Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Семарангдагы (Ява) Жахабанын Күбөлөрү (болж. м-н 1937-ж.)

ИНДОНЕЗИЯ

Ушул жерден баштасам окшойт

Ушул жерден баштасам окшойт

Австралиядагы филиалдын кызматчысы Александр Магилливрей терең ойго батып кеңсесинде ары-бери басып жүргөн. Бир көйгөй көптөн бери анын тынчын алып келген эле. Акыры, ал ошол көйгөйдү чечүүнүн жолун таап, Фрэнк Райс деген бир тууган менен сүйлөшүүнү чечкен.

Ынтызарлык менен кызмат кылган 28 жаштагы китеп таратуучу (пионер) Фрэнк бир нече жума мурун филиалга келген болчу. Ал чындыкты өспүрүм кезинде таанып, көп өтпөй эле китеп таратуу ишине киришкен. Кийин ат, велосипед, мотоцикл жана мотору бар үйү (ичине жашаса боло турган машине) менен Австралиянын көп жерлерин кыдырып, ондон ашуун жыл бою жакшы кабар тараткан. Ал Бейтелге бир аз убакыт токтоп, кабар айта турган кийинки аймагына жөнөгөнү турган.

Александр Магилливрей аны кеңсесине чакырып, картадан Австралиянын түндүгүндөгү аралдарды көрсөткөн да: «Фрэнк, бул жакка барып кабар айтсаң кандай болот?» — деп сунуштаган. Анан: «Бул аралдардын биринде да ага-ини жок»,— деп айткан.

Фрэнк бир туугандын Инди океанындагы — Нидерланд Ост-Индиясындагы (азыр Индонезия) * — маржандай болуп көрүнгөн аралдарга көңүлү бурулган. Ал аралдарда жашаган миллиондогон адамдар Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды эч уга элек болчу. Френк картадан Индонезиянын борбор калаасы Батавияны (азыр Жакарта) көрсөтүп: «Ушул жерден баштасам окшойт»,— деген.

Явада кабар айтуу

Фрэнк Райс 1931-жылы Ява аралындагы эл жыш отурукташкан ири шаар Жакартага барган. Анан шаардын борборуна жакын жерден бир бөлмөнү ижарага алган да, кожейкесин таң калтыра биздин адабияттар салынган толтура коробкаларды ташып киргизген.

Фрэнк Райс менен Клем Дешан Жакартада

«Башында жалгызсырап, үйүмдү сагынып куса болуп жүрдүм,— деп эскерген Фрэнк.— Башкалар зыгырдан, пахта кездемеден тигилген ак кийим, ысыктан коргогон баш кийимдерин кийип жүрсө, мен австралиялыктарча кийинип алып күндүн ысыгына бышып жүрчүмүн. Нидерланд тилинде да, индонезия тилинде да сүйлөй алчу эмесмин. Жахабадан жетекчилик сурап тиленгенден кийин ишкер аймактарда англисче сүйлөгөндөр бар болуш керек деген ойдо ошол жакка барууну чечтим. Ошентип, кабарды ошол жактан баштадым. Ал жер түшүмдүү болуп чыкты!»

Жакартанын тургундарынын көбү нидерланд тилинде сүйлөгөндүктөн, Фрэнк ал тилди үйрөнүүгө бүт күчүн жумшаган жана көп узабай үйдөн үйгө кабар айта баштаган. Ал индонезия тилин да үйрөнүүгө киришип, бара-бара ал тилде сүйлөп калган. Фрэнк мындай деген: «Баарынан кыйыны, менде индонезия тилинде бир да адабият жок болчу. Кийинчерээк, Жахаба жетектеп, индонезиялык бир мугалимге жолугуп калдым. Ал чындыкка кызыгып, „Адам өлгөндө эмне болот?“ деген баракчаны которуп бергенге макул болду. Андан кийин дагы башка баракчалар которулуп, индонезия тилинде сүйлөгөн адамдар кабарга кызыга баштады.

1931-жылдын ноябрында алгачкылардан болуп Австралиядан 25 жаштагы Клем Дешан жана 19 жаштагы Билл Хантер деген эки пионер мотору бар үйү менен Жакартага барган. Алар нидерланд тилинде бир нече сөз үйрөнүп алгандан кийин Ява аралындагы чоң-чоң шаарларды кыдырып кабар айтууга киришишкен.

Велосипед жана мотору бар үй менен кабар айткан Чарлз Харрис

Клем менен Биллдин артынан Австралиядан Чарлз Харрис деген ынталуу пионер барган. 1935-жылдан баштап ал мотору бар үйү жана велосипеди менен Яванын көп жерин кыдырып, араб, кытай, нидерланд, англис жана индонезия тилдериндеги адабияттарды тараткан. Ал кээде бир жылдын ичинде 17 000ге жакын адабият таратчу.

Чарлздын ушунчалык көп адабият таратканына көптөрдүн көңүлү бурулган. Жакартадагы бийлик башындагы бир киши Клем Дешандан: «Чыгыш Явада бул ишти канчооңор аткарып жатасыңар?» — деп сураган.

«Бирөө эле»,— деп жооп берген Клем.

Ошондо тиги киши корс сүйлөп: «Эмне, мени алданып калат деп турасыңбы! Адабиятыңарды ушунча таратып жибергениңерге караганда, толтура эле болушуңар керек»,— деген.

Кабарды мүмкүн болушунча көп кишиге жеткириш үчүн алгачкы пионерлер тынбай эмгектенишкен. «Биз аралды баштан-аяк иштетчүбүз, кабар уккандарга кайра чанда эле келчүбүз»,— дейт Билл Хантер. Алар чындыктын үрөнүн сээп кете беришкен, кийин ал өнүп чыгып, мол түшүм берген (Нас. 11:6; 1 Кор. 3:6).

Жакшы кабардын Суматрада тарашы

1936-жылдары Явадагы пионерлер кабар айтуу ишин чоңдугу боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турган Суматра аралында да кантип кеңейтсе болору жөнүндө сүйлөшүшкөн. Ойдуңдуу келген ал аралды экватор сызыгы кесип өтөт. Анын аймагында чоң-чоң шаарлар, саздуу жерлер, нымдуу токойлор бар.

Пионерлер ал жакка Фрэнк Райсты жөнөтүүнү чечип, жолуна бир аз тыйын-тыпыр чогултуп беришкен. Көп өтпөй Фрэнк кабарда колдонулган дөңгөлөктүү эки чамаданды, адабият салынган 40 коробканы жана чогултуп беришкен азыраак акчаны алып, Түндүк Суматрадагы Меданга жөнөгөн. Ал Жахабанын кам көрөрүнө бекем ишенген жана анын зарыл нерсенин баары менен камсыз кыларынан эч шектенбей, дароо ишине киришкен (Мт. 6:33).

Меданда жүргөн акыркы жумада Фрэнк меймандос келген нидерланд кишиге жолугуп калган. Ал киши Фрэнкти кофе ичип кетүүгө чакырган. Аны менен сүйлөшүп отурганда Фрэнк жакшы кабарды аралдын бүт жерине жеткириш үчүн машине керек болуп жатканын айткан. Ал киши ага короосунда турган бузук машинени көрсөтүп: «Оңдой алам десең, 100 гульденге * берем»,— деген.

Фрэнк ага: «Менде анча акча жок»,— деп айткан.

Ал киши Фрэнкке тигиле карап: «Сен чын эле Суматранын бүт жерине кабар айткың келеби?» — деп сураган.

«Ооба»,— деп жооп берген Фрэнк.

«Эгер машинени оңдой алсаң, мындай эле айдап тур. Кийин акчаң болгондо бересиң»,— деп айткан.

Фрэнк машинени оңдоого киришип, көп өтпөй эле аны жүргүзгөн. Ал мындай деп жазган: «Машинеге майды толтура куюп, ичине толтура адабият салдым да, Жахабага толук таянып алып Суматрага бет алдым».

Генри Кокмэн жана Жэн менен Клем Дешан Суматрада, 1940-ж.

Фрэнк бир жылдан кийин, аралды баштан-аяк иштетип бүткөндөн кийин, Жакартага кайтып барган. Ал жерден машинени 100 гульденге сатып, акчасын Медандагы баягы нидерланд кишиге жөнөтүп жиберген.

Бир нече жумадан кийин Австралиядан Фрэнкке анын жаңы аймакка дайындалганы жазылган кат келген. Ал дароо буюмдарын чогултуп, кабар айтуу ишине чыйыр салуу үчүн Инди-Кытайга (азыр Камбожа, Лаос, Вьетнам) сапар тарткан.

^ 4-абз. Нидерланддар ал жерге 300 жылдай мурун отурукташкан жана колониялык империяларды негиздеп, татымалдар менен соода-сатык кылышкан. Мындан ары жерлердин азыркы аттарын колдонобуз.

^ 3-абз. 100 гульден — индонезиялыктардын болжол менен 1 100 долларга барабар болгон мурунку акча бирдиги