Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Китептен Жараткан тууралуу эмнелерди билүүгө болот?

Китептен Жараткан тууралуу эмнелерди билүүгө болот?

Жетинчи бөлүм

Китептен Жараткан тууралуу эмнелерди билүүгө болот?

МАЗМУНДУУ, кызыктуу китеп кенчке тете дегенге кошулат чыгарсыңар. Ыйык Китепти дал ошондой кенчке салыштырууга болот. Анда адеп-ахлактыктын жогорку принциптерине карманган адамдардын турмушу тууралуу маалымдалган. Ошондой эле маанилүү чындыктар жандуу жана таасирдүү берилген. Ыйык Китептин акылман жазуучуларынын бири өзүнүн «көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылганын» жана «чындык сөздөрдү туура жазганын» айткан (Насаатчы 12:10).

Биз Ыйык Китеп деп атап келаткан китеп 1500дөн ашуун жылдын ичинде жазылган 66 майда китептен турат. Мисалы, Башталыш китебинен тартып биринчи беш китепти б.з.ч. 1513—1473-жылдары Муса жазган. Ыйык Китептин жазылышына катышкандардын акыркысы — Ыйсанын элчилеринин бири Жакан. Ал Ыйсанын өмүр баянын (Жакандын Инжилин), ошондой эле кыска каттарды жана Ыйык Китептин котормолорунун көбүндө кездешкен Аян китебин жазган.

Ыйык Китепти Мусанын күндөрүнөн Жакандын күндөрүнө дейре 1500дөн ашуун жыл ичинде 40ка жакын киши жазган. Алар башкаларга Жараткан тууралуу билүүгө жардам бергиси келген акниет, такыбаа эркектерден болушкан. Алардын жазмалары Кудайдын ким экендигин түшүндүрүп, ага кантип жагууга болорун билүүгө жардам берет. Андан тышкары, Ыйык Китеп эмне себептен дүйнөдө жамандык өкүм сүрөрүн жана анын кантип четтетилерин билүүгө мүмкүндүк берет. Аны жазгандар адамзаттын үстүнөн Кудай башкара турган убак келерин жана ошондо биздин кандай сонун шарттарда жашаарыбызды айтышкан (Забур 36:10, 11; Ышайа 2:2—4; 65:17—25; Аян 21:3—5).

Көптөрдүн Ыйык Китепти даанышман адамдар жазган эски китеп катары эсептеп, ага көңүлкош карашары белгилүүдүр. Ошого карабастан миллиондогон адамдар Ыйык Китептин нагыз Жаратманы Кудай экенине жана ал аны жазгандардын ойлорун багыттап турганына шектенишпейт (2 Петир 1:20, 21). Ыйык Китепте жазылган маалыматтардын чын эле Кудайдан келгенин кантип билүүгө болот?

Ан үчүн өз ара шайкеш бир катар далилдерди карап көрүүгө болот. Ал далилдерди карап чыгуу менен көптөр Ыйык Китепти адамдар жазышса да, анын жаратманы адам эмес, андан кыйла жогору турган Бирөө экенин түшүнүшкөн. Келгиле, биз да бир эле далилди карап көрөлү. Ушунун аркасында Ааламдын Жаратканы, адамдын өмүрүнүн Булагы жөнүндө көбүрөөк биле алабыз.

Аткарылган пайгамбарлыктар

Ыйык Китептин жазуучуларынын көбү пайгамбарлыктарды жазышкан. Алар келечекти өзүбүз күн мурун айта алабыз деп ырасташкан эмес, тескерисинче, мындай жөндөмдүүлүктү аларга Жараткан бергенин билишкен. Мисалы, Ышайа: «Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам»,— дегенде Кудай тууралуу айткан (Ышайа 1:1; 42:8, 9; 46:8—11). Ышайанын Кудайын боло элек окуяларды он, ал эмес, жүздөгөн жылдар мурун айтып берүү жөндөмдүүлүгү өзгөчөлөнткөн; ал Кудай мурунку жана азыркы адамдар сыйынып жаткан кудайларга окшогон жасалма кудай эмес. Пайгамбарлыктар — Ыйык Китептин адамдардын чыгармасы эмес экенине ишендирерлик далил. Муну Ышайа китеби кандайча ырастаарын карап көрөлү.

