Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жараткан камкор болсо, эмне себептен азап-кайгы мынчалык көп?

Жараткан камкор болсо, эмне себептен азап-кайгы мынчалык көп?

Онунчу бөлүм

Жараткан камкор болсо, эмне себептен азап-кайгы мынчалык көп?

СААТЫҢАРДЫН секунданы көрсөткөн жебеси бир айланып чыкканча жугуштуу оорулардан 30дан ашык адам өлөт, 11 адамдын өмүрүн рак алып кетет, 9 адам жүрөк ооруларынан кайтыш болот. Өзүңөргө белгилүү болгондой, булар адамдардын кендирин кесип жаткан оорулардын кээ бирлери эле; азап чегүүлөрдүн жана өлүмдүн башка дагы көп себептери бар.

Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын кабылдамасындагы саат 1996-жылы кедей үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир ымыркайды каймана мааниде санап турган, мүнөтүнө 47 бала жарык дүйнөгө келген. Ал эми жерде жашагандардын 20 пайызы күн сайын ачка жатууга аргасыз болот. А эгер силер жашаган аймактагы кылмыштардын санын эсептеп чыгууга аракеттенип көрсөңөр кандай абалда болосуңар?

Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө азап-кайгы аябагандай көп.

«Ошого карабастан,— дейт мурун полицияда иштеген бир адам,— айланабыздагы адилетсиздиктерге көбүбүз кайдыгерлик менен карайбыз». Бирок өзүбүздүн же жакындарыбыздын башына оор мүшкүл түшкөндө, андай кайдыгерликтен эчтеке калбайт. Мисалы, өзүңөрдү Масаконун ордуна коюп көрсөңөр. Ал рактан жапа чеккен ата-энесин бакчу. Алардын оорудан соолуп баратканын көрүп, онтогонун угуп, Масако өзүн таптакыр алсыз сезчү. Же болбосо, тогуз жашында эле атасы 14 долларга сатып жиберген Шарада аттуу азиялык кыздын азап чегүүсүн элестетсеңер. Шараданы өз айлынан башка шаарга алып кетишип, денесин сатып акча табууга аргасыз кылышкан; ал күнүнө алты эркектин кумарын кандырууга тийиш болгон.

Эмне үчүн ушундай азап чегүүлөр көп? Жараткан эмне себептен аларды токтотпойт? Көптөр азап-кайгынын айынан Кудайдан баш тартышат. Жогоруда айтылган полиция кызматкеринин энеси психика жагынан оорулуу бирөөгө «жем» болгон. Уулу ошондогу өзүнүн абалын мындай деп билдирет: «Ааламды башкарган кудуреттүү, мээримдүү Кудайдын бар экенине мурун ошол кездегидей шектенген эмес элем». «Эмне себептен?» деген суроого, балким, силер да жооп издеп жаткандырсыңар. Ооба, адамзат эмне үчүн азап чегип жатат? Буга эмне себеп болууда жана Жаратканды бул тынчсыздандырабы?

Адамдар мурун өткөргөн жашоосу үчүн азап тартышабы?

Дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө жашаган миллиондогон адамдардын ою боюнча, азап-кайгылардын себеби адамдын мурунку жашоосуна байланыштуу, анын азыркы жашоодогу азап чегүүсү — мурунку жашоосундагы иштери үчүн алган жаза. «Адамзаттын азаптары биздин кармага камалгандыгыбызга байланыштуу, анткени баарыбыз төрөлгөнүбүздөн баштап мурунку карманын оор жүгүн көтөрүп жүрбөйбүзбү» *. Бул көзкараш Батыш өлкөлөрүндө дзен деп аталган диний агымдын жайылышына салым кошкон философ Дайсец Сузукиге таандык. «Карма мыйзамын» адамдардын азап чегүүсүнүн себептерин түшүндүрүүгө аракеттенишкен индус акылмандары ойлоп чыгарышкан. Бирок алардын түшүндүрмөсү акылга сыярлыкпы жана чыныгы канааттануу алып келеби?

Бир буддист аял мындай деп айткан: «Мени менен кошо төрөлгөн, мен билбеген бир нерсе үчүн азап тартышымды кажетсиз деп эсептегем. Ошо азап тартууну тагдырдын буйругу катары кабыл алышым керек болчу». Азап чегүүлөрдүн себебинин ушинтип түшүндүрүлгөнү аны канааттандырган эмес. Силерди да канааттандырбаса керек. Силер жашаган жерде жандын көчүп жүрүшү жөнүндөгү ой жалпыга белгисиз болушу да мүмкүн, бул ойдун негизинде бүтүндөй христианчылыкка да, башка диндерге да кеңири тараган окуу — адамдын ал өлгөндөн кийин жашай берүүчү жаны бар деген окуу — жатат. Азаптардын азыркылары да, кийинкилери да дал ошол «жан» менен байланышкан дешет.

