Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ааламдын жаралышы жөнүндөгү байыркы билдирүүгө ишенүүгө болобу?

Ааламдын жаралышы жөнүндөгү байыркы билдирүүгө ишенүүгө болобу?

Алтынчы бөлүм

Ааламдын жаралышы жөнүндөгү байыркы билдирүүгө ишенүүгө болобу?

«БАРДЫГЫНЫН кайдан келгенин жана кандайча жаралып калганын ким билет?» Ушул суроо «Дүйнөнүн жаратылышы жөнүндөгү гимнде» берилет. Үч миң жыл мурун санскрит тилинде жазылган бул гимн индуизмдин ыйык китеби «Ригведада» кездешет. Акын жадесе индуизмдин сандаган кудайларынын да «бул жаратылыштын кайдан пайда болгондугун» биле алышмактыгына шектенерин айткан, себеби ал «кудайлардын өзүлөрү жаратуудан кийин пайда болушкан» (жантайыңкы ариптер биздики, ред.).

Вавилондуктардын жана египеттиктердин адабияттарында алардын кудайлары өзүлөрүнөн мурда эле бар болгон Ааламда төрөлүшкөн деген сыяктуу уламыштар бар. Бирок ал уламыштар баштапкы Ааламдын кайдан пайда болгонун түшүндүрүп бербейт. Анткен менен Ааламдын жаралышы тууралуу башка билдирүүлөргө окшобогон бир билдирүү бар. Ал Ыйык Китептеги билдирүү төмөнкүдөй сөздөр менен башталат: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1).

Бул жөнөкөй, ошол эле учурда таасирдүү сөздөрдү 3500 жылдай мурун Муса жазып кеткен. Алар көңүлдү материалдык Ааламды жараткан жана андан алда канча улук, мурдатан эле жашап келаткан Жараткан Кудайга бурат. Ошол сөздөр жазылган китепте: «Кудай — рух»,— делген, башкача айтканда, ал биз көрө албаган рухий денеге ээ (Жакан 4:24). Бүгүн көзгө көрүнбөгөн тиричилик формаларынын бар экенин түшүнүү кыйынга турбайт, себеби окумуштуулар чоң нейтрондуу жылдыздардын жана кара көңдөйлөрдүн — көрүнбөгөнү менен, тийгизген таасиринен улам байкалган объектилердин — бар экенин жана алардын кандай касиеттерге ээ экенин айтышууда.

Белгилей кетерлик нерсе, Ыйык Китепте: «Асмандагылардын денелери бар, жердегилердин денелери бар. Асмандагылардын денелеринин даңкы башка, жердегилердин денелеринин даңкы башка»,— делет (1 Корунттуктарга 15:40, 44). Мында астрономдор изилдеп жаткан көзгө көрүнбөгөн космостук материя жөнүндө айтылган жок. «Асмандагылардын денелери» — акылдуу рухий жаратуулардын «денелери». Ушундан улам: «Жараткандыкынан башка кимдин рухий денеси бар?» — деген суроо пайда болушу мүмкүн.

Асмандагы көзгө көрүнбөгөн жаратуулар

Ыйык Китептеги баяндоого ылайык, көзгө көрүнгөн дүйнө биринчи жаратылган эмес. Анда алгач рухий жаратуунун — Кудайдын тун Уулунун — жаратылгандыгы айтылат. Ал «эч нерсе жаратыла электе эле» жаратылган, мындайча айтканда, «Кудайдын жаратуусунун башталышы» (Колосалыктарга 1:15; Аян 3:14). Ал биринчи жаратуу өзгөчө болгон.

Кудай аны өзү жалгыз жаратып, зор акылмандыкка ээ кылган. Кийинчерээк бир жазуучу — акылмандыгы менен атагы чыккан падыша — аны Кудайдын кийинки бардык жаратуу иштеринде «чебер жардамчысы» катары сүрөттөгөн (Накыл сөздөр 8:22, 30, «ЖД»; Эврейлерге 1:1, 2ни да карагыла). Биринчи кылымда жашаган окутуучу Пабыл ал жөнүндө: «Асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер... Ал аркылуу жаратылган»,— деп жазган (Колосалыктарга 1:16; салыштыргыла: Жакан 1:1—3).

