Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мукабанын тышкы бети

Мукабанын тышкы бети

Мукабанын тышкы бети

Мукабадагы сүрөт 1995-жылы космос телескобу аркылуу тартылган. Андан Бүркүт тумандуулугундагы газ-чаңдуу булуттарды көрүүгө болот. Окумуштуулардын божомолдоосунда, «жаратуу мамылары» деп аталган ушу булуттардын ичинде жылдыздар жаралат.

Көптөгөн атактуу адамдардай эле, биз да төмөнкү суроолорго жооп алууну каалайбыз: Аалам, биздин планета жана андагы тиричилик кандай максатта жаратылган? Жашоонун чыныгы маңызын издөө менен мунун кандай байланышы бар?

Көптөр баары жаратуу жолу менен пайда болгонуна жана камкор Жараткан бар экенине ишенишет. Илим өнүккөн азыркы доордо жасалган изилдөөлөр буга ишенүү негиздүү экенин көрсөтүүдөбү?

Адамдын мээсин жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн изилдөөдө жасалган акыркы ачылыштар менен бул маанилүү маселенин кандай байланышы бар?

Эмне үчүн көптөгөн билимдүү адамдар Ыйык Китепке кайрылышат? Жараткан тууралуу анда айтылгандар өзүбүз жана жакындарыбыз үчүн мааниге ээби?

Колуңуздагы китепте ушул суроолор каралат. Андагы айкын-так жооптор жашооңузду маңыздуураак кылууга, бактылуу келечекке негиз салууга жардам берерин көрөсүз.