, Лука жана Жакан жазган Инжилдердин 2-кылымдын орто ченинде жалпыга аябай эле белгилүү болуп калганын далилдеген. Демек, алар андан мурун эле жазылган. Ошондой эле Татиандын «Диатессаронду» жазып жатканда апокрифтик инжилдерди эмес, Ыйык Жазмага кирген Инжилдерди колдонгону апокрифтик инжилдердин мурунтан эле ишенүүгө татыктуу китептер катары эсептелбегенин айгинелеп турат.
5-кылымдын башында Ыйык Китептин сирия тилиндеги котормосу Месопотамиянын түндүгүндө кеңири колдонулуп калган. Кыязы, б.з. 2 же 3-кылымында жарык көргөн ал котормо Ыйык Китептин дээрлик бардык китептерин камтыган. Ага Петирдин экинчи каты, Жакандын 2, 3-каттары, Жүйүт жана Аян китептери гана кирген эмес. Ал эмгек азыр «Пешитта» деп белгилүү. «Пешитта» деген сөз «жөнөкөй» же «айкын» дегенди билдирет. Ал — Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн ошол убактагы башка элдерге жеткирилгенин күбөлөндүрүп турган эң байыркы жана маанилүү эмгектердин бири.
Кызыктуусу, «Пешиттанын» кол жазмаларынын бири б.з. 459, 460-жылдарына таандык. Ошондуктан аны Ыйык Китептин кол жазмаларынын эң байыркысы деп айтууга болот. Болжол менен б.з. 508-жылы анын кайра каралган версиясы чыккан. Ага мурун кирбей калган беш китеп да кошулган. Азыр ал «Филоксений котормосу» катары белгилүү.
СИРИЯ ТИЛИНДЕГИ ДАГЫ БАШКА КОЛ ЖАЗМАЛАРДЫН ТАБЫЛЫШЫ
19-кылымга чейин Грек Жазмаларынын грек тилиндеги көчүрмөлөрүнүн дээрлик баары 5-кылымга же андан кийинки мезгилдерге таандык болчу. Ошол себептен Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар латын тилиндеги «Вульгата» менен сирия тилиндеги «Пешитта» сыяктуу алгачкы котормолорго өзгөчө кызыгуу көрсөтүшкөн. Убагында кээ бирөөлөр «Пешиттаны» сирия тилиндеги андан мурунку бир котормонун кайра каралган версиясы деп эсептешкен. Бирок буга эч кандай деле негиз табылган эмес. Сирия тилиндеги Ыйык Китептин түбү барып отуруп 2-кылымга такалгандыктан, ал котормо Ыйык Жазманын алгачкы текстине жарык чачып, окумуштуулар үчүн баа жеткис эмгек болмок. Сирия тилиндеги байыркы котормо акыры табылды беле? Ал деги эле болгонбу?
Кийинчерээк, чындап эле, сирия тилиндеги дагы башка эки кол жазма табылган! Алардын биринчиси 5-кылымга таандык. Ал Британ музейи тарабынан 1842-жылы Египеттин бир чөлүндөгү кечилдер үйүнөн алынган сирия тилиндеги көптөгөн кол жазмалардын арасынан табылган. Аны кол жазмаларды сактаган музей кызматчысы Уильям Кюртон таап, элге жарыялагандыктан, Сирия тилиндеги Кюртон кол жазмасы деп аталып калган. Ал баалуу табылгада Инжилдер төмөнкү тартипте жайгашкан: Матай, Марк, Жакан жана Лука.
Биздин күндөргө чейин жеткен экинчи табылга Синай-сирия кол жазмасы деп аталат. Аны макаланын башында айтылган эр жүрөк эгиздер табышкан. Алардын бири Агнес, университеттик билими жок болсо да, сегиз чет тилин, анын ичинде сирия тилин да билчү. 1892-жылы ал Египеттеги Ыйык Екатеринанын кечилдер үйүндө чоң ачылыш жасаган.
Агнес кол жазманы кечилдер үйүнүн бир караңгы бөлмөсүнөн тапкан. Анын айтымында, кол жазма аябай кир болгондуктан жана кылымдар бою ачылбаганынын натыйжасында беттеринин дээрлик баары бири-бирине жабышып калгандыктан, көрүнүшү көңүл иренжитерлик эле. Анын алгачкы тексти өчүрүлүп, ордуна сирия тилинде ыйык аялдар жөнүндө жазылган болчу. Ошентсе да Агнес ал кол жазманын өчүрүлгөн текстинин айрым жерлерин жана жогору жагындагы «Матайдын», «Марктын», «Луканын» деген сөздөрүн окуй алган. Анын колундагы табылга төрт Инжилдин сирия тилиндеги дээрлик толук кол жазмасы болуп чыккан! Учурдагы илимпоздордун ою боюнча, ал 4-кылымдын аягында жазылган.
Синай-сирия кол жазмасы грек тилиндеги Синай кодекси жана Ватикан кодекси сыяктуу эле абдан маанилүү кол жазмалардын катарына кирет. Көптөр Кюртон кол жазмасы да, Синай кол жазмасы да 2-кылымдын аяк ченине же 3-кылымдын башына таандык болгон сирия тилиндеги Инжилдердин биздин күндөргө чейин сакталып калган көчүрмөлөрү деп ишенишет.
«КУДАЙЫБЫЗДЫН СӨЗҮ ТҮБӨЛҮККӨ КАЛАТ»
Бул кол жазмалардын бүгүнкү күндө Ыйык Китепти изилдеген адамдарга кандайдыр бир пайдасы барбы? Албетте, бар. Мисалга Ыйык Китептин айрым котормолорунда Марк 16:8ден кийин кездешкен узун корутундуну алалы. Ал 5-кылымда жазылган грек тилиндеги Александрия кол жазмасында, латын тилиндеги «Вульгатада» жана башка эмгектерде кезигет. Бирок 4-кылымда жазылган грек тилиндеги эки беделдүү кол жазмада — Синай кодекси менен Ватикан кодексинде — Марктын Инжили 16-бөлүм 8-аят менен аяктайт. Синай-сирия кол жазмасында да узун корутунду кездешпейт. Мындан ал узун корутунду кийинчерээк кошулганы жана алгач Марктын Инжилинде жок болгону көрүнүп турат.
Дагы башка мисалды карап көрөлү. 19-кылымда Ыйык Китептин дээрлик бардык котормолорунда 1 Жакан 5:7де Үчилтик (Троица) жөнүндөгү окууну колдогон сөздөр кездешчү. Анткен менен ал сөздөр байыркы грек кол жазмаларында болгон эмес. Алардын «Пешиттада» да кездешпегени 1 Жакан 5:7нин кийинчерээк өзгөртүлгөнүн тастыктап турат.
Ооба, Жахаба Кудай, өзү убада кылгандай, ыйык Сөзүн ар дайым коргоп келген. Ыйык Китепте: «Чөп куурап, гүл соолуйт, ал эми Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат»,— деп бекеринен айтылган эмес (Ышая 40:8; 1 Петир 1:25). Кудайдын Сөзүнүн бүтүндөй адамзатка жеткирилишинде «Пешиттанын» салымы чоң болбосо да, абдан маанилүү деп айтууга болот.
«Пешитта» — Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн ошол убактагы башка элдерге жеткирилгенин күбөлөндүрүп турган эң байыркы жана маанилүү эмгектердин бири