Мындай көзкараштар кеңири тараган, бирок алардын тууралыгына кандай далилдер бар? Ушуга окшогон маанилүү суроолорго жооп издөөдө Жараткандын айткандарына кайрылуу туура эмеспи? Адамдардын көзкарашы жана ишеними жаңылыш болушу мүмкүн, ал эми, өзүбүз карап чыккандай, Кудайдын айткандарына ишенүүгө болот.

Мындан мурунку бөлүмдө айтылгандай, биздин түпкү ата-энебиздин күнөөсү адамдардын эң коркунучтуу душманына — өлүмгө — алып келген. Адам атага Жараткан: «[Тил албаган же күнөө кылган] күнү өлүп каласың»,— деп эскерткен (Башталыш 2:17; 3:19). Кудай Адамдын өлбөс жаны жөнүндө эчтеке айткан эмес. Ыйык Китептин тили менен айтканда, Адам өзү жан болгон. Демек, ал өлгөндө, Адам деп аталган жан өлгөн. Андан кийин анын аң-сезими болгон эмес, ал азап тарткан да эмес.

Карма — жандардын көчүп жүрүшү жана келечектеги жашоодо азап чегиши мүмкүн болгон өлбөс жан — жөнүндөгү окууну Жараткан туура көрбөйт. Эгерде биз Адам атанын күнөөсү кандай кесепеттерди туудурганын билсек, анда эмне себептен бүгүн азап-кайгынын мынчалык көп экенин жакшыраак түшүнө алабыз.

Азап-кайгынын башталышына эмне себеп болгон?

Адамдардын башына түшкөн азаптарды толук түшүнүү кыйын болсо да, ылайыктуу куралды колдонуу менен суроолорубузга жооп ала алабыз. Дүрбү алыстагы нерселерди көрүүгө жардам бергендей эле, Ыйык Китеп азап чегүүлөрдүн себебин түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Ыйык Китепте бардык адамдардын «мезгил менен кокустуктун капшабына» кабылары эскертилет (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Мисалы, Ыйса ошол убакта белгилүү болгон бир окуяны айтып өткөн. Ал окуяда мунара кулап, 18 адамдын өмүрү кыйылганы айтылат. Ыйса ошол маркумдардын башка адамдарга караганда көбүрөөк айыптуу болбогонун айткан (Лука 13:1—5). Ал адамдар ылайыксыз учурда ылайыксыз жерде болуп калгандыктан каза тапкан. Бирок Ыйык Китепте азап чегүүлөрдүн мындан башка, негизги себептери да бар экени айтылат. Андан буга байланыштуу эмнелерди биле алабыз?

Биринчи адамдар күнөө кылгандан кийин, асмандагы Сот, Жахаба, алардын андан ары жашоого эч кандай укугу жок деген өкүм чыгарган. Адам менен Обо өлгөнгө чейин баштарынан көптөгөн азаптарды өткөрүшкөн. Алар карылык менен оорунун таасирин, сындырым нан үчүн оор эмгекти, кызганчаактык менен зордук-зомбулук үй-бүлөсүн бөлүп-жарып жатканын көрүп капаланууну да өз баштарына өздөрү алып келишкен (Башталыш 3:16—19; 4:1—12). Ошол азаптардын баарына биринчи кезекте ким күнөөлүү экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Күнөө өзүлөрүндө болчу. Андай болсо, азаптардын азыркы убакка чейин созулуп келатканын кантип түшүнсө болот?

Көптөр өздөрүнүн күнөөлүү экенин мойнуна алышпаса да, Ыйык Китепте: «Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти»,— деп чындык айтылат (Римдиктерге 5:12). Биринчи адамдар өздөрүнүн туура эмес жүрүм-турумунун кесепетин көрүшкөн, бирок анын залакасы алардын тукумдарына да тийген (Галатиялыктарга 6:7). Өлүмгө алып баруучу жеткилеңсиздик алардын балдарына тукум кууп өткөн. Муну жакшыраак түшүнүүгө кээ бирөөлөргө илимий фактылар жардам берет. Мисалы, бүгүнкү күндө да балдарга ата-энелеринен оорулар же кемчиликтер тукум кууп өтөт. Гемофилия, талассемия (Жер ортолук деңиз анемиясы), жүрөктүн ишемия оорусу, диабеттин бир түрү, атүгүл эмчек рагы тукум кууп өтүшү мүмкүн. Балдар өздөрү айыптуу болбосо да, тукум кууп өткөн оорулардан азап чегиши мүмкүн.

