ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
Башкаларга жардам бере аларыма ынанып жатам
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1981
-
ӨЛКӨСҮ: ГВАТЕМАЛА
-
МУРУН: БАЛАЛЫГЫ АЗАПТУУ ӨТКӨН
МУРУН.
Мен Гватемаланын батышындагы алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Акуль шаарында төрөлгөм. Ата-энем майя уруусунан чыккан ишил элинен болчу. Испан тилинен тышкары, кичинекейимен эле өзүбүздүн тилде да сүйлөчүмүн. Мен төрөлгөн жылдарда Гватемаладагы 36 жылга созулган жарандык согуш уланып жаткан. Ошол кезде ишил элинен көп киши набыт болгон.
Бир жолу 7 жаштагы агам граната менен ойноп жатканда, граната жарылып кетип, көзүм көрбөй калган, андан да жаманы, агам өмүрүнөн айрылган. Анда мен 4тө болчумун. Ошондон кийин мени Гватемаладагы азиз балдардын мектебине беришти. Ал жактан Брайл арибин үйрөндүм. Мугалимдер белгисиз себептен улам мага башка балдар менен сүйлөшкөнгө тыюу салып коюшкан, балдар да менден оолактап, жаныма жолочу эмес. Ошондуктан аябай жалгызсырачумун. Үйгө жылына эки эле айга барчумун. Мага мээримин төгүп, түшүнүү менен мамиле кылган апамды сагынып, анын жанында боло турган күндөрдү аябай зарыгып күтөр элем. Бирок 10 жашымда апамдын да көзү өтүп кетти. Мени чындап жакшы көргөн жалгыз адамымдан, апамдан, айрылганымда өлүмдүн уу тырмагы жүрөгүмө матырылып, мүңкүрөтүп басып калгандай эле болду.
11 жашымда туулуп-өскөн жериме кайтып барып, аталаш агамдыкында жашап калдым. Ал жактан тамак-аштан, кийим-кечеден өксүгөн жокмун, бирок ичимде эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши болчу эмес. Кээде: «Апам эмне үчүн өлүп калды? Эмнеге мен сокур болуп калдым?» — деп Кудайга зар какшап ыйлачумун. Мага бул Кудайдын буйругу менен болду деп айтышчу. Ошондон улам Кудай мерез, адилетсиз турбайбы деген жыйынтыкка келгем. Өмүрүмө кол салууну ойлогон күндөр да болгон, бирок колумда эч нерсем жок болгондуктан эле оюм ишке ашкан эмес.
Өзүмдү коргой албагандыктан, кара ниет адамдардын оңой олжосу болчумун. Бала кезимде бир нече жолу зордуктап кетишкен. Башкалардын мени менен иши жок деп ойлогондуктан ал тууралуу бир да кишиге айткан эмесмин. Мени менен сүйлөшкөн адамдар чанда эле болчу. Жашоого тоюп, түнт болуп кеткем, эч кимге ишенбей калгам.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.
Өспүрүм кезимде танапис учурунда мага эки Жахабанын Күбөсү келди. Бир мугалим мага боор ооругандыктан алардан келип кетишин сураныптыр. Алар Ыйык Китептен өлгөндөрдүн тирилери, сокурлардын көрөрү жөнүндө окуп беришти (Ышая 35:5; Жакан 5:28, 29). Бул мага аябай жакты, бирок өзүм менен өзүм болуп көнүп калгандыктан ал жубайлар менен жакшы сүйлөшө алган жокмун. Ошентсе да мага чыдамдуулук менен жылуу мамиле кылып, дайыма келип турушту. Алар Ыйык Китепте жазылгандарды үйрөтүү үчүн тоону ашып, 10 километрдей жолду басып келишчү.
Агам алардын жарашыктуу кийинген, бирок карапайым эле кишилер экенин айтты. Колунда бар болбосо да, алар мага чакан белектерди берип, чындап көңүл бурушчу. Ошондон улам чыныгы Кудайдын кызматчылары гана ушундай жан аябас болоруна көзүм жетти.
Мен Ыйык Китепти Брайл арибиндеги адабияттардын жардамы менен изилдечүмүн. Окугандарымды жакшы эле түшүнсөм да, айрым нерселерге ишенүү оңой болгон жок. Мисалы, Кудайдын жеке мага кам көрөрүнө жана башкалардын да ага окшоп мага кам көрөрүнө ынануу кыйын болду. Жахабанын жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканын түшүнчүмүн, бирок аны мээримдүү Атадай көрүү кыйынга турду *.
Ыйык Жазмадан билгендерим көз карашымды өзгөртө баштады. Мисалы, Кудайдын кыйналгандарга кайдыгер карабасын түшүндүм. Ыйык Китепте анын кордолуп, эзилген кызматчыларынын «тарткан азабын көрүп» турары, «алардын канчалык азап чегип жатканын билери» айтылат (Чыгуу 3:7). Жахабанын өз элине карата назик сезимдерди туярын билгенде өмүрүмдү ага арнагым келди. Ошентип, 1998-жылы Жахабанын Күбөсү болдум.
Ошондон 1 жылдай өткөндөн кийин Эскуинтла шаарына жакын жердеги азиздердин мектебине бара баштадым. Жыйналышымдагы бир аксакал өзүм жашаган жерден жыйналышка баруу оор болуп жатканын билип, жардам берди. Мен жакка эң эле жакын жыйналыш тоонун аркы бетинде, мени менен изилдеген жубайлар жашаган жерде, болчу. Андыктан ал аксакал, жолугушууларга бара алышым үчүн, Эскуинтлада жашаган бир үй-бүлө менен сүйлөшүп, алардыкында жашашыма кам көрдү. Алар мени жылуу тосуп алды. Ушул күнгө чейин ал үй-бүлө мага өз баласындай кам көрүп келет.
Ишенимдештерим мага көп жакшылык кылды. Алардын жакшылыктарын көрүп Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын арасында жүргөнүмө ого бетер ынанам (Жакан 13:34, 35).
ПАЙДАСЫ.
Азыр өзүмдү эч нерсеге жараксыз, үмүтсүз абалда калгандай сезбейм. Жашоом маңыздуу өтүп жатат. Жахабанын Күбөлөрүнүн билим берүү ишине катышып, толук убакыт кызмат кылгандыктан кыйынчылыктарга эмес, башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты үйрөтүүгө көңүл топтогонго аракет кылам. Андан тышкары, жыйналышта аксакал катары кызмат кылам жана Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды окуп турам. Бул — мен үчүн чоң сыймык. Миңдегендер чогулган региондук жыйындарда да баяндама айтып турам.
2010-жылы Эль-Сальвадордо өткөрүлгөн Кызматка окутуу мектебин (азыр «Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп» деп аталат) бүтүрдүм. Мектептен жыйналыштагы жоопкерчиликтеримди мыкты аткарганга үйрөндүм. Башкаларга абдан керек экенимди жана өзүнүн ишин аткарууга кимди болбосун жөндөмдүү кылган Жахаба Кудайдын мени сүйөрүн да түшүндүм.
Иса Машаяк: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айткан (Элчилер 20:35). Бүгүнкү күндө мен чын эле бактылуумун. Мурда өзүмдү эч нерсеге жараксыз сезчүмүн, азыр башкаларга жардам бере аларыма ынанып жатам.
^ 13-абз. Кудайдын жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 11-бөлүмүн карагыла.