Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаратылыштын артында эмне же ким турат?

Жаратылыштын артында эмне же ким турат?

Бешинчи бөлүм

Жаратылыштын артында эмне же ким турат?

БУГА чейинки бөлүмдөрдө айтылып кеткендей, азыркы илимий ачылыштар Ааламдын жана жердеги тиричиликтин башталышы болгонун далилдеп турат. Ал башталышка эмне себеп болгон?

Колдо бар далилдерди изилдеп чыккандан кийин көптөр Баштапкы Себеп болууга тийиш деген тыянак чыгарышат. А бирок ошо Себепти алар сапат-касиетке ээ Бирөө деп атоону каалабайт чыгар. Жараткан тууралуу сүйлөөнү каалабоо менен алар кээ бир окумуштуулардын көзкарашын чагылдырышат.

Мисалы, Альберт Эйнштейн Ааламдын башталышы болгон деп бекем ишенчү жана «Кудай дүйнөнү кантип жаратканын билгиси» келерин айтчу. Ошентсе да ал Кудайдын өзүнчө сапат-касиеттери бар Бирөө экендигин четке каккан. Бирок ошол эле учурда «адамга окшош Кудай жөнүндөгү түшүнүктөр жана догмалар жат болгон диний сезими» жөнүндө айткан. Нобель сыйлыгынын лауреаты химик Кеничи Фукуи дагы өзүнүн Ааламдагы улуу түзүлүшкө ишенерин айткан. Ал «ушу зор байланышты жана түзүлүштү „Абсолют“ же „Кудай“ деген сөздөр менен туюнтса болорун» билдирген. Бирок Фукуи аны «табияттын мүнөздүү бөтөнчөлүгү» деп атаган.

Мындай ээси жок себепке ишенүү көп жеринен чыгыштын диний түшүнүктөрүнө окшошуп кетерин билесиңерби? Чыгыш диндерин туткандардын көбү табиятты өзүнөн өзү жаралган деп эсептейт. Бул түшүнүк жадесе «табият» деген сөздү түзгөн кытай иероглифинде да чагылдырылган, ал жазуу сөзмө-сөз «өзүнөн өзү болуп калуу» же «өзүнөн өзү бар» дегенди билдирет. Эйнштейн өзүнүн диний сезимин буддизм жакшы түшүндүрөт деп эсептеген. Будда болсо, Аалам менен адамдардын жаралышына Жараткандын катышкан-катышпаганынын мааниси деле жок деген ойдо болгон. Ошо сыяктуу эле синтоизм да табияттын кантип пайда болгонун түшүндүрбөйт; синтоисттердин ишеними боюнча, кудайлар — табият менен байланыша алган арбактар.

Мындай түшүнүктөрдүн Байыркы Грецияда кеңири таралган көзкараштарга окшош экендиги кызык. Философ Эпикурду (б.з.ч. 341—270-жж.) «кудайлар адамдарга жакшылык же жамандык жасагыдай жакын эмес, өтө алыс» деп ишенген дешет. Эпикур адам өзүнөн өзү жаралуунун жана табигый тандалуунун натыйжасында келип чыкса керек деп эсептеген. Азыркы көзкараштарда жаңы эч нерсе жок экендиги ушундан улам түшүнүктүү.

Эпикурчулардын замандаштары табиятты Кудай деп эсептеген грек стоиктери болгон. Алар адамдар өлгөндө ээсиз калган энергиялары Кудайды түзгөн энергиянын массасына кайрадан жутулат деп ойлошкон. Стоиктер табияттын мыйзамына ылайык жашоо бакыт тартуулайт деп эсептешкен. Силер бүгүн ушу сыяктуу ойдо болгон адамдарды жолуктурган эмес белеңер?

