Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кандай кереметтүү жаратылганбыз!

Кандай кереметтүү жаратылганбыз!

Төртүнчү бөлүм

Кандай кереметтүү жаратылганбыз!

КҮНҮГӨ эртең менен, ишке киришер алдында, күзгүгө бир сыйра каранып аласыңарбы? Таң атпай көп ой жүгүртүүгө убакыт деле болбойттур. Бирок азыр бир аз убакыт бөлүп, ошол күзгүгө каранып жатканыңарда эле болуп өтө турган кереметтер тууралуу ойлонуп көргүлөчү.

Түстү айырмалай билүү жөндөмдүүлүгү жашоо үчүн өтө зарыл нерсе болбосо да, көздүн жардамы менен өзүбүздү түстүү кылып көрө алабыз. Кулагыбыз үндүн, мисалы, жакшы көргөн адамыбыздын үнү кай жактан чыгып жатканын айырмалай билүүгө жардам берет. Бизге бул кадимки нерседей сезилгени менен, адис акустиктер үчүн жазылган китепте: «Адамдын угуу жөндөмдүүлүгүн кылдаттык менен изилдегенде, анын түзүлүшү жана аткарган функцияларынын татаалдыгы ал жөндөмдүүлүктүн максатка ылайык жаратылганын далилдейт деген тыянакка келбей коюу кыйын»,— деп айтылат.

Мурдубуздун түзүлүшү да кереметтүү. Анын жардамы менен дем алгандыктан тирүү жүрөбүз. Анын үстүнө, мурун көңдөйүндө миллиондогон сезгич нерв талчалары жайгашкан, алардын жардамы менен биз 10000ге жакын түрдүү жытты айырмалай алабыз. Тамактанып жатканда башка сезим иштейт. Миңдеген даам таттыргыч бүртүкчөлөр тамактын даамын билдирип турат, тилдеги башка рецепторлор тишибиздин таза-таза эмесин билүүгө жардам берет.

Адамда беш сезүү органы бар, алар: көрүү, угуу, жыт сезүү, даам билүү жана туюу. Кээ бир жаныбарлардын жакшыраак угары, жыт сезери же түнүчүндө жакшыраак көрөрү чын, бирок адамдын сезүү органдарынын шайкеш иштеши аны көп жагынан теңдешсиз кылат.

Эмесе, ушул жөндөмдүүлүктөрдү пайдаланышыбызга эмне өбөлгө түзөрүн ойлонуп көрөлү. Ал жөндөмдүүлүктөрдүн баары башыбыздагы салмагы 1,4 гана килограммга жеткен орган — мээбиз — менен байланышта. Жаныбарлардын да мээси бар. Бирок адамдын мээсинин жөндөмдүүлүгү жаныбардыкынан алда канча ашып түшөт. Ушунун өзү адамды өзгөчөлөнтөт. Кандайча? Биздин өзгөчө болгонубуздун маңыздуу, узак жашоого умтулуубуз менен кандай байланышы бар?

Адамдын кереметтүү мээси

Адамдын мээсин эчактан бери эле компьютерге салыштырып келишет, бирок илимдеги акыркы ачылыштар ал салыштыруунун ылайык келбестигин көрсөтүүдө. «Квадриллион синапстарды камтыган 50 миллиарддай нейрондору бар, ал эми импульстарынын жалпы жыштыгы секундасына болжол менен 10 квадриллионду түзгөн органдын иштешин аңдоого болобу?» — деп сурайт д-р Ричард Рестак. Суроого өзү кандай жооп берген? «Нейрондук тармактагы эң эле алдыңкы компьютерлердин өндүрүмдүүлүгүн... үй чымынынын акыл жөндөмүнүн он миңден бир бөлүгүнө салыштырууга болот». Анда адамдын алда канча татаал мээсин компьютерге салыштыруу кандай гана жүйөсүз.

Адам ойлоп чыгарган компьютерлердин кайсынысы өзүн оңдой алат, программасын өзгөртүп, башка программа түзө алат же жыл өткөн сайын сапатын жогорулата алат? Компьютер системасын өзгөртүү керек болсо, коддолгон жаңы командаларды программист жазып киргизиши керек. Ал эми биздин мээбиз андай ишти кичинекей кезибизде да, карыган кезибизде да автоматтык түрдө аткарат. Эң алдыңкы компьютерлер мээге салыштырганда өтө жөнөкөйлүк кылат десек жаңылбайбыз. Окумуштуулар мээни «белгилүү системалардын» жана «Ааламдагы объектилердин эң татаалы» дешет. Көптөрдүн адамдын мээси камкор Жараткандын эмгегинин жыйынтыгы деген корутунду чыгарышына себеп болгон айрым ачылыштарга көңүл буруп көрөлү.

Иштөө жөндөмдүүлүгү начарлашын каалабасаңар, пайдалангыла

Машине менен реактивдүү самолёт өңдүү пайдалуу нерселер адам түзгөн туруктуу, бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү механизмдерден жана электр системаларынан көзкаранды. Ал эми мээ, үстүртөдөн эле караганда, абдан ийкемдүү биологиялык механизм же система. Ал колдонулганына жараша өзгөрүүгө жөндөмдүү. Мээбиздин өрчүшүнө өмүр бою эки негизги шарт: сезүү органдарыбыз аркылуу кирген маалыматтар жана өзүбүздүн ойлогон ойлорубуз таасир этет көрүнөт.

Мээнин ишине тукум куума факторлор кандайдыр бир таасирин тийгизет дечи, бирок азыркы изилдөөлөр анын жөндөмдүүлүктөрү түйүлдүк пайда болуп жатканда гендер аркылуу берилбестигин көрсөтүүдө. Пулитцеров сыйлыгынын лауреаты Рональд Котулек: «Мээни ушунчалык, илимге бүгүнкү күндө белгилүү болуп тургандагыдай, өзгөрө аларын эч ким ойлогон да эмес»,— деп жазат. Котулек 300дөн ашуун изилдөөчүлөр менен маектешкенден кийин: «Мээ өзгөрбөй турган орган эмес; ал дайыма өзгөрүп турган көптөгөн клеткалык байланыштардан турат, ага турмуштук тажрыйба абдан таасир берет»,— деген жыйынтыкка келген («Inside the Brain»).

