Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МАЕК

Иса Машаяктын өлүмүн эмне үчүн эскерүү керек?

Иса Машаяктын өлүмүн эмне үчүн эскерүү керек?

Төмөндө Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалар менен адатта кандай маек курары жазылды. Жахабанын Күбөсү менен үй ээсинин сүйлөшүп жатканын элестеткиле.

«МУНУ МЕНИ ЭСКЕРИШ ҮЧҮН КЫЛГЫЛА»

Жахабанын Күбөсү: Кандайсыз. Өткөн жумада Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине келгениңизди көрүп аябай сүйүндүм *. Ал кече тууралуу кандай ойдо калдыңыз?

Үй ээси: Мага кече жакты, бирок ал жакта айтылгандардын баарын эле түшүнгөн жокмун. Негизи, башкалардын Рождество деп Исанын туулган күнүн, Пасха деп тирилген күнүн белгилегенин уккам, бирок өлгөн күнү жөнүндө укпаптырмын.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, Рождество менен Пасханы көптөр белгилешет. Бирок Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүүнү маанилүү деп эсептешет. Эгер убактыңыз болсо, мунун себебин түшүндүрүп берейин.

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлгөн күнүн ал өзү буйрук кылганы үчүн эскеришет. Ал өлөр түнү аларга эмне деп айтканына көңүл бурсаңыз. Бул тууралуу Лука 22:19да жазылган. Өзүңүз окуп көрбөйсүзбү?

Үй ээси: Мейли. «Андан кийин нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирген соң аны сындырды да, шакирттерине узатып жатып: „Бул силер үчүн бериле турган денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла“,— деп айтты».

Жахабанын Күбөсү: Иса Машаяктын: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айтканына көңүл бурсаңыз. Шакирттери эмнени эскериши керектигин ал ушул сөздөрдү айтардан мурун так-даана айткан. Ал жолдоочулары үчүн өз жанын курмандыкка берерин айткан болчу. Ушул эле ой Матай 20:28де башка сөздөр менен берилген. Бул аятта: «Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген»,— деп жазылган. Мына ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү үчүн, тактап айтканда, анын адамзатты куткаруу үчүн өз жанын кун катары курмандыкка бергенин эскерүү үчүн чогулушат. Анын өлүмүнүн аркасында Кудайга баш ийген адамдардын баарынын түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

КУТКАРУУ КУРМАНДЫГЫНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ

Үй ээси: Исанын адамзат үчүн өлгөнүн уккам, бирок, чынын айтсам, бул жөнүндө түшүнүгүм деле жок болчу.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, муну көптөр толук түшүнбөйт. Бирок Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы жөнүндөгү окуу Ыйык Китепте жазылган абдан маанилүү чындыктардын бири болуп эсептелет. Дагы бир аз убактыңыз барбы?

Үй ээси: Ооба, бар.

Жахабанын Күбөсү: Анда жакшы. Мен жакында эле ушул жөнүндө окуган болчумун. Жөнөкөйүрөөк кылып түшүндүрүп бергенге аракет кылып көрөйүн.

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Иса Машаяк төлөгөн кунду түшүнүү үчүн адегенде Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенден кийинки жагдайды түшүнүп алуу керек. Римдиктер 6:23тө бул тууралуу эмне деп жазылганын окуп көрсөңүз.

Үй ээси: «Анткени күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр».

Жахабанын Күбөсү: Эми ушул сөздөрдү талдап көрөлү. Биринчиден, аяттын башында: «Анткени күнөө үчүн жаза — өлүм»,— деп жазылганына көңүл бурсаңыз. Бул сөздөрдөн Кудай адамзаттын тарыхынын башында эле күнөө кылган киши өлүм жазасына тартыларын так-даана билдиргенин билүүгө болот. Башында жерде бир да күнөөкөр киши болгон эмес. Анткени Адам ата менен Обо эне эч бир кемчилиги жок, жеткилең болуп жаратылган. Ошондуктан алардын балдары да жеткилең болуп төрөлмөк жана эч ким өлмөк эмес. Адам ата менен Обо эне жана алардын урпактары бакытка бөлөнүп түбөлүк өмүр сүрүшмөк. Бирок ошондой болду беле?

Үй ээси: Жок, алар Кудай тыюу салган бактын жемишинен жеп коюшпады беле.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, туура айтасыз. Алар ошол жемиштен жеп, Кудайга баш ийүүнү каалабай турганын көрсөтүшкөн жана Кудайдын алдында күнөөлүү болуп калышкан. Башкача айтканда, жеткилең эмес, күнөөкөр болууну тандашкан. Анан мунун кесепетин өздөрү эле эмес, бүт урпактары тарткан.

Үй ээси: Кандайча?

Жахабанын Күбөсү: Бир мисал келтирейин. Сиз нан бышырганы жатасыз дейли. Анан нан жасаган калыпты колуңуздан түшүрүп алып, бир жери майышып калды деп коёлу. Ага бышкан нандын формасы кандай болот? Калыптын формасындай болуп калат, чынбы?