Жараткандын асманда ошол Уулу аркылуу жасаган көрүнбөгөн нерселери эмнелер эле? Астрономдор миллиарддаган жылдыздар жана кара көңдөйлөр тууралуу маалымдашса, Ыйык Китептин бул аятында жүз миллиондогон көзгө көрүнбөгөн рухий жаратуулар тууралуу айтылган. Кимдир бирөө: «Көрүнбөгөн акылдуу жаратууларды жаратуунун эмне кереги бар эле?» — деп сурашы мүмкүн.

Ааламдын пайда болушунун Баштапкы Себебине байланышкан кээ бир суроолорго изилдөө аркылуу жооп табууга болгондой эле, Ыйык Китепти изилдеп, анын Жаратманына байланышкан маанилүү маалыматтарды алууга болот. Мисалы, Ыйык Китепте анын ниеттеринен жана кылган иштеринен сүйүүсү көрүнүп турган бактылуу Кудай экени айтылат (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»; 1 Жакан 4:8). Демек, Кудай жашоонун ырахатын көрүү мүмкүнчүлүгү берилген башка акылдуу рухий жаратуулар менен пикирлешкиси келген деген жүйөлүү жыйынтык чыгарса болот. Алардын ар бирине бардыгына пайда алып келерлик, Кудайдын ниетинин аткарылышына көмөк боло турган жагымдуу иш тапшырылган.

Алар Кудайга роботтордой болуп баш ийиши керек болчу деп ойлоо негизсиз. Тескерисинче, Кудай аларга акыл-эс жана эрк боштондугун берген. Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Кудай жаратууларынын эркин ой жүгүртүшүн, өзүлөрүн эркин алып жүрүшүн каалайт жана ал эркиндик Ааламдагы тынчтыкка жана өз ара шайкештикке коркунуч туудурбасын билет. Пабыл: «Теңир — Рух, Теңирдин Руху болгон жерде — эркиндик»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 3:17).

Асмандагы көзгө көрүнгөн нерселер

Кудай тун Уулу аркылуу көзгө көрүнгөн эмнелерди жараткан? Аларга Күн жана башка миллиарддаган жылдыздар, Ааламды түзгөн элементтер кирет. Ыйык Китептен Кудайдын ушулардын баарын кантип жоктон бар кылып жараткандыгы тууралуу түшүнүк алууга болобу? Анда эмесе, Ыйык Китепте айтылгандарды бүгүнкү күндүн илимий көзкарашы менен изилдеп көрөлү.

Окумуштуу Антуан Лоран Лавуазье XVIII кылымда материянын салмагын изилдеген. Ал химиялык реакциянын продуктусунун массасы баштапкы кошундулардын массасына барабар болорун байкаган. Мисалы, кагазды кычкылтекте күйгүзгөндө пайда болгон күл жана газ баштапкы кагаз менен кычкылтектин массасына барабар болгон. Лавуазье «массанын, же материянын, сакталуу мыйзамын» ачкан. «Британ энциклопедиясында» (1910-жыл): «Материяны жаратууга же жок кылууга мүмкүн эмес»,— деп айтылган. Бул ой ал кезде жүйөлүүдөй көрүнгөн.

Бирок 1945-жылы Жапониядагы Хиросимага түшкөн атомдук бомба Лавуазьенин мыйзамын төгүнгө чыгарат. Урандын өтө кооптуу массасы жарылганда материянын ар кандай түрлөрү пайда болот, бирок алардын жалпы массасы баштапкы урандын массасынан аз болот. Эмнеликтен? Анткени урандын массасынын бир бөлүгү бөлүнүп чыккан кубаттуу энергияга айланат.

Лавуазьенин материянын сакталуу мыйзамына байланыштуу дагы бир суроо 1952-жылы термоядролук механизм (суутек бомбасы) жардырылганда пайда болгон. Жарылуунун учурунда суутектин атомдору биригип, гелийди түзгөн. Бирок алынган гелийдин массасы баштапкы суутектин массасынан аз болгон. Суутектин массасынын бир бөлүгү жарылуу энергиясына айланып кеткен, бул жарылуу Хиросимага түшкөн бомбанын жарылуусунан кыйла бүлгүндүү болгон.