Бирок мээнин өрчүшүнө жашоодон алган тажрыйбаларыбыздан тышкары дагы башка нерселер таасир этет. Ага ойлорубуз да катышат. Окумуштуулар акыл эмгеги менен алектенген адамдардын мээсинде нерв клеткаларынын (нейрондордун) ортосундагы байланыштардын (синапстардын) саны акылын иштетүү жагынан эринчээк адамдардыкына караганда 40 пайызга көбүрөөк болорун байкашкан. Неврологдор төмөнкүдөй корутунду чыгарышкан: мээни пайдалануу абдан маанилүү, антпесе анын жөндөмдүүлүгү жоголот. Улгайгандар тууралуу эмне дешке болот? Жаш өткөн сайын мээнин клеткаларынын кайсы бир бөлүгү жоголот шекилдүү, улгайганда адамдын эстутуму начарлашы ыктымал. Анткен менен бул начарлоо мурда эсептелип келгендей чоң эмес. «Нэшнл жиогрэфик» журналында адамдын мээси жөнүндө: «Улгайган адамдар акылын активдүү колдоно беришсе... мээлеринде жаңы байланыштар өрчүп, эскилери сакталат»,— деп айтылган.

Мээбиздин өзгөрүлүүгө болгон жөндөмдүүлүгү жөнүндө белгилүү болгон бүгүнкү күндүн маалыматтары Ыйык Китептин кеңешине дал келет. Бул накыл китеп окурмандарын «акыл-оюн жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлүүгө» жана ой жүгүртүү аркылуу келүүчү «таанып билүү аркылуу... жаңыланып турган жаңы табиятты кийүүгө» чакырат (Римдиктерге 12:2; Колосалыктарга 3:10). Мындай өзгөрүү же жаңылануу адамдар Ыйык Китепти изилдегенде жана анын кеңештерин колдоно баштаганда болорун Жахабанын Күбөлөрү билишет. Коомдун ар кайсы катмарына кирген, билим деңгээли ар кандай миңдеген адамдар өзгөрүп жатышат. Алар өз өзгөчөлүктөрүн жоготушпайт, тескерисинче, биринчи кылымдын жазуучусу жазып кеткендей, «туура сөздөрдү» сүйлөшүп, мурункудан да шайыр жана теңсалмактуу боло башташат (Элчилер 26:24, 25). Көбүнесе мындай оңолуулар мээ кыртышынын баштын маңдайкы жагында жайгашкан бөлүгүнүн активдүү пайдаланылышынан көзкаранды.

Маңдай үлүшү

Мээнин үстүнкү катмарындагы — мээ кыртышындагы — нейрондордун көбүнүн булчуңдар жана сезүү органдары менен түздөн-түз катышы жок. Мисалы, маңдай үлүшүн түзгөн миллиарддаган нейрондорду алалы. (56-беттеги сүрөттү карагыла.) Сканограммалардан мээнин маңдай үлүшү силер кандайдыр бир сөз тууралуу ойлонуп же бир нерсени эстөөгө аракеттенип жатканда ишке кирери көрүнүп турат. Мээнин бул бөлүгү биздин инсан катары калыптанышыбызда өзгөчө кызмат аткарат.

«Мээ кыртышынын префронталдык зонасы... баарынан да ойлорду түзүү, акыл, умтулуулар жана адамдын мүнөзү менен байланышкан. Ал абстрактуу түшүнүктөрдү түзүүгө, көздөгөндү таштабоого, пландаштырууга, башкаларга кам көрүүгө жана абийирди колдонууга керектелүүчү таасирлерди бириктирет... Адам мээсинин так ушу зонасы аны жаныбарлардан айырмалап турат» («Marieb’s Human Anatomy and Physiology»). Бул айырмачылыктын далилин биз адамдардын математика, философия жана юстиция тармактарындагы жетишкендиктеринен көрүп жатабыз, бул тармактардагы иштерди аткарууда негизинен мээнин кыртышынын префронталдык зонасы катышат.

Эмне себептен адамдардын акылынын жогорку психикалык иш-аракетке катышуучу мээ кыртышынын префронталдык зонасы чоң жана ийкемдүү болот, ал эми жаныбарлардын ал зонасы жетилбеген, же болбосо, таптакыр жок? Бул айырма ушунчалык олуттуу болгондуктан, биолог-эволюционисттер «адам мээсинин өлчөмүнүн табышмактуу тез өрчүп кетиши» тууралуу айтышат. Адам мээсинин кыртышынын өлчөмүнүн таңдандырарлык өрчүшүн белгилеп, биология илиминин профессору Ричард Томпсон: «Буга эмне себеп болгонун биз алигече билбейбиз»,— дейт. Мунун себеби адамдын ушундай өзгөчө жөндөмдүүлүгү бар мээ менен жаратылгандыгында жатпасын?

Пикир алышуу жөндөмдүүлүгү — керемет

Биздин өзгөчө жаратуу болушубузду мээнин башка да зоналары шарттайт. Мээ кыртышынын префронталдык зонасынын артында баштын туурасы боюнча кеткен тилке — кыймылдаткыч зона — жатат. Ал булчуңдар менен байланышкан миллиарддаган нейрондордон турат. Бул зонанын да бизди маймылдардан жана жаныбарлардан абдан айырмалап турган өзгөчөлүктөрү бар. Эң негизгиси, кыймылдаткыч зона бизге «1) иштеп жатканда колду жана манжаларды чебер да, шамдагай да колдонууга мүмкүндүк берген өзгөчө жөндөмдүүлүктү жана 2) сүйлөп жатканда оозду, эринди, тилди жана жаак булчуңдарын иштетүүнү камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн берет» («Textbook of Medical Physiology»).

