Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашообузду эмне маңыздуураак кылат?

Жашообузду эмне маңыздуураак кылат?

Биринчи бөлүм

Жашообузду эмне маңыздуураак кылат?

ӨЗ МЕКЕНИҢЕРДЕГИ же кайсы бир жактагы «бейиш төрүндө» жыргалга батып жашоону эңсеген учурларыңар болду беле? Мындай таттуу кыялга кимибиз гана батпайбыз.

Француз сүрөтчүсү Поль Гоген 1891-жылы жыргал жашоо издеп Франция Полинезиясына барган. Бирок анын көксөгөнү ордунан чыккан эмес: мурдагы бузуку жүрүш-турушунун кесепетинен ооруга чалдыгып, өзү да, жанындагы адамдар да азап чеккен. Өлөрүнө аз калганын сезген Гоген бир сүрөт тарткан. Ал сүрөттү көптөр «көркөм чыгармачылык күчүнүн акыркы көрсөтүлүшү» деп аташат. Бир китепте: «Сүрөттө адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейин жасаган иштери чагылдырылган... Ал жашоону табышмактуу нерсе катары сүрөттөгөн»,— деп айтылат («Paul Gauguin 1848-1903—The Primitive Sophisticate»).

Гоген ал сүрөтүн «Биз кайдан келгенбиз? Биз кимбиз? Кайда баратабыз?» деп атаган *.

Бул суроолор угуп жүргөн эле суроолордон. Аларды ой жүгүрткөн адамдардын көбү беришет. Адамдын илимий жана техникалык жетишкендиктерин белгилеп кеткенден кийин, «Уолл-стрит жорнэл» гезитинин редактору мындай деп жазган: «Адам, анын дилеммалары жана Ааламдагы орду жөнүндөгү ойлонууларда баштагыдан көбүрөөк нерсеге жетишкен жокпуз. Биздин ким экенибиз, эмне үчүн жашап жатканыбыз, кайда баратканыбыз мурдагыдай эле белгисиз».

Ырас, кээ бирөөлөр үй-бүлөсүнүн камын ойлоо, жашоого каражат табуу, саякаттоо жана башка ушу сыяктуу жеке кызыкчылыктарга баш-оту менен кирип кетишкен: алар жашоонун андан бөлөк маңызын билишпейт. Бир жолу Альберт Эйнштейн: «Өз жашоосун маңызсыз деп эсептеген адам бактысыз, ал гана эмес, жашоого кудурети жетери да шектүү»,— деген. Ушундай көзкарашта болгондордун кээси искусствонун же илимдин артынан түшөт. Башкалары кыйынчылыктарды кайрымдуулук иштерин жүргүзүү менен чечүүгө далалат кылып, жашоосун маңыздуу кылгысы келет. Силер ошондой адамдарды билесиңерби?

Жашоонун маңызы жөнүндөгү орчундуу суроолор эмне үчүн пайда болору түшүнүктүү. Маляриянын же дагы башка оорунун айынан баласынан ажыраган канчалаган ата-энелер: «Мындай азап-кайгылар эмне үчүн болот? Алардын да маңызы барбы?» — деп сурайт. Мындай суроолор жакырлыкты, оору-сыркоону жана адилетсиздикти көрүп жаткан көптөгөн жаштардын да тынчын алат. Канды суудай агызган согуштар да жашоонун маңызы жөнүндө ойлонууга түрткү берет.

Андай азаптарды башыңардан өткөрбөсөңөр да, профессор Фриман Дайсонго кошулат чыгарсыңар, ал мындай деген: «[Ыйык Китептин каарманы] Аюбдун берген суроолорун кайрадан берүү менен мен көптөгөн кадыр-барктуу адамдардын ойлорун билдирип жатам. Биз эмне себептен кыйналабыз? Эмнеге дүйнөдө адилетсиздик ушунчалык көп? Кайгы менен кырсыктын да маңызы барбы?» Бул суроолорго жооп алууну силер да каалап жаткандырсыңар.

Мындай суроолорго жооп тапкандар, албетте, жашоого башкача көзкараш менен карашат. Германиядагы Освенцим концлагеринин азаптарын башынан өткөргөн бир профессор: «Дүйнө жүзүндө... адамга эң оор шарттарда аман калууга жашоосунун маңызы бар экенин билүүдөн өтөрлүк жардам бере ала турган эч нерсе жок»,— деп билдирген. Профессор адамдын психикалык денсоолугу да маңыз издөөдөн көзкаранды деп эсептеген.

Кылымдар бою көптөр жоопту динден издеп келишкен. Гаутама (Будда) оорукчан адамды, кары кишини, өлгөн адамды көргөндөн кийин, Кудайдын касиет-сапаттары бар экенине ишенбесе да, чындыкты, жашоонун маңызын динден издеген. Башкалар өз чиркөөлөрүнө кайрылышкан.

Ал эми бүгүн жашаган адамдар тууралуу эмне дешке болот? Көптөр дин менен «Кудайды» эскирген түшүнүк катары четке кагып, көңүлүн илимге бурууда. «Илим илгерилеген сайын,— деп белгиленет бир эмгекте,— Кудайга орун жок болуп баратат. Кудай сүргүнгө айдалган бирөөдөй эле болуп калды» («Religion and Atheism»).

Жаратканды эмне үчүн четке кагышат?