Кудай тууралуу талаштар

Анткен менен Байыркы Грециядан таралган маалыматтардын баарын эскирген деп эсептеп, капарга албай койгон жарабайт. Биринчи кылымда жашаган белгилүү окутуучу ал жердеги түшүнүктөрдүн негизинде тарыхтагы эң маанилүү сөздөрдүн бирин айткан. Анын айткандарын врач жана тарыхчы Лука жазып калган, аларды биз Элчилер китебинин 17-бөлүмүнөн таба алабыз. Балким, бул айтылган сөздөр Баштапкы Себеп жөнүндөгү суроону айкындап алууга жана анын бизге кандай таасир берип жатканын түшүнүүгө жардам береттир. А бирок 1900 жыл мурун айтылган сөздөр азыркы күндө жашоонун маңызын издеп жатышкан акниет адамдардын жашоосуна кандайча таасир эте алат?

Белгилүү окутуучу Пабыл Афиндеги жогорку сотко чакыртылган. Ал жакта аны Кудайдын касиет-сапаттарга ээ Бирөө экенине ишенбеген эпикурчулар жана стоиктер күтүп турушкан. Пабыл кириш сөзүндө шаардан «Белгисиз кудайга» (грек тилинде — агно́стои теои́) деген жазуусу бар курмандык чалынуучу жайды көргөнүн белгилеп кеткен. Кызыктуусу, айрымдардын ою боюнча, табият илиминин окумуштуусу Томас Генри Гексли (1825—1895) «агностик» деген терминди дал ушу жазууга таянып чыгарган. Гексли бул сөздү «баштапкы себеп (Кудай) менен нерселердин мааниси белгисиз жана таанып-билгис» деп ойлогондорго карата колдонгон. Бирок, көптөр ойлогондой, Жараткан чын эле «таанып-билгиспи»?

Чынын айтканда, мындай түшүнүк адамдар Пабылдын ойлорун түшүнбөгөндүктөн, сөздөрүн туура эмес колдонуп калышканынан улам пайда болгон. Элчи Пабыл Жаратканды таанып-билгис деген эмес, ал ошол афиндиктердин Жаратканды билишпегенин эле айткан. Пабылда Жараткандын бар экендигине бүгүнкү күндөгү ишенүүгө татыктуу көптөгөн илимий далилдер болгон эмес. Ошого карабастан, ал тирүү, акылдуу, бизге жагымдуу сапаттары бар Долбоорчунун барына шек санаган эмес. Анын төмөнкү сөздөрүнө көңүл бурсаңар:

«Мен силерге өзүңөр билбесеңер да урматтап жүргөн Ошол Кудай жөнүндө айтып берейин. Ал — дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай, асман менен жердин Теңири, ошондуктан Ал адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Ал бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген — Ал Өзү. Бүт жер жүзүндө жашасын деп, Ал бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты, адамдар үчүн мезгилдерди жана жашай турган жерлерди белгиледи» (Элчилер 17:23—26). Ой жүгүртүүсүнүн канчалык жүйөлүү экенин байкадыңарбы?

Пабыл Кудайды таанып-билүү мүмкүн эмес деген ойдо болгон эмес, Афиндеги курмандык чалынуучу жайды тургузгандардын, ошондой эле аны угуп жаткандардын арасынан көптөрү Кудайды биле электигин баса көрсөткөн болчу. Андан кийин ал угармандарын, анын айтылган сөзүн ошондон бери окуп келаткандардын баарын да Жаратканды таанууга чакырган, анткени Ал «ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:27). Пабыл жаратылышка байкоо жүргүзүп, баарынын Жаратканы бар экенине көптөгөн далилдерди көрө аларыбызды кылдат көрсөткөн. Биз да табиятка байкоо жүргүзүү менен Жараткандын айрым сапаттарын таанып-биле алабыз.