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Ошол өңдүү эле, Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей койгондо, калыпка окшоп, «майышып» калган, башкача айтканда, күнөөлүү, жеткилең эмес болуп калышкан. Алар балалуу болгонго чейин эле күнөөлүү болуп калышкандыктан, алардан төрөлгөн балдар да күнөөлүү болуп төрөлмөк. Ыйык Китепте «күнөө» деген сөз кылынган ишке карата эле эмес, адамдын абалына карата да колдонулат. Ошондуктан Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенде, бардык урпактарын, анын ичинде бизди да, эч кандай туура эмес иш кылбасак деле, ал тургай төрөлө электе эле, өлүмгө алып бара турган күнөөгө батырып койгон. Ал эми, Римдиктер 6:23тө айтылгандай, күнөө үчүн жаза — өлүм.

Үй ээси: Бирок бул адилетсиздик болуп калат да! Эмне үчүн Адам ата менен Обо эненин күнөөсү үчүн башкалар өлүшү керек?

Жахабанын Күбөсү: Туура, бул адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан адилеттүү Кудай Адам ата менен Обо энени өздөрүнүн күнөөсү үчүн өлүшү керектигин, ал эми урпактарын куткарууну чечкен. Андан соң баарыбызды ушундай абалдан алып чыгыш үчүн чара көргөн. Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы дал ошол чара болуп саналат. Кайрадан Римдиктер 6:23тү окуп көрсөңүз. Күнөө үчүн жаза өлүм экени айтылган соң ал жерде: «Ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп айтылат. Демек, күнөө менен өлүмдөн куткарылууга Иса Машаяктын өлүмү жол ачат *.

ИСА МАШАЯК ТӨЛӨГӨН КУН — КУДАЙДЫН БАА ЖЕТКИС БЕЛЕГИ

Жахабанын Күбөсү: Бул аяттагы дагы бир нерсеге көңүлүңүздү бурайын дегем.

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Бул жерде: «Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп айтылганын байкасаңыз. Кандай деп ойлойсуз, эмне үчүн Иса Машаяктын биз үчүн азап чегип төлөгөн куну тууралуу Кудайдын белеги деп айтылып жатат? Эмне үчүн «Иса Машаяктын белеги» деп айтылган жок *?

Үй ээси: Мм... Билбейт экем.

Жахабанын Күбөсү: Биринчиден, өзү жараткан адамдардын ага каршы чыгып, күнөөлүү болуп калганына абдан капаланса да Кудай дароо эле ошол жагдайды оңдош үчүн кандай чара көрөрүн айткан *. Ал асманда жашаган рухтардын бирин жерге жеткилең, күнөө-кемчилиги жок адам катары келип, өзүнүн өмүрүн кун катары бериш үчүн жиберүүнү чечкен. Ошондуктан, чынында, кун Кудайдын белеги болгон. Кун Кудайдын белеги деп дагы бир себептен улам айта алабыз. Ойлоп көрсөңүз, адамдар Иса Машаякты өлтүрүп салышканда, Кудай кандай сезимде болгон?

Үй ээси: Жаман эле болсо керек.

Жахабанын Күбөсү: Байкасам, үйүңүздө оюнчуктар бар экен, балдарыңыз бар окшойт, э?

Үй ээси: Ооба, бир уулум, бир кызым бар.

Жахабанын Күбөсү: Жакшы экен. Анда уулун өлтүрүп салышканда Жахаба Кудай канчалык кыйналганын эне катары элестетип көрсөңүз. Аны кылмышкер санап, жалаа жабышканда, ур-токмокко алышканда, анан кыйналып өлүшү үчүн, устунга мык менен кадап салышканда, Кудайдын жүрөгү канчалык сыздаганын элестетсеңиз.

Үй ээси: Аябай эле сыздаса керек.

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Албетте, биз Кудайдын ошол күнү кандай сезимде болгонун так айта албайбыз дечи, бирок анын сезими бар экенин жана эмне үчүн ошонун баарына жол бергенин так айта алабыз. Бул тууралуу Жакан 3:16да жазылган, окуп көрсөңүз.

Үй ээси: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— дейт.

Куткаруу курмандыгы — эң күчтүү сүйүүнүн далили

Жахабанын Күбөсү: Башындагы «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн» деген сөздөргө көңүл бурсаңыз. Кудайга өзүнүн Уулун биз үчүн өлүшү үчүн жерге жиберүүгө сүйүүсү түрткү берген. Ошондуктан куткаруу курмандыгы, чынында эле, эң күчтүү сүйүүнүн далили болуп эсептелет. Мына ошол себептен Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү үчүн чогулуп турушат. Сизге эми түшүнүктүү болду болуш керек, э?

Үй ээси: Ооба, түшүндүрүп бергениңизге рахмат.

Балким, кайсы бир суроонун жообун же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келип жүргөндүр. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.

^ абз. 5 Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын Исанын өлүмүн эскерүү үчүн чогулушат. Быйыл ал кече 3-апрелде, жума күнү, өткөрүлдү.

^ абз. 28 Кийинки макалада Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы күнөөдөн кантип куткарары, ошондой эле куткарылыш үчүн бизден эмне талап кылынары талкууланат.

^ абз. 32 Ыйык Китепте Кудай менен Иса экөө эки башка экени айтылат. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 4-бөлүмүн карагыла.