Мээ кыртышынын кыймылдаткыч зонасы биздин сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүзгө кандайча таасир этерин кыскача талкуулап көрөлү. Бул зонанын көбүрөөк бөлүгү пикир алышууда катышкан органдарды башкарат. Адамдардын кереметтүү пикирлешүү жөндөмдүүлүгү ошондон көзкаранды. Пикир алышууга колдор да катышат: жазабыз, жаңсайбыз, жаңдоо тилинде сүйлөшө алабыз; бирок мында негизги ролду ооз аткарат. Наристенин биринчи сөзү болобу же улгайган адамдын кеби болобу, адамдын речи — өзүнчө керемет. Сан жеткис тыбыштарды чыгарыш үчүн тил, эрин, жаак, кекиртек жана көкүрөктүн 100дөй булчуңу кыймылга келет. Төмөнкү айырмачылыкка көңүл бурсаңар: мээнин бир клеткасы атлеттин балтыр булчуңунун 2000 талчасын башкарат, ал эми үн аппаратын башкарган мээ клеткасынын ар бири эки-үч гана булчуң талчасы үчүн «жооптуу». Мындан биздин мээбиз пикир алышууга керектүү бардык жөндөмдүүлүк менен атайы камсыз кылынгандыгы көрүнгөн жокпу?

Биздин ооздон чыккан кыска фразалардын ар бири булчуң кыймылынын өзүнчө схемасына ээ. Бир эле сөздүн мааниси ар кандай булчуңдардын канчалык бат жана секунданын канча үлүшү ичинде кыймылдаарына жараша өзгөрөт. «Жайбаракат сүйлөгөндө,— деп түшүндүрөт сүйлөө жөндөмүн изилдеген адис д-р Ульям Перкинз,— адам секундасына 14 тыбыш чыгарат. Бул тил, эрин, жаак жана башка сүйлөө органдарын бир-бирден иштетүү менен жеткен натыйжадан эки эсе ылдамыраак. Бирок айтылган органдар чогуу кыймылдаганда тажрыйбалуу катчынын же пианисттин манжаларындай иштейт. Алардын кыймылы — барып турган шайкештик.

«Кандайсың?» деген жөнөкөй эле суроону бериш үчүн керектелүүчү маалымат мээнин маңдай үлүшүндөгү Брок борбору деп аталган жана адамдын сүйлөө борбору деп эсептелүүчү бөлүгүндө сакталат. Нобель сыйлыгынын лауреаты нейролог Жон Эклс: «Маймылдардыкынан Брок сүйлөө борборундай... зона табылган жок»,— деп жазган. Жаныбарлардан ушундай зоналар табылган күндө да, окумуштуулар маймылдарга бир нече гана жөнөкөй тыбыш чыгарууну үйрөтө алары анык. Ал эми биз татаал тилде сүйлөй алабыз. Ошол эле учурда сөздөрдү эне тилибиздин грамматикалык эрежелери боюнча байланыштырабыз. Брок борбору сүйлөөгө гана эмес, жазууга да жардам берет.

Эгерде бир да тилди билбесек, сөздөрдүн маанисин түшүнбөсөк, албетте, кереметтүү сүйлөө жөндөмдүүлүгүн колдоно алмак эмеспиз. Бул жерден мээнин башка өзгөчө бөлүгү ишке кирет, аны Вернике борбору деп аташат. Андагы миллиарддаган нейрондор айтылган же жазылган сөздөрдүн маанисин аныктайт. Вернике борбору угуп же окуп жаткан сөздөрдү кабыл алууга жана түшүнүүгө жардам берет. Ошондуктан биз маалыматты таанып, ага туура жооп кайтара алабыз.

Шыр сүйлөө андан да көптү талап кылат. Мисалы, жөнөкөй эле «салам» деген сөз ар түрдүү маанини камтышы мүмкүн. Үнүбүз кубанычты, толкунданууну, зеригүүнү, шашылгандыкты, кыжырланууну, капаланууну же чочугандыкты билдириши мүмкүн, атүгүл ушул эмоциялардын баарын ар түрдүү басым менен бере алат. Речтин эмоцияга байланыштуу тарабына мээнин өзүнчө бөлүгү «жооптуу». Мына ошентип, пикир алышууга мээнин түрлүү бөлүктөрү катышат.

Шимпанзелерди жаңсоого үйрөтүшөт, бирок ал жаңсоолорду алар эң жөнөкөй нерселерди билдирүү үчүн гана, мисалы, тамак же дагы башка бирдемени суроого колдонушат. Аларды сөз-тилсиз пикир алышуунун жөнөкөй түрүнө үйрөтүү боюнча иштеген д-р Дейвид Примак: «Адамдын тили — эволюция теориясынын жолундагы тоскоолдук, себеби адамдын речи түшүндүрүп берүүгө мүмкүн болбогон өтө татаал жөндөмдүүлүккө ээ»,— деген жыйынтыкка келген.

«Эмне себептен адам ой-сезими менен бөлүшүү, суроо берүү жана жооп берүү касиетине ээ?» — дегендин үстүнөн ойлонуп көрсөк болот. Бир энциклопедияда: «[Адамдын] речи — өзгөчө нерсе»,— делген жана «жаныбарлар дүйнөсүнөн адамдардын пикир алышуусун жараткан жандыкты издөө адамдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгү менен речинин жана айбандын пикирлешүү ыкмаларынын ортосундагы чоң келишпестикти жоюуга жардам бербеси» белгиленет («The Encyclopedia of Language and Linguistics»). Ошол айырмачылык тууралуу профессор Людвиг Келер мындай деген: «Адамдын речи — табышмак. Ал — Кудайдын белеги, керемет».