Айтылган жарылуулар материянын аз бөлүгү энергиянын зор көлөмү менен бирдей экенин далилдейт. Материя менен энергиянын ортосундагы мындай өз ара катыш биздин тиричилигибизди камсыз кылып турган Күндүн кубаттуулугун түшүндүрөт. Ал эмне болгон өз ара катыш? Жогоруда айтылган окуялардан 40 жылча мурун, 1905-жылы, Эйнштейн материя менен энергиянын ортосунда өз ара катыш бар экендигин божомолдогон. E=mc2 деген формула көптөргө белгилүү *. Эйнштейн ушул формуланы түзгөндө, башка окумуштуулар эмне себептен Күндүн ушунча миллиарддаган жылдардан бери жарык берип келаткандыгын түшүндүрүп бере алышты. Күндүн ичинде ар дайым термоядролук реакциялар жүрүп турат. Ошондуктан Күн ар бир секунд сайын болжол менен 564 миллион тонна суутекти 560 миллион тонна гелийге айлантат. Бул болсо материянын 4 миллионго жакын тоннасы Күндүн энергиясына айланат да, анын кичине көлөмү Жерге жетип, тиричиликти камсыз кылат дегенди билдирет.

Бирок тескери процесс да жүрүшү мүмкүн экени кызык. «Субатомдук бөлүкчөлөр өтө тез ылдамдыкта бири-бири менен кагылышып, жаңы, бир кыйла оор бөлүкчөлөрдү пайда кылганда, энергия материяга айланат»,— деп айтылат бир энциклопедияда («The World Book Encyclopedia»). Окумуштуулар мындай айландырууларды бөлүкчөлөрдү ылдамдаткычтар деп аталган абдан чоң машиналарда чектелген масштабдарда жасашат. Андай машиналардын ичинде субатомдук бөлүкчөлөр укмуштуудай тез ылдамдык менен кагылышып, материя жаратышат. «Биз Ааламдын кереметтеринин бирин туурап, энергияны материяга айлантып жатабыз»,— дейт Нобель сыйлыгынын лауреаты физик д-р Карло Руббиа.

«Баары ошондой болсун дейли, бирок Ыйык Китептеги Ааламдын жаралышы жөнүндөгү билдирүү менен мунун кандай байланышы бар?» — деши мүмкүн кимдир бирөө. Ыйык Китеп илимий эмгек болбосо да, анда заманга ылайык жана илимий фактылар камтылган. Ал биринчи бетинен акыркы бетине чейин Ааламдагы материянын баарын жараткандын Өзүнө, Улуу Окумуштууга көңүл бурдуруп келет (Некемия 9:6; Элчилер 4:24; Аян 4:11). Ошондой эле Ыйык Китепте энергия менен материянын өз ара катышы ачык-айкын көрсөтүлгөн.

«Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла,— деп чакырат Ыйык Китеп,— аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт: Анын кудурети күчтүү болгондуктан, күч-кубаты зор болгондуктан, эч нерсе жоголуп кетпейт» (Ышайа 40:26). Ооба, Ыйык Китепте материалдык Ааламдын башталышына эбегейсиз энергиянын булагы — Жараткан — өбөлгө түзгөнү айтылат. Бул азыркы илимий маалыматтарга толук шайкеш келет. Жок дегенде, ушунусу үчүн Ыйык Китептин Ааламдын жаратылышы жөнүндөгү билдирүүсү көңүл буруубузга татыйт.

Асмандагы көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселерди жасагандан кийин Жараткан тун Уулу экөө Жерди жаратууга киришкен. Жер кантип пайда болгон? Биздин планетаны түзгөн ар түрдүү химиялык элементтер түздөн-түз Кудайдын чексиз энергияны материяга айлантышынын натыйжасында жаралышы мүмкүн. Мындай айланууну бүгүнкү физиктер жүйөлүү деп эсептешет. Же окумуштуулардын көбү ойлогондой, Жер өтө жаңы жылдыздын жарылуусунун натыйжасында пайда болгондур. Ким билет, балким, ал азыр эле айтылып кеткен жол менен же окумуштууларга али белгилүү боло элек ыкмалардын биригүүсүнүн натыйжасында жаралгандыр? Кандай болбосун, Жерди түзгөн элементтердин баарынын, алар менен бирге биздин жашообуз үчүн зарыл болгон минералдык заттардын да булагы — Жараткан.

