Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Ирод Иерусалимдеги ибадаткананы кеңейтиш үчүн кандай иштерди жүргүзгөн?

Сулайман пайгамбар Иерусалимдеги ибадаткананы дөңгө курган жана айланасы тектир кылып тегиздеш үчүн чыгыш жана батыш тарабына тирөөч дубалдарды тургузган. Ал эми Ирод ибадаткананы көрктүүрөөк кылгысы келип, аны өзгөртүүгө жана кеңейтүүгө киришкен.

Тектирлерди кеңейтиш үчүн Ироддун инженерлери ибадаткананын короосунун түндүк жагын кеңейтишкен. Түштүк жагы 32 мге кеңейтилген. Ал үчүн таштан арка сымал курулуштар жана калың тирөөч дубал курулган. Анын айрым жерлеринин бийиктиги 50 мге жеткен.

Ирод кеңейтүү иштерин жүйүттөрдүн салтын бузбагыдай, дин кызматчылардын кызматына жана курмандыктардын чалынышына тоскоол болбогудай кылып жүргүзүүгө аракет кылган. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин айтымында, Ирод, ыйык жайга кирүүгө укугу жок куруучулар ал жакка кирбеши үчүн, ал тургай жүйүт дин кызматчыларын ташчылыкка жана жыгач устачылыкка үйрөткөн.

Бирок Ирод долбоорунун аягына чыкпай калган. Б.з. 30-жылдарында кеңейтүү ишинин жүрүп жатканына 46 жыл болгон (Жакан 2:20). Курулушту б.з. 1-кылымынын орто ченинде чөбөрөсү Агриппа II аягына чыгарган.

Мальталыктар эмнеге элчи Пабылды киши өлтүргүч деп ойлошкон?

Адилетсиздиктин аял кудайын уруп жаткан адилеттүүлүктүн аял кудайы (солдо)

Айрым мальталыктарга гректердин дини таасир эткен көрүнөт. Муну Мальтанын жанында кеме кырсыгына учурагандан кийин Пабыл менен болгон окуядан билүүгө болот. Кырсыкка учурагандар жылынышы үчүн мальталыктар от жаккан. Пабыл чырпык терип келип, отко салганда, колуна жылан оролуп калган. Муну көргөн мальталыктар: «Бул, чын эле, киши өлтүргүч экен. Ошондуктан деңизден аман калганы менен, адилет жазадан качып кутула алган жок»,— дешкен (Элчилер 28:4).

Бул аяттагы «адилет» деген сөз грекче дике болот. Бул сөз адилеттүүлүккө карата каймана мааниде колдонулушу мүмкүн. Бирок грек мифологиясында адилеттүүлүктүн аял кудайынын аты Дике болгон. Ал адилетсиз иштери билинбей калгандар жазаланышы үчүн аларды Зевске айтып турган. Ошондуктан, бир булакка ылайык, мальталыктар Пабылды кырсыктан аман калса да, Дике жылан жиберип, аны жазалап жатат деп ойлошкон көрүнөт. Бирок анын эч зыян тартпаганын көрүшкөндө оюн өзгөртүшкөн.