Биздин генетикалык түпкү ата-энебиз, Адам менен Обо, Жахабанын башкаруусун четке кагууну тандашкан *. Адамдардын башкаруунун ар кандай түрлөрүн колдонуп көрүшкөнү тарыхтан белгилүү. Кээ бир башкаруучулар өздөрүнүн иш-аракеттери адамдарга жыргалчылык алып келерине чын дилден ишенишкен. Бирок силер адамдардын башкаруусуна кандай баа берет элеңер? Адамзаттын азап-кайгысы азайдыбы? Жок. Тескерисинче, көп сандаган саясий стратегиялардын жана мамлекеттер аралык согуштардын айынан азап чегүүлөр күчөдү. Болжол менен 3000 жыл мурун бир акылман башкаруучу: «Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян [келтирет]»,— деп айткан (Насаатчы 8:9).

Азыр абал таптакыр өзгөрдү, жакшырды деп ойлойсуңарбы? Көпчүлүк «жок» деп жооп берет. Көптөгөн чоң кишилер да, балдар да тукум кууп өткөн күнөөнүн жана жеткилеңсиздиктин айынан гана эмес, өздөрүнүн жана башка адамдардын жасап жаткан иштеринен да азап чегишет. Мисалы, адамдар көп учурда ачкөздүктөн улам жерге жаман мамиле жасашат. Андан тышкары, планетанын булганышына, жакырдыктын өсүшүнө, ошондой эле ачарчылыктын жана оорулардын жайылышына адам баласы күнөөлүү. Атүгүл кээде «Кудайдын жазасы» деп аташкан табигый кырсыктар да адамдардын кылган иштеринин кесепетинен болот. Бирок азап чегүүнүн, адатта, көп маани берилбеген дагы бир негизги себеби бар.

Азап-кайгынын Себепкери

Азап-кайгынын баштапкы себеби эмнеде экени жана камкор Жараткандын ага эмне үчүн жол берип жатканы Ыйык Жазманын бир китебинде айрыкча жакшы түшүндүрүлөт. Ал — Аюб китеби жана анда жазылгандар азап-кайгыларга байланышкан суроолордун баарына жооп алууга жардам берет. Бул китеп маанилүү окуялар болуп өткөн көзгө көрүнбөгөн чөйрөгө көз чаптырууга мүмкүндүк берет.

Мындан 3500 жылча мурун, Муса Ыйык Жазманын биринчи китептерин жазганга чейин, азыр Арабия деп аталган жерде Аюб аттуу адам жашаган. Ыйык китептик билдирүүдө Аюбдун чынчыл, аккөңүл, башкалардын кадыр-баркына ээ болгон адам болгону айтылат. Ал абдан бай болгон, анткени бодо малы өтө көп болгон жана ал «чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгон». Анын үй-бүлөсү: аялы, жети уулу, үч кызы болгон (Аюб 1:1—3; 29:7—9, 12—16). Бир күнү Аюбга кабарчы чуркап келип, бодо малын күтүлбөгөн жерден каракчылар алып кеткенин билдирет. Көп өтпөй башка бирөө келип, анын короо койлорунун кырылганын айтат. Аңгыча каздимдиктер малчыларын өлтүрүп, 3000 төөсүн айдап кетишет, бир гана малчысы аман калат. Акырында андан да суук кабар келет. Демейдегиден катуу шамал Аюбдун тун уулунун үйүн талкалап, ал жерге чогулган балдарынын баары өлөт. Башына түшкөн азап-кайгы үчүн Аюб Кудайды күнөөлөйбү? Анын ордунда болсоңор, өзүңөрдү кандай сезет элеңер? (Аюб 1:13—19).

Бул адамдын кайгысы ошону менен эле бүтүп калган эмес. Денесин ириң жаралар каптап, коркунучтуу дартка чалдыккан *. Оорусу абдан күчөп, жийиркенич туудургандыктан, аялы Кудайды күнөөлөй баштаган. Ал: «Кудайга акарат келтир да, өл»,— деп айткан. Аюб эмне себептен азап чегип жатканын билген эмес, ошого карабастан Кудайды күнөөлөгөн эмес. Ал жөнүндө: «Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок»,— деп айтылат (Аюб 2:6—10).

Анын башына түшкөн кырсыкты угуп, ага үч таанышы келген. Элипаз: «Адил адамдар тукум курут болду беле?» — деп сурап, Аюбду кыянат иш кылган деп божомолдогон (Аюб 4, 5-бөлүмдөр). Ал аны жашыруун күнөө жасагандай, атүгүл муктаж болуп тургандарга нан бербей, жетим-жесирлерге кысым көрсөткөндөй кылып айыптаган (Аюб 15, 22-бөлүмдөр). Тарткан азабы үчүн Аюбдун өзү күнөөлүү болгондой, берки эки жалган жубатуучу да аны жемелеген. Алардын айткандары туура беле? Жок.

Аюб китеби бул адамдын тарткан азаптарынын башкы себебин жана Кудай аларга эмне үчүн жол бергенин түшүнүүгө жардам берет. Анын биринчи жана экинчи бөлүмдөрүндө адегенде көзгө көрүнбөгөн асманда, рухий чөйрөдө, эмне болгондугу айтылат. Кудайдын алдына рухий жаратуулар чогулушкан, алардын арасында Шайтан * деп аталган козголоңчу да бар эле. Аюбдун актыгы жөнүндө сөз болгондо, Шайтан: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?.. Колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» — деп шек келтирген (Аюб 1:9—12).

