Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Акыры табыштык!

Айтып берген: Линда менен Салли Оң

Акыры табыштык!

Линда: 12 жашымда апам сиңдим бар экенин, аны бирөөлөр багып алганын айткан. Мен: «Ал да мендей болуп кулагы укпайт болду бекен?» — деп ойлоно берчүмүн. Бирок чоңойгуча ал жөнүндө эч нерсе билген жокмун.

Салли: Бакма кыз экенимди такыр билчү эмесмин. Өгөй апам катуу сабап, кулундай мамиле кылчу. Кулагымдын укпаганына ансыз да чүнчүп жүргөндүктөн, андай мээримсиз мамиледен улам таптакыр эле жалгызсырап, өзүмдү бактысыз сезип чоңойдум. Кийин Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, Ыйык Китепти изилдей баштадым. Өгөй апам муну билип калганда кур менен сабап, эшиктин бекиткичин алмаштырып, үйгө камап салды. 20га чыкканымда үйдөн качып кеттим. Мени Жахабанын Күбөлөрү үйүнө киргизип алышты. Ошентип, 2012-жылдын башында чөмүлдүм.

Линда: 20 жашымда Ыйык Китепти изилдей баштадым. Кийин Жакартада өткөн, жаңдоо тилине которулган облустук жыйынга бардым. Ал жактан кулагы укпаган көптөгөн адамдарга, анын ичинде Түндүк Суматрадан болгон Салли деген кызга кезиктим. Аны көргөндө эле эмнегедир ичим жылып, кандайдыр бир ынактыкты сездим.

Салли: Линда экөөбүз жакшы курбулардан болуп кеттик. Экөөбүз окшошуп кетет экенбиз деп ойлоп койгом, бирок көп деле маани берген эмесмин.

Линда: 2012-жылы августта, чөмүлөрүмө бир күн калганда, эмнегедир сиңдимди тапкым келди. Анан Жахабага: «Сиңдимди таап берчи, ага сен жөнүндө айткым келип жатат»,— деп жалбардым. Көп өтпөй эле сиңдим жөнүндө кабардар болгон бирөөдөн апама кат келди. Териштирип отуруп, акыры сиңдим менен байланыштым.

Салли: Линда мага бир тууган эжем болорун айтканда, Жакартага учуп бардым. Аэропорттон Линда, өз ата-энем, дагы бир эжем тосуп алды. Катуу толкундангандыктан калчылдап чыктым. Баарыбыз кучакташып, өпкүлөштүк. Апам мени көпкө кучактап турду. Баарыбыз ыйладык. Атам менен апам мени башкага берип койгону үчүн кечирим сурашканда, ого бетер шолоктоп, дагы көпкө кучакташтык.

Линда: Тарбиябыз, мүнөзүбүз, адаттарыбыз ар кандай болгондуктан, бир-бирибизге ылайыкташууга үйрөнүш керек болду. Бирок бири-бирибизди ушунчалык жакшы көрөбүз.

Салли: Азыр Линда экөөбүз чогуу жашайбыз, Жакартадагы жаңдоо тилиндеги бир жыйналышка барабыз.

Линда: Салли экөөбүз 20 жылдан ашык убакыт бөлөк жашадык. Биз Жахабага абдан ыраазыбыз, анткени акыры табыштык!