Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Кудайга арналган көздөр

Кудайга арналган көздөр

Дене мүчөлөрүңөрдүн ичинен көзүңөрдөн башкасын башкара албаганыңарды элестетсеңер. Менин агам Киронун абалы так ушундай. Ошентсе да анын жашоосу маңыздуу. Ага эмне дем-күч берип жатканын сөз кылардан мурун, өзү жөнүндө кыскача айтып берейин.

Киро церебралдык шал оорусунун спастикалык квадриплегия * деп аталган түрү менен төрөлгөн. Ошонун айынан ал денесин башкара албайт. Анын мээси булчуңдарына так буйрук бербегендиктен, буту-колу туш келди кыймылдап, бурала берет. Ошондуктан кээ бир учурда өзүн өзү да уруп алат. Эгер сак болушпаса, жанында тургандарга да буту же колу тийип кетиши мүмкүн. Ошон үчүн анын колу-бутун отурган коляскасына байлап коюуга туура келет.

АЗАП МЕНЕН ЧОҢОЮШУ

Киро кымындай кезинен эле көп азап тартыптыр. Үч айынан тартып талма оорусу менен ооруй баштаптыр. Талмасы кармаганда эс-учун жоготуп койчу экен. Бул көрүнүш тез-тез кайталанып, апам аны чарчап калды го деп ойлоп, бооруна кыса кучактаган бойдон ооруканага көп чуркачу экен.

Киронун колу-бутунун дайыма байланып, таңылып турганы сөөктөрүнүн түзүлүшүнө таасир этпей койгон жок. 16 жашында жамбашы жылышып кеткендиктен, ага оор операция жасалды. Операциядан кийин түнкүсүн Киронун жаны кыйналганынан кыйкыргандары азыркыга чейин эсимде.

Киро толугу менен башкалардын жардамына муктаж. Ал өз алдынча тамактана албайт, кийине албайт, жата да албайт. Аны көбүнчө атам менен апам карайт. Ал бирөөнүн жардамысыз эч нерсе кыла албаса да, ата-энем ага анын жашоосу адамдардан эле эмес, Кудайдан көз каранды экенин эсине салып турушат.

КИРО МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮНҮН ЖОЛУ

Ата-энем Жахабанын Күбөсү болгондуктан Кирого кичинесинен тартып эле Ыйык Китептеги окуяларды окуп беришчү. Алар Кудай менен болгон мамиле адамдын жашоосун маңыздуу кыларын билишчү. Ошондуктан дене боюн баш аламан булкуткан оорунун туткуну болгон Кирого жаркын келечекке үмүттөнүүгө Ыйык Китеп жардам бере аларына күмөн санашчу эмес. Болгону, анын Ыйык Китепте айтылгандарды түшүнүп жаткан-жатпаганы белгисиз болчу.

Бир жолу Киро кичинекей кезде атам ага: «Киро, сен мени жакшы көрөсүңбү? Жакшы көрсөң, анда сүйлөп койчу!» — деп айтты. Ал андан, жок дегенде, бир эле сөз айтып коюшун сурана баштаганда, Киронун көзүнө жаш толуп чыкты. Бирок канча аракет кылса да, тамагын кыркыраткандан башка үн чыгара алган жок. Атам Киронун ыйлаганына аябай жаман болду. Анткен менен ошондо баарыбыз Киронун сөзгө түшүнө турганын билдик. Ал тек гана сүйлөй алчу эмес экен.

Кийинчерээк атам менен апам Киронун кээде көздөрүн нары-бери тез-тез кыймылдатарын байкап калышкан. Көрсө, ал оюн же сезимдерин билдириш үчүн ошентчү экен. Киро оюн түшүндүрө албай калганда кыжалат болчу. Ал эми ата-энем анын көзү менен берген белгисин түшүнүп, ага керектүү нерсени алып бергенде, төбөсү көккө жете сүйүнүп, жылмайчу. Анысы рахмат деп айтканы болчу.

Бир логопед Киро менен сүйлөшүш үчүн ага «ооба», «жок» деп жооп бере тургандай суроо берип, анан эки колубузду көтөрүп турууну сунуштады. Оң колубуз «ооба» дегенди, сол колубуз «жок» дегенди билдирмек. Ошондо Киро сурообузга оң же сол колубузду карап жооп бере алмак.

ЖАШООСУНДАГЫ ЭҢ МААНИЛҮҮ ОКУЯ

Жахабанын Күбөлөрү жылына үч жолу калың элге арналган Ыйык Китепке негизделген баяндамалар айтыла турган жыйындарга чогулуп турушат. Киро ошондой жыйындардагы Жахабанын Күбөсү болууну чечип, сууга чөмүлө тургандарга арналган баяндаманы уккан сайын абдан толкунданчу. Он алты жашында атам андан: «Киро, сен да чөмүлгүң келеби?» — деп сурады. Ал дароо атамдын оң колун карап, Жахаба Кудайга өмүрүн арнагысы келерин билдирди. Анын жүзүнөн чечкиндүүлүгү байкалып турду. Анан атам: «Кудайга өмүр бою кызмат кыларыңды айтып убада бердиңби?» — деп сурады. Киро дагы атамдын оң колун тигиле карады. Ошондо ал жашоосун Жахаба Кудайга эбак эле арнап койгону анык болду.