Жерди жаратуу үчүн, материалдардын баарын туура пропорцияда даярдап эле коюу аздык кылары түшүнүктүү. Жердин көлөмүн, анын айлануу параметрин, Күнгө чейинки аралыгын, огунун жантайышын жана Күндүн айланасындагы дээрлик тегерек айлануу орбитасын туура — азыр кандай болуп турса, дал ушундай кылып — жайгаштыруу керек болчу. Албетте, Жараткан биздин планетабызда тиричилик өркүндөп турушу үчүн табигый айланмаларды ишке киргизген. Мына ушулардын баары бизди суктандырбай койбойт. Жер жана андагы тиричиликтин пайда болушун көргөндө Кудайдын асмандагы рухий уулдарынын кандай сезимде болушканын элестеткилечи. Ыйык Жазманын бир китебинде алардын «кубанычтан кыйкырып турушканы» айтылат (Аюб 38:4, 7).

Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн мазмуну

Ыйык Китептин 1-бөлүмүндө Кудайдын Жерди адамдар жашашы үчүн даярдоо максатында кандай айрым маанилүү кадамдарды жасаганы баяндалат. Ал бөлүмдө бүт баары майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт, ошондуктан аны окуп жатканыбызда буга таң калбашыбыз керек, себеби алар байыркы окурмандарга баары бир деле түшүнүксүз болмок. Мисалы, ал бөлүмдү жазып жатканда Муса эң эле майда балырлардын жана бактериялардын функциялары жөнүндө жазган эмес. Адамдар тиричиликтин андай түрлөрү бар экенин XVI кылымда микроскоп пайда болгондо гана билишти. Муса динозаврлар жөнүндө да жазган эмес, алардын жашагандыгы XIX кылымда гана казындылардан билинген. Ал өз замандаштарына түшүнүктүү болгудай, ошол эле учурда Жердин жаралышы жөнүндө так билдирген сөздөрдү колдонууга шыктандырылган.

Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн 3-аятынан башталган окуялар алты жаратуу «күнүндө» болуп өткөнүн көрөбүз. Кээ бирөөлөр ал күндөрдү кадимки 24 сааттан турган деп ырасташат, анда бүткүл Аалам жана жердеги тиричилик бир жумадан ашпаган убакытта жаратылган болмок! Бирок Ыйык Китептин антип окутпасы бат эле билинет. Башталыш китеби байыркы эврей тилинде жазылган. Ал тилде «күн» деген сөз кандайдыр бир убакытты түшүндүрөт. Ал убакыт абдан узакка созулушу да, 24 сааттан турушу да мүмкүн. Ал эмес, Башталыш китебинде: «Кудай-Теңир асман менен жерди жаратып жатканда» — деп, алты «күндүн» баары жөнүндө бир нече убакытка созулган мезгил катары айтылган (Башталыш 2:4; салыштыргыла: 2 Петир 3:8). Ыйык Китепте жаратуу «күндөрү» же мезгили миңдеген жылдарга созулганы көрсөтүлөт.

Муну Ыйык Китептеги жетинчи күн жөнүндөгү айтылгандардан улам билүүгө болот. Алты «күндүн» ар бири жөнүндөгү билдирүү «кеч кирип, таң атты: биринчи күн өттү» деген сыяктуу сөздөр менен аяктайт. Бирок жетинчи «күн» жөнүндөгү билдирүүдөн кийин бул өңдүү сөздөрдү таппайбыз. Ыйык Китепте б.з. I кылымында, адамзат тарыхына 4000ге жакын жыл тогошордо, жетинчи эс алуу «күнү» дагы деле уланып жаткан күндөй айтылган (Эврейлерге 4:4—6). Демек, жетинчи «күн» миңдеген жылдар бою созулуп келет. Ушундан улам берки алты «күн» да ошончо узак убакыттан турган деп жыйынтыктасак болот.

Биринчи жана төртүнчү «күн»

Өзгөчө жаратуу иштеринин алты «күнү» же мезгили башталганга чейин эле Жер өз орбитасына орнотулган жана үстүн караңгылык басып, «түпсүз туңгуюк» сыяктуу суу каптаган шар болуп турган көрүнөт (Башталыш 1:2). Ошол маалда чүмбөт сыяктуу бир нерсе, кыязы, суу буусунун, башка газдардын жана вулкан чаңдарынын аралашмасы Күндүн жарыгын жер бетине өткөзбөй турган. Жаратуу мезгилинин биринчи баскычы Ыйык Китепте мындай деп сүрөттөлөт: «Ошондо Кудай: „Жарык болсун!“ — деди. Жарык пайда болду [«акырындык менен жарык пайда боло баштаган», Ж. Уоттстун котормосу]». Башкача айтканда, жарык жер бетине жеткен (Башталыш 1:3).