Башкача айтканда, Шайтан Кудайга Аюбду мал-мүлк менен өзүнө тартып жатат деген айып койгон. Бул ыймансыз рухий жаратуу, эгер Аюб байлыгынан, денсоолугунан ажыраса, Кудайды каргай турганын айткан. Кеңирээк мааниде алганда, Шайтан азап чеккенде бир да адам Кудайды сүйбөөрүн жана берилгендигин сактабаарын ырастаган. Бул айыптоо бардык адамдарга тийиштүү болгон жана анын жалган экенин далилдөө үчүн убакыт талап кылынган. Шайтан көтөргөн талаш маселелер чечилүүгө тийиш болгон. Ошондуктан Кудай Шайтанга Аюбга кол салууга жол берген. Ооба, жогоруда айтылып өткөн азаптарга Аюбду Шайтан дуушар кылган.

Албетте, Аюб асманда бүт ааламга тиешелүү маанилүү суроо көтөрүлгөнүн билген эмес. Шайтан болсо анын бардык азап-кайгыларына Кудайды күнөөлүү кылып көрсөтүүгө аракеттенген. Мисалы, Аюбдун короо койлоруна чагылган түшкөндө, тирүү калган койчу чагылганды «Кудайдын оту» деп атаган. Бул кырсыктардын баары эмне үчүн башына түшкөнүн билбесе да, Аюб Жахаба Кудайга акарат келтирген эмес, аны четке каккан эмес (Аюб 1:16, 19, 21).

Аюбду мындай абалга алып келген жагдайлар жөнүндө ой жүгүртө турган болсок, талаш маселе төмөнкүдө экенин түшүнөбүз: адамдар кыйынчылыктарга карабай Жахабага сүйүү менен кызмат кылабы? Аюб ушул суроого жооп берүүгө жардам берген. Кудайга болгон чыныгы сүйүү гана адамга Жахабага ишенимдүү бойдон калууга түрткү бере алмак. Аюб Кудайды чындап сүйгөндүктөн ишенимдүүлүгүн сактаган. Шайтандын айыптоолорунун жалган экенине бул кандай сонун далил! Талаш маселе Аюбдун берилгендик сактаганы менен эле чечилип калган эмес, ал кылымдарга созулуп келатат. Бул маселенин чечилишине биздин да катышыбыз бар.

Көптөр башкалардын кайсы бир себептерден улам азап чеккенин көргөндө же өздөрү кыйналганда кантишет? Алар Аюбдун күндөрүндө көтөрүлгөн талаш маселелер тууралуу билбеши жана Шайтандын бар экенине ишенбеши мүмкүн. Ошондуктан алар көп учурда Жараткандын бар экенине күмөн санашат же болуп жаткан азаптар үчүн аны күнөөлөшөт. Бул тууралуу силердин оюңар кандай? Жараткан жөнүндө буга чейин билгениңердин негизинде Ыйык Китепти жазгандардын бири болгон Жакыптын сөздөрүнө кошуласыңарбы? Азап-кайгыга карабастан Жакып төмөнкүгө бекем ишенген: «Азгырылып жатканда, эч ким: „Кудай мени азгырып жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт» (Жакып 1:13).

Азап чегүүлөргө байланыштуу маселеде акылман көзкарашка ээ болуу үчүн, баалуу жардамга — Ыйсанын үлгүсүнө — кайрылууга болот. Ыйсаны кыраакылыгы, билимдүүлүгү жана окутуу жөндөмдүүлүгү үчүн баалашканы бизге белгилүү. Анын Шайтанга жана азап чегүүлөргө карата көзкарашы кандай болгон? Шайтандын бар экенин жана адамдарды азап-кайгыга дуушар кыла аларын Ыйса жакшы билген. Аюбдун актыгын бузууга аракеттенген Шайтан Ыйсаны да актыгынан тайдырууга умтулган. Бул Шайтандын чын эле бар экенин далилдегенден тышкары, анын Аюбдун күндөрүндө айткан айыптоосу дагы деле күчүндө болгонун көрсөтүп турат. Аюбга окшоп, Ыйса да Жаратканга ишенимдүүлүгүн сактаган, ан үчүн байлык менен бийликтен кечкен, ошондой эле кыйноо мамысында азап тартып өлгөн. Бул Кудайдын адамдарга кыйынчылыктарга карабастан ага берилгендигин көрсөтүүгө дагы деле мүмкүнчүлүк берип жатканын айкындоодо (Лука 4:1—13; 8:27—34; 11:14—22; Жакан 19:1—30).