Киро менен бир нече ирет жолугуп, Ыйык Китептин негизинде суроолор берилгенден кийин, чөмүлүүнүн маанисин түшүнөрү айкын болду. Ошентип, ал 2004-жылы өткөрүлгөн жыйында «Кудайдын эркин аткарыш үчүн өзүңдү ага арнадыңбы?» деген жашоосундагы эң маанилүү суроого көзү менен өйдө жакты карап жооп берди. Анысы «ооба» дегени эле. Ал ошондо 17 жашта болчу.

КУДАЙГА КЫЗМАТ КЫЛУУГА БАГЫТТАЛГАН КӨЗДӨР

2011-жылы Киро менен сүйлөшүүнүн жаңы ыкмасын таптык. Ал биз менен көз менен башкарылган компьютер аркылуу сүйлөшө баштады. Компьютердин мониторундагы белгилер көздүн карегинин кыймылы менен ишке киргизилет. Кайсы бир белгини карап көздү ирмөө же аны тигиле кароо компьютердин чычканын баскандай эле функцияны аткарат. Киро өзүнүн оюн монитордогу кайсы бир сөздү же сөз айкашын билдирген сүрөттү же символду тандап билдирет. Ал ошолордун бирин карап ирмегенде, компьютерге орнотулган программа жазуу түрүндөгү текстти электрондук үнгө айландырат.

Ыйык Китепти жакшыраак түшүнгөн сайын Киро өзүнүн билгендерин башкалар менен бөлүшкүсү келе баштады. Ошондой эле үй-бүлөбүз менен чогуу Ыйык Китепти изилдеген учурда ал бирде компьютерин, бирде мени карап, жыйналыштан суроо-жооп иретиндеги талкуу учурунда айта турган жообун даярдап беришим керектигин эскертип турат.

Жыйналыштагы талкуу учурунда Киро компьютеринин мониторундагы керектүү белгини тандаганда, электрондук үн чыгат. Ал жыйналышка келгендердин Кудайга болгон ишенимин ошентип бекемдегенине аябай сүйүнөт. Анын досторунун бири Алекс: «Мен дайыма Киронун берген жоопторуна таң калам»,— дейт.

Көз менен башкарылган компьютери Кирого жыйналыштан жооп бергенге да, ишенген нерселерин башкаларга айтып бергенге да жардам берет

Киро Ыйык Китепте айтылгандарды башкаларга жеткириш үчүн да компьютерди колдонот. Ан үчүн ал монитордон бейиште жашап жаткан бардык улуттагы адамдардын сүрөтү тартылган белгини тандайт. Анан компьютерден: «Ыйык Китепте, Аян 21:4тө, жер бейишке айланып, оору менен өлүм жок болору жазылган»,— деген үн чыгат. Эгер киши кызыкса, Киро башка белгини тандайт да, ага: «Сиз мени менен Ыйык Китепти изилдегиңиз келеби?» — деген суроо берилет. Ал таятамдан да ушинтип сураганда, таятам макул болуп, аны менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Киронун башка Жахабанын Күбөсү менен бирге ага акырындап Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берип жатканын көргөндө жүрөгүм толкуп, аябай сүйүнчүмүн. Ошентип, таятам да 2014-жылы август айында Мадридде өткөн жыйында чөмүлдү.

Киронун Кудайга болгон берилгендигине мектебиндеги мугалимдери да таң беришет. Бир жолу анын логопеддеринин бири Розарио: «Эгер мен кайсы бир динди тутууну чечсем, анда Жахабанын Күбөсү болом. Анткени Кирого көптөгөн кыйынчылыктарга карабай маңыздуу жашоо өткөрүүгө анын дини жардам берип жатканын көрүп турам»,— деген.

Мен Кирого Ыйык Китептен «аксак бугудай секирет, дудуктун тили кубанычтуу үн салат» деген сөздөрдү окуп берген сайын, сүйүнгөнүнөн көздөрү жайнап кетет (Ышая 35:6). Кээде көңүлү чөккөн учурлары болсо да, Киро жалпысынан жайдары жүрөт. Мунун бирден-бир себеби анын жашоосу Кудайга кызмат кылуу менен өтүп жаткандыгында. Анын дайыма колдоп турган достору да көп. Киронун оң маанай сактаганы жана күчтүү ишеними — Жахаба Кудайга кызмат кылуу жашооң азап-кайгыга толуп турган күндө да, андан ары жашай берүүгө күч береринин айкын далили.

^ абз. 5 Адамдын кыймыл жөндөмдүүлүгүнө терс таасир эткен мээнин бузулуусун жалпы жонунан церебралдык шал деп коюшат. Ал талмага, тамактануунун бузулушуна, сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына алып келет. Спастикалык квадриплегия — бул церебралдык шалдын оор түрү, андай оору менен ооруган киши колу-бутун, моюнунун кыймылын башкара албай калат.