Ышайа китебинин мазмунун тарыхый маалыматтар менен салыштырып, анын болжол менен б.з.ч. 732-жылы жазылганын аныктоого болот. Ышайа Иерусалимдин жана Жүйүттүн тургундары канга забын болушкандыктан жана буркандарга сыйынышкандыктан, кырсыкка кабыларын күн мурун билдирген. Пайгамбар ал жерлердин ээн каларын, Иерусалим менен ийбадаткана талкаланарын, ал эми аман калган тургундары Бабылга туткунга кетерин алдын ала айткан. Бирок Ышайа туткундарды Кудай унутуп койбостугун да билдирген. Кореш (Кир) аттуу бөтөн жерлик падыша Бабылды (Вавилонду) жеңип алары жана эврейлерди бошотуп, мекенине кетүүгө мүмкүнчүлүк берери да жазылган. Ышайа «Кореш жөнүндө: „Менин койчум, ал Менин бүт эркимди аткарат“ деген, Иерусалимге: „Сен кайрадан куруласың!“ деген, ийбадатканага: „Сен кайрадан негизделесиң“ деген Теңир Менмин» деген сөздөрдү Кудайдын өзү айтканын белгилейт (Ышайа 2:8; 24:1; 39:5—7; 43:14; 44:24—28; 45:1).

Ышайанын күндөрүндө, б.з.ч. VIII кылымда, мындай пайгамбарлыктар таптакыр аткарылбачудай көрүнүшү мүмкүн эле. Ал маалда Бабыл күчтүү аскер державасына айлана элек болчу. Ал ошол маалдын дүйнөлүк державасы болуп турган Ассирия империясынын бийлиги астында эле. Алыскы өлкөгө айдалып кеткен туткундар эркиндик алышып, өз жерин кайрадан иштетери да таңгалыштуудай сезилген. «Мындайды ким укту эле?» — деп жазган Ышайа (Ышайа 66:8).

Бирок эки жүз жылдан кийин эмне болду эле? Ышайанын пайгамбарлыгынын чыпчыргасы калбай аткарылганын байыркы эврейлердин тарыхы далилдейт. Чынында эле, Бабыл күчтүү болуп чыгып, Иерусалимдин таш-талканын чыгарган. Персия падышасынын аты Кореш болгону, анын басып алуусу, эврейлердин кайтып келиши — ушулардын баары белгилүү тарыхый фактылар. Пайгамбарлыктар ушунчалык так аткарылгандыктан, XIX кылымда сынчылар Ышайа китебин калп дегенчеликке барышкан. Алардын ырастоосунда, «китептин биринчи бөлүмдөрүн чын эле Ышайа жазгандыр, бирок калгандарын Кореш падышанын учурунда жашаган башка бирөө пайгамбарлыктай кылып жазып койгон». Мындай ойлорду айта берсе болот дечи, бирок фактылар эмнени тастыктайт?

Чынында эле пайгамбарлыктарбы?

Ышайа китебинде жазылган пайгамбарлыктар Корешке жана туткундагы эврейлер менен болгон окуяларга гана тиешелүү эмес. Ышайа Бабылдын эмне болорун да алдын ала айткан жана азап тарткандан кийин даңкы чыга турган Машайактын — Куткаруучунун — келерине байланышкан көп билдирүүлөрдү күн мурун жазган. Мындай билдирүүлөр алдын ала жазылып, келечекте аткарылууга тийиш пайгамбарлыктар болгонун аныктоого болобу?

Төмөнкүнү карап чыгалы. Ышайа: «Падышачылыктардын көркү, каздимдердин сыймыгы болгон Бабылды Кудай Содом менен Амордой кылып кулатат. Ал жерге эч ким эч качан көчүп барбайт, ал жерде түбөлүккө эч ким жашабайт» — деп, Бабылдын эмне болорун жазган (Ышайа 13:19, 20; 47-бөлүм). Бул жерде айтылган окуялар чынында кандайча өрчүдү эле?