Узак, бирок мунун орчундуу себеби бар

Адамдардын эмнеден улам азап чегип жатканын түшүнүү үчүн, азап-кайгыга кырсыктуу окуялар, адамдардын күнөөгө жакындыгы, жерге жасаган туура эмес мамилеси жана Шайтан Ибилис себеп болорун түшүнүү керек. Бирок себепти билүү эле жетишсиз. Азап тартып жатканда адам байыркы пайгамбар Хабакуктукундай сезимде болушу мүмкүн. Ал: «Теңир, мен Сага качанга чейин боздой берем? Сен мени качанга чейин укпайсың? Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсың? Эмне үчүн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды көрсөтүп жатасың? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту өз көзүм менен көрүп жатам, касташуулар менен уруш-чатактар болуп жатат»,— деп жазган (Хабакук 1:2, 3). Эмне үчүн Жахаба азап-кайгынын баарын көрүп туруп, аларды жок кылууга эч кандай чара көрбөгөндөй сезилет? Ал — кудуреттүү Кудай, азап чегүүнү токтотууга анда күч да, адилеттикке болгон сүйүү да бар. Анда качан токтотот?

Айтылып өткөндөй, биринчи адамдар толук көзкарандысыздыктын жолун тандаганда, Жараткан алардын кээ бир урпактары туура жолду тандашарына ишенген. Жахаба акылмандык көрсөтүп, адамзатка убакыт берген. Эмнеге? Жараткандан көзкарандысыз башкаруу бактысыздык гана алып келерин, ал эми анын эркине ылайык жашоо туура экенин жана бакыт тартууларын далилдөө үчүн.

Ошол эле маалда Кудай жерге жакшы кам көрүп келет. Элчи Пабыл мындайча ой жүгүрткөн: «[Кудай] өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген. Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген» (Элчилер 14:16, 17). Жараткандын азап-кайгы алып келбей турганы айдан-ачык. Кудай азап чегүүлөргө мааниси чоң талаш маселелерди чечүү үчүн гана жол берип келет.

Азап-кайгыдан качан арылабыз?

Кыйынчылыктардын барган сайын күчөп жатышы азап-кайгынын баары жакында жок болорун көрсөтүп турат. Эмне үчүн антип айтууга болот? Ыйык Китепте Аюбдун күндөрүндө асманда эмне болгондугу жөнүндө айтылгандан сырткары, биздин мезгилде да ал жакта кандай окуя болгону тууралуу билдирилет. Ыйык Жазманын Аян деген акыркы китебинде асманда болуп өткөн согушка өзгөчө көңүл бурулат. Ал согуш эмне болуп аяктаган? Шайтан өзүнүн көп сандаган периштелери менен «жерге кулатылган». «Ошондуктан,— делет ал китепте андан ары,— асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!» (Аян 12:7—12).

Ыйык Китептин пайгамбарлыктарын көңүл коюп изилдегенде бул согуштун өткөн кылымда болгондугу түшүнүктүү болот. Атактуу тарыхчылардын 1914-жылы, Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, адамзаттын тарыхында олуттуу бурулуш болгон деп эсептешери силерге белгилүү болсо керек *. Ошондон бери азап чегүүлөр жана кырсыктар көбөйгөндөн көбөйүп келет. Ыйсанын эң жакын окуучулары анын «келер убактысын жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болорун» сурашканда, Ыйса дал ушул мезгилди сүрөттөгөн. Ал: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот»,— деген (Матай 24:3—14; Лука 21:5—19). Чоң азап-тозокторду сүрөттөгөн бул сөздөр тарыхта биринчи жолу толук деңгээлде аткарылып жатат.

Бул окуялардан кийин, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, «жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот» (Матай 24:21). Ошол кезде Кудай адамдардын иштерине түздөн-түз кийлигишет. Ал кылымдар бою адамдардын азап чегишине себепкер болуп келген каардуу дүйнөнү жок кылат. Бирок бул бүт адамзаттын ядролук кыйроонун натыйжасында жок болушун билдирбейт. Кудайдын Сөзү бизди улуу кайгыдан аман өтө тургандардын болоруна ынандырат. «Ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден... эбегейсиз көп адамдар» тирүү калат (Аян 7:9—15).

Келечекте болчу нерселер тууралуу толук түшүнүк алуу үчүн, андан ары эмне боло турганы жөнүндө Ыйык Китепте айтылгандарга көңүл бурсаңар. Эң биринчи адамдарга берилген бак сыяктуу үй калыбына келтирилет (Лука 23:43). Үйү жок адамдар болбойт. Ышайа мындай деп жазган: «„Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет... Анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин үзүрүн көпкө чейин көрүшөт. Алар текке эмгектенбейт, балдарын кайгы үчүн төрөбөйт, анткени алар Теңирдин батасын алган тукум болот, алардын укум-тукуму өздөрү менен бирге болот... Карышкыр менен козу бирге жайылат, арстан өгүздөй болуп саман жейт... Алар Менин ыйык тоомдун эч бир жерине зыян келтирбейт, жамандык кылбайт“,— дейт Теңир» (Ышайа 65:21—25).