Маймылдын жаңсоо тилин колдонгонунан балдардын татаал сүйлөө жөндөмдүүлүгү кандай гана айырмаланып турат! Д-р Эклс көпчүлүгүбүз байкап жүргөн нерсеге — «курчап турган дүйнөнү түшүнүүгө умтулуп, суроо жаадырган үч жашар эле баланын» жөндөмдүүлүгүнө — көңүл бурдурган. «Маймылдар болсо суроо бербейт»,— деп кошумчалайт ал. Ооба, адамдар гана суроолорду бере алышат, алардын кээ бирлери жашоонун маңызы жөнүндө.

Эстутум эле эмес!

Күзгүгө каранып жатканда өзүбүздүн жашыраак кезибизде кандай экенибиз эсибизге түшүшү мүмкүн, бир нече жылдан кийин же боёнуп-түзөнгөндөн кийин кандай болушубуз ыктымал экенин да элестете алабыз. Ушуга окшогон ойлор дээрлик атайылап ойлонбосок да пайда боло берет, а бирок мындай учурларда жаныбарлар эч качан кыла албаган өзгөчө бир нерсе жүрүп өтөт.

Көбүнесе күнүмдүк гана муктаждыктарына жараша жашаган жаныбарлардан айырмаланып, адамдар өткөн күндөрү тууралуу ой жүгүртүшөт жана келечекке план түзө алышат. Муну биз мээнин чексиз маалымат сактап калуу жөндөмдүүлүгүнүн эсебинде жасай алабыз. Жаныбарлардын деле кандайдыр бир эстутуму бар. Ошондуктан алар турагына жол таап бара же кайдан олжо табууга болорун эстей алат. Бирок жаныбарлардын эстутуму адамдыкына жетпейт. Бир окумуштуунун эсеби боюнча, биздин мээбиз «дүйнө жүзүндөгү ири китепканалардагы жыйырма миллионго жакын томго барабар маалыматты» сактай алат. Кээ бир неврологдор орточо узактыкта жашаган адам мээсинин потенциалдык мүмкүнчүлүгүнүн бир пайызынын жүздөн бир гана бөлүгүн (0,0001) пайдаланат деген ойдо. Анда мындай суроо пайда болот: «Эгер орточо узактыктагы жашообузда мээ мүмкүнчүлүгүнүн кенедей гана бөлүгүн пайдалансак, анын мүмкүнчүлүгүнүн ушунчалык чоң болушунун кандай зарылдыгы бар?»

Биздин мээбиз, суперкомпьютерден айырмаланып, маалыматтардын зор кору гана эмес. Биология илиминин профессорлору Роберт Орнштейн менен Ричард Томпсон мындай деп жазышат: «Адамдын акылынын окуп-үйрөнүү жөндөмдүүлүгү — маалыматты топтоп, эске тутуусу — биологиялык дүйнөдөгү эң эле кереметтүү кубулуш. Бизди адам кылып жаткан нерселердин баары: тил, ой, билим, маданият — ошол укмуштуудай жөндөмдүүлүктүн натыйжасы».

Андан тышкары, биз аң-сезимге ээбиз. Муну менен жаңы деле нерсе айтылбагандай сезилеттир, бирок ал — бизди өзгөчөлөнткөн дагы бир жагыбыз. Акыл «интеллекти, чечим чыгарууга болгон жөндөмдүүлүгү, маалымат кабыл алуусу бар, маалымдар жана өзүнүн жашоодогу ордун аңдай билген табышмактуу субстанция» катары аныкталат. Майда суулар, агын суулар менен дарыялар деңизди толтуруп тургандай эле, эскерүүлөр, ойлор, элестер, үндөр жана сезимдер ар дайым акылыбызды толтуруп турат. Аныктама боюнча, аң-сезим — бул «адамдын акылына түшкөн маалыматтарды өздөштүрүү».

Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр мээнин түзүлүшүнө жана андагы жүргөн айрым электр-химиялык процесстерге байланыштуу бир топ түшүнүккө ээ. Окумуштуулар жаңы компьютерлердин да схемотехникасын жана анын кандайча иштээрин түшүндүрүп бере алышат. Бирок мээ менен компьютердин ортосунда аябагандай чоң айырмачылык бар. Мээ бар үчүн бизде аң-сезим бар. Ошондуктан болмушту аңдайбыз, ал эми компьютер антпейт. Мындай айырманы кандайча түшүндүрүүгө болот?

Чынын айтканда, биздин мээбизде жүрүп жаткан процесстер кандайча жана эмне үчүн аң-сезимди пайда кыла тургандыгы ачылбаган сыр бойдон калууда. «Муну илимдин кайсы тармагы түшүндүрүп берет, билбейм»,— деген бир нейробиолог. Профессор Жеймс Трефил да: «Адам үчүн аң-сезимге ээ болуу дегендин өзү эмнени билдирери — илимдеги бирден бир олуттуу суроо... аны биз тагыраак кантип беришти да билбейбиз»,— деп белгилеп кеткен. Эмнеликтен ушундай болуп жатканынын бир себеби окумуштуулардын мээни мээнин жардамы менен түшүнүүгө аракеттенип жатышканында. Анын үстүнө, суроо мээнин физиологиясын изилдөө менен эле чечиле калбас. Д-р Дейвид Чамерз аң-сезим — «болмуштун бизге түшүнүү өтө кыйын болгон сырларынын бири, бирок [окумуштууларга] мээни толук билиш үчүн, анын кантип иштээрин билүү жетишсиз болуп калышы мүмкүн» экенин белгилеп кеткен.

