ӨМҮР БАЯН
Сулуулуктан ашкан байлык
Мен жөнөкөй эле өспүрүм кыз болчумун. Бирок 1984-жылы «Гонконгдун сулуусу» деген наамга ээ болуп, жылдызга айландым. Ошондон тартып сүрөттөрүм гезит-журналдардын бетине чыга баштаган. Мен ырдачумун, бийлечүмүн, эл алдына чыгып сүйлөчүмүн, телеберүүлөрдү алып барчумун, кийбегенди кийчүмүн, Гонконгдун губернатору сыяктуу белгилүү адамдарды коштоп жүрчүмүн.
Кийинки жылы киного тартыла баштап, бир нече жолу башкы ролдордо ойногом. Өмүр баянымды билгиси келген журналисттер, сүрөткө тартып алууну каалаган сүрөтчүлөр жанымды койчу эмес. Андан сырткары, ар кандай премьераларга, имараттардын ачылышына, түшкү, кечки сый тамакка көп чакырышчу. Мен дайыма эл көңүлүнүн борборунда жүрчүмүн.
Бирок бара-бара жылдыздардын жашоосу мен ойлогондой деле сонун эмес экенин түшүнө баштадым. Мен көбүнчө өмүрүмдү тобокелге салууга туура келген мушташ кинолорго тартылчумун. Гонконгдо трюктарды, Голливуддагыдай болуп, каскадёрлор эмес, актёрлор өздөрү аткаргандыктан, мотоцикл менен машиненин үстүнөн секирүү сыяктуу трюктарды өзүм аткарчумун. Тартылган кинолорумда адеп-ахлаксыздык, зордук-зомбулук көп болчу. Айрымдары жин-перилер жөнүндө эле.
1995-жылы режиссёрго турмушка чыктым. Менде мени бактылуу кыла тургандай бардык нерсе: сулуулук, байлык, сүйгөн жолдошум бар болсо да, бактысыз болчумун. Акыры, киного тартылбай эле коюуну чечтим.
БАЛА КЕЗИМ
Ошол учурларда бала чагымда эжем экөөбүздүн ар ишембиде Жахабанын Күбөлөрү болгон бир үй-бүлөнүкүнө барып жүргөнүбүз эсиме түштү. Ошол үйдүн атасы Жо Мак-Грат деген киши эжем экөөбүздү үч кызына кошуп алып Ыйык Китепти окутчу. Ал жубайына, балдарына жакшы мамиле кылчу. Алар аябай ынтымактуу үй-бүлө эле. Мен алар менен алардын жыйналышына барганды жакшы көрчүмүн. Кээде чоң жыйындарга да барчубуз. Ал бактылуу күндөр болчу. Алар менен жүргөндө эч нерседен кооптончу эмесмин.
Ал эми биздикинде баары тескерисинче болчу. Атам апамды көп азапка салчу, ошонун айынан апам катуу депрессия болгон. Мен ондорго чыгып калганда, апам Жахабанын Күбөлөрү менен байланышпай калган. Мен болсо жыйналышка бара
бердим, бирок мурункудай ынталуу болбой калгам. Ошого карабай 17 жашымда Жахабанын Күбөсү болууну чечтим. Бирок көп өтпөй бир жаман иш кылып, жыйналышка барбай калдым.КУДАЙДЫН ЖОЛУНА КАЙТЫШЫМ
Турмушка чыкканымдан көп өтпөй үйгө жергиликтүү жыйналышты жетектеген эки Жахабанын Күбөсү келди. Алар мага кантип кайрадан Кудайдын жолуна түшө аларымды түшүндүрүп беришти. Кийинчерээк Синди деген миссионер менен тааныштырышты. Ишенимим мурункудай болбой калгандыктан, мен Синдиден Ыйык Китептин чын эле Кудайдын Сөзү экенин далилдеп беришин сурандым. Ал мага Ыйык Китепте алдын ала айтылган окуялардын кантип аткарылганын түшүндүрүп берди. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз жакын болуп калдык, ал мага Ыйык Китептин негизги окууларын чогуу изилдеп көрүүнү сунуштады. Мен макул болдум. Ошондон кийин Жахаба сүйүүнүн Кудайы экенине жана менин бактылуу болушумду каалаарына чындап көзүм жетти.
Жыйналышка кайрадан бара баштаганымда Жахабанын Күбөлөрүнүн киноиндустриядагы адамдардан кыйла айырмаланарын байкадым. Бирок бала кездеги окуялардан улам эч кимге ишенбей калгам, өзүмдү да жаман көрчүмүн. Андай терс сезимдерден арылууга жыйналыштагы бир эже жардам берди. Ал Ыйык Китептен бир нече аят көрсөтүп берди. Ыйык Китепти окуунун аркасында башкалар менен достук мамиле өрчүткөндү да үйрөндүм.
СУЛУУЛУКТАН АШКАН БАЙЛЫК
1997-жылы күйөөм экөөбүз Голливудга (Калифорния, АКШ) көчүп кеттик. Мен ал жактан башкаларга Кудайдын Сөзү менен таанышууга мурдагыдан да көбүрөөк жардам бере баштадым. Ыйык Китепти изилдегеним мага актёрлук атагыма караганда алда канча көбүрөөк кубаныч, канааттануу тартуулачу. Мисалы, 2002-жылы Гонконгдогу эски таанышым Чериге жолугуп калдым. Экөөбүздүн турмушубуз көп жагынан окшош болчу. Ал да менден бир жыл мурун «Гонконгдун сулуусу» наамын алган. Сынактан жеңип алганымда, таажыны мага ошол кийгизген. Ошондой эле киного тартылып, кийинчерээк продюсер болуп, атагы чыккан режиссёрлор менен иштешкен. Анан, мага окшоп, Голливудга көчүп келген.
Черинин турмушка чыкканы жаткан кишиси жүрөгү кармап кайтыш болгонун билгенде аябай боорум ооруду. Ал өзү туткан буддизм дининен жубатарлык эч нерсе таппаптыр. Мендей болуп, ал да көптөр эңсеп келген жылдыздардын жашоосунун даамын татып көрсө да, бактысыз болчу жана эч кимге ишенбей калган. Мен ага Ыйык Китептен билгендеримди айтып бердим, бирок диний көз карашы башкача болгондуктан, ага ишенүү кыйын болду.
2003-жылы ал мага тасма тартып жүргөн жеринен, Ванкуверден (Канада), чалып калды. Аябай толкунданып алыптыр. Көрсө, ал шаардын чет жакасында машинесин айдап алып, жаратылышка суктанып баратып: «Кудай, айтчы мага, сен кимсиң? Сенин атың ким?» — деп, үнүн катуу чыгарып Кудайдан тилениптир. Анан так ошол маалда Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залынын (сыйынуу жайы) жанынан өтүп баратып Жахаба деген атты көрүп калыптыр. Ал аны Кудайдын жообу деп кабыл алгандыктан Жахабанын Күбөлөрүнө тезирээк жолуккусу келиптир. Мен дароо ошол жактагы Жахабанын Күбөлөрү менен байланыштым. Ошентип, бир нече
күндөн кийин Чери Ванкувердеги кытай тилиндеги жыйналышка барыптыр.Кийинчерээк ал: «Алар мага чын дилден көңүл бурушту. Мен аларга сезимдеримди ачык айта алам»,— деп айтты. Аны укканда аябай сүйүндүм, себеби киноиндустрияда жүргөндө анын бир да досу жок болчу. Ошондон тартып ал жыйналыштарга барып жүрдү. Бирок 2005-жылы ага Гонконгго кайтууга туура келди, анткени бир продюсер менен келишим түзүп, Кытайдан эки эпикалык кино тартмай болуптур. Бактыга жараша, 2006-жылы Гонконгдо болгон Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынында Чери жашоосун Жахаба Кудайга арнады. Ал Жахабага көбүрөөк кызмат кылгысы келчү, бирок жумушу көп убактысын алгандыктан, аябай жаман болуп жүрдү.
КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН КЫЗМАТ
2009-жылы Черинин жашоосу толугу менен өзгөрдү. Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну каалагандыктан ал киноиндустриядан кетүүнү чечти. Азыр анын жыйналышта достору көп. Ошондой эле убактысынын көбүн башкаларга Ыйык Китепте жазылган жакшы кабарды жеткирүүгө жана жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берүүгө арнап, көп кубаныч алууда (Матай 24:14).
Гонконгдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн непал тилинде сүйлөгөн жана сан жагынан өсүп жаткан тобуна жардам бериш үчүн Чери непал тилин үйрөнгөн. Айта кетчү нерсе, Гонконгдогу непалдыктарга, көбү англисче да, кытайча да жакшы сүйлөй албагандыктан жана салты айырмалангандыктан, жаман мамиле жасашат. Чери аларга Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүү кубаныч тартууларын айтчу. Бир жолу үймө-үй кыдырып жүрүп ал Иса Машаяк жөнүндө бир аз билген, ал эми чыныгы Кудай Жахаба жөнүндө эч нерсе билбеген бир непалдык аялды жолуктурган экен. Чери ага Исанын асмандагы Атасы Жахабадан тиленгенин Ыйык Китептен окуп бериптир. Ошондо ал чыныгы Кудайдан тиленсе болорун түшүнүп, Ыйык Китепке ишене баштаптыр. Бара-бара күйөөсү да, кызы да Ыйык Китеп окуй баштаган экен (Забур 83:18; Лука 22:41, 42).
Черини көрүп: «Мен деле көбүрөөк кызмат кылсам болот да»,— деп ойлондум. Ал учурда мен да Гонконгдо жашап жаткам. Башкаларга Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүүгө көбүрөөк убакыт арнаш үчүн жашоомду өзгөртүүнү чечтим. Мен адамдар менен сүйлөшүп, аларга Кудайдын Сөзүн түшүнүүгө жардам берүү мени чындап бактылуу кыларын түшүндүм.
Башкаларга Кудайдын Сөзүн түшүнүүгө жардам берүү мени чындап бактылуу кыларын түшүндүм
Мисалы, Ыйык Китепти изилдөөгө мен жардам берген бир вьетнам аял көп кайгырып, көп ыйлачу. Азыр болсо ал жашоого оң маанай менен карайт. Жыйналыштагылар менен болгон мамилеси да ага көп кубаныч тартуулайт.
Ошентип, мен да, Чери да сулуулуктан ашкан байлык таптык деп айта алам. Киноиндустриядагы жашоо кызыктуу болсо да, атак-даңк алып келсе да, башкаларга Жахаба Кудайды таанып-билүүгө жардам берүү көбүрөөк кубаныч тартуулайт, анткени атак-даңктын баары ага ыйгарылат. Биз Ыйык Китептеги: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздүн калетсиздигине өз жашообуздан ынандык (Элчилер 20:35).