Адамдар азап тартабы? Согуштар, зордук-зомбулук, кылмышкерлик болбойт (Забур 45:9, 10; Накыл сөздөр 2:22; Ышайа 2:4). Адамдын Жаратканы жана Өмүр берүүчүсү тил алчаак адамдарга чың денсоолукта болууга жардам берет (Ышайа 25:8; 33:24). Ачарчылык болбойт, анткени Жердин экологиялык теңсалмактуулугу калыбына келтирилет да, адамдар мол түшүм ала алышат (Забур 71:16). Ооба, азыркы кезде азап-кайгы алып келип жаткан нерселер өткөндүн иши болуп калат (Ышайа 14:7).

Бул, чынында эле, бардык жаңылыктардын эң жакшысы. Ошентсе да көз алдыбызда, каймана мааниде айтканда, дагы эки кара булут тургандай көрүнүшү мүмкүн. Эгерде адам 70—80 жыл жашаган соң өлөрүн билсе, жанагы баталар тартуулаган кубаныч толук болмок эмес. Андан тышкары, адам Жараткан бардык азап-кайгыны жок кылганга чейин өлгөн жакындарын ойлоп кайгырбай коёт беле? Бул суроого жооп барбы?

Азап-кайгынын эң чоң себебинин жоюлушу

Жараткан жагдайды кантип чечүүнү эң жакшы билет. Ал Ааламды да, адамды да жараткан. Ошондуктан адамдардын колунан келбегенди жана алар кылууга мүмкүн экенин эми-эми түшүнүп келаткан нерселерди жасоого анын кудурети жетет. Келгиле, буга байланыштуу эки эле мисал карап көрөлү.

Түбөлүк өмүр сүрүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Ыйык Китепте Кудайдан түбөлүк өмүр алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айкын айтылат (Жакан 3:16; 17:3). Адамдын клеткаларындагы гендерди изилдөөнүн жыйынтыктарына таянып, д-р Майкл Фоссел эркектердин жыныстык клеткаларынын сапаты жаштын өтүшү менен начарлабайт деген тыянакка келген. «Биздеги гендер, эгер туура аракеттенсе, клеткаларыбыздын картайышына жол бербейт». Бул биздин 4-бөлүмдөн билгендерибизге дал келет: мээбиз зор жөндөмдүүлүктөргө ээ болгондуктан, аны орточо узактыктагы жашообузда колдонуп бүтүү мүмкүн эмес; мээ чексиз иштөөгө ылайыкташтырылган көрүнөт. Албетте, бул фактылар Ыйык Китепте айтылгандарды, болгону, толуктап турат. Кудайдын Сөзүндө болсо Жахабанын бизге азап-кайгысыз түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк берери айтылат. Ыйык Жазманын акыркы китебинде берилген убадага көңүл бурсаңар: «Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт» (Аян 21:4).

Жараткан азап чеккендердин жана өлгөндөрдүн баарына жардам бере алат: ал маркумдарды кайрадан жашоого алып келүүгө, башкача айтканда, тирилтүүгө кудуреттүү.

Тирилтилгендердин бири Лазар болгон (Жакан 11:17—45; 158—160-беттерди карагыла). Профессор Дональд Макай компьютердик файлды көрсөтмө мисал катары колдонгон. Ал компьютердин бузулуп калышы анда аткарылган теңдеменин чыгарылышы же программа таптакыр эле жок болуп кетти дегенди билдирбээрин айткан. «Эгерде математик кааласа», ошол эле теңдемени же программаны башка компьютерге киргизип, программаны аткарууга же теңдемени чыгарууга болот. Профессор Макай сөзүн мындай деп улаган: «Мээни механизм катары караган илим [Ыйык Китептеги] түбөлүк өмүргө болгон үмүткө, анын ичинде өзгөчө баса көрсөтүлгөн „тирилүү“ кереметине далилдердин аздыгынан каршы чыга албайт». Эгер адам өлсө, Жараткан аны Ыйсаны тирилткендей, а Ыйса Лазарды тирилткендей, кайрадан жашоого алып келе алат. Макай, «эгерде Жаратканыбыз тирилтүүнү кааласа», адамдын өлүмү анын жаңы денеде кайрадан жашоого келишине тоскоолдук болбойт деген корутунду чыгарган.

Ооба, бардыгы Жараткандан көзкаранды. Азап чегүүлөрдү толугу менен токтотуу, күнөөнүн кесепеттерин жок кылуу жана өлүмдү жоюу Кудайдын гана колунан келет. Ыйса Машайак өзүнүн шакирттерине келечекте боло турган зор окуялар жөнүндө айтып берген. Ал: «Мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп айткан (Жакан 5:28, 29).

