Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТИЛЕНҮҮНҮН ПАЙДАСЫ БАРБЫ?

Эмне үчүн тиленишет?

Эмне үчүн тиленишет?

«Мен кумарпоз болчумун. Ошондуктан Кудайдан утуп алсам экен деп тиленчүмүн, бирок ошол тилегим бир да жолу аткарылган жок» (Сэмюел *, Кения).

«Мектептен жаттап алган тиленүүлөрүбүздү кайталата берчү» (Тереза, Филиппин).

«Мен кыйынчылыктар болгондо тиленем, ошондой эле Кудайдан күнөөлөрүмдү кечиришин, Исанын чыныгы жолдоочусу болууга жардам беришин суранам» (Магдалина, Гана).

Сэмюел, Тереза жана Магдалинанын айткандары адамдар Кудайга ар түрдүү себептен улам, айрымдар олуттуу нерселерди, башкалары анча олуттуу эмес нерселерди айтып кайрыларын айгинелөөдө. Кээси чын жүрөктөн тиленсе, кээси дит коюп тиленбейт. Анткен менен мектептеги сынактан өтүп кетишин тилейби, жакшы көргөн командасынын жеңишин тилейби, үй-бүлөсүнүн ынтымагынбы же дагы башкасынбы, кандай болбосун, миллиондогондор Кудайдын жардамына муктаж экенин сезишет. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, жадагалса динге ишенбегендердин арасында да дайыма тиленгендер бар.

Силер да тиленесиңерби? Тиленсеңер, эмнени айтып тиленесиңер? Көппү же азбы, тиленгенде: «Мунун пайдасы барбы? Тилегимди уккан бирөө барбы?» — деп ойлошуңар мүмкүн. Бир жазуучу тиленүүнүн тек гана «терапиянын бир түрү» экенин жазган. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын айрымдары да тиленүүнү дарынын бир түрү деп коюшат. Анда тиленгендер адат болуп калган үчүн эле тиленишеби же жан дүйнөсүн тынчтандырыш үчүн элеби?

Бирок тиленүү жөн эле жан дүйнөнү тынчтандыруу эмес. Ыйык Китепте, эгер туура жол менен жана туура нерсени тилесек, тилегибиз кабыл болору жазылган. Келгиле, мунун далилдерин карап көрөлү.

^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.