Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйлөнүү үлпөттөрүндө өткөрүлгөн жыйындар

ИНДОНЕЗИЯ

Алар жолугушууларды калтырышкан эмес

Алар жолугушууларды калтырышкан эмес

Ишибизге тыюу салынган маалда жыйналыштардын көбү үйлөрдө өткөрүлүп турган. Бирок байкалып калбаш үчүн бир туугандар Падышалык ырларын ырдашчу эмес. Жолугушуу өтүп жатканда бийлик өкүлдөрү текшерип келип калган учулар болгон, анткен менен бул көп деле тоскоол болчу эмес.

Бир туугандар үй-бүлөлүк майрамдардан же үйлөнүү үлпөттөрүнөн пайдаланып жыйындарды өткөрүп алышчу. «Жубайлар никесин каттатып, полиция кызматкерлеринен той өткөрүүгө уруксат алышчу,— дейт Тагор Хутасоит.— Анан „той“ учурунда жубайларды, тууган-туушкандарын, күйөө жолдош менен кыздын курбусун сахнага отургузуп коюп, Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды айта берчүбүз».

Бир жыйында полиция кызматкери Тагор бир тууганга келип:

«Үйлөнүү үлпөтү адатта 2 же 3 саатка эле созулат. Силердики эмне үчүн эртеден кечке чейин болот?» — деп сураган.

Тагор бир тууган: «Жаш жубайлар көп кыйынчылыктарга кабылып жатат, ошондуктан алар Кудай Сөзүндөгү даанышман кеңештерге муктаж»,— деп жооп берген.

Ошондо полиция кызматкери: «А-а, аның туура»,— деп башын ийкеген.

1983-жылы бир туугандар чоң үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жаткандай болуп Жакартадагы спорт стадионунда «Падышалык биримдиги» деп аталган облустук жыйынды өткөрүшкөн. Жыйынга келгендердин жогорку саны 4 000ге жетип, 125 киши жыйынга чейин жашыруун чөмүлгөн. Кийинчерээк кыйынчылыктар басаңдап калганда, андан да чоң жыйындар өткөрүлгөн. Алардын бирине 15 000ден ашуун киши катышкан.

Тыюу салынган учурда курулган филиал

1980, 1990-жылдары филиал Жахабанын Күбөлөрүнө салынган тыюуну жоюшун суранып өкмөткө көп жолу кайрылган. Башка өлкөлөрдөгү бир туугандар да Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн иши эмне себептен мыйзамсыз деп эсептелип жатканын сурап Индонезия өкмөтүнө жана ал жактагы элчиликтерге кат жазган. Бийлик башындагылардын көбү алардын өтүнүчүн орундатууну туура көргөн, бирок Христиан биримдигинин башкы директораты кайра-кайра тоскоолдук кыла берген.

1990-жылы бир туугандар шаардан обочороок жерге филиал курууну чечишкен. Ошол жылы Жетектөөчү Кеңеш Жакартанын түштүгүнөн 40 километр алыстыктагы Богор шаарына жакын жерден жер сатып алууга уруксат берген. Бирок курулуш боюнча адистиги бар бир туугандар аз болчу. Анда филиал кантип курулмак?

Долбоор башка өлкөлөрдөгү бир туугандардын жардамынын аркасында ишке ашкан. Бруклиндеги курулуш бюросу жана Австралия Региондук долбоорлоо бюросу филиалдын чиймесин чийип берген. Ал эми чет өлкөлөрдөн келген 100гө жакын ыктыярдуу жардамчы эки жылга созулган курулуш ишине көмөк көрсөткөн.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташкан Хосеа Мансур деген индонезиялык бир тууган мындай деген: «Каскамдагы Х. М. деген жазууну көргөндө ислам динин туткан бийлик өкүлдөрү „Х“ деген тамга Мекеге барып келгендерге берилген „Хажи“ (Ажы) деген жогорку наамды билдирет деп ойлошчу. Ошондуктан мени кадырлап-сыйлашчу. Алардын туура эмес түшүнүп алганынын аркасында ишти уюштуруу оңой болду».

Тыюу салынган маалда курулган филиал

Жаңы филиалды арноо аземи 1996-жылы 19-июлда болгон. Баяндаманы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жон Барр айткан. Аземге 285 киши, анын ичинде башка өлкөлөрдөн келген 118 бейтелдик, атайын пионерлер, ошол учурдагы жана мурунку миссионерлер, Индонезиянын Бейтелиндеги 59 бир тууган катышкан. Ошондон эки күн өткөндөн кийин Жакартада «Кудайдын тынчтыгынын кабарчылары» деген облустук жыйын өткөрүлүп, катышкандардын саны 8 793кө жеткен.

Жахабанын өз элин куткарышы

1998-жылы Индонезиянын көп жылдан берки президенти Сухарто бийлигин жаңы өкмөткө өткөрүп берген. Ошондо бир туугандар ишибизге уруксат алыш үчүн мурдагыдан да көп күч жумшай башташкан.

Индонезиянын мамлекеттик катчысы Джохан Эффенди 2001-жылы Бруклинде жүргөндө Бейтелге барып, Жетектөөчү Кеңештин үч мүчөсүнө жолуккан. Ага көргөндөрү күчтүү таасир экен жана дүйнө жүзүндөгү адамдар Жахабанын Күбөлөрү тууралуу жакшы ойдо экенин билген. Эффенди мырза тыюунун жоюлушуна макул экенин, бирок акыркы чечимди Индонезиянын башкы прокурору Марзуки Дарусман чыгарарын айткан.

Ишибизге уруксат берүүгө башкы прокурор да макул болгон, бирок прокуратурадагы бизди жек көргөн кишилер прокурор жакында кетет деген үмүттө аны колдогон эмес. Акыры, 2001-жылдын 1-июнунда Тагор Хутасоит башкы прокурордун кеңсесине чакырылган. «25 жылдай мурун так ошол кеңседе Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганы жөнүндөгү документти колума карматышкан,— дейт ал.— Бирок ошол күнү, прокурордун кызматынын акыркы күнү, анын кеңсесине барганымда, ал ишибизге уруксат берилгени жазылган документти карматты».

2002-жылы 22-мартта Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму Дин иштери боюнча департамент тарабынан расмий түрдө катталган. Департаменттин башкы деректири филиалдын өкүлдөрүнө: «Силер дин тутуу эркиндигине бул документтин аркасында ээ болуп жаткан жоксуңар. Андай эркиндикке Кудай ээ кылды. Бул документте диниңердин өкмөт тарабынан расмий түрдө катталганы жазылган. Эми башка диндердикиндей эле укуктарыңар бар, өкмөт силерге кызмат кылууга даяр»,— деген.