ИНДОНЕЗИЯ
Алга кадам шилтөөгө чечкиндүү болушкан
Филиал кабар айтуу ишине тыюу салынганын билер замат иш-аракет кылууга киришкен. «Купуя документтерди, адабияттарды жана филиалда сакталган каражатты Жакартадагы коопсуз жерлерге жөнөттүк,— дейт Роналд Жакэ.— Филиалды жашыруун жерге көчүргөн соң мурунку имараттарды билгизбей сатып жибердик».
Жергиликтүү ага-инилердин көбү кайраттуулугунан жазбай, берилгендигин сакташкан. Алар тыюу салынгандан кийинки ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип, Жахабага таяна беришкен. Бирок айрымдары мындай нерсеге даяр болбой калган. Мисалы, аксакалдардын бир нечеси кабар айтуудан баш тартарын билдирген документке кол коюп беришкен. Дагы бирөөлөрү жыйналыштагы бир туугандардын аты-жөнүн айтып коюшкан. Филиал жыйналышты бекемдеп, коркунучка алдырып койгондорго жардам бериш үчүн жетилген ага-инилерди жөнөткөн. Индонезияга Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жон Бут да барган. Ал бир туугандарга аталык насаатын айтып, зарыл кеңештерди берген.
Ооба, Улуу койчубуз Жахаба өз элин кайраттандырып, жубатып турган (Жез. 34:15). Аксакалдар милдетине мурдагыдан да жооптуу карай башташкан жана кабар айтууда жетекчиликти колго алышкан. Натыйжада жарчылар акылдуулук менен кабар айтуунун жолдорун табышкан (Мт. 10:16). Көптөгөн бир туугандар Индонезия Ыйык Китеп коомунан заманбап Ыйык Китептин бир нече нускасын сатып алып, мүмкүн болгон учурларда сактык менен колдонуп кабар айтышкан. Башкалары болсо адабияттарды, автордук укук жазылган бетин айрып салып, кабарга кызыккандарга таратышкан. Пионерлердин көбү, Жапония басып алганда бир нерсе сатымыш этип үймө-үй кабар айткан бир туугандардай болуп, кабар айта беришкен.
1977-жылы Дин иштери боюнча департамент дагы бир сокку уруп, миссионер болуп кызмат кылган Жахабанын Күбөлөрүнүн визасын жаңыртуудан баш тарткан. Ошо себептен миссионерлердин көбү башка өлкөлөргө дайындалган *. Манадодо (Түндүк Сулавеси) жубайы Маргаретэ менен кызмат кылган Норберт Хауслер мындай деп эскерет: «Биз менен коштошуу үчүн аэропортко жүздөгөн бир туугандар келди. Учактын тепкичине чыкканда бурулуп артыбызды карадык. Бир туугандарыбыз кол булгалап, баары жер жаңырта: „Рахмат! Бул жерге келгениңерге рахмат!“ — деп кыйкырышты. Учакка отуруп, токтоно албай ыйладык».
Сумбадагы зордук-зомбулук
Ишибизге тыюу салынганы архипелагга желдей тараганда, Индонезия чиркөөлөр бирикмеси мүчөлөрүн Жахабанын Күбөлөрүнүн иши тууралуу бийликтегилерге билдирип турууга үндөгөн. Натыйжада көптөгөн аралдарда бир туугандарды камакка, суракка алуу күчөгөн.
Сумба аралындагы Уэйнгапуда аскер бөлүгүнүн командири 23 ага-инини жергиликтүү аскер бөлүгүнө чакырып, ишенимден баш тартарын билдирген документке кол коюуга кысым көрсөткөн. Алар андай кылбай койгондо, эртеси да чакырткан. Бир туугандар ал жакка барып-келиши 14 километрге созулган жолду жөө басып барышы керек болчу.