«Акырындык менен... пайда боло баштаган» деген сөздөр байыркы эврей тилиндеги этиштин белгилүү бир убакыт аралыгында акырындык менен аткарылуучу иш-аракетти туюнткан формасын билдирет. Байыркы эврей тилин билген адам этиштин бул формасы Башталыш китебинин 1-бөлүмүндө 40ка жакын жолу кезигерин көрөт, бөлүмдү түшүнүүнүн ачкычы — ушул. Кудайдын жаратуу мезгилиндеги же эрасындагы каймана маанидеги «кечинде» баштаган иши ошол «күндүн» «таңында» акырындык менен даанараак көрүнө баштаган *. Анын үстүнө, бир мезгилде баштаганы экинчи мезгил башталганда сөзсүз аяктап калууга тийиш эмес болчу. Мисалы, жарык биринчи «күнү» акырындык менен пайда боло баштаган, бирок Күн, Ай менен жылдыздар төртүнчү жаратуу күнүнө чейин көрүнгөн эмес (Башталыш 1:14—19).

Экинчи жана үчүнчү «күн»

Үчүнчү жаратуу «күнү» кургактыкты жаратар алдында Кудай суунун бир бөлүгүн өйдө көтөргөн. Натыйжада Жерди суу буусу чулгап калган *. Байыркы билдирүүдө Жараткандын аны кантип жасагандыгы айтылбайт, анын зарылдыгы деле жок. Ыйык Китеп жогору жактагы суу менен төмөн жактагы суунун ортосунда мейкиндик пайда болгонун белгилеп кетет. Ал мейкиндик Ыйык Китепте асман деп аталган. Адамдар бүгүн да атмосферанын канаттуулар менен самолёттор учуп жүргөн бөлүгүн ошентип аташат. Анан Кудай асманды тиричилик үчүн зарыл болгон газдардын аралашмасына толтурган.

Жаратуу «күндөрүндө» жер бетиндеги суунун деңгээли ылдыйлап, кургактык пайда болгон. Ушул убакка чейин Жердин платформасын кыймылга келтирип турган геологиялык күчтөрдүн жардамы менен Кудай океан алдында жаткан кыркалардан континенттерди жаратса керек. Океанографтар карталарга түшүрүп, абдан кызыгуу менен изилдеп жаткан кургактык менен терең океан ойдуңдары ошентип пайда болгон. (Салыштыргыла: Забур 103:8, 9.) Кургактык пайда болгондон кийин, укмуштуу башка окуялар боло баштаган: «Анан Кудай: „Жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, уругу жер үстүндө өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарсын“,— деди. Так ошондой болду» (Башталыш 1:11).

Буга чейинки бөлүмдө («Жаратылыштын артында эмне же ким турат?») айтылып кеткендей, өсүмдүктөр үчүн фотосинтез процесси — зарыл нерсе. Жашыл өсүмдүктүн клеткасында күндүн жарыгынан энергия алуучу хлоропласттар деп аталган майда элементтер бар. Бир китепте: «Микроскоптун жардамы менен көрүнгөн бул фабрикалар кант жана крахмал өндүрөт... Адам хлоропластка караганда өндүрүмдүүрөөк жана керектүүрөөк продукция чыгарган фабрика кура албайт»,— деп айтылган («Planet Earth»).

Албетте, кийинчерээк пайда боло турган жаныбарлардын жашоосу хлоропласттардан көзкаранды болмок. Андан тышкары, жашыл өсүмдүктөр болбосо, Жердин атмосферасында көмүр кычкыл газы өтө көбөйүп кетмек, натыйжада аба ысык жана кычкылтек жетишсиз болгондуктан, биз тирүү калмак эмеспиз. Фотосинтезден көзкаранды болгон тиричиликтин өрчүшүн кээ бир окумуштуулардын түшүндүрүп бериши таң калтырат. Мисалы, алардын айткандары боюнча, суудагы бир клеткалуу организмдердин азык-түлүгү түгөнө баштаганда, «кээ бир новатор-клеткалар амал табышкан. Алар фотосинтезди „ойлоп чыгарышкан“». Бирок, чын-чынына келгенде, ошондой болушу мүмкүн беле? Фотосинтез ушунчалык татаал болгондуктан, окумуштуулар азыркыга чейин анын сырын чече албай келишет. Өзүнөн өзү көбөйгөн фотосинтездик тиричилик түшүндүрүлгүс жол менен, өз алдынча эле пайда болуп калды деп ойлойсуңарбы? Же аны, Башталыш китебиндеги билдирүүдө айтылгандай, акылдын катышуусу, атайы максат менен жаратылган деп эсептөө туурараакпы?

