Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эки жүздүүлүк жок болобу?

Эки жүздүүлүк жок болобу?

ПАНАЁТА Жер Ортолук деңиздеги аралдардын биринде чоңоюп-өскөн. Ал өспүрүм кезинен эле саясатка аябай кызыгып, кийинчерээк айылындагы бир саясий партияда катчылык ишти аткарган. Панаёта үйлөрдү кыдырып, партиянын фонду үчүн акча чогултчу. Бирок убакыттын өтүшү менен саясаттан көңүлү калган. Буга партиялаштарынын арасындагы атак-даңк сүйүүчүлүк, пикир келишпестиктер, тууганчылык жана көрө албастык себеп болгон.

Ирландиялык Даниел динге катуу ишенген үй-бүлөдө чоңойгон. Бирок ал дин кызматчылардын «күнөө кылсаң, тозокко түшөсүң» деп коюп, өздөрүнүн мас болгончо ичкенин, кумар оюндарын ойногонун жана эл тартуу кылган акчадан уурдашканын көп көргөн.

Жефри көп жыл бою Улуу Британия менен Кошмо Штаттардын эл аралык кеме компаниясынын маркетинг бөлүмүндө иштеген. Ал кардарлардын да, атаандаш компаниялардын да бийликтегилер менен алып-сатууга байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда алдамчылыкка барганына, келишим түзүш үчүн эки жүздүүлөнүп, эмнени болсо да айтууга даяр экенине далай жолу күбө болгон.

Өкүнүчтүүсү, мындай нерселер жашоодо көп кездешет. Азыркы тапта эки жүздүүлүк жашоонун бардык тармактарында: саясатта, динде, коммерция жаатында кеңири жайылган. Кызыктуусу, грек тилиндеги «эки жүздүү» деген сөз улам бир беткап кийип, сахнага чыккан актёрду билдирет. Кийинчерээк бул сөз кимдир бирөөнү алдаш үчүн же жеке максатына жетиш үчүн «оюн койгон» кишини билдирип калган.

Кимдир бирөөнүн эки жүздүүлүгүнүн азабын тарткандар ачууланып, катуу нааразы болуп: «Эки жүздүүлүк болбой турган заман болобу?» — деп бушайман болушу мүмкүн. Бактыга жараша, Кудай бизди ошондой замандын келерине ынандырууда.

КУДАЙДЫН ЖАНА ИСАНЫН КӨЗ КАРАШЫ

Ыйык Китепке ылайык, эки жүздүүлүк адамдардан эмес, көзгө көрүнбөгөн рухтардан башат алган. Адамзат тарыхынын башталышында Шайтан жыланды беткап катары колдонуп, Обо энени анын жыргалчылыгын көздөмүш болуп алдап койгон (Башталыш 3:1—5). Ошондон тартып көп адамдар өздөрүн башка адам кылып көрсөтүп келишет. Алар муну башкаларды алдаш үчүн же жеке максаттарына жетиш үчүн кылышат.

Байыркы убакта ысрайыл эли жалган кудайларга сыйынып, чыныгы Кудайдын алдында эки жүздүүлүк кылышканда, Кудай анын кесепети кандай болорун кайра-кайра эскерткен. Ал Ышая пайгамбар аркылуу: «Бул эл мага ооз учунан гана жакындап, мени оозу менен гана даңктайт; жүрөктөрү болсо менден алыс»,— деп айттырган (Ышая 29:13). Бирок алар жаман жолунан кайтпай коюшкан. Ошондо Кудай ысрайыл элинин диний борборун — Иерусалим шаарын жана андагы ибадатканы б.з.ч. 607-жылы бабылдыктардын, ал эми б.з. 70-жылы римдиктердин басып алышына жол берип койгон. Ооба, Кудай эки жүздүүлүктүн болушуна түбөлүккө жол бере бербейт.

Кудай жана анын Уулу Иса Машаяк чынчыл жана ичинде кири жок адамдарды абдан баалайт. Мисалы, бир жолу ал аны көздөй келаткан Натанаел деген кишини көргөндө: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул»,— деген (Жакан 1:47). Натанаел кийинчерээк Иса Машаяктын 12 элчисинин бири болуп калган (Лука 6:13—16).

