ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
Жашоомду өзгөрткөн үч суроо
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1949
-
ӨЛКӨСҮ: КОШМО ШТАТТАР
-
МУРУН: ЖАШООНУН МАҢЫЗЫН БИЛГИСИ КЕЛГЕН
МУРУН.
Мен Нью-Йорк штатынын түндүгүндөгү Анкрам деген чакан шаарда чоңойгом. Шаарыбызда сүт фермалары абдан көп болгондуктан, кишиден да уй көп болчу.
Ата-энем чиркөөгө барчу. Мен да чоң атам жалтылдата майлап берген бут кийимди кийип, чоң апам берген кичинекей агыш Ыйык Китепти көтөрүп алып, жекшемби сайын чиркөөдөгү мектепке жөнөчүмүн. Ата-энем бизди кичинекей кезибизден эле жан үрөп эмгектенгенге, башкаларды урматтап-сыйлаганга жана колдо бар нерсеге топук кылууга үйрөткөн.
Уядан учкандан кийин мугалим болуп иштедим. Менин Кудайга, жашоого байланыштуу суроолорум көп эле. Окуучуларымдын айрымдарынын шык-жөндөмү бар болсо, башкаларынын, тырышчаак болгону менен, эч кандай шык-жөндөмү жок эле. Кээ бирлеринин ден соолугу чың болсо, кээси майып болчу. Мындай көрүнүш мага адилетсиздиктей сезилчү. Кээде анча жөндөмдүү болбогон балдардын ата-энелери: «Кудай баламдын бешенесине ушуну жазып койсо, эмне кылалы эми...»,— деп айтып калчу. Мен да: «Кудай эмне үчүн айрым ымыркайларды майып кылып коёт? Аларда эмне күнөө?!» — деп бушайман болчумун.
Ошондой эле: «Жашоом маңыздуу болушу үчүн эмне кылыш керек?» — деп ойлонор элем. Мага өмүрүм зымырап өтүп жаткандай туюлчу. Жакшы үй-бүлөдө чоңоюп, жакшы билим алып, өзүмө жаккан жумушка орношконум менен, андан аркы жашоом жөнүндө ойлогондо: «Эң жакшы дегенде, турмушка чыгып, үй-жай күтөм, балалуу болом, анан карыганча иштеп, карылар үйүнө барып жашайм, анан? Жашоонун болгон-толгон маңызы ушулбу?» — деп канааттанчу эмесмин.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
Бир жолу жай айында кесиптештерим менен Европаны кыдырып келдим. Биз Вестминстер аббаттыгына, Париж теңир эне кудайынын соборуна, Ватиканга, ошондой эле башка чакан чиркөөлөргө бардык. Кайсы жерге барбайын, баягы суроолорумду бере бердим. Нью-Йорк штатындагы Слоатсбургдагы үйүмө кайтып келгенден кийин да көп чиркөөлөргө бардым. Бирок эч биринен канааттандырарлык жооп алган жокмун.
Бир күнү 12 жаштагы бир окуучу кыз мага үч суроо берди. Ал биринчи: «Сиз менин Жахабанын Күбөсү экенимди билесизби?» — деп сурады. Мен: «Ооба, билем»,— дедим. Анан: «Алар жөнүндө көбүрөөк билгиңиз келеби?» — деп сурады. Ал суроосуна да: «Ооба»,— деп жооп бердим. Акырында: «Каякта жашайсыз?» — деп сурады. Мен каякта жашаарымды айттым, көрсө, кошуна эле турат экенбиз. Анын ошол үч суроосу жашоомду түп-орду менен өзгөртүп жиберерин ошондо билбептирмин.
Көп өтпөй ал кыз велосипедин тээп үйүмө келди. Ошентип, экөөбүз Ыйык Китепти изилдей баштадык. Мен ага дин кызматчылар жооп бере албай койгон суроолорумду бердим. Бирок ал, алардан айырмаланып, суроолорумдун жообун Ыйык Китебимден көрсөтүп берди.
