Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ДЕГЕН КИМДЕР?

Эмнеге ишенген нерселерибизди башкаларга айтабыз?

Эмнеге ишенген нерселерибизди башкаларга айтабыз?

Бизди башкалардан баарынан да үймө-үй кыдырып, көчөлөрдөн же дагы башка жерлерден Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды айтканыбыз айырмалап турат деп айтуу жаңылыштык болбос. Ушундай иш жүргүзгөнүбүздүн максаты кандай?

Биз Жахабанын Күбөлөрү катары Жахаба Кудайды даңазалап-даңктоону жана анын ысмын жар салууну көздөйбүз (Еврейлер 13:15). Ошондой эле Иса Машаяктын: «Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... Аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген буйругуна баш иебиз (Матай 28:19, 20).

Андан тышкары, башкаларга жакшылык каалайбыз (Матай 22:39). Албетте, адамдардын көбүнүн өзүнүн диний көз карашы бар экенин жана баары эле биз айткан нерселерге кызыга бербесин түшүнөбүз. Анткен менен Ыйык Китепте жазылгандар адамдын өмүрүн сактап каларын билгендиктен «Машаяк... жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай беребиз» (Элчилер 5:41, 42).

Антонио Кова Мадуро деген социолог «Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайдын ыйык сөздөрүн жердин булуң-бурчуна чейин жеткириш үчүн... өздөрүнүн жанын да эч аябай турганын» жазган («El Universal» гезити, Венесуэла).

Биздин адабияттардын окурмандарынын көбү Жахабанын Күбөлөрү эмес. Биз менен Ыйык Китепти изилдеген миллиондогон адамдар да башка диндин өкүлдөрү. Ошентсе да алар Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт.

Эгер дагы башка сурооңор болсо:

  • Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылгыла.

  • www.jw.org/ky сайтына кирип көргүлө.

  • Кирүү үчүн акча талап кылынбаган, каалагандардын баары бара алган жыйналыштарга барып көргүлө.