ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
Суроолорума жүйөлүү жооп таптым
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1948
-
ӨЛКӨСҮ: ВЕНГРИЯ
-
МУРУН: СУРООЛОРУНА ЖООП ТАППАЙ КЕЛГЕН
МУРУН.
Мен Венгриянын 1 000 жылдык тарыхы менен белгилүү болгон Секешфехервар шаарында төрөлгөм. Өкүнүчтүүсү, ал шаардын Экинчи дүйнөлүк согуштан калган «жарааттары» азыр да эсимден кетпей көз алдымда турат.
Мени таятам менен таенем багып чоңойтушкан. Мен аларды, өзгөчө, таенем Элизабетти дайыма жылуу сезим менен эскерем. Анткени Кудайга так ошол кишинин таалим-тарбиясынын аркасында ишенип калгам. Үч жашыман тартып ага кошулуп алып, күнүгө кечинде Мырзанын тиленүүсү деп аталган тиленүүнү кайталачумун. Бирок ошол тиленүүнүн маани-маңызын жыйырмага чыкканда гана түшүндүм.
Ата-энем дурусураак үй алыш үчүн күнү-түнү иштегенге аргасыз болгондуктан, мени таятамдар карачу. Ошентсе да эки жумада бир жолу, ишемби күндөрү, баарыбыз тамакка чогулуп турчубуз. Ошол күндөр мага аябай жакчу.
1958-жылы атам менен апамдын тилеги орундалып, үчөөбүз чогуу жашай тургандай үй сатып алышты. Алар менен чогуу жашап калганыма төбөм көккө жете сүйүндүм. Бирок, кейиштүүсү, менин кубанычым көпкө созулган жок. Алты айдан кийин атам рак оорусунан каза тапты.
Ошондо күйүтүмө чыдабай, Кудайга кайрылып: «Оо, Кудай, мен сенден атамды аман сактап калышыңды суранбадым беле, эми атамсыз кантип жашайм! Эмне үчүн менин үнүмдү уккан жоксуң?» — деп боздогонум эсимде. Мен атамдын каякка кеткенин билгим келчү. «Ал асманга кеттиби? Же түбөлүккө жок болдубу?» — деп ойлой берчүмүн. Атасы бар балдарга аябай ичим күйчү.
Анан көптөгөн жылдар бою дээрлик күнүгө атамдын мүрзөсүнө барып, тизелеп алып: «Оо, Кудай, атам азыр каякта?» — дей берчүмүн. Ошондой эле Кудайдан жашоонун маңызын түшүнүүгө жардам беришин өтүнчүмүн.
Он үч жашымда немис тилин үйрөнүүнү чечтим. Анткени немис тилинде адабияттар көбүрөөк деп ойлогондуктан, балким, жүрөгүмдү өйүгөн суроолорума жооп таба алаттырмын деп үмүттөнгөм. Ошентип, 1967-жылы ошол учурда Чыгыш Германияга караган Йена шаарында жүргөндө изилдөө
жүргүзө баштадым. Мен немис философторунун китептерин, бөтөнчө, жашоонун маңызы жөнүндөгү китептерди берилип окудум. Ал жактан окугандарымдын айрымдары абдан кызыктуу болгону менен, алардын бири да мени канааттандырган жок. Ошондуктан Кудайдан жооп табууга жардам беришин суранганымды токтоткон жокмун.ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
1970-жылы Венгрияга кайтып барып, Розага, болочоктогу келинчегиме, жолугуп калдым. Ал кезде Венгрия коммунисттердин бийлиги алдында болчу. Көп өтпөй Роза экөөбүз баш кошуп, Австрияга кетип калдык. Биз андан ары Австралияга, таекем жашаган Сидней деген шаарга кетмекчи болчубуз.