Эртеси эртең менен барышканда, командир аларды бир-бирден чакырып, документке кол коюуну буйруган. Эгер кол койбой турган болсо, аларды тикенектүү жыгач менен сабашмак. Аскерлер ушунчалык ачуулангандыктан бир туугандарды эси оогончо сабашкан. Ошол учурда башка бир туугандар өз кезегин күтүп тура беришкен. Акырында Мони Кели деген жаш ишенимдешибиз алдыга кадам шилтеп, документке бир нерсе деп жазган. Ошондо бир туугандар аябай жаман болуп кетишкен, командирдин болсо көзүнөн заар чачырап, каары кайнап чыккан. Көрсө, Мони документке: «Мен түбөлүккө Жахабанын Күбөсү болууга чечкиндүүмүн!» — деп жазып коюптур. Ошентип, аны кан жалатып, катуу сабашкан. Ал ооруканада көз жумган. Бирок Мони бир тууган ишениминен тайган эмес.
Командир 11 күн бою бир туугандарды ишенимден баш тарттыруу үчүн аракет кылган. Ал аларды мээ куйкалаган ысыкта бир күн кечке тургузуп койгон. Бир нече жолу жөрмөлөтүп, оор жүк көтөртүп алыска чуркаткан. Желекке таазим кылдырыш үчүн кекиртегине мылтыктын найзасын такап коркуткан, бирок алар багынган эмес. Ошондо командир дагы сабаткан.
Бир туугандар аскер бөлүгүнө күндө эртең менен дагы кандай жаза күтүп турарын ойлоп, заарканып барышчу. Жолду карай чогуу тиленип, бири-бирин берилгендигинен жазбоого үндөшчү. Кечинде болсо алсырап, көк ала болуп, кан жалап, бирок Жахабага ишенимдүү калышканына сүйүнүп кайтышчу.
Аларга ушундай ырайымсыз мамиле жасалып жатканын билгенде филиал Уэйнгапудагы, Тимордогу, Балидеги, Жакартадагы жогорку даражалуу аскер кызматкерлерине жана башка бийлик өкүлдөрүнө телеграф аркылуу кайрылып, арызданышкан. Уэйнгапудагы аскер бөлүгүнүн командиринин ырайымсыздыгы бүт Индонезияга белгилүү болуп калгандыктан, ал куугунтуктаганын токтотууга мажбур болгон.
«Жахабанын Күбөлөрү мыкка окшош»
Ошондон кийинки жылдарда Индонезиядагы көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү түрмөгө камалып, суракка алынып, ур-токмок жеген. «Бир айылдагы ишенимдештерибиздин көбүнүн алдыңкы тиштери күбүлүп калган болчу,— дейт Билл Пэри деген миссионер.— Алар алдыңкы тиштери бүтүн бир тууганды көргөндө: „Сен жаңысыңбы?
Же ишенимиңден баш тартып койдуң беле?“ — деп тамашалап калышчу. Кордук көргөнүнө карабай, алар кубанып, Жахабага ынталуу кызмат кыла беришкен».«Абакта отурганымда Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөндүм. Мунун аркасында аны менен болгон мамилем чыңалды»
13 жылдын ичинде 93 Жахабанын Күбөсү камакка алынып, 2 айдан 4 жылга чейин түрмөгө кесилген. Ушинтип кордолгону, чынында, алардын Жахабага берилгендик сактоого болгон чечкиндүүлүгүн бекемдеген. 8 ай түрмөгө отуруп чыккандан кийин Мусэ Реди өзү жашаган аймактагы бир туугандарды кабар айтканын токтотпоого үндөгөн. Ал: «Абакта отурганымда Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөндүм. Мунун аркасында аны менен болгон мамилем чыңалды»,— деген. Башкалардын: «Жахабанын Күбөлөрү мыкка окшош. Аларды канчалык каксаң, ошончолук терең киришет»,— деп айтканы таң калыштуу эмес.
^ 1-абз. Узак убакыт миссионер болгон Питер Вондерхеген менен Лен Дэвиз ардактуу эс алууга чыга турган куракка келип калгандыктан жана Мэриан Тамбунэн (мурун Стувэ) индонезиялык кишиге турмушка чыккандыктан, аларга Индонезияда калууга уруксат берилген. Үчөө тең жигердүү болуп, тыюу салынган маалда жемиштүү кызмат кылышкан.