Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ааламдын курулуш кыштары»

«Ааламдын курулуш кыштары»

Тиркеме

«Ааламдын курулуш кыштары»

Заманбап илимий энциклопедиялардын биринде химиялык элементтер ушинтип аталат. Жерде элементтердин укмуштуудай көп түрү бар; алардын кээ бирлери сейрек, башкалары арбын жолугат. Алтынга окшогон элементтер адамдын көз жоосун алат. Башка элементтерди, мисалы, азот жана кычкылтек сыяктуу газдарды биз көрө албайбыз. Ар бир элемент атомдордун белгилүү бир түрүнөн турат. Атомдордун түзүлүшү жана алардын өз ара аракеттениши үнөмдүүлүктү жана таңдандырарлык уюшкандыкты көрсөтүп турат, аны ирети менен жайгаштырылган таблица түрүндө элестетсек болот.

Мындан 300 жылдай мурун 12 гана элемент белгилүү болчу, алар: алтын, висмут, жез, калай, коргошун, көмүртек, күкүрт, күмүш, мышьяк, сурьма, сымап жана темир эле. Окумуштуулар жаңы химиялык элементтерди ачып жатканда алардын так классификацияга баш иерин байкашкан. Бирок бул классификацияда бош орундар бар эле, ошондуктан Менделеев, Рамзай, Мозли менен Бор сыяктуу окумуштуулар белгисиз химиялык элементтер бар деп божомолдошкон жана алардын касиети тууралуу гипотезаларды айтышкан. Алдын ала болжогондой эле, ал элементтер убакыттын өтүшү менен ачылган. Аттары аталган окумуштуулар материянын ошол маалда белгисиз болгон түрлөрүнүн бар экенин кантип алдын ала айта алышкан?

Химиялык элементтер атомдорунун түзүлүшүнө негизделген табигый классификацияга баш иет. Бул — далилденген мыйзам. Ошондуктан мектеп китептеринде элементтердин катарга жана мамычаларга (суутек, гелий жана башкалар) жайгаштырылган мезгилдик системасы берилген.

Бир энциклопедияда: «Илимдин тарыхында табигый чөйрөдөгү иреттүүлүктү көрсөтүлүшү боюнча системалоо аракеттеринин азы гана мезгилдик система менен теңтайлаша алат... Келечекте жаңы кандай элементтер ачылбасын, баары мезгилдик системанын структурасына дал келип, белгилүү бир топко таандык касиеттерди көрсөтүп, мезгилдик системадан орун алары шексиз»,— деп айтылат («McGraw-Hill Encyclopedia of Science & Technology»).

Элементтерди мезгилдик системанын катарларына жана мамычаларына жайгаштырганда, бир мамычада жайгашкан элементтердин ортосундагы таң каларлык өз ара байланыш ачык көрүнөт. Мисалы, акыркы мамычадан гелий (Z=2), неон (Z=10), аргон (Z=18), криптон (Z=36), ксенон (Z=54) жана радон (Z=86) орун алган. Булар — электр разрядын өздөрүнөн өткөзгөндө жаркырай турган, кээ бир электр лампаларында колдонулган газдар. Андан тышкары, бул газдар, башка элементтерден айырмаланып, ар кайсы элементтер менен реакцияга оңой менен кошула бербейт.

Бүткүл Ааламда, атүгүл анын атомдук бөлүкчөлөрүндө да таңыркаткан шайкештик жана иреттүүлүк байкалып турат. Ааламдын структуралык элементтеринин ортосунда эмнеден улам ушунчалык иреттүүлүк, шайкештик жана ар түрдүүлүк өкүм сүрөт?

[27-беттеги таблица]

Элементтерин мезгилдик системасы

(Толук текст адабиятта келтирилет)

Элементтердин мезгилдик системасынын иреттүүлүгү менен шайкештигинен эмне көрүнүүдө — жөн эле кокустукпу же ойлонуштурулгандыкпы?

Металлдар

Металл эместер

Инерттүү газдар

Өтмө элементтер

Лантаноиддер тобу

Актиноиддер тобу

I

II

III

IV

V

VI

VII

VIII

Элементтин аты Химиялык белгиси Катар номери

суутек H 1

гелий He 2

литий Li 3

берилий Be 4

бор B 5

көмүртек C 6

азот N 7

кычкылтек O 8

фтор F 9

неон Ne 10

натрий Na 11

магний Mg 12

алюминий Al 13

кремний Si 14

фосфор P 15

күкүрт S 16

хлор Cl 17

аргон Ar 18

калий K 19

кальций Ca 20

скандий Sc 21

титан Ti 22

ванадий V 23

хром Cr 24

марганец Mn 25

темир Fe 26

кобальт Co 27

никель Ni 28

жез Cu 29

цинк Zn 30

галлий Ga 31

германий Ge 32

мышьяк As 33

селен Se 34

бром Br 35

криптон Kr 36

рубидий Rb 37

стронций Sr 38

иттрий Y 39

цирконий Zr 40

ниобий Nb 41

молибден Mo 42

технеций Tc 43

рутений Ru 44

родий Rh 45

палладий Pd 46

күмүш Ag 47

кадмий Cd 48

индий In 49

калай Sn 50

сурьма Sb 51

теллур Te 52

йод I 53

ксенон Xe 54

цезий Cs 55

барий Ba 56

лантан La 57

церий Ce 58

празеодим Pr 59

неодим Nd 60

прометий Pm 61

самарий Sm 62

европий Eu 63

гадолиний Gd 64

тербий Tb 65

диспрозий Dy 66

гольмий Ho 67

эрбий Er 68

тулий Tm 69

иттербий Yb 70

лютеций Lu 71

гафний Hf 72

тантал Ta 73

вольфрам W 74

рений Re 75

осмий Os 76

иридий Ir 77

платина Pt 78

алтын Au 79

сымап Hg 80

таллий Tl 81

коргошун Pb 82

висмут Bi 83

полоний Po 84

астат At 85

радон Rn 86

франций Fr 87

радий Ra 88

актиний Ac 89

торий Th 90

протактиний Pa 91

уран U 92

нептуний Np 93

плутоний Pu 94

амерций Am 95

кюрий Cm 96

берклий Bk 97

калифорний Cf 98

эйнштейний Es 99

фермий Fm 100

менделевий Md 101

нобелий No 102

лоуренсий Lr 103

104

105

106

107

108

109