Бабылдын узак убакыт бою Тигр жана Евфрат дарыяларынын ортосунан орун алган дамбалардан жана чоң өстөндөрдөн турган татаал сугат системасынан көзкаранды болгону белгилүү. Парфиялыктар, болжолу, б.з.ч. 140-жылы өлкөнү басып алганда ал сугат системасы талкаланып, жарактан чыгып калган. Натыйжада эмне болду эле? Бир энциклопедияда: «Жерди минералдуу туздар каптап, үстүндө щелочтуу кыртыш пайда болгон, ошондуктан жер айыл чарбачылык үчүн жараксыз болуп калган»,— деп айтылат («The Encyclopedia Americana»). Андан 200 жылдай өткөндөн кийин, Бабыл дагы деле элдүү-журттуу шаар эле. Бирок бир аз убактан кийин ал биротоло кыйратылган. (Салыштыргыла: 1 Петир 5:13.) Б.з. III кылымында тарыхчы Дион Кассий (б.з. 150—235-жылдар) Бабылга келген бир адамдын «дөбө, таш жана урандылардан» башка эч нерсе таппаганын жазган (LXVIII, 30). Белгилей кетерлик нерсе, ал кезде Ышайанын өлгөнүнө жана анын жазылып бүткөн китебин эл окуп жүргөнүнө бир канча кылым болуп калган эле. Азыр Бабылга бара турган болсоңор, бир кезде атагы алыска кеткен ошол шаардын урандыларын гана көрөсүңөр. Байыркы башка шаарлар, мисалы, Рим, Иерусалим жана Афины ушул күнгө чейин бар, Бабыл болсо ээн талаа, эрмен чөлгө айланган; Ышайа дал ошону алдын ала айткан жана анын пайгамбарлыгы аткарылган.

Азыр эми Ышайанын болочок Машайакты кантип сүрөттөгөнүн карап чыгалы. Кудайдын бул өзгөчө кызматчысы, Ышайа 52:13төгү сөздөр боюнча, акыр-аягы, «көтөрүлүп, көкөлөп, даңазаланмак». Бирок кийинки бөлүмдө (Ышайа 53-бөлүм) Машайак даңазаланардан мурун кордук көрүүгө тийиш болгону айтылат. Ал бөлүмдөгү Мессияга байланыштуу пайгамбарлыктар силерди таң калтырат болуш керек.

Анда жазылгандай, Машайакты мекендештери баркташкан эмес. Айткандарынын аткарыларына толук ишенгендиктен Ышайа баарын болуп өткөн окуя катары жазып, мындай деген: «Ал жек көрүндү болду, адамдардын алдында кемсинтилди» (3-аят). Мындай мамилени актоо мүмкүн эмес эле, анткени Машайак адамдарга жакшылык кылмак. Анын ооруларды айыктырары жөнүндө Ышайа: «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды»,— деп жазган (4-аят). Ошого карабастан, аны сотко тартышкан жана негизсиз айыпташкан, ал болсо айыптоочуларына жооп берген эмес (7, 8-аяттар). Ал кылмышкерлер менен бирге өлүм жазасына тартылган; денесин найза менен сайышкан (5, 12-аяттар). Кылмышкер катары өлтүрүлсө да, бай катары коюлган (9-аят). Ышайа Машайактын адилетсиз өлүмү башка адамдардын күнөөсүн жаап, куткаруучу күчкө ээ болорун бир нече жолу кайталаган (5, 8, 11, 12-аяттар).

Ушулардын баары аткарылган. Ыйсанын замандаштары Матай, Марк, Лука жана Жакандар жазган тарыхый билдирүүлөрдөн Ышайанын айткандарынын чын эле аткарылганы көрүнүп турат. Ошол окуялардын кээ бирлери Ыйса өлгөндөн кийин болгондуктан, алардын жүрүшүнө ал эч кийлигише алган эмес (Матай 8:16, 17; 26:67; 27:14, 39—44, 57—60; Жакан 19:1, 34). Ышайанын Мессияга тийиштүү пайгамбарлыгы Ыйык Китептин калыс окурмандарына, ал эмес, Ыйсаны мурун кабыл албай келгендерге да кылымдар бою күчтүү таасир берип келатат. Окумуштуу Уильям Эрвик мындай деп белгилейт: «Көптөгөн эврейлерден христиан динине кайрылгандыгынын себебин сурашканда, ушул бөлүмдүн [Ышайа 53-бөлүмдүн] үстүнөн терең ой жүгүртүүдөн улам мурдагы диний окууларынын жана устаттары үйрөткөн нерселердин чындыгына шектене башташканын айтышкан» («The Servant of Jehovah») *.

Эрвик бул сөздөрүн XIX кылымдын аягында, көптөр Ышайа китебинин 53-бөлүмү Ыйса төрөлгөндөн бир канча кылым мурун жазылгандыгына шек санап жатышкан маалда айткан. Бирок кийинчерээк шектенүүнүн бардык себептерин четтеткен ачылыштар жасалган. Жансыз деңиздин жанынан 1947-жылы малчы бедуин Ышайа китебинин толук түрмөгүн таап алган. Байыркы колжазмалар боюнча эксперттер ал түрмөктү б.з.ч. 125—100-жылдарга таандык деп белгилешкен. Андан соң 1990-жылы радиоуглероддук ыкма менен түрмөккө анализ жүргүзүлүп, ал б.з.ч. 202—107-жылдарга таандык деп табылган. Демек, Ышайа китебинин ушул белгилүү түрмөгү Ыйса төрөлгөнгө чейин эле болгон. Ал түрмөктө жазылгандарды азыркы Ыйык Китептин тексти менен салыштыруу эмнени көрсөтөт?

Иерусалимге барсаңар, ал жерден Жансыз деңиз түрмөгүнүн бөлүктөрүн көрө аласыңар. Археология илиминин профессору Йигаэл Ядин мындай түшүндүрмө берет: «Ышайанын ушул сөздөрдү айтканынан б.з.ч. II кылымда мына бул түрмөк көчүрүлүп алынганга чейин ортодон беш жүздөн же алты жүздөн кем эмес убакыт өткөн. Музейдеги бул түрмөккө 2000 жыл болгону менен, анын тексти Ыйык Китептин азыркы эврей тилиндеги жана түпнускадан жасалган котормолорундагы текстке абдан жакын болгондугу таң калтырат».

Бул биздин Ышайа китебине карата болгон көзкарашыбызга таасир этиши керек эмеспи? Ал китепте баяндалган окуялар болуп өткөндөн кийин жазылган деп шектенүүгө эч кандай негиз жок. Бүгүнкү күндө анын көчүрмөсү Бабылдын кыйратылганынан бир далай убакыт мурун, ал эми Ыйсанын төрөлүшүнөн жүздөн ашуун жыл мурун жасалгандыгына илимий далил бар. Анда Ышайанын жазмаларында Бабылдын «тагдыры» да, Машайактын адилетсиз азап чегиши да, анын кандай өлүм менен өлөрү жана ага кандай мамиле жасалары да алдын ала айтылгандыгына кантип шек саноого болот? Ал эми тарыхый фактылар эврейлердин Бабылга туткунга алынышы жана туткундан азаттыкка чыгышы жөнүндө Ышайанын алдын ала так айткандыгы тууралуу талаш-тартыш туудурган себептерди жоёт. Аткарылган мындай пайгамбарлыктар Ыйык Китептин чыныгы жаратманы Жараткандын өзү жана Ыйык Китеп «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган» деген жыйынтыкка алып келүүчү көптөгөн далилдердин бири гана (2 Тиметейге 3:16).

Ыйык Китептин жаратманы Кудай экенинин башка да көптөгөн далилдери бар. Ошол далилдерге Ыйык Китептин астрономияга, геологияга жана медицинага байланышкан суроолордогу тактыгы, андагы көп кылымдар бою ар кандай адамдар жазган китептердин өз ара төп келишкендиги, анын көптөгөн тарыхый жана археологиялык фактылар менен дал келишкендиги, ошол маалда ысрайыл эли менен коңшулаш турган элдердин кодекстеринен бир кыйла айырмаланып, ушул убакка чейин теңдешсиз деп эсептелип келаткан адеп-ахлактык кодекстери да кирет. Бул жана башка далилдер изденген, акниет адамдарды Ыйык Китептин чын эле Жаратканыбыздын берген китеби экенине ынандырат *.

Бул Жаратканга байланыштуу бир катар маанилүү тыянактарга келүүгө жана анын сапаттарын көрүүгө жардам берет. Анын келечекти көрө билгичтиги адамдардын көрө билгичтигине салыштырылгыс экендигин таасындабай турабы? Адамдар тээ алыскы келечекте эмнелер болорун билишпейт жана окуялардын жүрүшүн башкара алышпайт. Жараткан болсо башкара алат. Ал келечекти алдын ала көрө алат жана окуялардын жүрүшүнө өзүнүн эрки аткарылгыдай кылып таасир эте алат. Жараткан тууралуу Ышайа: «Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам: „Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм»,— деп жөн жерден айткан эмес (Ышайа 46:10; 55:11).

Жаратман менен жакшыраак таанышуу

Биз адам менен сүйлөшүп, анын ар кандай жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн байкап тааныша алабыз. Ал эми Жараткан мененчи? Биз аны менен түздөн-түз сүйлөшө албайбыз. Ошентсе да, биз билгендей, ал өзү тууралуу Ыйык Китептеги сөздөрү жана жасаган иш-аракеттери аркылуу көптү айтып берет. Андан тышкары, ал өзгөчө китеп Жараткан менен өз ара мамиле түзүүгө үндөйт. Ал: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деп чакырат (Жакып 2:23; 4:8).

Ан үчүн кандай кадам жасоо талап кылынарын карап көрөлү. Эгер силер кимдир бирөө менен достошууну кааласаңар, албетте, адегенде анын атын билип аласыңар. Анда Жараткандын аты ким жана аты ал тууралуу эмнени билдирет?

Ыйык Китептин байыркы эврей тилинде жазылган бөлүгүндө (көбүнчө Эски Осуят деп аташат) Жараткандын ысмы айтылат. Байыркы колжазмаларда ал эврей тилинин төрт үнсүз тамгасы менен берилген, аларды ЙГВГ (же ЙХВХ) деп транслитерациялоого болот. Жараткандын аты Жазмада 7000ден ашуун жолу, башкача айтканда, Кудай же Теңир деген наамдардан көбүрөөк кезигет. Байыркы эврей тилиндеги Ыйык Китепти окугандар көптөгөн кылымдар бою Кудайдын ошол атын колдонушкан. А бирок убакыттын өтүшү менен көптөгөн эврейлер ырым-жырымдардан улам Кудайдын атын айтуудан корко башташкан, ошондуктан бул ысымдын айтылышын сактап калышпаган.

Эврей тилиндеги Мисирден чыгуу китебине берилген бир түшүндүрмөдө: «Баштапкы айтылышы акыры барып жоголгон; аны кайра калыбына келтирүүгө жасалып жаткан аракеттер божомолдоолорго негизделген»,— деп белгиленет. Ооба, Чыгуу 3:14 менен 6:3тө жазылган Кудайдын ысмын Муса кантип айтканы белгисиз экенине кошулабыз. Бирок ким Муса менен Ыйсанын аттарын, алар жерде жашаган кезде кантип айтылса, так ошондой айтуу керек деп талап кыла алат? Ошону себеп кылып Муса менен Ыйсанын атын таптакыр колдонбой койгон жокпуз да. Кудайдын атын байыркы заманда жашап, башка тилде сүйлөгөн адамдар кантип айтышкан деп, өтө эле бушайман боло бербей, ошол аттын өз эне тилибизде кабыл алынган түрүн пайдаланганыбыз дурустур? Мисалы, Жараткандын аты кыргыз тилинде «Жахаба» деп колдонулуп келатат.

Кудайдын атынын айтылышынан да маанилүүрөөк бир нерсе бар. Ал — анын мааниси. Бул ысым байыркы эврей тилиндеги «бол» же «болуп калуу» дегенди билдирген хава́х деген этиштин аркылуу мамилесин туюнтат (Башталыш 27:29; Насаатчы 11:3). Демек, Жараткандын аты сөзмө-сөз «Болтурат» дегенди билдирет десек болот. Бул ысым «Баштапкы Себеп» деген терминди колдонгон айрым адамдар ойлогондой Жараткандын эзелки жасаган иш-аракетин көрсөткөн жок. Эмнеге?

Анткени Жараткандын ысмы анын жасоого ниеттенген иштери менен байланыштуу. Байыркы эврей тилиндеги этиштер, демейде, эки эле түргө бөлүнөт. Жараткандын ысмы үчүн колдонулган этиштин түрү «аткарылып жаткан... кыймыл-аракетти билдирет. Ал кыймыл-аракеттин жөн эле созулгандыгын эмес... башталышынан аякташына дейре өрчүшүн билдирет» («A Short Account of the Hebrew Tenses»). Ооба, Жахаба ысмы аркылуу өзүнүн талыкпас, максатын көздөгөн, иштиктүү Кудай экенин көрсөтөт. Мындан биз окуялардын өрчүшүндө анын өз убадаларынын Аткаруучусу боло берерин билебиз. Анын өз ой-ниеттерин ар дайым аткарарын билгенде көптөр кубанып, жубатуу алышат.

Анын ой-ниети жана жашообуздун маңызы

Кудайдын ысмы анын ой-ниети бар экенин көрсөтүп турса да, көптөр жашоонун чыныгы маңызы эмнеде экенин түшүнө албай келет. Алар адамзат көйгөй артынан көйгөйгө: согуш, табигый кырсыктар, жугуштуу оорулар, жакырдык жана кылмышкерликке дуушар болуп жатканын көрүшүүдө. Мындай апааттарга туш болбогон адамдарды да келечекке жана жашоонун маңызына байланышкан суроолор тынчсыздандырат.

Ыйык Китепте: «Жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен. Анткени жаратылгандын... Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгабыз деген үмүтү бар»,— деп айтылат (Римдиктерге 8:20, 21). Башталыш китебинен көрүнүп тургандай, бир кездерде адамдар Жаратканы менен тынчтыкта жашашчу. Адамдардын туура эмес жүрүм-турумунун айынан Жараткан аларды адилеттүү түрдө убаракерчилик туудура турган шартка баш ийдирип койгон. Келгиле, эмнеден улам ушундай болгонун жана андан Жараткан тууралуу эмнелерди билүүгө жана келечектен эмнени күтүүгө болорун карап көрөлү.

Ишенүүгө татыктуулугу ар кандай жолдор менен далилденген Башталыш китебинде жазылгандай, биринчи жаратылган кишилерге Адам жана Обо деген ат коюлган. Андан Кудай ой-ниети менен эркин алардан жашырбаганы көрүнүп турат. Мээримдүү, камкор ата өзүнүн балдары үчүн кам көргөн сыяктуу, Жараткан да адамдарга пайдалуу көрсөтмөлөрдү берген. Ал: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла»,— деген (Башталыш 1:28).

Мына ошентип, биринчи адамдардын жашоосунун мааниге толгон максаты бар болчу. Алар жердин экологиясына кам көрүп, жерди жоопкерчиликтүү адамдарга толтурууга тийиш эле. (Салыштыргыла: Ышайа 11:9.) Бирок планетабыздын азыркы муңдуу абалы үчүн Жаратканды күнөөлөп, ал адамдарга жердин ресурстарын жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, зыянга учуратууга жол берген деш эч негизсиз. «Ээлегиле» деген сөз аларга бийлигин кыянаттык менен пайдаланууга укук берген эмес. Ал сөз адамдарга жерди иштетүү жана ага кам көрүү ишенип тапшырылганын көрсөтүп турат (Башталыш 2:15). Андан тышкары, ал мааниге толгон тапшырманы жүзөгө ашыруу үчүн, адамдарга чектелбеген убакыт берилген. Алар түбөлүк жашай алышмак. Буга адамдын мээсинин жөндөмдүүлүктөрүн 70, 80 жылдын, атүгүл 100 жылдын ичинде толук пайдаланууга мүмкүн эмес экендиги далил. Мээ түбөлүк колдонууга арналган.

Адамдардын Жаратканы жана Жетекчиси Жахаба Кудай жерге жана адамзатка байланышкан каалоосун аткарууда адамдарга эркиндик берген. Ал өтө эле көп талаптарды жана чектөөлөрдү коё берген эмес. Мисалы, Адамга жан-жаныбарларды изилдеп, аларга ат коюуну тапшырган. Мындай тапшырма ар бир зоологго канааттануу алып келмек. Жаныбарларга бир канча убакыт бою байкоо жүргүзгөндөн кийин, Адам аларга ат койгон, аттарынын көбү сүрөттөөчү болгон (Башталыш 2:19). Бул — адамдар өз талантын, жөндөмдүүлүктөрүн Кудайдын ой-ниетине ылайык кантип пайдалана алышмак экенин көрсөткөн бир гана мисал.

Адамдар алды-артын ойлобой кесепеттүү жолду тандап алышса да, Ааламдын акылман Жаратканы, жердеги жагдай кандай болбосун, башаламандыкка жол бермек эместиги айкын. Тарыхый билдирүүдө Кудайдын Адамга: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың» — деп, бир гана тыюу салгандыгы айтылат (Башталыш 2:16, 17).

Бул буйрук адамдарды Кудайдын тил алууну талап кылууга укугу бар экенин моюнга алууга милдеттендирген. Адам ата жашаган кезден бери адамдар бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамына баш ийип келатышат: аны бузуу акылсыздык жана коркунучтуу болмок. Андай болсо, эмне үчүн адамдар мээримдүү Жараткандын башка да мыйзамдарына, же буйруктарына ылайык жашоодон баш тартат? Жараткан мыйзамды бузуу эмнеге алып келерин ачык эле айткан, бирок ал Адам ата менен Обого өз ыктыяры менен баш ийүүгө мүмкүнчүлүк берген. Адамзат тарыхынын башталышы жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүдөн Жараткандын аларга эрк боштондугун бергенин түшүнүүгө болот. А бирок ошону менен бирге ал жаратууларынын абдан бактылуу болушун каалайт. Ан үчүн алар Жараткандын мыйзамдарына ылайык жашоого тийиш.

Кудайдын көзгө көрүнбөгөн, аң-сезимдүү рухий жаратууларды жаратканы буга чейинки бөлүмдө айтылган. Адамзат тарыхынын башталышында ошол рухий жаратуулардын бири Кудайдын ордун ээлөөнү каалай баштаган. (Салыштыргыла: Жезекиел 28:13—15.) Ошол рухий жаратуу Кудайдын берген эрк боштондугун кыянаттык менен пайдаланып, биринчи адамдарды ачык козголоңго катышууга азгырган. «Жакшылык менен жамандыкты таанытып-билдире турган дарактын жемишин» жеп, ачык тил албастык көрсөтүү менен биринчи түгөйлөр Кудайга көзкаранды болгусу келбегендигин билдирген. Андан тышкары, Адам ата менен Обонун жасаган иши Жараткан алардан жакшы нерсени жашырып жатат деген ырастоого кошулушарын ачык-айкын көрсөткөн. Ошондой эле, бул эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча, Жараткандын пикирин эске албастан, чечүү укугун талап кылганга барабар болгон.

Адамдар бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын жактырбай, ага баш ийбей койсо, кандай акылсыздык болмок! Адам менен Обонун Жараткандын адеп-ахлактык нормаларынан баш тартуусу да дал ошондой акылсыздык болгон. Кудайдын тил алуу жөнүндөгү негизги мыйзамын бузуу тартылуу мыйзамын бузгандай эле кесепеттүү натыйжага алып келерин адамдар түшүнүүгө тийиш.

Ыйык китептик тарых Жахабанын жооп берүүгө чара көргөнүн айгинелейт. Кудай эскерткендей, Адам менен Обо анын жетекчилигин четке кагышкан «күнү» эле өлүмдү көздөй бет алышкан. (Салыштыргыла: 2 Петир 3:8.) Мындан Жараткандын дагы бир сапаты көрүнүп турат. Ал — барып турган тилалбастыкка көз жумуп койбогон адилеттүү Кудай. Ал туура, адилеттүү нормаларды өзү түзгөн жана аларга карманат.

Өзүнүн кереметтүү касиет-сапаттарын ырааттуулук менен көрсөткөндүктөн, Кудай кайрымдуулук кылып, адамдардын жашоосун дароо эле токтотуп койгон эмес. Эмне үчүн? Анткени ал Адам менен Обонун түйүлдүк да боло элек жана түпкү ата-энесинин күнөөлүү тандоосуна түздөн-түз жоопкер болбогон тукумдарына кам көргөн. Кудайдын төрөлө элек адамдарга кам көрүшү ал жөнүндө көптү айтууда. Ал ырайымсыз же таш боор өкүмдар эмес. Ал — адилеттүү Кудай, ошондуктан ар бир адамга өмүр бергиси келет жана адамдын өмүрүн ыйык эсептейт.

Албетте, биринчи түгөйдүн тукумдары ата-энесине окшоп сонун шарттарда жашаган жок. Жараткан Адам атанын урпактарына жарык дүйнөгө келүүгө жол бергендиктен, «жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке... баш ийген» (Римдиктерге 8:20). Анткен менен, ал таптакыр эле маңызсыз убаракерчилик, үмүтсүздүк болгон эмес. Биз билгендей, Римдиктерге 8:21де Жараткандын «жаратылгандын бардыгына... эркиндикке чыгабыз деген үмүт» бергендиги айтылат. Бул жөнүндө көбүрөөк билүү абзел.

Кудай менен таанышууга болобу?

Ыйык Китепте биринчи түгөйдү козголоң чыгарууга түрткөн душманга Шайтан Ибилис деген ат коюлган. Ал ат «Душман» жана «Ушакчы» дегенди билдирет. Өкүм чыгарып жатканда Кудай башкы козголоңчуну душман деп эсептеген, ал эми келечекте пайда боло турган адамдарга үмүт үзбөөгө негиз калтырган. Кудай: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деген (Башталыш 3:15). Бул жерде каймана тил колдонулган көрүнөт. Кандайдыр бир «тукум» келет деген эмнени билдирген?

Бул табышмактуу аяттын маанисин түшүнүүгө Ыйык Китептин башка бөлүктөрү жардам берет. Аларды изилдөө менен бул аяттын Жахабанын өз ысмына жараша иш жүргүзүп, адамзатка байланышкан ой-ниетинин Аткаруучусу болорун көрсөтүп турарын биле алабыз. Ал ой-ниетин ишке ашыруу үчүн Кудай бир элди пайдаланган. Анын ошол байыркы эл менен кандай мамиледе болгондугу тууралуу билдирүү Ыйык Китептин кыйла бөлүгүн ээлейт. Анда эмесе, ал маанилүү тарых менен кыскача таанышып чыгалы. Андан биз Жараткандын сапаттары тууралуу жакшыраак билебиз. Ыйык Китепти — Кудайдын адамдарга берген китебин — тереңирээк изилдөө менен биз, албетте, Жараткан тууралуу көптөгөн баалуу нерселерди билебиз.

^ 19-абз. Ышайа 53:7, 8-аяттар келтирилген Элчилер 8:26—38-аяттарды салыштыргыла.

^ 23-абз. Ыйык Китептин кандайча пайда болгондугу тууралуу Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдар үчүн китеп» деген китепчеде жана «Ыйык Китеп Кудайдын сөзүбү же адамдыкыбы?» (ор.) аттуу китепте көбүрөөк маалымат берилген.

[107-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлык кылымдар өткөн соң аткарылып, күчтүү Бабыл урандыга айланган; ал жер бүгүн да ээн турат.

[110-беттеги сүрөт]

Ышайа китебинен б.з.ч. II кылымда көчүрүлүп алынган бул түрмөк Жансыз деңиздин жанындагы үңкүрдөн табылган. Анда жазылгандар жүздөгөн жылдардан кийин майда-баратына чейин аткарылган.

[115-беттеги сүрөт]

Бул карапага жазылган байыркы эврей тилиндеги кат Лакишти казып жатканда табылган. Анда Кудайдын аты (жебече менен көрсөтүлгөн) эки жолу кездешет. Бул адамдардын Жараткандын атын билишкенин жана колдонушканын көрсөтөт.

[117-беттеги сүрөт]

Исаак Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын ачкан. Жараткандын мыйзамдары акылга сыярлык, аларга баш ийүү бизге пайда алып келет.