Иса Машаяк шакирттери менен көп убакыт өткөрүп, аларды бардык нерсеге Кудайдыкындай көз карашта болууга үйрөткөн. Андыктан алардын арасында эки жүздүүлүк болбошу керек эле. Ошондой эле ал диний жетекчилерди эки жүздүүлүгү үчүн катуу айыптаган. Бул анын шакирттерине жакшы эскертүү болгон. Келгиле, ошол учурдагы дин кызматчылар кандай болгонун карап көрөлү.

Элге көрүнүш үчүн адилсинишкен. Иса Машаяк элди: «Башкаларга көрүнүш үчүн эле адил болуудан сак болгула... Эки жүздүүлөрдөй болбогула»,— деп окуткан. Ошондой эле кайыр-садаганы башкаларга көрсөтпөй берүүнү жана Кудайга кайрылганда да элдин көзүнчө эмес, өзүнчө кайрылып тилениши керектигин айткан. Ошондо алардын сыйынуусу Кудайга жакмак (Матай 6:1—6).

Башкаларды сындаганга жакын болушкан. Иса Машаяк: «Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салыш керектигин көрөсүң»,— деген (Матай 7:5). Өз кемчилигин эске албай, башкалардыкына көңүл топтой берген киши өзүн чынында кандай болсо, ошондой кылып көрсөтпөй, башка адам кылып көрсөтөт. Себеби күнөө кетирбеген бир да жан жок, баары «Кудайдын даңкынан айрылып калышкан» (Римдиктер 3:23).

Ниети таза эмес болгон. Бир жолу фарисейлердин шакирттери жана Ироддун жактоочулары Иса Машаякка салык тууралуу суроо беришкен. Алар сөзүн: «Устат, сенин дайыма чындыкты сүйлөөрүңдү жана Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз»,— деп башташкан. Анан аны сөзгө жыкмакчы болуп: «Падышага киши башына төлөнчү салыкты төлөө туурабы же туура эмеспи?» — деп сурашкан. Иса пайгамбар алардын арам оюн билип: «Мени эмнеге сынап жатасыңар, эки жүздүүлөр?» — деген. Ал «эки жүздүүлөр» деп таамай айткан, себеби алар суроосун чын ниеттен эмес, «сөзүнөн кармаш» үчүн берген (Матай 22:15—22).

Иса Машаяктын чыныгы жолдоочулары «чын жүрөктөн, таза абийирден жана эки жүздүүлүгү жок ишенимдин негизинде сүйүү көрсөтүшөт» (1 ТИМЕТЕЙ 1:5).

Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделген. Алардын арасында чындык жана чынчылдык өркүндөп-өскөн. Алар эки жүздүүлүккө болгон жакындыгынан арылууга бүт күчүн жумшашкан. Мисалы, Иса Машаяктын 12 элчисинин бири Петир ишенимдештерине: «Чындыкка баш ийгендиктен... чыныгы бир туугандык сүйүүгө ээ болдуңар» — деп, сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүүгө үндөгөн (1 Петир 1:22). Элчи Пабыл да ишенимдештерин «чын жүрөктөн, таза абийирден жана эки жүздүүлүгү жок ишенимдин негизинде сүйүү көрсөтүүгө» үндөгөн (1 Тиметей 1:5).

КУДАЙДЫН СӨЗҮНҮН КҮЧҮ

Иса Машаяк менен элчилери окуткан жана Ыйык Китепте жазылган окуулар 1-кылымда кандай күчкө ээ болсо, азыр деле ошондой күчкө ээ. Буга байланыштуу элчи Пабыл: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч. Ал ичибизге терең кирип, жан менен рухту ажыратып, муундар менен сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат»,— деп жазган (Еврейлер 4:12). Ыйык Китептеги окууларды билип, аларга ылайык жашаганга аракет кылуунун аркасында көптөр эки жүздүүлүк сыяктуу жаман сапаттан арылып, чынчылдыкка үйрөнүшкөн. Келгиле, башында айтылган үч кишинин мисалына кайрылалы.