Австриядан жумушка орноштум. Бир күнү чогуу иштеген бир киши бардык суроолорума жоопту Ыйык Китептен таба аларымды айтты. Ал мага Ыйык Китепке негизделген бир-эки китеп берди. Мен аларды жата калып окуп, дагы көбүрөөк билгим келди. Ошондуктан ал китептерди чыгарган Жахабанын Күбөлөрүнө көбүрөөк адабият салып жиберишин суранып жаздым.
Роза экөөбүздүн баш кошконубузга туура бир жыл болгон күнү үйгө бир жигит келди. Көрсө, Жахабанын Күбөсү экен. Ал мен сураган адабияттарды алып келип, Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү сунуштады. Мен макул болдум. Суроолорума тезирээк жооп алгым келип чаңкап тургандыктан жумасына эки жолудан изилдемей болдук. Биз Ыйык Китепти ар жолуккан сайын төрт саатка чейин изилдечүбүз!
Ыйык Китептен билгендерим мага аябай таасир этти. Жахабанын Күбөлөрү мага венгр тилиндеги өзүмдүн Ыйык Китебимден Кудайдын аты Жахаба экенин көрсөтүп беришкенде, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Анткени 27 жыл бою чиркөөгө барып жүрүп Кудайдын атын бир да жолу уккан эмесмин. Андан тышкары, баягы суроолорума жүйөлүү жооп таап, жүрөгүм козголду. Мисалы, өлгөндөр катуу уйкуда жаткандагыдай эч нерсе сезбей турганын билдим (Насаатчы 9:5, 10; Жакан 11:11—15). Андан сырткары, Кудайдын «өлүм болбой» турган жаңы дүйнөнү орнотууну убада кылганын билдим (Аян 21:3, 4). Ошондон тартып жүрөгүмдө жаңы дүйнө орноп, өлгөндөр тирилгенде кайрадан атамды көрөм деген үмүт жанды (Элчилер 24:15).
Жубайым да мага кошулуп, Ыйык Китепти берилип изилдей баштады. Биз тез эле ийгилик жасап, изилдөөгө арналган адабиятты эки айдын ичинде бүтүп койдук. Биз Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залында өткөн жыйналыштарынын баарына барчубуз. Мени ал жактагылардын сүйүүсү, ынтымагы, биримдиги таң калтырды (Жакан 13:34, 35).
1976-жылы Роза экөөбүз Австралияга көчүп барууга уруксат алдык. Ал жакка барарыбыз менен Жахабанын Күбөлөрүн издеп таптык. Алар бизди абдан жылуу тосуп алышты. Ошондуктан өз үйүбүзгө баргандай эле болдук. Ал эми 1978-жылы Жахабанын Күбөсү болдук.
ПАЙДАСЫ.
Ошентип, көптөн бери көкүрөктөн кетпей, жан дүйнөмдү кыйнап келген суроолорума, акыры, жооп таптым. Жахаба Кудайды таанып-билип, ага жакындоонун аркасында эң жакшы Аталуу болдум (Жакып 4:8). Ошондой эле келечекте жаңы дүйнөдө өз атамды кайрадан көрөм деген жүрөк жылыткан үмүт менен жашап келем (Жакан 5:28, 29).
1989-жылы жубайым экөөбүз билгендерибизди тууган-туушкандарыбыз, досторубуз жана башкалар менен бөлүшүү үчүн Венгрияга кайтып барууну чечтик. Ал жактан жүздөгөн кишилерге Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бердик. Ушу тапта алардын 70тен ашууну, анын ичинде жанымдай жакшы көргөн апам да Жахабага кызмат кылып жатат.
Мен Кудайдан суроолорума жооп беришин 17 жыл бою тилеп келгем. Андан бери 39 жыл өттү. Мен ушу күнгө дейре Кудайга жүрөгүмдөгүнүн баарын айтып турам, бирок азыр мен ага: «Асмандагы сүйүктүү Ата, бала кездеги тилегимди укканыңа ыраазымын»,— деп айтам.