Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТӨРТ ЧАБАНДЕС ЖӨНҮНДӨГҮ АЯН

Чаап чыккан төрт чабандес

Чаап чыккан төрт чабандес

Алкынган аттарды минген төрт чабандес чаап жөнөдү! Шамал менен тең жарышкан ал аттардын дүбүртүнөн кулак тунат. Бул окуя ушунчалык элестүү сүрөттөлгөндүктөн, алар Ыйык Китептин барактарынан чаап чыга келчүдөй сезилет. Биринчи чыккан ак боз аттын үстүндөгү чабандес — жаңы эле таажы кийген даңктуу падыша. Андан кийин жалбырттап күйгөн отко окшогон кызыл атты жер бетине бүлгүн түшүрө турган чабандес минип чыкты. Куйрук улаш колуна тараза кармап алган, караңгы түндөй капкара ат минген чабандес чаап жөнөдү. Ал ачарчылык болот деген суук кабарды жар салып келатат. Акырында оору менен балээлердин жышааны болгон Өлүм боз ат минип чаап чыкты! Тирүүлөрдү жеп-жуткан көр анын артынан калбай келатат (Аян 6:1—8).

«Төрт атчан жөнүндө биринчи жолу окуганда Сот күнү келип калгандай сезилип, коркуп кеткем. Ал күнгө даяр эмес болчумун, аман калбайм го деп ойлогом» (Кристел).

«Ар кандай өңдөгү аттарды минген төрт чабандес эмнени билдирет болду экен деп аябай кызыккам. Ал аяндын маанисин билгенден кийин баарын түшүндүм» (Эд).

Силер да акыры замандын жышааны болгон төрт атчан жөнүндө окуганда селт дей түшкөн чыгарсыңар. Же бүйүрүңөр кызып, ал жөнүндө билгиңер келгендир. Кандай болбосун, төрт атчандын жерди солкулдата чаап чыкканы жөнүндөгү аян Ыйык Китептин акыркы китебинде — Аян китебинде — жазылган. Анын маанисин түшүнгөнүңөр силерге да пайдалуу болору шексиз. Кудай пайгамбарлык сөздөр камтылган Аян китебин окуп, ой жүгүрткөндөр жана ошого ылайык жашагандар чындап бактылуу болорун айткан (Аян 1:1—3).

Төрт атчан тууралуу аян айрымдарды сестентери чын. Бирок ал үрөйдү учуруу максатында жазылган эмес. Ал аян миллиондогон адамдардын Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, жаркын келечекке үмүттөнүүгө негиз берүүдө. Силерге да ушундай таасир эте алат. Кандайча? Бул жөнүндө кийинки макаладан окуп көргүлө.