Буга чейин биз Жараткандын бар экенин көрсөтүп турган ар кандай далилдерди карап чыктык. Алардын бири — сөзсүз башталышы бар болгон чексиз акыл менен уюштурулган Аалам. Жердеги тиричилик менен денебиздин клеткалары жөнүндөгү маалыматтардын бирөө ойлонуштургандай болгону дагы бир далил. Ал эми үчүнчү далил — мээбиз, ошондой эле аны менен байланышкан аң-сезим жана келечекке кызыгуубуз. Келгиле, эми Жараткандын күндөлүк жашообузга таасир эткен иштеринин дагы экөөнө токтололу. Алар тууралуу ойлонуп жатканда өзүңөрдөн: «Бул нерселер аларды ойлонуштуруп жараткандын жана ишке киргизгендин Өзү тууралуу эмнени айтып турат?» — деп сурап көргүлө.

Анын жараткан нерселеринен үйрөнүү

Жаратылышка жөн эле байкоо жүргүзүү менен Жараткан жөнүндө көптү билүүгө болот. Ошондуктан Кичи Азияда жүргөндө Пабыл топ адамга мындай деген: «Ал [Жараткан] өткөн кылымдарда бардык элдердин өз жолдору менен жүрүүсүнө жол берген. Ошого карабастан, Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген» (Элчилер 14:16, 17). Пабыл бул мисалды Жараткан адамдарды тамак-аш менен камсыз кылуу аркылуу өзүнүн сапаттарын ачып жатканын көрсөтүү үчүн келтирген.

Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөрдө адамдар тамактын молдугуна көнүп калышты. Башка жерлерде көптөр эптеп өзөк жалгаарлык бир нерсе табыш үчүн кара жанын карч уруп иштешет. Бирок, кандай болбосун, тамакка ээ болуу мүмкүнчүлүгүнүн өзү Жаратканыбыздын акылмандыгынан жана марттыгынан кабар берип турат.

Адамдар менен жаныбарлардын тамагы — суу, көмүртек, фосфор жана азоттун айлануу циклдарын камтыган татаал айланмалардын натыйжасы. Тиричилик үчүн маанилүү фотосинтез процесси жүрүп жаткан маалда өсүмдүктөр кант өндүрүү үчүн көмүртек менен сууну чийкизат катары, Күндүн жарыгын энергиянын булагы катары колдонгонун баары билет. Фотосинтез жүрүп жаткан маалда өсүмдүктөр кычкылтек бөлүп чыгарат. Муну «өндүрүштүк калдык» деп атап коюуга болобу? Бул кошумча продукт жараксыз калдыктар болбой калсын. Кычкылтек бизге дем алууда жана организмибиздеги зат алмашууда же тамак сиңирүүдө керектүү. Ошол эле учурда биз фотосинтез процессинде өсүмдүктөр кайрадан колдоно турган көмүртекти бөлүп чыгарабыз. Бул тууралуу бала кезибизде эле мектептен окусак керек, анткен менен бул процесстин маанилүү жана кереметтүү экенине дагы эле шектенбей келебиз. Бул көптөгөн мисалдардын бири гана.

Биздин денебиздеги жана жаныбарлардын денесиндеги клеткалардагы энергияны ташыш үчүн фосфор зарыл. Ал бизге кайдан келет? Кайра эле өсүмдүктөрдөн. Алар топурактан органикалык эмес фосфаттарды сиңирип, органикалыкка айлантат. Биз ушундай түрдөгү фосфорду камтыган өсүмдүктөрдү жейбиз да, бул затты тиричиликке зарыл болгон процесстер үчүн сарптайбыз. Андан кийин фосфор организмден чыккан заттар түрүндө кайра топуракка барганда, өсүмдүктөр аны кайрадан сиңире алат.

