Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«РНК дүйнөсүнөнбү» же башка дүйнөдөнбү?

«РНК дүйнөсүнөнбү» же башка дүйнөдөнбү?

Б тиркемеси

«РНК дүйнөсүнөнбү» же башка дүйнөдөнбү?

ДНК— РНК— белок өз ара аракеттенишин түшүндүрүп бере албай шай оогондо, кээ бир изилдөөчүлөр «РНК дүйнөсү» деген теорияны сунуш кылышты. Ал эмне болгон теория? ДНК, РНК жана белоктор бир учурда пайда болгон деп далилдөөгө аракеттенбей, ал изилдөөчүлөр РНК өзү эле тиричиликтин биринчи учкуну болгон дешет. Бул теория негиздүүбү?

РНК молекулаларынын, эки окшош бөлүкчөлөргө тилинип, кайра биригип, ферменттер катары иш аткара аларын изилдөөчүлөр 1980-жылы өз лабораторияларынан байкашкан. Ошондуктан РНК молекуласы өзүн өзү көбөйткөн биринчи молекула болушу мүмкүн деген теория чыгарылган. РНК молекулалары убакыттын өтүшү менен клетка мембраналарын жаратууга «үйрөнүп алышкан» жана РНК микроорганизми акыр-аягы ДНКны жараткан деп болжолдошот. Фил Коуэн «Нью сайентистте»: «РНК дүйнөсүнүн жактоочулары алардын теориясы доктрина катары кабыл алынбаса, чындыкка эң жакыныраак теория деп каралышы керек деген ойдо»,— деп жазган.

А бирок окумуштуулардын баары эле бул божомолдоого кошула беришпейт. Коуэн белгилеп кеткендей, скептиктер «эки РНК молекуласынын пробирканын ичинде кантип бөлүнүп-жарыларын көрсөтүп берүү менен РНК молекуласы клетканы эч кандай жардамсыз жаратып, жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн деген билдирүүнүн ортосунда өтө эле чоң келишпестик бар экенин баса көрсөтүшөт».

Башка да кыйынчылыктар бар. Биолог Карл Уоз: «РНК дүйнөсү деген теория... кыйраганы турат, анткени ал РНКнын биринчи молекулаларынын пайда болушу үчүн энергия кайдан алынганын түшүндүрбөйт»,— деп белгилейт. Изилдөөчүлөр РНКнын өзүн өзү эң башынан баштап жараткан бөлүкчөсүн эч жолуктура алышпады. Андан тышкары, биринчи РНК кайдан пайда болгон деген суроо дагы деле бар. «РНК дүйнөсү» жөнүндөгү теория көптөгөн окуу китептерине киргизилсе да, изилдөөчү Гери Олсен айткандай, ал — көбүнесе теорияга негизделген «оптимизм».

Окумуштуулардын кээ бирөөлөрү жактаган дагы бир теория боюнча, тиричилик биздин планетага космостон кирген. Бирок, чын-чынына келгенде, ал теория: «Тиричилик кантип пайда болгон?» — деген суроонун өзүн айкындап бербейт. Илимий публицист Бойс Ренсбергер тиричиликтин жерге космостон келиши жөнүндөгү теория «табышмактын жайгашкан ордун гана алмаштырарын» белгилеп кеткен. Ал теория тиричиликтин кантип пайда болгонун түшүндүрбөйт. Теория тиричиликтин пайда болушун башка Күн системасына же галактикага оодаруу менен суроого жооп берүүдөн качат. Ошентип, негизги суроо жоопсуз калууда.