Элестетсеңер! Ааламдын Эгедер Башкаруучусу эстутумундагы адамдарды тирилтүүгө даяр жана жөндөмдүү. Ал адамдар өздөрүнүн «түбөлүк өмүргө» татыктуу экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк алышат (1 Тиметейге 6:19; Элчилер 24:15).

Бирок азыр, азап чегүүлөрдөн толук кутула турган убак келгенге чейин, бизден кандайдыр бир иш-аракет кылуу талап кылынабы? Эгер ошондой болсо, бул жашообузду азыртан эле маңыздуураак кыла алабы? Келгиле, карап көрөлү.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Карманы «адамдын келечектеги жашоолоруна мурдагы иштеринин таасир этиши же жандын башка түргө өтүшү» дешет.

^ 19-абз. Башталыш 2:17де Кудайдын Адамга жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактан жегенге тыюу салганы айтылат. Андай таанып-билүү эмнени билдирери тууралуу «Иерусалимдик жаңы Ыйык Китептин» (1985) ушул аятка берилген шилтемесинде мындай деп айтылган: «Ал — жакшы, жаман эмне экенин өз алдынча чечүү жана ошого ылайык иш кылуу жөндөмдүүлүгү, өзүн жаратылган инсан экенинен баш тартып, адеп-ахлактык жактан толук көзкарандысыздыкка умтулуу (Ышайа 5:20ны карагыла). Биринчи күнөө Кудайдын эгедерлигине кол салуу болгон».

^ 24-абз. Жазмадагы башка аяттар Аюбдун кандай азаптарды тартканын толугураак түшүнүүгө жардам берет. Анын денесин курт каптаган, териси карттанган, ал дем алган сайын жагымсыз жыт келип турган. Оорусу аны абдан кыйнаган, териси карарып кеткен (Аюб 7:5; 19:17; 30:17, 30).

^ 26-абз. «Китептен Жараткан тууралуу эмнелерди билүүгө болот?» деген бөлүмдөн Адам менен Обонун күнөө кетиришинде Шайтан Ибилис кандай роль ойногондугун карап чыкканбыз.

^ 38-абз. Бул пайгамбарлык Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» деген китептин 11-бөлүмүндө талкууланат.

[168-беттеги кутуча]

Өлбөс жан жок

Ыйык Китепке ылайык, ар бир адам — жан; демек, адам өлгөндө жан өлөт. Жезекиел 18:4тө: «Күнөө кылган жан өлөт»,— деп айтылат. Өлгөндөн кийин адам аң-сезимсиз абалда болот жана башка эч жерде жашабайт. Сулайман: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп жазган (Насаатчы 9:5, 10). Эврейлер да, Ыйсанын биринчи жолдоочулары да башынан эле жанды өлбөс деп окутушкан эмес.

«Э[ски] О[суятта] жан деген сөз адамдын бөлүгүн эмес, тирүү бирөөнү, бүтүндөй адамды билдирет. Ошо сыяктуу эле Ж[аңы] О[суятта] да ал сөз адамдын өмүрүн билдирет... Ыйык Китепте кандайдыр бир жан адам өлгөндөн кийин тирүү калары тууралуу айтылбайт» («New Catholic Encyclopedia»).

«Жандын өлбөстүгү жөнүндөгү ой менен өлгөндөрдүн тирилүүсүнө ишенүү... таптакыр төп келишпеген, эки башка көзкараш»,— дейт теолог Филипп Мену («Dopo la morte: immortalità o resurrezione?»).

«Адам жалпы жонунан күнөөкөр болгондуктан, өлгөндө ал толугу менен: денеси да, жаны да өлөт (толук өлүм)... Өлүм менен тирилүү — бири-бирине сыйышпаган нерселер» (Лютеран катехизиси, «Evangelischer Erwachsenenkatechismus»).

[175-беттеги кутуча]

Ушу да узакпы?

Азап чегүүлөрдүн Аюбдун күндөрүнөн Ыйсанын күндөрүнө чейин өкүм сүрүүсү — болжол менен 1600 жыл — абдан узакка созулгандай көрүнүшү мүмкүн. Азап-кайгынын бүтүшүн күтүп жүргөн адамга 100 жыл да узак көрүнөт. Бирок Шайтан көтөргөн олуттуу талаш суроолор Жараткандын ысмына шек келтиргенин эске алуу керек. Ошондон кийинки азап-тозоктор жана жамандыктар, Кудайдын көзкарашы боюнча, аз эле убакытты камтыйт. Кудайга — «Түбөлүктүү Падышага» — «миң жыл кечээ эле өтүп кеткен күндөй» (1 Тиметейге 1:17; Забур 89:5). Түбөлүк өмүр ала турган адамдар үчүн да азап-кайгы өкүм сүргөн мезгил узак болуп көрүнбөй калат.

[178-беттеги кутуча]

Тарыхтагы бурулуш

«Бүгүнкү күнү артка кылчайсак, Биринчи дүйнөлүк согуш, британ тарыхчысы Арнольд Тойнбинин каймана тили менен айтканда, адамзат ушул убакка чейин кутула албай жаткан XX кылымдын „кырсыктар доорунун“ башталышы болгонун даана көрүп турабыз»,— деп жазган Эдмонд Тейлор («The Fall of the Dynasties»).

«Биздин убактын бурулуш жылы, албетте, Хиросима жылы эмес, а 1914-жыл болгон, анткени так ошо Биринчи дүйнөлүк согуш биз чыгууга аракет кылып жаткан туңгуюкка алып барган өзгөрүүлөрдүн доорун баштаганын... биз азыр түшүнүп жатабыз» (Д-р Рене Альбрехт-Карие, Барнард-колледж).

«Дүйнө 1914-жылы биримдигин жоготкон, аны ушу кезге чейин кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбой жатат... Азыркы убак тартипсиздик менен зордук-зомбулуктун ар кайсы өлкөлөрдө жана дүйнөлүк масштабда көбөйүп жатканы менен айырмаланат» («Экономист»).

[181-беттеги кутуча]

Адамды тирилтүү мүмкүнбү?

Невролог Ричард Рестак адамдын мээсине жана андагы нейрондорго байланыштуу өз оюн айткан. «Биздин мээбиздеги 50 миллиард нерв клеткаларында пайда болгон бирикмелерди жана байланыштарды чечмелеп берүүгө жөндөмдүү байкоочу биздин кандай инсан экенибизди жана өз өмүрүбүздө эмнелерди кылганыбызды „окуй“ алат». Андай болсо, бизди сүйгөн Жаратканыбыз, адам тууралуу толук маалыматтарга ээ болуп туруп, кантип адамды кайра жарата албасын?

[182-беттеги кутуча]

Мээбиздеги байланыштар саналуу

Ыйса: «Силердин башыңардагы чачыңар да саналуу»,— деген (Матай 10:29—31). Биздин мээбиздеги боз зат жөнүндө эмне десе болот? Нейрондор деп аталган мээнин клеткалары ушунчалык кичинекей болгондуктан, аларды кубаттуу микроскоптор менен гана көрүүгө болот. Жөн эле нейрондорду эмес, андан да кичирээк байланыштарды (синапстарды) саноого аракеттенип жатканыңарды элестетсеңер. Андай байланыштар кээ бир нейрондордо 250000ге чейин болушу мүмкүн.

Д-р Петер Хуттенлохер биринчилерден болуп кубаттуу электрондук микроскоптун жардамы менен өлүк түйүлдүктөрдүн, чарчап калган наристелердин жана көз жумган улгайган адамдардын мээсин ачып, ткандагы нейрон байланыштарын санап чыккан. Байкоо жүргүзүүгө алынган төөнөгүчтүн башындай үлгүлөрдүн баарында тең бирдей сандагы — 70000ге жакын — нейрон болгону таң калыштуу.

Андан кийин д-р Хуттенлохер ошол эле кичинекей үлгүлөрдүн нейрондук байланыштарын же мээ клеткаларынын ортосундагы байланыштарды санай баштаган. Түйүлдүктүн нейрондорунда — 124 миллион, жаңы төрөлгөн ымыркайдыкында — 253 миллион, сегиз айлык баланыкында болсо 572 миллион байланыш болгон. Д-р Хуттенлохер андан соң бала чоңойгон сайын байланыштардын саны акырындап азая турганын байкаган.

Бул изилдөөлөрдү Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндө айтылгандар менен байланыштырып карап көргөндө кызыктуу (Жакан 5:28, 29). Чоң кишинин бүтүндөй мээсинде болжол менен бир миллион миллиард же 1ден кийин 15 нөлү бар сандагы нейрондук байланыш бар. Жараткан бул байланыштарды санаганга эле эмес, аларды калыбына келтиргенге да жөндөмдүүбү?

Бир энциклопедияда Ааламдагы жылдыздардын саны 200 миллиарддын миллиардына же 2ден кийин 20 нөлү бар санга жетери көрсөтүлгөн («The World Book Encyclopedia»). Жараткан ошол жылдыздардын ар бирин атынан билет (Ышайа 40:26). Демек, Кудай үчүн өзү тирилте турган адамдардын эстутумун жана сезимдерин түзө турган нейрон байланыштарын эстеп, калыбына келтирүү кыйынчылыкка турбайт экен да.

[166-беттеги сүрөт]

Көптөр кармага, төрөлүү жана өлүү процесси кайталана берерине ишенишет.

[171-беттеги сүрөт]

Падыша Николай II менен Александра ханышанын уулу Алексейге гемофилия тукум кууп өткөн. Түпкү атабыз Адам атадан бизге жеткилеңсиздик тукум кууп өткөн.

[179-беттеги сүрөт]

Жараткан азап-кайгыга жол берип жатса да, адамдарга көп жакшы нерселерди тартуулоодо.