Аң-сезим ар бирибизде бар. Мисалы, болуп өткөн окуялардын кайрадан даана элестетилиши компьютердин «мээсинде» сакталган маалымат сыяктуу жөнөкөй эле фактылар эмес. Биз башыбыздан өткөргөн окуялар тууралуу ой жүгүртө алабыз, алардан бир нерселерге үйрөнөбүз жана аларды келечекке план түзүп жатканда эске алабыз. Андан тышкары, окуялардын келечектеги өрчүшүнүн бир нече вариантын элестете алабыз жана алардын ар биринен кандай натыйжа чыгышы мүмкүн экенин аныктай алабыз. Биз анализдегенди, иш жасаганды, баалаганды, жакшы көргөндү билебиз. Өткөн-кеткен, болуп жаткан жана келечекте боло турган окуялар тууралуу сүйлөшкөндү жактырабыз. Адеп-ахлак принциптерин билебиз, ошондуктан чечим кабыл аларда, пайдасы дароо эле көрүнө калбаса да, аларды эске алабыз. Искусстводогу сулуулукка жана адеп-ахлактык тазалыкка суктанабыз. Кээде кандайдыр бир нерсени оюбузда жаратабыз да, аны даана элестете алабыз жана оюбуздагыны ишке ашырганда башкалар кандай көзкарашта болорун алдын ала баамдай алабыз.

Мындай факторлордон улам адамдардын билими кеңейет. Бул аларды жердеги башка түрлөрдөн айырмалап турат. Ит, мышык же чымчык өзүн күзгүдөн көргөндө өзүндөй башка бир жаныбарды көргөндөй болот. Ал эми силер күзгүгө каранганда өзүңөрдү — азыр эле айтылып кеткен жөндөмдүүлүктөрү бар инсанды — көрүп турганыңарды билесиңер. Силер төмөндөгүдөй суроолор жөнүндө ой жүгүртүшүңөр мүмкүн, мисалы, эмнеге кээ бир ташбакалар — 150 жыл, айрым бактар 1 000 жылдан ашуун жашайт, ал эми аң-сезимдүү адам 100 жашка чыкса, таң калабыз? Д-р Ричард Рестак: «Адамдын гана мээси өзүн өзү текшерүү, өз ишин изилдөө жөндөмдүүлүгүнө ээ, ошондуктан жаңы баскычтарды багындыра алат. Албетте, өз иш-аракетибиздин жолун өзгөртүүгө, ээлеген ордубузга баа берүүгө болгон жөндөмдүүлүгүбүз бизди жердеги башка жандыктардын баарынан айырмалап турат»,— деген.

Адамдын аң-сезими кээ бирөөлөрдү айран-таң калтырат. Бир китепте аң-сезимдин биологиялык түшүндүрүлүшү колдоого алынса да, мындай деп айтылат: «Утулгандарга абдан чоң айып акы салуучу кокустук оюнуна окшогон процесс [эволюция] кооздук менен чындыкты сүйүү, боорукердик, эрктүүлүк сыяктуу сапаттарды жана, эң негизгиси, адамдын ар нерсени өздөштүрө билүүсүнүн чексиздигин кантип жарата алган деп ойлонгондо, жооп таппай тайсалдайбыз. Өзүбүздүн рухий мүмкүнчүлүктөрүбүз тууралуу канчалык көп ойлонсок, ошончолук таң калабыз» («Life Ascending»). Кандай таамай айтылган сөздөр. Эмесе, адамдын өзгөчөлүгү жөнүндөгү талкууну аяктаар алдында, көптөрдүн акылдуу Долбоорчу, камкор Жараткан бар экенине эмнеден улам ишенишерин көрсөткөн, аң-сезимибизге байланыштуу бир нече фактыларды келтиребиз.

Искусство жана кооздук

«Эмне үчүн адамдар жандүйнөсү менен искусствого берилишет?» — деп сураган профессор Майкл Лейтон бир китепте («Symmetry, Causality, Mind»). Ал белгилеп кеткендей, кээ бирөөлөр акыл эмгеги, алсак, математикага иришүү адамдарга пайда алып келери талашсыз, ал эми искусствонун эмне пайдасы бар деши мүмкүн. Лейтон өз оюн адамдардын кандайдыр бир көргөзмөнү же концертти көрүш үчүн чоң аралыкты басып өтүүгө даяр экенин айтып түшүндүрүп берген. Аларга ошентүүгө эмне түрткү берет? Дүйнө жүзүндөгү адамдар чебердик менен тартылган сүрөттөрдү үйлөрүнө же иштеген жерлерине илип коюшат. Же музыканы алалы. Адамдардын көбү музыканын тигил же бул стилин үйүнөнбү, машинесиненби, укканды жакшы көрөт. Эмнеликтен? Албетте, музыка өмүрүбүздүн узун болушун шарттагандыктан эмес. «Искусство адамзат жашоосундагы эң эле түшүндүрүлгүс нерсе көрүнөт»,— дейт Лейтон.

Ошондой болсо да исскуство менен кооздуктан ыракат алуу — өзүбүздүн «адам» экенибизди сездирген нерселердин бири. Жаныбар деле дөңгө чыгып, кереметтүү асманды тиктеп олтура алат, а бирок ал чыныгы кооздукка суктангандыктан ошентеби? Биз тоонун күн нуруна чагылышкан шылдыр суусун карап олтурабыз, токойдогу тиричиликтин албан түрүнө таңдана байкоо жүргүзөбүз, жалбырактары ыргалган бак-дарактар өскөн жээкке суктана көз чаптырабыз, асмандын кара тукабасына чачылган жылдыздарга кызыга карайбыз. Ошондо нечен-нечен ирет кастарлоо сезимине бөлөнөт эмеспизби! Кооздук, сулуулук делебебизди козгоп, дем берип келет. Эмне үчүн?

Эмнеге бизге жашообуз үчүн анча деле мааниси жок нерселерге болгон тубаса умтулуу таандык? Биздин эстетикалык дөөлөттөрүбүз кайдан келет? Эгер Жаратканды көңүлгө албай турган болсок, бул суроолорго канааттандырарлык жооп таба албайбыз, себеби Ал адамды жаратып жатканда ошондой дөөлөттөрдү тартуулаган. Бул адеп-ахлактык тазалыкка, кооздукка да тийиштүү.

