ИНДОНЕЗИЯ
Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!
Ангераго Хайэ
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1957
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1997
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Мекенине, алыскы Ниас аралына, кайтып барып, Падышалык залын курууга жардам берген.
БИЗ, Тугала Ойодогу чакан жыйналыш, 2013-жылы айылга Падышалык залы салынарын укканда төбөбүз көккө жете сүйүндүк! Жергиликтүү бийликтен курулушка уруксат алдык, 60 кошунабыз да кол коюп берди. Бир кошунабыз: «200 кишинин колу керек десеңер, айткыла, койдуруп беребиз»,— дешти.
Долбоорду Падышалык залдарын куруп жүргөн эки тажрыйбалуу бир тууган жетектеди. Ошентип, Падышалык залыбыз 2014-жылдын ноябрында курулуп бүттү. Ушундай сонун залыбыздын болору үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Ооба, Жахаба батасын биз күткөндөн да мол төктү!