Үчүнчү жаратуу «күнү» аяктаганда, өсүмдүктөр дүйнөсүндө жаңы түрлөрдүн пайда болушу аяктабаса керек. Жаңы түрлөр, Жараткан «Эйденге бак отургузуп», «топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарган» алтынчы «күнгө» чейин деле пайда боло бериши мүмкүн болчу (Башталыш 2:8, 9). Буга чейин айтылып кеткендей, төртүнчү «күнү» Жердин атмосферасы тазалангандыктан, жерге Күндүн жана башка асман телолорунун жарыгы жетип калган көрүнөт.

Бешинчи жана алтынчы «күн»

Бешинчи жаратуу «күнүндө» Жараткан океандарды жана асманды, өсүмдүктөрдөн башка, тиричиликтин жаңы түрлөрүнө — «тирүү жандыктарга» — толтура баштаган. Биологдордун өзгөчө өсүмдүктөр дүйнөсү менен жаныбарлар дүйнөсүнө көп көңүл бурушу, аларды майда топторго бөлөрү кызык. «Жан» деп которулган байыркы эврей сөзү «дем алган жандык» дегенди да билдирет. Ыйык Китепте «тирүү жандын» каны бар экендиги да айтылат. Ошондуктан деңиздеги жана көктөгү дем алуу органдары, жүрөк-кан тамыр системасы бар жандыктар бешинчи жаратуу мезгилинде пайда боло баштаган деген жыйынтыкка келүүгө болот (Башталыш 1:20; 9:3, 4).

Алтынчы «күнү» Кудай кургактыкка өзгөчө көңүл бурган. Ал «малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын» жараткан — Муса ушул билдирүүнү жазып жаткан маалда жашаган адамдарга бул сөздөрдүн мааниси түшүнүктүү болгон (Башталыш 1:24). Дал ошо алтынчы жаратуу мезгилинде жер үстүндө сүт эмүүчүлөр пайда болгон. Адамдарчы?

Байыркы билдирүүдө Кудайдын акыр-аягы жер үстүнө тирүү жандардын өзгөчө түрүн жаратууга киришкени айтылат. Ал өзүнүн асмандагы Уулуна: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын»,— деген (Башталыш 1:26). Мына ошентип, адам Жаратканына мүнөздүү сапаттарды көрсөтүү менен Анын рухий бейнесин чагылдырмак. Адамдын акылы кең билим батырууга жөндөмдүү болгон. Ошондуктан адам, жаныбардан айырмаланып, аң-сезимдүүлүк менен иш-аракет жүргүзмөк. Андан тышкары, ал сокур сезимге жетектелбестен, өзүнүн эрк боштондугуна жараша иш кылуу жөндөмү менен жаратылган.

Окумуштуулар акыркы жылдары адамдын гендерин кылдаттык менен изилдешүүдө. Дүнүйө жүзүнүн ар кайсы бурчунда жашаган адамдардын гендеринин түзүлүшүн салыштырып, алардын баары качандыр бир кезде жерде жашаган бир атанын — бардык адамдардын ДНКсынын булагы болгондун — балдары экенине ынандырарлык далил табышты. 1988-жылы «Ньюсуик» журналына жарыяланган «Адам менен Обону издөө» деген макалада ошол изилдөөлөр тууралуу айтылган эле. Ал изилдөө аял аркылуу гана берилүүчү митохондрийлик ДНКнын — генетикалык материалдын түрүнүн — негизинде жүргүзүлгөн. 1995-жылы «Тайм» журналына эркектин ДНКсынын изилдениши жөнүндөгү билдирүүлөр жарыяланган. Аларда «түпкү бабабыз „Адам атанын“ жашагандыгы, анын Y хромосомасында „жазылган“ генетикалык материалы азыркы жерде жашап жаткан эркектердики менен бирдей болгону» айтылган. Бул жыйынтыктар так болсо да, болбосо да, Башталыш китебинде жазылган тарыхтын абдан так экенин жана анын жаратманы окуялар болуп жатканда Өзү катышканын көрсөтөт.

