Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелерге

Ата-энелерге

Ата-энелер, кайсы белек балдарыңар үчүн эң сонун белек болот деп ойлойсуңар? Эгер балдарыңарга мээримиңерди төгүп, жакшы көрсөңөр, акыл-насаат айтсаңар жана аларды коргосоңор, алар өздөрүн бактылуу сезишет. Бирок балдарыңарга бере ала турган баарынан да баалуу бир белек бар. Ал — Жахаба Кудай жөнүндөгү билим жана Ыйык Китепте камтылган акылмандык (Жакан 17:3). Андай билим балдарыңарга кичинекей кезинен эле Жахабаны жакшы көрүүгө, ага чын жүрөктөн кызмат кылууга жардам берет (Матай 21:16).

Көптөгөн ата-энелер кичинекей балдардын кыска, кызыктуу тапшырмаларга көбүрөөк кызыгарын байкашкан. Андыктан «Бөбөктайдын сабагы» деген бул китепченин силерге чоң жардам болоруна шектенбейбиз. Ар бир бөлүм балдарды жөнөкөй тил менен окутуп-үйрөтүүгө оңой болгудай түзүлдү. Ал эми сүрөттөр менен сөздөр үч жашка чейинки балдарга ылайыкташтырылды. Ошондой эле тапшырмалар да берилди. Бул китепчени оюнчук катары эмес, балдарыңар менен чогуу окуп, пикирлешүү үчүн колдонгула.

«Бөбөктайдын сабагы» деген китепченин балдарыңарга «ымыркай кезинен» эле Кудай жөнүндө билим берүүгө жардам берген жакшы курал болуп берерине ишенебиз (2 Тиметей 3:14, 15).

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши