ИНДОНЕЗИЯ
Баш ийгендиктен аман калдык!
Бласиэс дэ Гомес
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1963
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1995
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Молукка аралдарындагы Амбон шаарында диний кастык учурунда оторго мээримдүүлүк менен кам көргөн аксакал.
МУСУЛМАНДАР менен христиандардын кастыгы күчөп, 1999-жылы 19-январда үйүмөн 3 километрдей алыстыкта кыргындуу кагылышуу болуп, баш аламандык күч алган *.
Үй-бүлөмдүн аман-эсен экенин билгенден кийин бир туугандарга чалып, коркунучка алдырбоого, кооптуу жайлардан алыс болууга үндөдүм. Кийин аксакалдар кыдырып, бир туугандарды бекемдешти жана топ болуп чогулуп турууга чакырышты.
Филиал кооптуу аймактагы жарчыларды көчүрүүгө көрсөтмө берип, бир нече үй-бүлөнү көчүрдүк. Көчүүдөн баш тарткан бир ишенимдешибиз кийин куралчан топтун колунан каза тапты. Көрсөтмөгө баш ийгендер аман калды.
^ 1-абз. Ал кастык бүт Молуккага жайылып, эки жылдан көп убакка созулган жана он миңдегендер көчүүгө аргасыз болгон.