Андан тышкары, бизге организмибиздеги белоктун жана ДНК молекулаларынын ар биринин курамына кирген азот керек. Тиричилик үчүн абдан керектүү бул элементти биз кантип алабыз? Абанын 78ге жакын пайызы азоттон турса деле, өсүмдүктөр да, жаныбарлар да аны түз эле абадан сиңире албайт. Ошондуктан азот өсүмдүктөргө сиңип, кийин адамдар менен жаныбарлар колдонордон мурун башка формаларга өтүүгө тийиш. Азоттун биологиялык бул айлануусу (фиксацияланышы) кандайча өтөт? Ар түрдүү жолдор менен, мисалы, чагылган аркылуу *. Ошондой эле азоттун биологиялык фиксациясын чанактуулар тукумундагы өсүмдүктөрдүн, мисалы, буурчак, соя жана беденин тамыр түймөктөрүндө жашаган бактериялар аткарат. Ал бактериялар атмосферадагы азотту өсүмдүктөргө керектүү заттарга айлантат. Натыйжада жашыл жер-жемиштерди жеп жатканда организмге белокторду синтездөө үчүн зарыл болгон азотту жутабыз. Чанактуулардын ар кандай түрлөрүн тропикалык токойлордон, чөлдөрдөн, атүгүл тундрадан табууга болору таң калыштуу. А эгер өрт болуп, жердин кайсы бир бөлүгү күйүп кеткен болсо, ошо жерге биринчилерден болуп, адатта, дал ошо чанактуулар өсүп чыгат.

Кандай сонун айланмалар! Алардын ар биринде башка айланмалардын таштандылары пайдалуу жол менен кайра иштетилет. Ага керектүү энергия, негизинен, экологиялык жактан таза, түгөнгүс жана туруктуу булактан — Күндөн — келет. Бул айлануу адамдардын ресурстарды кайрадан колдонууга жасаган иш-аракеттеринен кандай гана айырмаланып турат! Адамдардын калдыктарды кайрадан иштетүү системалары абдан татаал, ошондуктан алардын экологиялык жактан таза деген нерселери да планетанын тазаланышына дайыма эле өбөлгө түзө бербейт. Андыктан «Ю. С. ньюс энд уорлд рипорт» гезитинде буюмдарды алардын кымбат баалуу компоненттерин кайрадан оңой колдонгудай кылып чыгаруу керектиги белгиленген. Табигый айланмалардан биз дал ушуну көрүп жаткан жокпузбу? Анда эмесе, Жараткандын көрө билгичтиги жана акылмандыгы тууралуу кандай тыянакка келсе болчудай?

Калыс жана адилет

Жараткандын айрым сапаттарын байкаш үчүн, дагы бир системаны — организмибиздин коргонуу касиетин, иммундук системасын — карап көрөлү. Мында да бактериялар катышат.

Бир энциклопедияда: «Адамдар көп учурда бактериялардын зыяндуу таасирине көңүл бурса да, бактериялардын көбүнүн адамдарга зыяны жок, атүгүл көбү пайдалуу»,— деп айтылат («The New Encyclopædia Britannica»). Чынында эле, алар жашоо үчүн зарыл. Бактериялар азыр эле айтылып кеткен азоттун айланмасында, ошондой эле көмүр кычкыл газы жана дагы башка айрым химиялык элементтер катышкан айланмаларда негизги ролду ойнойт. Биздин тамак сиңирүү системабыз да бактерияларды талап кылат. Жоон ичегибизде эле бактериялардын 400гө жакын түрү жашайт, ал бактериялар К витаминин синтездөөгө жана организмден калдыктарды кайрадан иштетип чыгарууга жардам берет. Уйларга чөптү сүткө айландырууга жардам берген бактериялар бизге да пайда алып келет. Башка бактериялар ачытуу процессине — сыр жасаганда, айран уютканда, капуста же бадыраң туздаганда — керек. Эгер организмибиздин бактерия болбоого тийиш жерлеринде бактериялар пайда болсочу?

Анда бизге зыян келтириши мүмкүн болгон андай бактериялар менен организмдеги кандын эки триллионго жакын ак бөлүкчөлөрү күрөшө баштайт. «Сайенс» журналынын редактору Дэниел Кошленд (кичүүсү) мындай деп түшүндүрүп берет: «Иммундук система „баскынчыларды“ таанууга багытталган. Ан үчүн ал иммунологиялык рецепторлордун, жалпы жонунан, 1011 [100000000000] түрүн өндүрүп чыгарат, кандай көлөмдөгү жана кайсы түрдөгү „баскынчыны“ болбосун, дайыма аны таанып, жок кылуучу рецептор табылат».