Ыйык Китептен билгендерим мага аябай жагып, жүрөгүмдү толкутту. Мага 1 Жакан 5:19дагы: «Бүт дүйнө... Шайтандын бийлиги астында»,— деген сөздөр өзгөчө таасир этти. Анткени Кудайдын эмес, Шайтандын айынан кыйналып жатканыбызды жана жакында Кудай бизди бардык жамандыктан арылтарын билдим (Аян 21:3, 4). Ошондо, эгер туура түшүндүрүлсө, Ыйык Китепте жазылгандын баары жүйөлүү экендигине көзүм жетти. Ошондой эле мага Ыйык Китепти изилдөөгө кымындай эле кыз жардам бергендиктен, чындыкты ким айтпасын, айырмасы жок экенин, чындык чындык боюнча кала берерин түшүндүм.
Ошентсе да Жахабанын Күбөлөрү өздөрү айткандай иш кыларына ынангым келди. Мисалы, мага келип жүргөн кыз Иса Машаяктын чыныгы жолдоочулары чыдамдуу, боорукер болушу керектигин айтчу (Галатиялыктар 5:22, 23). Ошондуктан өзү ошондойбу, жокпу, сынап көргүм келди. Бир күнү: «Кечигип барсам, күтөт болду бекен? Кечиккениме кыжырданабы, же жокпу?» — деп, үйгө атайлап кечигип бардым. Көчөмө бурулганда эле тиги кыздын эшигимдин алдында турганын көрдүм. Ал мени көрө коюп, машинеме чуркап келип: «Буга чейин бир да жолу кечикпегениңизден, аман-эсен экениңизди билиш үчүн, жаңы эле үйгө барып, апаман ооруканаларга, полицияга чалып көрүшүн суранайын деп жаткам. Сизди ойлоп сарсанаа болдум»,— деди.
Дагы бир күнү ага атайлап анын жашындагы балдар жооп бере албай турган кыйын суроо бердим. Мен аны оюнан чыгарып эле бир нерселерди айтып коёт деп ойлогом. Ал болсо: «Бул татаал суроо экен, жазып алып, ата-энемен сурап көрөйүн»,— деди. Анан кийинки жолукканыбызда, суроомдун жообу жазылган «Күзөт мунарасы» деген журналды ала келиптир. Мен бардык суроолорума Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген адабияттарынан жооп алгам. Жахабанын Күбөлөрүнө ошондон улам кызыгып калгам. Ошентип, кичинекей кыздын жардамы менен Ыйык Китепти изилдеп, бир жылдан кийин өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнап, анын кызматчысы болдум *.
ПАЙДАСЫ.
Суроолорума канааттандырарлык жооп алган соң билгендеримди башкаларга да айткым келе баштады (Матай 12:35). Жахабанын Күбөсү болгонума башында үйдөгүлөр каршы болушту, бирок кийинчерээк жумшарып калышты. Апам өлөрүнө аз калганда Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал Жахабанын Күбөсү болгонго жетишпей калса да, Жахабага кызмат кылгысы келгенине эч шектенбейм.
1978-жылы Элиас Казан деген Жахабанын Күбөсүнө турмушка чыктым. 1981-жылы Элиас экөөбүз Кошмо Штаттардагы Бейтелде * кызмат кылууга чакырылдык. Өкүнүчтүүсү, ошондон төрт жыл өткөндөн кийин жолдошумдун көзү өтүп кетти. Мен андан кийин деле Бейтелде кызмат кыла бердим. Ал кызмат күйүттү көтөрүп кеткенге жардам берди.
2006-жылы болсо Бейтелде кызмат кылган Ричард Элдред экөөбүз баш коштук. Учурда экөөбүз Бейтелде кызмат кылып жатабыз. Ошентип, кичинекей кыздын үч суроосунун аркасында Кудай жөнүндөгү чындыкты билип, мени бушайман кылган суроолорго жооп алгандан тышкары, жашоонун маңызын да таптым.
^ абз. 16 Ал кыз жана анын бир туугандары 5 мугалимине Ыйык Китепти изилдегенге жана Жахаба Кудайдын кызматчысы болгонго жардам берген.
^ абз. 18 «Бейтел» деген сөз «Кудайдын үйү» дегенди билдирет. Жахабанын Күбөлөрү дүйнөнүн чар тарабында жайгашкан филиалдарын «Бейтел» деп аташат (Башталыш 28:17, 19, шилтеме). Ал жакта кызмат кылгандар ар кандай иштерди аткарып, Жахабанын Күбөлөрү жүргүзүп жаткан билим берүү ишине салым кошушат.