Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Индонезия

Индонезия

БУЛ китепте төңкөрүшкө, диний кастыкка, диний жетекчилердин тукуругу менен салынган, 25 жылга созулган тыюуга карабай чындык жолунда бекем турган Кудайдын кызматчыларынын жүрөк толкутарлык окуялары баяндалат. Ошондой эле коммунисттер өлтүрүүнү көздөгөн адамдардын аты-жөнү жазылган тизмеге кирип калган бир тууган жана мурда кылмыштуу топтун башчысы болуп, кийин Жахабанын Күбөсү болгон киши жөнүндө айтылат. Ынак курбулардан болгон жана эже-сиңди экенин кийин билген кулагы укпаган эки кыз жөнүндө да жазылат. Андан тышкары, басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон өлкөдө Жахабанын элинин жакшы кабарды ийгиликтүү жарыялаганын да билесиңер.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

Кыскача маалымат

Дүйнөдөгү эң чоң архипелагдын эли, жери жана маданияты тууралуу кыскача маалымат алгыла.

Татымал аралы

16-кылымда Индонезия татымалдары экономикага чоң таасир эткен.

Ушул жерден баштасам окшойт

Австралиядан келген эр жүрөк китеп таратуучулар (пионерлер) кабар айтуу ишине чыйыр салууда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңишкен.

Алгачкы ыкмалар

Радиоберүү жана кеме жайларда кабар айтуу Индонезияда чындыктын таралышына каршы болгондордун каарын кайнаткан.

Бибелкриң

Бул топту Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын окуп чыккан адамдар негиздеген. Бирок Кудайдын уюму менен байланышы жок болгондуктан, көп өтпөй ал топтогулар адамдык көз карашка жетектеле башташкан.

Ал рухий кенчти баалаган

Зио Сең Бинин көзүнчө үйүн тоноп кеткен жаалданган топ ал үчүн баарынан баалуу болгон нерсесин калтырып кеткен.

Батыш Явада кабар айтуу ишинин жемиш бериши

Адабияттарга тыюу салынганда, бир туугандар жакшы кабарды таратуу үчүн тапкычтык кылышкан.

Жапондор салган оор моюнтурук

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары инсан күбөлүгүн жапон бийлигине берилгендик сактоого ант бербей эле алуунун жолун табышкан.

Эр жүрөк пионер

Андрэ Елиас аны суракка алып, коркутуп-үркүтүшкөнүнө карабай, берилгендигин сактап, 60 жылдай ынталуу кызмат кылган.

Миссионерлердин келиши

Гилат мектебинен билим алган миссионерлер келгенден кийин, өлкөдө кабар айтуу иши тездик менен илгерилеген.

Жакшы кабардын чыгышка жайылышы

Диний жетекчилердин бөгөт коюуга кылган аракети оңунан чыкканбы?

Көп миссионерлердин барышы

1970-жылдардын орто ченинде кабар айтуу ишин токтотуу үчүн көрсөтүлгөн каршылык күч алган.

Сааранын кызы

Тити Кютин күйөөсүнө толук баш ийген жана бул үчүн Кудайдын батасын алган.

Эсте каларлык жыйын

1963-жылдагы «Түбөлүк жакшы кабар» деген эл аралык жыйындын өтүшүнө эч нерсе тоскоол боло алган эмес.

Көтөрүлүштө аман калгам

Роналд Жакэнин сөөгүн коюуга көр казып коюшкан.

50 жыл атайын пионер болдум

1964-жылы Батыш Папуада бир протестант диний кызматкер: «Манокваридеги Жахабанын Күбөлөрүнүн көзүн тазалайм!» — деген. Ал айткандай болгонбу?

Үлгүлүү жаранга айланган кылмыштуу топтун башчысы

Чалгын кызматынын деректири бир Жахабанын Күбөсүнөн: «Жахабанын Күбөлөрү Индонезияда чынында эмне кылып жүрүшөт?» — деп сураган.

Алга кадам шилтөөгө чечкиндүү болушкан

Эмне үчүн башкалар: «Жахабанын Күбөлөрү мыкка окшош. Аларды канчалык каксаң, ошончолук терең киришет»,— деп айтышкан?

Алар жолугушууларды калтырышкан эмес

Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине уруксат берилгенде, бир бийлик өкүлү: «Силер дин тутуу эркиндигине бул документтин аркасында ээ болуп жаткан жоксуңар»,— деп айткан.

Табигый кырсык учурунда көрсөтүлгөн күчтүү сүйүү

Индонезиянын Гунунгситоли шаарында жер титирөө болгондо, Жахабанын Күбөлөрү жабыр тарткандарга жардам берүүгө дароо киришкен.

Биз ишенимибизден эч качан баш тартпайбыз!

Даниел Локолло түрмөдөн кандай азап тартканын айтып берет.

Баш ийгендиктен аман калдык!

Мусулмандар менен христиандардын ортосунда болгон диний кагылышууда Жахабанын Күбөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч туулган.

Иштин кызый башташы

Ишибизге уруксат берилгенден кийин, бир туугандар үч нерседен пайда алышкан.

Жахабанын ысмын жарыялоо — сыймык

Жахабанын Күбөлөрү кайраттуу болууга тоскоол кылган адаттардан жана маданияттын таасиринен кантип арылган?

Асмандагы филиал

Кабар айтыла элек аймактарды издегендер, акыры, ошондой аймакты табышкан.

Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!

Индонезиядагы Тугала айылына жаңы Падышалык залы курулуп, ал жергедеги бир туугандарга Жахаба батасын берген.

Акыры табыштык!

Индонезиядагы кулагы укпаган эже-сиңдинин бирин башкалар багып алгандыктан, экөө бөлөк өсүп калган, бирок Кудай аларды табыштырган.