Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Мындай жакшылыкка татыктуу эмес болчумун

Мындай жакшылыкка татыктуу эмес болчумун

Мен анда 17 жашта элем. Башка өспүрүмдөрдүкүндөй эле, тынчсызданган нерселерим, тилек кылган кыялдарым бар болчу. Досторум менен жүргөндү, сууда сүзгөндү, футбол ойногонду аябай жакшы көрчүмүн. Бирок бир күнү жашоомдун баарын астын-үстүн кылган каргашалуу окуяга туш болдум: мотоцикл менен баратып кырсыкка учурап, мойнумдан ылдый шал болуп калдым. Бул окуя 30 жыл мурун болгон. Ошонун айынан көптөн бери төшөктө жатам.

Мен Испаниянын чыгыш жээгиндеги Аликанте деген шаарда чоңойгом. Ата-энем бар болсо да, жакшы тарбия көрбөгөндүктөн өспүрүм кезимде үй бетин көрбөй көчөдө эле жүрчүмүн. Үйүбүздүн жанында унаа оңдоочу жай бар болчу. Мен ошол жакта иштеген Хосе Мари менен дос болуп калдым. Ал аябай боорукер киши болчу жана мага, үйдөгүлөрдөн айырмаланып, жылуу-жумшак мамиле кылчу. Мен ошондой мамилеге абдан муктаж элем. Ал кыйналган учурларымда бир тууганымдай болуп дайыма жөлөп-таяп турчу. Жыйырма жаш улуу болсо да ал менин эң жакын досум болчу.

Кийинчерээк Хосе Мари Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти окуп-изилдей баштады. Ыйык Китеп ага аябай жаккандыктан, билгендерин мага да көп айтып берчү. Мен аны сыйлагандыктан эле угуп койчумун, бирок кызыкчу деле эмесмин. Анткени жаш болуп, оюмдун баары башка жакта болчу. Бирок баары бир заматта өзгөрдү.

КАРГАШАЛУУ КЫРСЫК

Ал күндү эстегим да келбейт. Айткым келген бир нерсе: ошондо такыр акылым жок экен. Ошонун айынан бир күндө эле жашоомду талкалап алдым. Бир заматта жалындаган жаш жигиттен майыпка айланып, ооруканадан чыккыс болуп калдым. Мага ошондой абалга моюн сунуу аябай кыйын болду. «Мындан ары жашап эмне кереги бар?» — деп ойлоно берчүмүн.

Ооруканада жатканымда Хосе Мари мени көргөнү келди. Ал мен тууралуу башка Жахабанын Күбөлөрүнө айткандыктан, алар да келе башташты. Алардын мамилеси ушунчалык жүрөгүмдү жылыткандыктан, реанимациядан чыгарым менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Ыйык Китептен адамдар эмне үчүн азап тартарын жана өлөрүн, Кудай эмне үчүн жамандыктын болушуна жол берерин билдим. Ошондой эле Кудайдын келечекке байланышкан убадасын, бүт жер жүзү жеткилең адамдарга толуп, бир да киши «ооруп жатам» дебей турган заман келерин, билдим (Ышая 33:24). Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу жакшылыктан үмүт пайда болду.

Ооруканадан чыккандан кийин Ыйык Китепти мурункудан да көбүрөөк изилдей баштадым. Майыптар коляскасына отуруп алып Жахабанын Күбөлөрүнүн айрым жыйналыштарына барып, алар менен бирге Ыйык Китептеги кабарды башкаларга да айтып жүрдүм. Ал эми 20 жашымда, 1988-жылы 5-ноябрда өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнаганымды билдирип, мен үчүн атайын ылайыкталып жасалган ваннадагы сууга чөмүлдүм. Жахаба мага кайгымды унутуп, кайрадан үмүт менен жашаганга жардам берди. Мен анын кылган жакшылыгына ыраазылык билдиргим келди.

МАЙЫПТЫККА БАГЫНБОО

Мен майыптыгымдын Жахаба Кудайга кызмат кылууга тоскоол болушуна жол бергим келчү эмес, ага кылган кызматымда көбүрөөк ийгиликтерге жетким келчү (1 Тиметей 4:15). Бирок, биринчиден, мага үй-бүлөмдүн Жахабанын Күбөсү болгонума каршы болгону кыйынчылык туудурду. Ошол учурда мага ишенимдештерим жөлөк-таяк болушту. Алардын жардамы менен бир да жолу жыйналыштан калган жокмун, ошондой эле Ыйык Китептеги жакшы кабарды таратуу ишине да жигердүү катышчумун.

Экинчиден, кийинчерээк абалым начарлап, 24 саат бою кам көрүүгө муктаж болуп калдым. Анан мага кам көрө ала турган жерди көпкө издеп, акыры Аликантеден 160 чакырым алыстыктагы Валенсия шаарындагы атайын майыптарды кароого арналган борборду таптым. Ал жер менин үйүм болуп калды.

Төшөктөн тура албасам да өзүм ишенген нерселерди башкалар менен бөлүшкүм келет

Бирок төшөктөн тура алгыс болуп калсам да эч нерсеге багынбай Кудайга кызмат кылууну уланта бергим келди. Майыптык боюнча жөлөк пулду жана башка акчамды чогултуп, компьютер сатып алып, керебетимдин жанына койдуртуп алдым. Андан сырткары, чөнтөк телефон сатып алдым. Мени карагандар күнүгө эртең менен компьютерим менен чөнтөк телефонумду күйгүзүп беришет. Компьютерди иштетиш үчүн жостик колдоном. Мен аны ээгим менен басам. Ошондой эле оозума тиштеп ала турган атайын таякчам бар. Анын жардамы менен клавиатурадагы тамгаларды басып, кат жазам же телефон чалам.

Таякчанын жардамы менен телефон чала алам

Заманбап техниканын мага учурда абдан пайдасы тийип жатат. Ошонун аркасында jw.org сайтына жана «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасына» кирүүгө мүмкүнчүлүгүм бар. Бул мага чоң жардам болууда. Анткени кээде бир күндө бир нече саат бою Ыйык Китепке негизделген адабияттарды изилдейм. Бул болсо Кудай жөнүндө жана анын эң сонун сапаттары жөнүндө көбүрөөк билишиме шарт түзүүдө. Жалгызсыраганда, көңүлүм чөккөндө да jw.org сайтына кирем. Ал жактан дайыма мени кайраттандырып, жан дүйнөмө күч-кубат бере турган маалымат табам.

Ошондой эле компьютер аркылуу жыйналышта айтылгандарды угуп, талкууга катышып, берилген суроолорго жооп берем. Андан сырткары, сөз сүйлөйм, «Күзөт мунарасы» журналын окуп берем жана жыйналыштын атынан Кудайдан тиленем. Ошондуктан жыйналышка бара албасам да, баргандай эле болом.

Компьютер менен телефонумдун болгону Ыйык Китептен билгендеримди башкалар менен бөлүшүп, кабар айтуу ишине толук кандуу катышууга да жардам берүүдө. Албетте, башка Жахабанын Күбөлөрүнө окшоп, үймө-үй кыдыра албайм, бирок башкалар менен колумда бар шаймандарды колдонуп байланыша алам. Мага, бөтөнчө, телефон менен сүйлөшкөн жаккандыктан, жыйналышта жетекчиликти колго алгандар менден телефон аркылуу кабар айтуу боюнча өнөктүктөрдү уюштурууну суранышкан. Андай өнөктүктөр үйүнөн чыга албаган ишенимдештериме өзгөчө жардам болду.

Ыйык Китепти изилдөө учурунда

Анткен менен жашоом техника менен эле чектелбейт. Мага күнүгө досторум келип турат. Алар Ыйык Китепке кызыккан туугандарын, тааныштарын ээрчите келишет жана алар менен талкуу жүргүзүүнү көбүнчө менден суранышат. Кээде болсо айрым ишенимдештерим үй-бүлөсү менен чогуу келип, үй-бүлөлүк сыйынуу кечин өткөрүшөт. Мен, айрыкча, кичинекей балдардын керебетимдин жанына отуруп алып Жахаба Кудайды эмне үчүн жакшы көрөрүн айтып бергенин укканды аябай жакшы көрөм.

Досторум менен үй-бүлөлүк сыйынуу учурунда

Мени көргөнү ушунча көп киши келип жатканына абдан сүйүнөм. Алыстан да, жакындан да досторум келип турат. Бул, албетте, мени карагандарды таң калтырбай койбойт. Ушундай боордоштуктун мүчөсү болууга мүмкүндүк бергенине Жахабага күн сайын ыраазычылык айтам.

ИШЕНИМ ЖОЛУНДАГЫ КҮРӨШ

Кимдир бирөө учурашып, ал-акыбалымды сураганда, дайыма: «Баягыдай эле күрөшүп коюп жүрөм!» — деп жооп берем. Албетте, азыркы учурда күрөшүп жаткан жалгыз мен эмесмин. Анткени, жагдай-шарты, кыйынчылыгы кандай болбосун, Исанын жолдоочуларынын баары «ишеним күрөшүн» жүргүзүүдө (1 Тиметей 6:12). Ушунча көп жылдан бери талыкпай күрөш жүргүзүүгө мага күнүгө Жахабадан тиленгеним, ошондой эле жашоомду маңыздуу кылганы үчүн ага болгон ыраазычылык сезимим жардам берет. Мындан тышкары, көңүлүмдүн баарын Кудайга кызмат кылууга топтоп, жаркын үмүтүмдөн көзүмдү албаганым кубат берип турат.

Хосе Мари

Мен келечектеги жаңы заман жөнүндө көп ойлоном, чуркап-секирип жүргөнүмдү элестетем. Кээде полиомиелиттин азабын тартып жүргөн досум Хосе Мариден тамашалап: «Кийин экөөбүз жарышсак, кимибиз биринчи келебиз деп ойлойсуң?» — деп сурап калам. Ал болсо: «Айырмасы кайсы?! Эң негизгиси, ошол Бейиш заманын көрүп, ошентип жарыша алсак болду да!» — деп калат.

Мага азыркыдай кейиштүү абалга моюн сунуу оңойго турган жок. Ушунун баары жаш кездеги акыл-эсимдин жоктугунун кесепети экенин билем. Ошондой болгонума карабай Жахабанын мага кол шилтеп койбогонуна канчалык ыраазы экенимди сөз менен айтып жеткире албайм. Ал мени көп нерсеге ээ кылды: азыр ишенимдештеримен турган чоң үй-бүлөм бар, жашоого болгон каалоом бар, башкаларга жардам бергендиктен жүрөгүмдө кубанычым, ошондой эле жаркын келечектен үмүтүм бар. Эгер Жахабага канчалык ыраазы экенимди бир сөз менен айта турган болсом, мындай жакшылыкка татыктуу эмес болчумун деп айтмакмын.