Организмибиздин «баскынчылар» менен күрөшүү үчүн колдонгон клеткаларынын бир түрү — макрофаг. Анын «чоң жегич» деп аталышы абдан туура, анткени ал клетка каныбызга кирген башка клеткаларды жок кылып турат. Мисалы, кирип келген вирусту «жегенден» кийин, макрофаг аны кичинекей бөлүкчөлөргө майдалап таштайт. Анан макрофаг вирустук белоктун бөлүгүн сыртка чыгарат. Бул маркердик белоктун бөлүкчөсү иммундук система үчүн кароолчу катары кызмат кылат. Ал денебизде башка бөлүкчөлөр «шапар тээп» жүрөрүн билдирип, коркунуч тууралуу эскертип турат. Иммундук системанын башка жардамчы Т клеткасы вирустун белогун тааныса, макрофаг менен химиялык сигнал алмашат. Ал химикалийлер — баскынчылардан коргонуу касиетибизди жөнгө салуучу жана күчөтүүчү функциялары бар өзгөчө белоктор. Бул процесс «кол салган» вируска каршы сокку урууга алып келет. Андай күрөш көп учурда организмибиздин инфекцияларды жеңиши менен аяктайт.

Чынында, организмибизде мындан башка дагы көптөгөн процесстер жүрөт, бирок ушул кыска сүрөттөөдөн эле иммундук системабыздын канчалык татаал экендиги көрүнүп турат. Мындай татаал түзүлүш кантип пайда болгон? Ал бизге бепбекер, үй-бүлөбүздүн финансылык жана социалдык абалына карабастан берилген. Муну медициналык жардам алуудагы теңсиздик менен салыштырып көрөлү. БДССУнун Генералдык директору Хироси Накадзима: «БДССУ [Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму] күчөп бараткан теңсиздикти өлүм менен жашоо маселеси деп эсептейт, себеби социалдык теңсиздиктин айынан кедейлер денсоолугунан айрылып жатышат»,— деп жазган. Сан-Паулунун чет-жакасындагы жарды аймакта жашаган аялдын: «Жакшы медициналык тейлөө биз үчүн заңгыраган дүкөндүн текчесиндеги товар менен бирдей. Биз ага сугубузду түшүрө карайбыз, алалы десек — чөнтөгүбүз жука»,— деп эмне үчүн арызданганы түшүнүктүү. Анын айткандарына дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар кошулат.

Мындай теңсиздик Альберт Швейцерди кембагал адамдарды дарылоо үчүн Африкага барууга түрткөн, ошол иши үчүн ал Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Силер ошондой жакшылык жасаган адамдарга кайсы сапаттар таандык дейт элеңер? Алардын адамдарды сүйөрүн, адилеттик сезими күчтүү экендигин, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгүлөр деле медициналык тейлөө алууга акысы бар экенин түшүнөрүн белгилейт чыгарсыңар. Анда финансылык жана социалдык абалыбызга карабастан кереметтүү иммундук системасын бергендин Өзү тууралуу эмне дешке болот? Бул марттык Жараткандын сүйүүсүн, калыстыгын жана адилеттүүлүгүн айкын көрсөтүп турган жокпу?

Жараткан менен таанышуу

Жогоруда айтылып кеткен системалар Жараткандын кереметтүү иштеринин айрымдары гана, бирок алар Жараткандын чын эле бар экенин жана анын акылмандыгы, сапаттары, кылган иштери менен бизди өзүнө тартып турарын көрсөтүп жаткан жокпу? Көптөгөн башка мисалдарды да карап чыгууга болот. Ошентсе да, тажрыйбадан айкын болгондой, адамды жакшылап билиш үчүн, анын жасаган иштерине көз салуу гана жетишсиз. Эгерде аны менен жакыныраак таанышпасак, ал тууралуу туура эмес ой калыптап алышыбыз мүмкүн. Эгерде аны бирөөлөр бизге жаманаттылап, ушактап койгон болсо, анын өзүнө жолугуп, айткан оюн угуп көрүү туура болбойт беле? Биз аны менен пикир алышып, ар түрдүү учурларда өзүн кандай алып жүрөрүн жана кандай сапаттарга ээ экенин байкап көрө алмакпыз.