«Алардын чындап бири-биринин кызыкчылыгын ойлогонун, бири-бирине чындап жакшы мамиле кылганын көрүп аябай таасирленгем» (ПАНАЁТА).

Панаётанын жашоосу Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залындагы жыйналышына баргандан тартып түп тамыры менен өзгөргөн. Ал ал жакта эч ким башкаларды таасирлентүүгө умтулбай турганын жана бардыгын чын жүрөктөн кыларын байкаган. Ал: «Алардын бири-биринин кызыкчылыгын чындап ойлогонун, бири-бирине чындап жакшы мамиле кылганын көрүп аябай таасирленгем. Саясатка аралашып жүргөндө мындай мамилени көргөн эмесмин»,— дейт.

Ошентип, Панаёта Ыйык Китепти изилдей баштаган. Кийинчерээк ал Жахабанын Күбөсү болгон. Андан бери 30 жыл өттү. Азыр ал мындай дейт: «Менин жашоом үйдөн үйгө кыдырып, өзүм мүчө болгон саясий партиянын үгүт ишин жүргүзүп жүргөндө эмес, элге Кудайдын Падышалыгы — адилеттүүлүк өкүм сүргөн заманды алып келе турган жалгыз өкмөт — жөнүндөгү кабарды айта баштаганымда чындап маңыздуу боло баштады»,— дейт.

«Ишенимдештеримдин алдында эки жүздүүлөнгүм келген жок» (ДАНИЕЛ).

Даниел да Жахаба Кудайга кызмат кылууда ийгиликтерди жасаган жана жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгон. Бирок ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин бир нерсени туура эмес кылып алып, абийири кыйнай баштаган. Ал мындай дейт: «Мурун чиркөөдөгү дин кызматчылардын эки жүздүүлүгүн көп көргөндүктөн, алардай болгум келген жок. Ошондуктан жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтеримди өткөрүп берүүнү чечтим. Ишенимдештеримдин алдында эки жүздүүлөнгүм келген жок».

Убакыттын өтүшү менен Даниел кайрадан сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалай баштаган. Аныкындай чынчылдык — Кудайга чын ыкластан кызмат кылгандардын баарына мүнөздүү нерсе. Алар, мындайча айтканда, бирөөнүн «башындагы чөптү» көрүүдөн мурун, өздөрүнүн «башындагы төөнү» көрүүгө аракет кылышат.

«Иши кылып эле келишим түзүш үчүн башкаларды алдап, калп сүйлөбөшүм керектигин түшүнө баштадым... Абийирим ойгонду» (ЖЕФРИ).

Ал эми көп жыл бою бизнес чөйрөсүндө жүргөн Жефри мындай дейт: «Ыйык Китепти окуп, көбүрөөк билим алган сайын иши кылып эле келишим түзүш үчүн башкаларды алдап, калп сүйлөбөшүм керектигин түшүнө баштадым. Накыл сөздөр 11:1деги: „Так эмес тараза Жахаба үчүн жийиркеничтүү“,— деген сөздөрдү окуганда абийирим ойгонду». Иса Машаякка салык тууралуу суроо берген анткор кишилерден айырмаланып, Жефри ишенимдештери менен болобу, башкалар менен болобу, иш жүргүзгөндө дайыма чынчыл болууга жана бардык нерсени таза ниет менен кылууга үйрөнгөн.

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептен окуп-билгендерин иш жүзүндө колдонгонго аракет кылышат. Алар «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүүгө» бүт күчүн жумшоодо (Эфестиктер 4:24). Биз силерди Жахабанын Күбөлөрү жана алар эмнеге ишенери жөнүндө маалымат алууга чакырабыз. Алардан Жахаба Кудайдын жаңы заманды орнотууну убада кылганын биле аласыңар. Ал заманда жер бетинде «адилдик өкүм сүрөт» жана эки жүздүүлүк болбойт (2 Петир 3:13).