Адеп-ахлак дөөлөттөрү

Жакшы иштерге суктанбагандар жокко эсе. Мисалы, куугунтук учурунда принциптерден жазбоону, башкалардын тарткан азаптарын жеңилдетүү максатында өз кызыкчылыктарынан кечүүнү жана таарынткандарды кечирүүнү дүйнө жүзүндөгү адамдардын баары баалашат. Кооздуктун же сулуулуктун бул түрү Ыйык Китептеги байыркы накыл сөздө айтылган: «Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу — ал үчүн даңк [«сулуулук», «ЖД»]». Дагы бир аятта: «Кайрымдуулугу адамга кубаныч алып келет. Калпычы адамга караганда жарды адам артык»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 19:11, 22).

Кээ бирөөлөр адеп-ахлактыктын жогорку нормаларын капарга албай же четке кагып жатышса да, көптөрдүн антпей турганы баарыбызга маалым. Дээрлик бардык жерде жана бардык убакта жакталып келген адеп-ахлактык дөөлөттөр кантип пайда болгон? Адеп-ахлактуулуктун Булагы — Жараткан — жок болсо, жакшылык менен жамандык адамдар менен, адамзат коому менен бирге жөндөн жөн эле пайда болгонбу? Мисал карап көрөлү: адамдардын көбү киши өлтүрүүнү жаман иш деп эсептейт. Бирок кимдир бирөө: «Эмнеге салыштырганда жаман иш?» — деп сурашы мүмкүн. Сыягы, бүтүндөй адамзат коомуна таандык болгон жана көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында чагылдырылган адеп-ахлактык тууралуу негизги түшүнүк бар. Бул адеп-ахлак нормалары кайсы булактан чыгат? Алардын булагы адеп-ахлак дөөлөттөрү бар жана адамдарга абийирди — адеп-ахлак принциптерин түшүнүү жөндөмдүүлүгүн — берген акылдуу Жараткан болуп жүрбөсүн? (Салыштыргыла: Римдиктерге 2:14, 15.)

Келечек тууралуу ойлонуп, план түзө аласыңар

Келечек тууралуу ойлонуу жөндөмдүүлүгү — адамдын аң-сезиминин дагы бир тарабы. Адамдарды жаныбарлардан айырмалаган өзгөчөлүктөр бар-жогун профессор Ричард Докинзден сурашканда, ал адамда өзгөчө сапаттар бар экенин ырастаган. «Элестетип пландаштыруу жөндөмдүүлүгүн» айтып кеткен соң, Докинз: «Эволюция теориясында бир гана маанилүү нерсе кыска мөөнөттүк пайда болчу. Келечектин пайдасы эч качан эсепке алынган эмес. Түрдүн кыска мөөнөттүк жыргалчылыгына зыян келтирилсе, эч нерсе эч качан эволюцияланган эмес. Мына эми гана адамдардын, жок дегенде, кээ бирлери: „Ушул токойдун кыйылышы азыр кандай пайда алып келерин эмес, кийин эмнеге дуушар кыларын ойлонуп көрөлүчү“,— дей алат. Бул сапатты мен, чын эле, жаңы жана өзгөчө деп эсептейм»,— деп кошумчалаган.

Башка окумуштуулар адамдардын ойлонуштуруп, узак мөөнөткө план түзүү жөндөмдүүлүгүн эч нерсе менен теңегис дешет. Нейрофизиолог Уильям Калвин: «Жаныбарлардын кышка жана жупташууга гормондор менен шартталган даярдык көрүүдөн тышкары келечекке бир нече мүнөт эрте план түзүшөрүнө мисал аз экендигине таң каласың»,— деп белгилейт. Жаныбарлар кышкыга тамак камдай алышат, бирок алар бардыгын күн мурун ойлонуштуруп, пландаштырып олтурушпайт. Адамдар болсо, тескерисинче, эртеңкисин, атүгүл тээ алыскы келечегин ойлошот. Кээ бир окумуштуулар Ааламдын миллиарддаган жылдардан кийин эмне болору жөнүндө ой жүгүртүшөт. Жаныбардын баарынан ушунчалык айырмаланып турган адам эмне себептен келечекти ойлоого, план түзүүгө жөндөмдүү экенин ойлонуп көрдүңөр беле?

Ыйык Китепте адамдар тууралуу: «Ал [Жараткан]... алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— деп айтылат (Насаатчы 3:11). Биз келечекти ойлоо жөндөмдүүлүгүбүздү күн сайын, жадагалса жөн эле күзгүгө каранып өзүбүздүн келбетибиздин 10 же 20 жылдан кийин кандай болорун ойлогондо да колдонобуз. Убакыттын же мейкиндиктин чексиздиги тууралуу бир аз болсо да ойлонгонубузда, Насаатчы 3:11деги сөздөрдүн калетсиздигин көрөбүз. Биздин кеп кылып жаткан жөндөмдүүлүккө ээ болушубуздун өзү эле Жараткан «алардын [адамдардын] жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салганына» төп келип турат.

Жаратканга тартылуу

Баары бир көптөр кооздукка суктануу, жакындарына жасаган жакшылыктары жана келечек тууралуу ой жүгүртүү менен эле чындап канааттанып калышпаарын сезишет. «Эң бактылуу болуп турганыбызда, унутулгус учурларда, айталы, бизди кимдир бирөө сүйөрүн сезип турган кезде да көбүнчө бизге бир нерсе жетпей тургандай сезилери кызык. Биз андан көптү каалайбыз, эмнени экенин өзүбүз да билбейбиз»,— дейт профессор Стивен Эванз. Бул чын, ушул планетада биздин жаныбызда жашап жаткан жаныбарлардан айырмаланып, аң-сезими бар адам башкача муктаждыктарды сезет.

«Диний сезимдер адамга терең сиңген жана турмушу же билиминин деңгээли ар түрдүү адамдарга таандык». Мындай жыйынтык профессор Алистер Хардинин өз эмгегинде айтып берген изилдөөнүн негизинде чыгарылган («The Spiritual Nature of Man»). Ошол жыйынтык көптөгөн башка изилдөөлөрдөн улам билинген нерсени — адам Кудайдын бар экендигин билерин — ырастайт. Эл ичинен кээ бирөөлөр атеист болушса да, баары атеист эмес. Бир китепте: «Жашоонун маңызын дин аркылуу издөө адамзат жаралганынан тартып бардык элдерге, бардык убакка таандык болуп келген» («Is God the Only Reality?»).