Кудай Жердин түрдүү элементтерин чогултуп, Адам деп атаган өзүнүн жердеги биринчи уулун жараткан маал кандай гана толкундантарлык болгон! (Лука 3:38). Тарыхый маалыматка ылайык, жер шарынын жана андагы тиричиликтин Жаратканы өзү жараткан адамды гүлбакка окшогон жайга аны «иштетсин жана сактасын деп» жайгаштырган (Башталыш 2:15). Ошол кезде Жараткан жаныбарлардын жаңы түрлөрүн да жаратууну уланта берсе керек. Ыйык Китепте: «Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды адам кандай атай тургандыгын көрүү үчүн адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду»,— деп айтылат (Башталыш 2:19). Ыйык Китеп биринчи киши Адам ата жөн эле уламыштын каарманы болгон деп ойлоого негиз бербейт. Тескерисинче, ал чын эле жашаган, ой жүгүрткөн, сезими бар, бейиш үйүндө иш жасоодон кубаныч алган инсан болгон. Адам ата Жаратканынын жасаган нерселери тууралуу, Анын кандай сапаттарга ээ, мүнөзү кандай экендигин күн өткөн сайын көбүрөөк биле берген.

Бир канча убакыт өткөн соң, Кудай Адамдын зайыбы боло турган биринчи аялзатын жараткан. Ошондо Кудай экөөнө: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү ар кандай тирүү жаныбарларга бийлик кылгыла»,— деп тапшырма берүү менен алардын маңыздуу жашоо өткөрүшүнө кам көргөн (Башталыш 1:27, 28). Жараткандын ошол ниетин эч нерсе өзгөртө албайт: жердин баары бактылуу адамдар бири-бири менен жана жаныбарлар менен тынчтыкта жашаган бейишке айланууга тийиш.

Материалдык Аалам, биздин планета жана андагы тиричилик Кудайдын акылман экени тууралуу таасын күбөлүк берип турат. Акылман болгондуктан ал Жараткан жана Өмүрдүн булагы болсо да, кийинчерээк кээ бир адамдар көзкарандысыз иш кылууну же козголоң чыгарууну каалашы мүмкүн экенин биле алмак. Андай козголоң дүйнө жүзүн бейишке айлантуу ишине кедерги болмок. Билдирүүдө айтылгандай, Кудай Адам менен Обого тил алуунун зарылдыгын эстерине салып турарлык жөнөкөй текшерүүнү караштырып койгон. Кудай алар тил албай турган болушса, жашоо укугунан айрылышарын айткан. Жараткан камкордук көрсөтүп, түпкү ата-энебизге туура эмес иш-аракетинин залакасы бүткүл адамзат тукумуна тиерин эскерткен (Башталыш 2:16, 17).

Жараткан алтынчы «күндүн» аягында өз ниетинин аткарылышы үчүн керектүү нерселердин баарын жасап бүткөн. Ал жасаган нерселеринин баары тууралуу «абдан жакшы» деп айта алган (Башталыш 1:31). Ал «жетинчи күнгө оогондо... бардык иштерин бүтүрүп... эс алды» деп, ушул жерден Ыйык Китепте убакыттын маанилүү бир бөлүгү тууралуу биринчи жолу айтылат (Башталыш 2:2). А бирок Жараткан «чарчабас жана алсырабас» болсо, анда эмнеге бул аятта анын эс алганы айтылган? (Ышайа 40:28). Ал материалдык сферадагы жаратуу иштерин токтоткон. Андан тышкары, анын эбегейсиз ой-ниетинин аткарылышына асмандагы же жердеги козголоң да, эч бир нерсе тоскоолдук кыла албасын билгендиктен эс алып жатат. Кудай жетинчи жаратуу «күнүнө» шектенбестен батасын берген. Демек, Кудайга берилген акыл-эстүү жаратууларынын баары: адамдар жана көзгө көрүнбөгөн рухий жаратуулар жетинчи «күндүн» аягында бүткүл Ааламда тынчтык жана бакыт-таалай өкүм сүрөрүнө шек санабай эле коюшса болот.

Башталыш китебиндеги билдирүүгө ишенүүгө болобу?

