МАЕК
Эмне үчүн Ыйык Китепти окуп көрүү керек?
Төмөндө Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалар менен адатта кандай маек курары жазылды. Руслан деген Жахабанын Күбөсүнүн Эрик деген киши менен сүйлөшүп жатканын элестеткиле.
ЫЙЫК КИТЕП ТАРЫХЫЙ ЖАКТАН ТАК
Эрик: Чынын айтсам, динге көп деле кызыкпайм.
Руслан: Аа... түшүнүктүү. Оюңузду түз айтканыңыз жакшы болду. Кандай болбосун, таанышып алалы, менин атым Руслан, сиздикичи?
Эрик: Эрик.
Руслан: Бир суроо берсем болобу? Сиз динчил үй-бүлөдө чоңойдуңуз беле?
Эрик: Ооба, бирок университетке тапшыргандан баштап дин менен ишим деле болбой калган.
Руслан: Түшүнүктүү. Кайсы факультетте окудуңуз эле?
Эрик: Социология жана тарых факультетинде окугам. Башынан эле тарыхка, адамзат коомунун кантип өнүккөнүнө кызыкчумун.
Руслан: Чын эле, тарых — абдан кызыктуу илим. Ыйык Китеп да тарыхый китеп экендигин билсеңиз керек. Тарыхты изилдеп жатканда Ыйык Китептеги маалыматты да изилдеген учурларыңыз болду беле?
Эрик: Жок, изилдеген эмесмин. Мен аны тарыхый китеп катары эмес, жөн эле жакшы китеп катары билем.
Руслан: Калыс көз караштагы киши окшойсуз. Эгер бир нече мүнөтүңүз болсо, Ыйык Китеп тарыхый жактан так экенине бир нече далил көрсөтүп берсем болобу?
Эрик: Макул, бирок менде Ыйык Китеп жок да.
Руслан: Менде бар, ошондон ачып көрсөтүп берейин. Биринчи мисал 1 Жылнаама китебинин 29-бөлүмүнүн 26, 27-аяттарында жазылган. Бул жерде: «Жышайдын уулу Дөөтү бүт Ысрайылга бийлик кылды. Ал Ысрайылда 40 жыл: Хеброндо 7 жыл, Иерусалимде 33 жыл падышалык кылды»,— делет.
Эрик: Бул мисал Ыйык Китептин тарыхый жактан так экенин кандайча далилдейт?
Руслан: Бир кезде сынчылар Дөөтү падыша эч качан болгон эмес деп айтып чыгышкан.
Эрик: Ошентишти беле? Эмне үчүн?
Руслан: Анын тарыхта болгонуна Ыйык Китептеги маалыматтан башка далилдер аз болчу. Бирок 1993-жылы археологдор «Дөөтүнүн үйү» деп которулган жазуусу бар таш табышкан.
Эрик: М-м, кызыктуу экен.
Руслан: Ыйык Китепте тарыхта болгону талашка салынган дагы бир инсан жөнүндө жазылган. Ал — Иса Машаяктын учурунда жашаган Понтий Пилат деген башкаруучу. Анын аты, карасаңыз, мына бул жерде, Лука 3:1де, ошол кездеги башка башкаруучулардын аты менен бирге аталган.
Эрик: М-м, ооба. «Жүйүт жеринде Понтий Пилат башкаруучу болуп турганда, Галилея аймагында Ирод... дубан башчысы болуп турган» деп жазылыптыр.
Руслан: Бир канча жыл бою айрым окумуштуулар Понтий Пилаттын болгонуна шек санап келишкен. Бирок 50 жылдай мурун Ортоңку
Чыгышта Понтий Пилаттын аты так-даана чегилип жазылган таш табылган.Эрик: М-м. Бул жөнүндө такыр укпаптырмын.
Руслан: Анда бул маалымат сизге кызыктуу болгон турбайбы.
Эрик: Мен, негизи, Ыйык Китепти адабий эмгек катары башынан эле баалачумун, бирок, чынын айтсам, анда жазылгандар азыркы учурга эч кандай тиешеси жок деп ойлойм. Балким, анда жазылгандар тарыхый жактан так болсо, тактыр, анткен менен азыркы заманга пайдасы деле жок деген көз караштамын.
БАЙЫРКЫ, ОШОЛ ЭЛЕ УЧУРДА ЗАМАНБАП КИТЕП
Руслан: Көптөр ушинтип ойлошот. Бирок мен башкача ойдомун. Мисалга адам баласынын муктаждыктарын алалы. Алар тээ алмустакта кандай болсо, азыр деле ошондой. Баарыбызга тамак-аш, кийим-кече жана баш калкалай турган жай керек. Ошондой эле ар бирибиз башкалар менен карым-катнаш түзүп, мамилелешүүгө муктажбыз жана үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болгубуз келет. Ушул нерселер баарыбыз үчүн баалуу дегенге кошуласызбы?
Эрик: Албетте, кошулам.
Руслан: Ыйык Китепте ушулардын баары тууралуу айтылат. Ошондуктан аны байыркы, бирок ошол эле учурда заманбап китеп деп айтууга болот.
Эрик: Эмне үчүн?
Руслан: Ыйык Китептеги принциптерди алалы. Алар кылымдар мурун кандай пайдалуу болсо, бүгүнкү күндө да ошондой эле пайдалуу.
Эрик: Мисалы кайсы тармактарда?