Кудай бар деген тубаса сезим кайдан пайда болгон? Эгер адам нуклеин кислотасынын жана белоктун молекулаларынын кокустуктан эле кошулуп калган бирикмеси болсо, анда эмне үчүн ошол молекулаларда искусство менен кооздукту сүйүү, диний сезимдер жана түбөлүктүүлүк тууралуу ой жүгүртүү өрчүгөн?

Жон Эклс төмөнкүдөй тыянакка келген. Адамдын келип чыгышынын эволюциялык түшүндүрмөсү «эң негизги жеринен алсыз. Ар бирибиздин өзүнчө бир түрдөгү, жеке аң-сезимдүү инсан катары жашап тургандыгыбызды эволюция аркылуу түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес». Мээбиздин жана акылыбыздын иштеши жөнүндө көбүрөөк билген сайын, миллиондогондордун аң-сезимдүү адамдын жашап жатканы камкор Жараткандын бар экенин далилдеп турат деген тыянакка эмне себептен келери түшүнүктүү болууда.

Бул акылга сыярлык тыянакты коомдун ар кыл катмарындагы адамдар «биз эмне үчүн бул жерде жүрөбүз жана кай жакка баратабыз?» деген маанилүү суроолорго канааттандырарлык жооп табууга негиз берет деп эмне себептен эсептешерин кийинки бөлүмдөн билебиз.

[51-беттеги кутуча]

Шахмат боюнча дүйнөлүк чемпион компьютер менен мелдеште

Суперкомпьютер «Дип Блю» шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионду жеңип чыкканда, «Дип Блюнун» аң-сезими бар деген жыйынтыкка келишибиз керекпи деген суроо пайда болду.

Йель университетинин профессору Дейвид Гелернтер: «Жок. „Дип Блю“, болгону, машина гана. Гүл олтургузулган идиштикиндей эле, анын деле мээси жок... Машинаны „чемпион“ адамдар жараткан, кеп мына ошондо»,— деп жооп берген.

Профессор Гелернтер: «Мээ — бул Мен деген аңдоону жаратууга жөндөмдүү машина. Мээнин жардамы менен биз көп нерселерди элестете алабыз, компьютерлер болсо анте албайт»— деп, негизги айырмачылыкты көрсөткөн.

Профессор: «[Компьютер] менен адамдын ортосундагы айырмачылык азайбайт, да жоголбойт. Машиналар да адамдын жашоосун мындан ары жеңилдетип, чыңдап, байытып, ары кызыктуураак кыла берет. Ал эми адамдар өздөрү, бири-бири, көбү Кудай жөнүндө ойлонууну мурдагыдай эле уланта беришет. Буга машиналар эч качан таасир эткен эмес, этпейт дагы»,— деген жыйынтыкка келген.

[53-беттеги кутуча]

Үлүлдөй болгон суперкомпьютер

«Көрүү, сүйлөө, кыймылдоо жөндөмдүүлүгү жана маңызга жетектелүү жагынан азыркы компьютерлерди төрт жашар бала менен да салыштырып болбойт. Анын себептеринин бири, албетте, алардагы эсептөө иштеринде. Баамдоолорго караганда, эң эле кубаттуу суперкомпьютердин маалымат иштетүү мүмкүнчүлүгү үлүлдүн нерв системасына теңеп койгудай: [биздин] баш сөөгүбүздүн ичиндеги суперкомпьютердин кубаттуулугуна караганда тырмактай эле нерсе» (Стивен Пинкер, Массачусет технологиялык институтунун когнитивдик неврология борборунун директору).

[54-беттеги кутуча]

«Адамдын мээси негизинен мээ кыртышынан турат. Мисалы, шимпанзенин мээсинин кыртышы бар болгону менен, адамдыкына караганда алда канча кичине. Мээ кыртышы бизге ойлонууга, эстөөгө, элестетүүгө жардам берет. Негизи, дал ошо мээ кыртышы бар үчүн биз адамбыз» (Эдуардо Бончинелли — молекулалык биология тармагындагы изилдөөлөрдүн жетекчиси, Милан, Италия).

[55-беттеги кутуча]

Элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасынан мээге

Профессор Пол Дейвис мээнин теориялык математиканын эсептерин чыгарууга болгон мүмкүнчүлүктөрү тууралуу төмөнкүдөй ой айткан: «Математика оңой илим эмес. Ал адамдын акылынан жаралат. Эгерде математика кайсы тармактарда көбүрөөк колдонулат деген суроо берилсе, көбүнчө элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасына жана астрофизикага окшогон тармактарда, башкача айтканда, күндөлүк турмуштан өтө эле алыс болгон прикладдык илимдер тармактарында колдонулары айкын болот». Бул эмнени билдирет? «Менин оюмча, биздин аң-сезимибиз жана математиканы колдонуу жөндөмдүүлүгүбүз кокустук эмес, майда-барат нерсе эмес, эволюциянын эч нерсеге жарабаган продукциясы эмес» («Are We Alone?»).

[58-беттеги кутуча]

Ал бардык элдерде бар

Тарыхта жашаган ар бир эле элдин өзүнүн тили болгон. Бир эмгекте мындай деп айтылат: «Эч качан үндөбөгөн уруу болбогону белгилүү, ошондой эле тилдин „бешиги“ болуп берген кандайдыр бир жердин болгонуна жана андан мурда өз эне тили болбогон элдерге речь таралганына эч кандай далил жок... Татаал тилдин өзгөчөлүгү — тилчилерди таңдандырган ачылыш жана... тилди адамдарга таандык өзгөчө инстинкттин иш-аракетинин натыйжасы деп эсептөөгө эң биринчи себеп» («The Language Instinct»).