Албетте, биз Ааламдын Жаратканы менен бетме-бет сүйлөшө албайбыз. Ошенсе да толук же айрым бөлүктөрү 2000ден ашуун тилге, алардын арасында силердин да тилге которулган китепте Жараткан өзү тууралуу көп нерселерди ачып берет. Ошо китеп, башкача айтканда, Ыйык Китеп: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт» — деп, бизди Жараткан менен таанышууга жана аны менен өз ара мамиле түзүүгө үндөйт. Мындан тышкары, ал Жараткан менен дос болууга мүмкүн экенин көрсөтөт (Жакып 2:23; 4:8). Аны менен достошууну каалайсыңарбы?

Анда Жараткандын эмнелерди жасаганы жөнүндөгү кызыктуу жана ишенүүгө татыктуу баяндоону окуп чыгууга чакырабыз.

[Шилтемелер]

^ 21-абз. Чагылган азоттун бир бөлүгүн сиңүүчү түргө айлантат, ал жамгыр менен жерге түшөт. Өсүмдүктөр үчүн бул сиңүүчү зат табигый жерсемирткич болуп кызмат кылат. Адамдар менен жаныбарлар өсүмдүктөрдү жеп, андагы азотту колдонушкандан кийин, ал аммонийдин бирикмеси катары топуракка кайтат да, акыр-аягы, бир бөлүгү кайрадан газ сымал азотко айланат.

[78-беттеги кутуча]

Кандай жыйынтык чыгарасыңар?

Биздин Ааламдын

башталышы болгон эмес

башталышы болгон

себепсиз эле

себеп боюнча

түбөлүктүү бир НЕРСЕНИН таасиринен улам

түбөлүктүү КИМДИР БИРӨӨНҮН таасиринен улам

[79-беттеги кутуча]

Жүйөлүү жыйынтык

Дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар Ааламдын башталышы болгон деген ойду жакташат. Алардын көбү ошол башталыштан мурда чынында кандайдыр бир нерсе болууга тийиш дегенге да кошулушат. Айрым окумуштуулар түбөлүк энергия жөнүндө сүйлөшөт. Кээ бирөөлөрү башталыштан мурда баштапкы башаламандык болгон деген теорияны жакташат. Кандай терминдерди колдонушпасын, алардын көбү чексиз узак убакыт бою жашап келген башталышы жок бир нерсе бар деп божомолдошот.

Ошентип, суроо биз түбөлүктүү бир нерсени же кимдир бирөөнү бар деп эсептейбизби дегенге келип такалууда. Илимге Ааламдын жаралышы, анын абалы жана андагы тиричилик тууралуу эмнелер белгилүү экенин карап чыккандан кийин, силерге ушул ойлордун кайсынысы жүйөлүүрөөк көрүнөт?

[80-беттеги кутуча]

«Жашоо үчүн маанилүү химиялык элементтердин ар бири: көмүртек, азот, күкүрт бактериялар аркылуу органикалык эмес газ өңдүү бирикмеден өсүмдүктөр менен жаныбарларга керектүү формага айланат» («The New Encyclopædia Britannica»).

[75-беттеги сүрөт]

Чыгыш диндерин туткандардын көбү табиятты өзүнөн өзү жаралган деп эсептешет.

[76-беттеги сүрөт]

Акрополь көрүнүп турган ушул дөңсөөдө туруп, Пабыл Кудай тууралуу ойлонууга түрткү берген сөзүн айткан.

[83-беттеги сүрөт]

Кудай ар бирибизге азыркы медицинанын жетишкендиктеринин бири да тең келе алгыс иммундук системаны берген.