МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КАНТКЕНДЕ ЖУМУШТАН РАХАТ АЛА АЛАСЫҢАР?
Оор эмгектин «күнү бүттүбү»?
Жүк ташыган компанияда иштеген Алекс жашиктерди машинеге жүктөп жатып терең үшкүрүнө: «Эч кандай келечеги жок ушу жумушта иштеп эмне азап?! Деги качан бир жакшыраак жумушка орношом? Же такыр эле иштебей койсом андан да сонун болмок!» — деп ойлонот.
Алекске окшоп оор жумуштан тажап жүргөндөр бүгүнкү күндө арбын. Арон аттуу автомеханик мындай дейт: «Көптөр төмөн деп эсептелген жумушта иштөөнү уят көрүшөт. Алар: „Мүмкүнчүлүк болсо эле башка жумушка кетем“,— деген ой менен эптеп эле жүргөндөй».
Эмне үчүн көптөр оор эмгектен качышат? Анын бир себеби массалык маалымдоо каражаттары майкөл-сүткөл, ыңгайлуу жашоону «чыныгы» жашоодой көрсөткөнүндө болушу мүмкүн. Техникалык тейлөө тармагында иштеген Мэтью: «Адамдар: „Жан багыш үчүн иштеп жаткан жумушуң канчалык оор болсо, жашоодо жеткен ийгилигиң ошончолук төмөн“,— деп эсептешет»,—дейт. Кароолчу болуп иштеген Шейн да ушул ойду коштоп: «Азыркы күндө бир күндүк жумуш акы үчүн эч ким бир күн толук иштегиси келбейт»,— дейт.
Анткен менен ийгиликтүү деп эсептелгендердин арасында деле кара жанын карч уруп эмгектенгенди жакшы көргөндөр көп. Маселен, курулушта иштеген 25 жаштагы Дэниел мындай дейт: «Менимче, оор жумуштун, өзгөчө, туура максатка багытталган болсо, үзүрү да көбүрөөк болот». Андрэ аттуу 23 жаштагы жигит болсо: «Адамдын бактылуу болушу жана жашоодон канааттануу алышы түздөн-түз эмгек менен байланыштуу деп эсептейм. Тийип-качып иштесең, бактылуу болбой эле, зеригип бүтөсүң»,— дейт.
Дэниел менен Андре сыяктуулардын күжүрмөн эмгекке карата ушундай туура көз карашта болгонунун себеби эмнеде? Аларга мындай көз карашта болууга Ыйык Китепте жазылган принциптер жардам берген. Анткени Ыйык Китеп оор эмгектен качпай, тырышчаак, аракетчил болууга үндөйт. Үндөп эле койбостон, эмгектен кантип канааттануу алыш керектигин да үйрөтөт.
Эмесе, жумуштан ыракат алууга жардам берген Ыйык Китептеги принциптердин айрымдарына токтололу.