Ааламдын жаратылышы жөнүндөгү ушу билдирүүгө жана андагы убадаларга ишенүүгө болобу? Биз белгилеп кеткендей, окумуштуулар азыркы генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында Ыйык Китепте эчак эле жазылган тыянакка келгени турушат. Анын үстүнө, кээ бир окумуштуулар Ыйык Китепте баяндалган окуялардын туура иретин белгилешүүдө. Мисалы, белгилүү геолог Уоллес Пратт: «Эгерде геолог катары менден жердин пайда болгондугу жана андагы тиричиликтин өрчүшү жөнүндөгү азыркы түшүнүктү Башталыш китеби арналган урууларга окшогон жөнөкөй, айылдык адамдарга кыскача түшүндүрүп берүүнү суранышса, мен Башталыш китебинин 1-бөлүмүндө айтылгандарга болушунча жакыныраак кармангандан артык эч нерсе кыла алмак эмес болушум керек»,— деген. Пратт Башталыш китебиндеги окуялардын иретин: деңиздердин пайда болушу, кургактыктын чыгышы, деңиздеги тиричиликтин, куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн пайда болушу, чынында, геологиялык убакыттын негизги мезгилинин баскычтарынын ирети экенин да белгилеп кеткен.

Ойлоп көрөлүчү. Ошолордун баары жөнүндө Жараткан, Долбоорчу, маалымат бербеген болсо, Муса ал окуялардын баскычтарынын туура иретин миңдеген жылдардан кийин кайдан билмек?

«Аалам Кудайдын сөзү менен жаратылганын ишеним аркылуу таанып билебиз. Демек, көрүнбөгөн нерседен көрүнгөн нерсе жаралган»,— деп айтылган Ыйык Китепте (Эврейлерге 11:3). Көптөр биздин Аалам жана андагы тиричилик капыстан же башкарылбаган процесстин натыйжасында пайда болуп калган деп эсептөөгө жакын *. Бирок, буга чейин айтылгандардан көрүнгөндөй, Ааламдын, жердеги тиричиликтин, биздин да акыл-эстүү Жараткан-Кудайыбыз — Баштапкы Себеп — бар экенине ишенүүгө көп негиз бар.

Ыйык Китеп: «Баарында эле ишеним жок»,— деп ачык айтат (2 Тесалоникалыктарга 3:2). Бирок ишеним ишенчээктикке эмес, суроонун маңызын түшүнө билгендикке негизделет. Эмки бөлүмдөн эмне үчүн Ыйык Китепке жана ар бирибиз үчүн кам көргөн Улуу Жаратканыбызга толук ишенүүгө болорунун дагы бир катар жүйөлүү жана ишенимдүү себептерин билебиз.

[Шилтемелер]

^ 18-абз. Энергия жарык ылдамдыгынын квадратына көбөйтүлгөн массага барабар.

^ 30-абз. Эврейлердин күнү күн батканда башталып, кийинки күнү күн баткан маалга чейин уланган.

^ 32-абз. Сууну көтөрүп, өйдө жакта кармап туруу үчүн, Жараткан кадимки процесстерди колдоно алган. Нухтун күндөрүндө жерге дал ошол суу төгүлгөн (Башталыш 1:6—8; 2 Петир 2:5; 3:5, 6). Антропологдордун ырастоосу боюнча, ал тарыхый окуя ошондо аман калган адамдардын жана алардын тукумдарынын көңүлүнө терең из калтырган. Ал окуя тууралуу дүйнө жүзүнүн бардык элдеринин Топон суу жөнүндөгү тарыхый билдирүүлөрүндө баяндалып келет.

^ 49-абз. Жердеги тирүү организмдердин пайда болуу тарыхын дагы изилдөө үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» (ор.) аттуу китепти карагыла.

[86-беттеги сүрөт]

Мына бул NGC 4261 галактикасындагы чаңдуу дисктер көрүнбөгөн зор кара көңдөйлөрдүн бар экенин далилдейт. Ыйык Китеп башка сферада кудуреттүү, бирок көзгө көрүнбөгөн жаратуулардын барын маалымдайт.

[89-беттеги сүрөт]

Эксперименттерден улам массаны — энергияга, ал эми энергияны массага айлантууга болору жөнүндөгү теориянын калетсиздиги билинди.

[94-беттеги сүрөт]

Биринчи үч «күндө» аткарылган иштердин натыйжасында албан түрлүү өсүмдүктөр пайда болгон.

[100-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепте жердеги жашоонун кантип пайда болгондугу так жана жөнөкөй тил менен баяндалат.

[101-беттеги сүрөт]

«Геолог катары... мен Башталыш китебинин 1-бөлүмүндө айтылгандарга болушунча жакыныраак кармангандан артык эч нерсе кыла алмак эмес болушум керек» (Уоллес Пратт).