Чындыгында, динди жана Кудайды четке кагуу бул нерселер таза ой жүгүртүүгө тоскоол кылат деп эсептеген адамдардын философиясына негизделген. Чарлз Дарвин табият Жараткандын бар экендиги менен эмес, «табигый тандалуу» менен жакшыраак түшүндүрүлөт деп эсептеген. Зигмунд Фрейд Кудайдын бар экени жөнүндөгү түшүнүк ойдон чыгарылган деп окуткан. Ал эми «Кудай өлүк» деген түшүнүк Фридрих Ницшенин күндөрүнөн ушул убакка чейин жашап келет. Чыгыш философиялары да ошондой. Буддизмди окуткандар Кудай тууралуу билүүнүн зарылдыгы деле жок деп эсептешет. Синтоизм окутуусу боюнча, профессор Тетсю Ямаори айткандай, «кудайлар — бул адамдардын өзүлөрү».

Жараткандын бар экенине шектүү кароо кеңири таралган, бирок буга күмөн саноого негиз барбы? Качандыр бир кезде кайсы бир «илимий фактылардын» жалпынын колдоосуна алынып, ал эми убакыттын өтүшү менен таптакыр туура эмес болуп чыкканынын мисалдарын билет чыгарсыңар. «Жер жалпак» жана «Аалам жер шарынын тегерегинде айланат» деген көзкараштар кылымдар бою басымдуулук кылып келген, бирок азыр биз алардын туура эмес экенин билебиз.

Кийинчерээк кеңири таралган илимий түшүнүктөр тууралуу эмне дешке болот? Мисалы, Жараткандын бар экенин четке каккан Дейвид Юм, XVIII кылымдын философу, Жердин татаал биологиялык дүйнөсү кайдан пайда болгон деген суроого жооп бере алган эмес. Дарвин да өзүнүн теориясында түрлөрдүн кантип өрчүгөнүн болжолдогон, бирок жашоо кантип пайда болгонун жана анын маңызы эмнеде экенин түшүндүрүп бере алган эмес.

Ушундан улам көптөгөн окумуштуулар да, жөнөкөй адамдар да мындай көзкараштарда бир нерсе жетишпей жатканын түшүнүшүүдө. Илимий теориялар «кантип?» деген суроого жооп бериши мүмкүн, бирок негизги жандырмак «эмне себептен?» деген суроодо камтылган. Мунун таасири Жаратканга ишенгендердин чөйрөсүндө өскөн адамдарга да тийүүдө. Европанын тарыхын изилдеген бир студент кыз: «Менин оюмча, Кудай жок. Ал бар болсо, жер жүзүндө мынчалык башаламандык болмок эмес: бейкүнөө адамдар ач калышууда, жаныбарлардын канчалаган түрлөрү жоголууда... Жараткан бар деген ой — болбогон нерсе»,— деген. Көптөр жер жүзүндөгү болуп жаткан окуяларды көрүп туруп, Жараткан бар болсо, эмне себептен жагдайды оңдобой жатканын түшүнүшпөйт.

Бирок көптөр Жараткандын бар экенине ишенүүнү каалабагандыктан аны четке кагып жатышканын айта кетүү керек. Европадагы бир ишкер кызматчысына: «Жашооңду өзгөртүшүң керек деп мага Кудай өзү айтса да, антмек эмесмин. Мен каалаганымдай жашагым келет»,— деген. Ооба, кээ бирөөлөр Жараткандын бийлигине моюн сунуу эркиндигин чектээрин жана өздөрү каалаган жашоо мүнөзүнө карама-каршы келерин түшүнүшөт. Кээде андай адамдар: «Мен көзүм көргөн нерсеге гана ишенем, ал эми Жаратканды көрө элекмин»,— дешет.

Адамдар Жаратканды эмне себептен четке какпасын, жашоо жана анын маңызы жөнүндөгү суроолор жоопсуз калууда. Адам баласы Айга конгон күндүн эртеси теолог Карл Барттандан бул техникалык жеңиш тууралуу кандай ойдо экенин сурашкан. «Бул жетишкендик түнкүсүн мага уйку бербеген көйгөйлөрдүн бирин да чечип бербейт»,— деп жооп берген ал. Бүгүнкү күндө адам космоско учуп, кибермейкиндикти изилдөөдө ийгиликке жетишип жатат. Ошого карабастан, ой жүгүрткөн адамдар аларга турмушта кандайдыр бир максат — жашоону маңызга толтурган нерсе — керек экенин түшүнүшүүдө.

Биз ой жүгүрткөн адамдардын баарын ушу тууралуу ойлонуп көрүүгө чакырабыз. «Кудайга ишенүү жана чынчылдык менен ой жүгүртүү» деген китепте айтылгандай, «чынчылдык менен ой жүгүрткөн» адам «көзкараштарынын тууралыгын кылдат текшерүүгө даяр болот» жана «башка далилдерге тийиштүү түрдө көңүл бурат» («Belief in God and Intellectual Honesty»).

Талкуубуздун жүрүшүндө ошондой далилдер жашоону жана Ааламды пайда кылган Жараткандын бар-жогун түшүнүүгө жардам берет. Эгерде Жараткан чын эле бар болсо, ал кандай? Жараткандын биздин жашообузга таасир эткен касиет-сапаттары барбы? Бул суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү менен жашообузду канткенде маңыздуураак кыла аларыбызды түшүнөбүз.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. «D’où venons-nous? Que sommes-nous? Où allons-nous?»

[6-беттеги сүрөт]

Гогендин сүрөтүндө жашоонун маңызына байланыштуу суроолор камтылган.