[58-беттеги кутуча]

Тил жана интеллект

Эмне себептен адамдар акыл жагынан жаныбарлардан, мисалы, маймылдардан бир кыйла жогору турат? Мунун жообу адамдардын синтаксисти — сөз жасоо үчүн тыбыштарды жана сүйлөм түзүү үчүн сөздөрдү бириктирүүнү — колдонушунда. Нейрофизиолог Уильям Калвин мындай деп түшүндүрөт:

«Жапайы шимпанзелер 40ка жакын добуш чыгарышат, алары 40ка жакын маанини билдирет. Шимпанзелер добуштун маанисин күчтүүрөөк кылуу максатында аны кайрадан кайталап коюшу мүмкүн, а бирок алар „сөз байлыгын“ көбөйтүш үчүн, үч добушту бириктиришпейт.

Биз, адамдар, деле фонема деп аталган 40ка жакын тыбышты колдонобуз. Ушул тыбыштардын ар түрдүүчө бириктирилиши гана маани берет: биз маанисиз тыбыштарды бириктиребиз да, мааниси бар сөз жаратабыз». Д-р Калвин жаныбарлардын «бир добушу бир маанини» берген тили адамдарга гана таандык болгон синтаксисти колдонуу жөндөмдүүлүгүнө кантип чукул өзгөргөнүн ушул убакка чейин эч кимдин түшүндүрө электигин» белгилеп кеткен.

[60-беттеги кутуча]

Чиймелеп эле коюу эмес

«Тилдин жардамы менен адам — хомо сапиенс — гана пикирлеше алабы? Жооп «тил» деген сөздүн кандай мааниде айтылгандыгына жараша болору түшүнүктүү, мыкты уюшулган тирүү жандыктардын баары бири-бири менен көптөгөн сигналдардын: белгилердин, жыттардын, кыйкырыктардын, үндөрдүн, ырлардын, ал эмес аарыларга окшоп, бийлердин жардамы менен пикир алмашат эмеспи. Ошентсе да жаныбарлардын, адамдардыкынан айырмаланып, иреттүү грамматикасы бар тили жок көрүнөт. Анын үстүнө, жаныбарлар көркөм сүрөт тарта алышпайт, бул да бир топ маанилүү нерсе. Эң эле сонун дегенде, алар чиймелеп эле коюшат» (Профессорлор Р. С. Фоутс жана Д. Х. Фоутс).

[61-беттеги кутуча]

«Адамдын акылын изилдөөдө да укмуштуудай татаал структураларды таап жатабыз,— дейт профессор Аврам Ноам Хомский.— Мисалга тилди алууга болот, бирок бул жалгыз эле мисал эмес. Мээнин [сыягы] адамдар гана колдонгон эсептөө системасынын абстракттуу түшүнүктөрү менен иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө ойлонуп көргүлөчү».

[62-беттеги кутуча]

Суроо берүү шыгы

Физик Лоренс Краусс Ааламдын келечеги тууралуу мындай деп жазган: «Биз, балким, эч качан көрбөй турган нерселерибиз тууралуу суроо бере алгандыгыбыздан улам тартынбай суроо бере беребиз. Бир күнү бул суроолорго биздин балдарыбыз же небере-чөбөрөлөрүбүз жооп берет. Биз элестетүү шыгына ээбиз».

[69-беттеги кутуча]

Эгерде Аалам жана андагы жашоо кокустуктан улам гана пайда болсо, анда жашообуздун узакка созулушунун эч кандай деле мааниси жок. Эгерде биз Ааламга атайы жаратылган болсок, анда жашоо канааттандырарлык маңызга ээ болууга тийиш.

[72-беттеги кутуча]

Кылыч азуулуу жолборстордон качуунун натыйжасыбы?

Кембриж университетиндеги (Улуу Британия) Жон Полкинхорн мындай деген:

«Физик Поль Дирак квант талаасынын теориясы деп аталган жана биздин физикалык дүйнө жөнүндөгү түшүнүгүбүздүн негизи болгон теорияны иштеп чыккан. Мен Дирактын ушул теорияны ачкыдай же Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясын ачкыдай жөндөмдүүлүктөрү кылыч азуулуу жолборстордон качып жүрүшкөн ата-бабаларыбыздын өрчүшүнүн өзүнчө бир натыйжасы дегенге ишене албайм. Мында алда канча маанилүүрөөк, бир кыйла сырдуураак... нерсе камтылган.

Бизди курчап турган дүйнөнүн физика илими аркылуу ачылган рационалдык иреттүүлүгүнө жана айгине кооздугуна караганыбызда акылдын иштерине бай дүйнөнү көрөбүз. Дин туткан адам булар аркылуу Жараткандын акылы көрсөтүлүүдө деп билет» («Commonweal»).

[56-беттеги сүрөт]

Кыймылдаткыч зона

Маңдай үлүшү

Префронталдык зона

Брок борбору

Вернике борбору

Мээ кыртышы — бул мээнин акыл менен баарынан тыгыз байланышкан үстүнкү катмары. Эгерде адамдын мээ кыртышынын бырыштарын жаза турган болсо, анын көлөмү басма машинкада колдонулуучу кагаздын көлөмүндөй болгон 4 кагаздын бетин ээлемек. Шимпанзенин мээ кыртышы — ошондой кагаздын бир эле бетин, келемиштики болсо почта маркасынын бетин ээлемек («Сайентифик америкен»).

[63-беттеги сүрөт]

Адамдар гана суроо бере алышат. Ал суроолордун кээ бирлери жашоонун маңызы жөнүндө.

[64-беттеги сүрөт]

Жаныбарлардан айырмаланып, адамдар өзүнүн ким экенин билет жана келечек тууралуу ойлоно алат.

[70-беттеги сүрөт]

Адамдар гана кооздукту баалайт, келечек жөнүндө ойлонот жана Жаратканга тартылат.