Руслан: Алсак, Ыйык Китепте акчага карата тең салмактуу көз карашта болууга, үй-бүлөдө бактылуу болууга же жакшы дос болууга жардам берген кеңештер бар. Ошондуктан Ыйык Китепти компаска салыштырса болот. Мисалы, азыркы заманда жакшы күйөө же үй-бүлө башчысы болуу кыйын экенине кошулат чыгарсыз?
Ыйык Китептеги принциптер кылымдар мурун кандай пайдалуу болсо, бүгүнкү күндө да ошондой эле пайдалуу
Эрик: Ооба, кошулам. Менин үйлөнгөнүмө бир жылдай болуп калды, кайсы бир нерселерге карата жубайым экөөбүздүн оюбуз дайыма эле төп келе бербейт.
Руслан: Чын эле, жашоодо андай көп болот. Бирок Ыйык Китепте ошондой көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген кеңештер бар. Мисалга, Эфестиктер 5-бөлүмдө жазылгандарга көңүл бурсаңыз. 22, 23 жана 28-аятты окуп көрөлү. Кааласаңыз, өзүңүз окуп көрсөңүз болот.
Эрик: Макул. «Аялдар күйөөлөрүнө Мырзабызга баш ийгендей баш ийишсин, анткени Машаяк жыйналыштын, дененин, куткаруучусу жана башчысы болгондой эле, күйөө — аялынын башчысы». Анан 28 беле? «Ошол сыяктуу эле, күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт».
Руслан: Жакшы. Кандай деп ойлойсуз, ушул кеңештерди жубайлардын экөө тең колдонсо, мамилеси жакшырабы?
Эрик: Албетте, бирок айтып коюш оңой, аткара келгенде оор да.
Руслан: Ооба, дайыма туура иш кылган бир да киши жок. Анткен менен Ыйык Китептин дагы бир жеринде баарыбыз акыл-эстүү * болууга чакырылабыз. Негизи, ким менен мамилелешпейли, тең салмактуу, ошондой эле ийге келүүгө даяр болушубуз керек. Мен Ыйык Китеп жубайым экөөбүзгө ушул жагынан жардам берди деп айта алам.
Эрик: М-м, жакшы экен.
Руслан: Жахабанын Күбөлөрүнүн сайтында жубайларга жана ата-энелерге пайдалуу көп маалымат бар. Дагы биртике убактыңыз болсо, сизге ошолордун бирин көрсөтүп берейин.
Эрик: Мейли.
Руслан: Карасаңыз, биздин сайттын дареги www.pr418.com/ky. Бул — башкы бети.
Эрик: М-м. Сүрөттөрү жакшы экен.
Руслан: Бул — дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан кабар айтуу ишине катышып жаткандардын
сүрөттөрү. Мына бул жерде «Жубайлар жана ата-энелер» деген бөлүкчө бар. Мунун ичинде ар кандай жагдайларга байланыштуу макалалар бар. Сизге кайсынысы кызыктуу?Эрик: «Көйгөйлөрдү чечүү» дегени жакшы экен. Ушунусу мага тиешелүү окшойт.
Руслан: Бул макалада төрт кеңеш берилет. Бул сүйлөмгө көңүл бурсаңыз. Өзүңүз окуп көрөсүзбү?
Эрик: Кана? «Маселен, пикирлешүүнү — никенин кан айлануу системасына, сүйүүнү — анын жүрөгүнө, ал эми урматтоону өпкөсүнө салыштырууга болот». М-м, жакшы жазылыптыр.
Руслан: Анан кашаанын ичинде Ыйык Китептеги аят жазылган. Аны басканда аят ачылат.
Эрик: «Ошентип, ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын».
Руслан: Бул аятта экөө бири-бирине бири-биринен күткөндөй мамиле кылышы керектиги баса белгиленип жатканын байкадыңызбы?
Эрик: Сизди жакшы түшүнбөй калдым.
Руслан: Мисалы, күйөөсү жубайынын аны урматташын кааласа, аял киши күйөөсү аны сүйүшүн каалайт, чынбы?
Эрик: Ооба, ошондой.
Руслан: Эгер күйөөсү жубайын жакшы көрөрүн билдирүүгө мүмкүнчүлүк издесе, жубайына аны урматоо жеңилирээк болот дегенге кошуласызбы?
Эрик: Чын эле, жакшы кеңеш экен.
Руслан: 2 000ден ашуун жыл мурун жазылган бул аятта жубайлардын ар бири эмнеге муктаж экени баса белгиленип, эң сонун кеңеш камтылган. Ушул кеңешти колдонгондо гана, жанагы мисалдагыдай, никенин «жүрөгү менен өпкөсү» жакшы иштейт.
Эрик: Чынын айтсам, Ыйык Китептин ушундай сонун китеп экенин билбептирмин.
Руслан: М-м, жакшы. Андай болсо, дагы бир жолу жолугуп, ушул эле макаладагы «Көйгөйлөрдү чечүү үчүн төрт кадам» деген бөлүкчөдөгү кеңештерге карата оюңузду билсем болобу? *
Эрик: Мейли. Ага чейин жубайым экөөбүз ушул макаланы чогуу окуп көрөлү.
Балким, кайсы бир суроонун жообун же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келип жүргөндүр. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.
^ 41-абз. Карагыла: Филипиликтер 4:5.
^ 61-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 14-бөлүмүн карагыла.